Кийинки кадам – тынчтыкпы? Алиев менен Пашинян эмне тууралуу макулдашты?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Азербайжан менен Армениянын лидерлери Абу-Дабиде жолукканда, эки өлкөнүн ортосундагы бардык негизги пикир келишпестиктер талкууланды, - деп жазды Азербайжандын APA маалымат агенттиги. Талкууланган негизги темалардын арасында тынчтык келишимин түзүүгө тоскоол болгон маселелер жана Армениянын аймагы аркылуу Нахичеванды Азербайжандын негизги бөлүгү менен байланыштыруучу жол маселеси болду.
Жолугушуу төрт сааттан ашуун убакытка созулду. Сүйлөшүүлөр ар түрдүү форматта өттү. Президенттер бетме-бет сүйлөшүп, андан соң тышкы иштер министрлери жана кеңешчилердин катышуусунда уланды.
Баку менен Москванын ортосундагы чыңалуу жана Түркия менен АКШнын тараптардын жакындашуусун колдошу сүйлөшүүгө жаңы дем берди. Узак убакыттан бери эки өлкөнүн ортосунда ортомчу болуп келген Орусия бул жолу четте калды.
"Атайын билдирүүлөр болбосо дагы, эки лидер жолугуп, негизги маселелерди ачык талкуулаганы чоң кадам",- деп жазды Твиттерге Карабах темасы боюнча эксперт Олеся Вартанян.
Эки тараптын өкмөтчүл басылмалары бул жолугушууну чөлкөмдүн тарыхындагы чечүүчү учур катары сыпаттап, тынчтык жараянын үзгүлтүккө учураткысы келген деструктивдүү күчтөр тууралуу, башкача айтканда Москва жөнүндө кыйытты. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги эки өлкө ортосундагы мамилени жөнгө салууну расмий түрдө колдойт.
Чатакташып жаткан өлкөлөрдүн өзүндө мамилелерди нормалдаштыруу Орусиянын Түштүк Кавказдагы катышуусун чектөө мүмкүнчүлүгү катары каралууда.
Орусиянын бул аймактагы ролу 2022-жылы Украинаны басып киргенден кийин алсырай баштаган. Бирок Баку дагы менен Ереван дагы Кремль Украина менен элдешүү келишимин түзсө Москва бул аймактагы жоготкон позициясын кайтарууга аракет кылабы деп кооптонот.
Тарыхый жолугушуубу?
Бириккен Араб Эмираттарындагы жолугушуу Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын алгачкы түз сүйлөшүүсү болду. Буга чейин алар ар дайым ортомчулардын катышуусунда же эл аралык саммиттердин алкагында гана жолугуп келген. Бул сүйлөшүү соңку бир нече жыл аралыгында жасалган аракеттин жыйынтыгы.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Келишим боюнча эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери макулдашып бүткөнү айтылган, бирок документкке алиге чейин кол коюла элек. Чек араны тактоо боюнча жумушчу топторду эки өлкөнүн вице-премьерлери жетектесе, лидерлердин кеңешчилери Армен Григорян менен Хикмет Гаджиев да түз байланышта иш жүргүзүп келет.
Бирок жолугушуу Орусиянын таасиринен чыгууга болгон жалпы каалоо мамлекеттер ортосундагы ондогон жылга созулган кастыкты жана жакынкы убакка чейин бири-бири менен согушуп келген эки лидердин ортосундагы ишенбөөчүлүктү дароо жок кылуу үчүн жетишсиз экенин көрсөттү.
Позициялардын жакындашуусуна карабастан, жолугушууда бир дагы маселе боюнча олуттуу жылыш болбогондой. Тынчтык келишимине кол коюунун мөөнөтү жана орду тууралуу эч кандай билдирүү жасалган жок. Ошондой эле байланыштарды ачуу маселеси боюнча да так маалымат берилген эмес.
Тынчтык жараяны 2020-жылдагы согуштан кийин жеңишке жеткен Азербайжандын демилгеси менен башталган. Бирок Армения дароо эле ага кошулууга макул болгон эмес. Ереван Бакунун позициясын жеңген тарап жеңилген тарапка өз шартын таңуулоо аракети катары кабыл алган. Ошондуктан алар сүйлөшүүлөрдү түз эмес, ортомчу аркылуу жүргүзүүнү туура көрүшкөн жана башкы арачы Орусия болуп келген.
Бирок 2022-жылы Орусиянын Украинага толук масштабдуу кол салуусунан жана Армениянын аймагы чабуулга кабылган эскалацияда Москванын демонстративдик бейтараптыгынан кийин Еревандагы маанай өзгөрө баштаган.
Премьер-министр Никол Пашинян тынчтык келишимин талкуулоого макул болгон. Бирок бул ирет ортомчулукту Европа Биримдиги менен АКШга алмаштырган.
Деген менен бул дагы олуттуу жыйынтык берген эмес. Качан гана ортомчусуз, эки өлкө түз сүйлөшө баштаганда жылыш байкалган.
Москва менен талаш
Бул жолугушууга чейин Москванын Баку менен да, Ереван менен да карама-каршылыгы күчөгөн. Орусиялык ишкер Самвел Карапетяндын Арменияда камакка алынышы жана Пашиняндын армян чиркөөсүнүн башчысы менен чатагы Кремлге жакпай калган.
Екатеринбургда кармалган эки азербайжандыктын өлүмүнө жооп кылып Баку Орусиянын мамлекеттик маалымат агенттигинин кызматкерлерин тыңчылыкка айыптап камакка алды. Ошондой эле Азербайжанда жашап жүргөн орусиялык релоканттарды баңги зат сатууга шектүү катары кармады.
Бул макаланы даярдоого Магеррам Зейналов жана Григор Атанесян салым кошту.












