Ашынган террористтин жесирине оор айыптар тагылабы?
Фе рас Хилани, Би-Би-Си Араб кызматы

Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топ Иран жана Сирия аймагында халифат түзөбүз деген. Анын террордук таасири кеңири кулач жайганына он жылга чукулдады. Анда езид эли көп жапа чеккен. Көптөгөн өлкөлөр аларга геноцид жасалганын айтышат. Анткени миңдеген киши өлтүрүлүп, уурдалып, кулчулукка сатылган. Көптөр азыр да чындык издеп келет. ИМ экстремисстик тобунун лидеринин жесирси Ум Хузайфаны езид үй-бүлө сексуалдык кулчулукка сатууга, зордук-зомбулука айыптап, сотко берүүгө аракет кылууда. Би-Би-Си Араб кызматынын кабарчысы Ирактан баяндайт.
2014-жыл. Ирактын түндүгүнөн жан cоогалап качкан езиддер – өздөрүн Ислам Мамлекети деп атап алгандар тарабынан куугунтукталып, миңдеген адам өлтүрүлгөн. Андан да көбү уурдалып, сексуалдык кулчулукка кабылган.
Суад ошолордун бири. Арадан он жыл өтүп, биз анын үйүнө бардык. Экстремисттик топтун согушкерлери аны ушул жерден уурдап кеткен.
Ал он төрт жашында туткунга түшүп, көп жылдар бою сексуалдык зомбулукка кабылган. Суаддын эжеси жана агасы Хамиддин кызы азыр да дайынсыз. Эми ал жана анын үй-бүлөсү башынан өткөргөн окуя үчүн адилеттүүлүк издеп, күрөшкө бел байлады.

Кыздар өздөрүн "Ислам Мамлекети" атагандардын лидери Абу Бакр Аль-Багдадинин үйүндө кармалып турган. Андан соң алар сексуалдык кул катары сатылган делип жүрөт. Аль-Багдадинин жесири Ум Хузайфа азыр Багдаддагы түрмөдө.
Суад аны алардын оор азабына катыштыгы бар деп сотко берүүдө. Мен Ум Хузайфа менен эки саат сүйлөштүм. Ал жоголгон эки кыз анын үйүндө болгонун мойнуна алды.
“Ошол кезде мен уялчумун. Эмне үчүн аялдарды мынчалык басынтып жатышат дечүмүн? Андайга таптакыр каршы элем, бирок мен алсыз бир аял болчумун",- дейт ал.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Суад Ум Хузайфа күнөөсүз эмес экенин жана ал кылмыштары үчүн жооп бериши керектигин талап кылат. Суад менен Хамид Ум Хузайфаны кыйноо жана сексуалдык кулчулукка сатууга айыптоодо.
"Ал Аль-Багдадинин аялы, ага окшогон эле кылмышкер. Менин үй-бүлөм кайда? Мен аларды таппай жүрөм. Бул Аль-Багдади жана анын аялынын айынан эмеспи? Мен аны кечирбейм. Мен өзүмдүн жана башка езид кыздардын өчүн алам",- дейт Суад.
Умму Хузайфа эмне үчүн кыздардын качуусуна жардам бербегени тууралуу суроого да жооп берди.
"Мен өзүм кете алчу эмесмин, ага кантип жардам бермек элем. Жолдошумдун кылмышкер экенин танбайм. Алардын тагдырына жаным ачыйт. Бирок менин бул ишке эч кандай тиешем жок экенин алар билишсе дейм", - дейт Багдадинин аялы Ум Хузайфа.
Абу Бакр Аль-Багдади "Ислам Мамлекети" – экстремисттик жихадчылар тобун жетектеген. Бул мыкаачы уюм адам өлтүрүү, кыйноо, адам уурдоо жана кул кылуу сыяктуу кылмыштарды жасаган. Багдади 2019-жылы АКШ жасаган рейдде өлтүрүлгөн.
Ум Хузайфанын айтымында, анын күйөөсү 2004-жылы АКШ абагында кармалып турганда биротоло өзгөргөн.
"Мен андан дайыма анын психикалык абалынын өзгөрүшү жөнүндө сурачумун. Ал мага, мен түшүнө албаган нерсеге дуушар болгонун айтып берчү. Мен ал камакта отурганда сексуалдык кыйноолорго дуушар болгон деп эсептейм",- дейт Ум Хузайфа.
Пентагон анын бул дооматтары боюнча комментарий берүү өтүнүчүбүзгө жооп берген жок.
Аль-Багдадийдин өлүмү езиддердин адилеттик издеген аракетин токтоткон жок. Көптөрдүн психологиялык жарааты айыга элек, миңдеген адамдар дале дайынсыз. Бирок бул үй-бүлө адилеттүүлүккө жетип, ким бирөө жоопко тартылышы ыктымал












