Ыш баскан Бишкек: санаага салган сандар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстан кечигип болсо дагы БУУнун экология жөнүндөгү резолюциясын колдой турганын билдирди. Тийиштүү чечим БУУнун Башкы Ассамблеясына жиберилмекчи.
28-июлда БУУнун Башкы Ассамблеясында “Адамдын таза айлана чөйрөгө укугу” жөнүндө резолюциясына Кыргызстан добуш бербей койгон үчүн жарандык активисттерден тил угуп атты эле.
Кыргызстандын баш калаасындагы абанын булганышы көп жылдан бери жүрөк өйүгөн маселе болуп келатат. Кыш жакындап, от жагуу сезону келатканда, Бишкектин абасы кайрадан ышка толот экен деп шаардыктар кыжаалат ойго чөгүүдө.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Шаршеев Би-Би-Сиге баш калаада экологиялык контроль лабораториясы аккредитациядан өтүп, иштөө алдында турганын, мындан ары шаардын абасынын сапатын көзөмөлгө алуу мамлекеттик деңгээлде туруктуу жүрөт деп билдирди.
Автоунаалардын 93% эски - чыгарган газы нормадан жогору

Кыргызстанда бир миллион 100 миң автоунаа болсо, анын үчтөн бири баш калаа Бишкекте.
Эгерде 2012 - жылы 146 миң автоунаа болсо, 2021-жылы алардын саны 406 835 болду. Анын ичинен 380 946 (93,6 %) моралдык жана физикалык жактан эскирген унаалар, иштөө мөөнөтү 15 жылдан эчак ашкандар. Ошол себептүү зыяндуу газды чыгаруу деңгээли жогору.
Ал аз келгенсип, күнүнө миңдеген машиналар шаарга чыгыштан да, батыштан да кирет. 2021-жылы автотранспорттон аба бүркүлгөн зыяндуу заттардын көлөмү 240 миң 959 тонна түздү.
Мыйзам боюнча абаны нормадан ашыкча көп булгаган транспортту алып келүүгө, пайдаланууга тыюу салынат.
Бирок сырттан келип аткан автомашиналардын баарын текшерүүгө экологдордун чамасы чак.
"ИИМ менен планыбыз бар. Рейддерге чыгып, машиналарды текшерип атабыз. Бирок колубузда аппарат азыррак болуп атат, ошону көбөйтүшүбүз керек",-дейт Нурлан Шаршеев.
Шаардагы булганыч аба шаардыктардын ден-соолугуна канчалык зыян алып келип жатканы өзүнчө чоң маселе.
“Ракка алып келген газдар машинеден чыгат. Ошондуктан жыл сайын эле бизде респиратордук, рак оорулары жылдан жылга көбөйүп келатат. Мунун түз байланышы бар, машинелердин саны менен ошол оорулардын көбөйүшүндө”,-дейт профессор Рахат Сабырбеков.
Абага бүркүлгөн газдын курамында ден-соолукка өтө зыяндуу углерод оксиди, бензпирен, эрүү сульфаты, цианид, фенол сыяктуу уулуу заттар бар.
Бишкектин 40% көмүр жагат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Шаардын абасын булгап жаткан экинчи негизги фактор болуп кышында жагылган көмүр эсептелет. Биринчи кезекте бул миңдеген тонна көмүр жаккан Бишкек жылуулук борбору жана шаардагы жеке менчик үйлөр, шаарды курчаган жаңы конуштар, алардын баары көмүр жагат.
Бишкек шаарын курчаган 47 жаңы конуш бар, аларда 70 миңге жакын эл жашайт.
Дүйнөлүк банктын изилдөөсү боюнча шаардын калкынын 40% кышында көмүр менен үйүн жылытат.
Нурлан Шаршеев Би-Би-Сиге берген маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун үй чарбалары жаккан көмүрдөн абага чыккан булгоочу заттардын көлөмү өткөн жылы 1717 тоннаны түздү. Анын ичинде өнөр жай жана өндүрүш объектилеринен булгоочу заттардын чыгышы жылына 1189,7 тонна болду.
"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасындагы 53 от казандын ичинен 23 отун көмүр менен иштейт. Алардан чыккан булгоочу заттар жылына 579 тонна болот.
Бишкек ЖЭБде 2021-жылы болжол менен 11 000 т. көмүр жагылды. Андан абага бүркүлгөн булгоочу заттар 23 761 тоннаны түздү.
Буга кошул-ташыл машина дөңгөлөктөрүн, тигүүчү фабрикалардын калдыктарын жана башка таштандыларды өрттөө дагы абаны булгап жатат дейт изилдөө жүргүзгөн адистер.
“Кышында көмүр жаккан үчүн ушундай болуп жатат деп аргумент кылышат. Бирок от жакпаган учурда деле сары болуп турат. Демек, бул машинелер, чаң, ошолор эле таштандыларды өрттөөнүн натыйжасы”,-дейт Рахат Сабырбеков.
Эксперттер биринчи кезекте шаарда коомдук транспортту өнүктүрүү, аны электрге көчүрүү, жашылдандыруу, экологияга зыяндуу транспортко салыкты көбөйтүү, ошондой эле зыяны аз отунду алып кирүүгө салыктан жеңилдик берүү, жеке сектордогу жылытуу системаларын өркүндөтүү, эл ичинде түшүндүрүү иштерин күчөтүү сыяктуу чараларды сунушташууда.
“Биринчиден коомдук транспортту өнүктүрүп, аны электр транспортко алмаштыруу керек. Биздин изилдөө боюнча, электроавтобустар кымбат болгону менен эксплуатациялык чыгымдары аз. Газ же бензин менен жүргөн транспортко салыштырмалуу бир канча эсе арзан. Бирок баштапкы баасы арзан, ошого байланыштуу албай атышат. Негизги стратегия жок болуп атат электр транспортко массалык түрдө өткөнгө”,-деди Азамат Акелеев, БУУнун долбоорунун эксперти.
Бийлик электромобилдерди алып келүүгө бажы салыгын алып салганы жакшы кадам болду. Бирок бул жетишсиз, шаарда электромобилдерди тейлөөнүн инфарструктурасын куруу керек.
“Атфмофералык абаны коргоо жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, жарандар ден соолугуна булганыч заттардын зыяны тийгенде ал үчүн кенемте алууга акылуу. Бирок мындай арыз-доомат менен кимдир бирөө сотко кайрылган учур боло элек.












