Жер мунапысы: трансформациялоо иши кандай жүрүп жатат?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Майдын башынан тарта Кыргызстанда жер тилкелерин трансформациялоо жана мыйзамсыз курулуштарды легалдаштыруу боюнча документтерди кабыл алуу токтойт деген маалымат тарай баштады. Бул маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева көтөрүп, мөөнөттү узартууга чакырды. Кыргызстанда айыл-чарба жерлерине курулган турак-жайларды мыйзамдаштырып, жерлерди трансформациялоо ишинин башталганына үч жылдай болуп калды. Маселеге тиешеси барлар документтерин тапшырып үлгүрдүбү? Бул багытта иш кандай жүрүп жатат?
Жер тилкелерин трансформациялоо маселси өлкөнүн жети облусун камтыганы менен Чүйдүн жана Бишкектин айрым райондорундагы конуштарда көйгөй эң өзөктүү жана орчундуу бойдон болууда.
Бишкектин Ленин району боюнча

Административдик аймактык реформанын алкагында 2024-жылдын жаз айларында Сокулук районуна караштуу Орок айылы менен Новопавловка айыл өкмөтү Бишкек шаарынын Ленин районунун карамагына өткөн.
Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу сегиз конуштун ичинен трансформацияга байланыштуу эң көйгөйлүү маселе "Ак-Ордо-2" жана "Ак-Ордо-3" конуштарында болуп келген.
"Ак-Ордо-3" конушу Бишкекке өтө электе эле 17 миңге жакын арыз түшүп, алардын ичинен 6 миңге жакын турак-жайга мамлекеттик акт берилген.
Расмий маалыматтарга ылайык, өткөн жылы Сокулуктан Бишкекке 11 800дөн ашуун арыз өткөрүлүп берилген. Андан кийинки келип түшкөндөрдү кошкондо жалпы арыздардын саны 12 миңден ашкан.
"Ошондон бери 13 отурум өттү. 5 800дөн ашуун жарандын арызы каралып, тиешелүү корутунду даярдоо үчүн Архитектура агенттигине жөнөтүлдү. 2 700гө жакын жаранга корутунду даярдалып, токтомдорун колуна алды. Дагы 700гө жакын жарандын арызы жакын арада комиссиянын кароосуна сунушталат. Калган арыздар боюнча тактоо иштери жүрүп жатат. Учурда 531 жер участогу талаштуу деп табылды. Алар боюнча 1 182 жаран арыз менен кайрылган. Ошондо бир тилкеге экиден же андан ашык киши арыз берген болуп жатат",- деди Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинин башкы адиси Руслан Токкожоев.
Токкожоев жыл соңуна чейин турак-жайларды мыйзадаштырууну аягына чыгаруу тапшырмасы берилгенин айтып, айрым жагдайлар ишти татаалдаштырып жатканын кошумчалады.
"Арыздардын, талаштуу жер тилкелеринин көптүгү жана укук коргоо органдары тарабынан коюлган чектөөлөр дагы маселе жаратууда. Бирок иш кечеңдеп жатат деген пикирге кошулбайм. Бул багытта район боюнча 10 адис тынымсыз иш алып барып жатат. Жумуш толук кандуу жүрүүдө. Бир жылга жакын убакыттын ичинде 3,5 миңге жакын тургундун турак-жайын мыйзамдаштырып бердик. Бул абдан жакшы жыйынтык",- деди Токкожоев
Ошондой эле ал, майдын башынан тарта Кыргызстанда жер тилкелерин трансформациялоо жана мыйзамсыз курулуштарды легалдаштыруу боюнча документтерди кабыл алуу токтойт деген расмий маалымат алардын ведомствосуна түшпөгөнүн кошумчалады.
Чүйдүн Аламүдүн району боюнча

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Аламүдүн району боюнча дагы жер трансформациялоо маселеси курч экени айтылып келген. Айрыкча арыздардын басымдуу бөлүгү буга чейин районго караган негизги төрт айыл өкмөттөн келип түшкөн. Алар Лебединовка айыл өкмөтү, тактап айтканда "Өскөн-Ордо" конушу, Ленин, Маевка жана Көк-Жар айыл өкмөттөрү.
Административдик реформанын алкагында Көк-Жар айыл өкмөтү Октябрь районуна өтсө, Лебединовка жана Ленин айыл өкмөттөрү Свердлов районуна, Маевка айыл өкмөтү Биринчи май районуна кошулган.
"Аламүдүн районунан жалпысынан 6 805 арыз кабыл алынган. Андан кийин дагы кошумча 1 200гө жакын арыз бизге келип түштү. Азыркы тапта 63 киши жер тилкесине ээлик кылуу боюнча токтомун колуна алды",- деди Бишкек мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинин бөлүм башчысы Самат Абдувалиев.
Жалпы Аламүдүн району боюнча 14 миңден ашуун жарандан арыз топтолгон. Анын ичинен 10 миң 400дөн ашуун арыз коомдук угуудан өтүп, 8 миңден ашуун турак-жайга мамлекеттик акты берилген.
Райондун жетекчилигинин маалыматына ылайык, учурда алардын колунда 800дөн ашуун гана арыз калыптыр. Ишти жыл аягына чейин толук жыйынтыктоо пландалып жатканы айтылды.
Деген менен өткөн жылы трансформация маселеси боюнча маалымат берип жатып, акимчилик бул процессти 2024-жылдын апрелине чейин жыйынтыктоону убада кылган. Бирок андан бери дээрлик бир жыл убакыт өтсө дагы, иш дале уланууда.
"Созулуп кетишинин негизги себеби талаш-тартыш маселелердин көптүгү болду. Кээ бир конуштарды башында негиздеген жарандар социалдык объектилерге жер тилкелерин калтырбай, жеке кызыкчылык менен сатып жиберишкен. Бул маселени жөнгө салууга көп убакыт кетип калды",- деди Аламүдүн районунун акиминин биринчи орун басары Өмүрбек Тейтелиев.
Административдик аймактык реформага чейин Аламүдүн районунда 17 айыл өкмөт бар экени айтылып келген. Реформага ылайык, айрым айыл өкмөттөр Бишкек шаарынын карамагына өтүп, калгандары ирилештирүү жолу менен бириктирилип, учурда райондо жалпысынан 7 айыл өкмөт калган. Алар төмөнкүлөр:
- Байтик баатыр айыл өкмөтү
- Арашан айыл өкмөтү
- Таш-Мойнок айыл өкмөтү
- Достук айыл өкмөтү
- Абдыкерим Сыдыков айыл өкмөтү
- С. Чокморов айыл өкмөтү
- Кара-Жыгач айыл өкмөтү
Өмүрбек Тейтелиев учурда канча жер тилкеси трансформациядан өтө элек экени тууралуу так айта албасын, анткени тиешелүү схемалар районго толук бойдон келип түшө электигин белгиледи.
"Жогорудагы айыл өкмөттөрдүн ичинен Достук айыл өкмөтүндө бир аз маселе бар. Корутундуларды, топографиялык съемкаларды өз убагында тапшырбай кармап жаткандар жок эмес. Биз жумасына жок дегенде бир жолу отурум өткөрүп турабыз. Эгер документтер толук келип түшсө, үч күндүн ичинде чечип берүүгө аракет кылуудабыз. Учурда иштин 95 пайызы жыйынтыкталды десек болот",- деди Тейтелиев.
Мыйзамсыз курулуштарды легалдаштыруу боюнча документтерди кабыл алуунун мөөнөтү тууралуу аларга дагы жарандар кайрылып жатканын кошумчалады.
Бирок расмий укуктук-ченемдик актылар келип түшө элек болгондуктан, так комментарий бере албай турганын билдирди.
"Жалпысынан алганда, район боюнча арыздардын басымдуу бөлүгү кабыл алынып бүттү. Айыл өкмөт башчылары үйлөрдү кыдырып, мыйзамсыз жер тилкелери боюнча маалымат чогултуп, ээлерин арыз жазууга чакырып жатышат. Бул жерде такыр кайдыгер мамиле кылган жарандар гана калып калбаса, калгандары өз кызыкчылыгы үчүн келип, документтерин өткөрүүдө",- деди ал.
Сокулук району боюнча
Административдик-аймактык реформага чейин Сокулук районунун курамында 19 айыл өкмөт жана бир шаар бар экени расмий айтылып келген.
Реформа жүргүзүлгөндөн кийин айыл өкмөттөр ирилештирилип, саны тогузга кыскарган. Бул айыл өкмөттөрдөн жерди мыйзамдаштыруу боюнча жалпы 7405 арыз комиссиянын кароосуна жөнөтүлүп көпчүлүгүнө оң корутунду берилген.
Трансформация боюнча жер комиссиясынын төрагасы, акимдин биринчи орун басары Расулбек Садыковдун айтымында, учурда кароодо 1745 гана арыз калды. Ошондой эле мунапыстын талаптарына туура келбеген 686 арыз артка кайтарылды.
Буга чейин соттун чечими менен 400 гектар жер камакка алынган болсо, азыркы тапта камакта калган жердин көлөмү 25 гектарды түзөт.
"Бул жер тилкелерин мыйзамдаштыруу соттун чечимине жараша болот. Ошондуктан трансформация иши качан толук жыйынтыкталат так айтуу азырынча кыйын",- деди Садыков.
Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Сокулук районуна төмөнкү айыл өкмөттөр карайт:
- Кожомкул
- Төмөнкү Чүй
- Жаңы Пахта
- Манас
- Күнтуу
- Кайназарова
- Гавриловка
- Сокулук
- Сары-Өзөн
"Жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча бул айыл өкмөттөрдүн баарында тең эле аздан маселе бар. Бирок камакка алынган жерлер Кожомкул айыл өкмөтүндө болуп жатат. Аны деле акырындап чечип келе жатабыз",- деди ал.
"Арыз кабыл алууну токтотуу керек"

Активист Мирбек Осмонов жер тилкелерин трансформациялоо жана мыйзамсыз курулуштарды легалдаштыруу боюнча арыз кабыл алууну токтотуу туура кадам деп эсептейт. Айтымында, карапайым эл мунапыс жарыялангандан тартып эле арыз жазып бүткөн.
"Бул жерде арыздарды гана кабыл алууну токтотуу тууралуу сөз болуп жатат. Андан кийинки документ иштери мурдагыдай эле уланат. Айрымдар түшүнбөй эле "жер мунапысы бүтөт, мыйзамдаштырганга жетишпей калгандар көчөдө калат" деп жатат бул туура эмес маалымат. Чындыгында карапайым эл 2022-жылы эле арыздарын жазып бүткөн. Азыр арыз берип жаткандар буга чейин гектарлап жер алып, бизнес кылгандар. Алар жерди талашка койдуруу максатында арыз үстүнөн арыз таштап жатышат. Кабыл алууну эбак эле токтотуу керек болчу",- деди Осмонов.
Ошондой эле активист мыйзамсыз курулуштарды легалдаштыруу боюнча көйгөйлөргө дагы токтолду. Айтымында, административдик реформанын алкагында айрым конуштар Бишкектин карамагына өткөндөн кийин, процесс бир топ кечеңдеп жатат:
"Буга чейин Чүй облусу үчүн абдан оор көйгөй жаратып келген маселелер эми Бишкектин карамагына өттү. Ак-Ордо-3 Кыргызстан боюнча эң татаал жана эң чыр-чатак көп катталган конуш. Калкы да абдан көп. Ошого жараша кадр маселеси дагы курч бойдон калууда. Биздин аймак боюнча Бишкек шаарынын Жеке турак жай курулуш департаментинен болгону үч адис иштеп жатат. Учурда 15 миңден ашуун калкы бар Ак-Ордо-3 конушу үчүн үч киши эмнеге жетишет?".
Активист талаштуу жерлерди чечүүдө комиссиянын укугу жогору экенин белгилеп өттү.
"Эгер өтө олуттуу маселе болбосо, анча-мынча талаштарды комиссия өзү эле жеринде чечип кое алат. Бул "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамда так жазылган. Жерине барып, кошуналардан, кварталдык комитеттен сурашса, эл чындыкты айтып берет. Ошентип ыкчам иш алып барышы керек эле", - деди Мирбек Осмонов.
Жерди трансформациялоо маселеси эки этап менен жүрүп жатат. Алгач үйлөр салынып жана пайдубалы курулуп калган жер тилкелерине документтер берилүүдө. Алар аяктаган соң бош тилкелер боюнча иш башталат.









