Жер мунапысы: Ак-Ордодогу элди үч көтөргөн окуя

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкектеги Ак-Ордо жаңы конушунда үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин окуясы президенттин жеке көзөмөлүнө алынды. 5 -мартта Садыр Жапаров баш калкалар жери жок калган Марал Шаболотовага барып жолукту.

Президент баш прокурор Курманкул Зулушевге жеринде кайрылып, бул окуяны тыкыр иликтөөнү тапшырды.

"Бул бүгүн эле пайда боло калган ызы-чуу эмес, илгертен бери келе жаткан ызы-чуу. Ошондуктан эч кимге карабай туруп жоопко тартасыңар. 2017-жылы ким кызыл китеп (мамлекеттик акт) берген болсо, жоопко тарткыла",- деди Садыр Жапаров.

Президенттин Ак-Ордо жаңы конушуна сапары

Сүрөттүн булагы, Aki

Президенттин Ак-Ордого болгон сапарынан кийин анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өзүнчө билдирүү таратты.

"Бул кабар коомчулукта чоң резонанс жаратып, буга байланыштуу мамлекет башчы маселени жеринде териштирүүнү чечкен. Аялдын үй-бүлөсү жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат менен сатып алып, салган үйдө жолдошу жана жашы жете элек төрт баласы менен жашап келген. 2017-жылы, мораторий маалында ушул эле тилкеге башка тараптар Кызыл китеп алышкан. Соттук органдар аялдын курулушун мыйзамсыз деп таап, аны бузуу чечимин кабыл алышкан. Абийирсиз тараптардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бул сыяктуу көйгөй көпчүлүк жарандарда болууда", - деп жазды Султанбаев коомдук сайттагы баракчасында.

Марал Шаболотова үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алган.

"Ал кезде бул жакта эч кимде кызыл китеп жок болчу, ишеним каттын негизинде сатып алгам. Бул жактагылардын баары эле ошондой алышкан. Былтыр президенттин жер мунапысы тууралуу мыйзамы чыгып, ошонун негизинде кызыл китепти жасатып жаткам",- дейт жабырлануучу келин.

Шаболотованын үйү турган жер тилкеси боюнча талаш 2018-жылы башталыптыр. Кошунасы Толкун Самудинова жердин ээси ал экенин, ал тургай анын бул тууралуу кызыл китеби бар экенин жүйөө кылып, териштирүү Жогорку Сотко жетип, былтыр 1-октябрда Самудинованын пайдасына өкүм чыккан.

Марал Шаболотова, Ак-Ордо тургуну

Сүрөттүн булагы, Screenshot

"Доочу тарап анын жеке менчикке укугу бузулуп жатканы тууралуу айтып кайрылган, Ж.К.Т жана Ж.ЭШ. аттуу жарандар анын жер тилкесин уруксат кагаздары жок эле басып алып, үй курганын арызданган. Иштин материалдары боюнча жер тилкеси С.Т.М таандык, бул тууралуу Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн чечими бар. Мындан тышкары доогер тараптын жер тилкесине ээ экенин тастыктаган мамлекеттик актысы да болгон ",- дейт Жогорку Соттун басма сөз өкүлү Изаати Шүгүралиева.

Былтыр 1-ноябрда сот чечимин аткаруучуларга аткаруу кагаздары келип түшкөн, ал жерде мыйзамсыз салынган курулушту түрттүрүү тууралуу айтылат. Сот чечимин аткаруучулар буга чейин Марал Шаболотованын үй-бүлөөсүнө эскертүүлөр да беришкен.

Мунапыстан мурун чыккан кызыл китеп. Муш кимдерге тиет?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бирок маселе жерге мунапыс берүү мыйзамы чыга электе, Шаболотова тургузган үйгө кызыл китеп кантип берилип калгандыгында болууда. Ново-Павловка айыл өкмөт башчысынын орун басары Элдияр Рымбеков:

“Азыр бул маселе укук коргоо органдары тарабынан такталып атат. Берилген документтин аныктыгын текшерүү жүрүүдө. Андыктан азыр биз документ биз тараптан берилген же берилген эмес деп да так айта албайбыз. Биздеги маалымат боюнча талаштуу документтин түп нускасы жок болууда”.

Ал арада Ак-Ордонун айрым тургундары үйү түрттүрүлгөн келинге жан тартып, бийлик өкүлдөрүнөн окуяны мыйзамдын негизинде адилеттүү териштирүүнү талап кылып жатышат.

“Кошунасына 2013-жылдагы айыл өкмөттүн чечими менен 2017-жылы Кызыл китеп берилип атат. Бирок картада ал жерлер - айдоо аянты да, демек ага мароторий бар эле. Ал 2009-жылы коюлуп, 2021-жылы алынып атпайбы, демек бул мыйзамсыз китеп болуп калып атпайбы”,- дейт Ак-Ордо-3 конушунун бир тарабынын квартал башчысы Мирбек Осмонов.

Мирбек Осмонов, Ак-Ордодо квартал башчы

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мирбек Осмонов, Ак-Ордодо квартал башчы

Коомчулук козгогон суроо: Сүрдүрүлсүн деген чечимдин баары ушундай тездик менен аткарылабы?

Ак-Ордо 3тө болгон окуя Ата-Түрк паркынын тегерегинде мыйзамсыз салынган үйлөр тууралуу да маселени козгоду. Аталган парктын аймагынан кезинде мыйзамсыз жерлер бөлүнүп, кымбат турак-жайлар тургузулган. Эми азыркы жагдайда мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүп салуу маселесинде байлар жашаган аймактарга карата принципиалдуулук байкалбайт деген нааразылыктар да айтылууда.

"Ата-Түрк паркындагы үйлөр тууралуу айтсам, убагында чоң кызматта иштеген адамдар чыгарып алып, мыйзамдаштырып алышкан. Бул Акаевдин убагынан бери келе жаткан маселе, бүгүн дагы ал жакка курулуштар жүрүп жатат. Аны деле чечсе болот эле, бирок буга президенттин системдүү аракети, эрки талап кылынат. Ал жакта эле эмес учурда Бишкектин чок ортосунда деле бүгүн мыйзамсыз курулуштар жүрүп жатпайбы. Мисалы, орус драм театрынын бет маңдайындагы парктын аймагында курулуш жүрүп жатат. Бирок ал жашыл зона да", -деди активист Мавлян Аскарбеков.

Бирок Бишкек шаарынын мэриясы "Ата-Түрк" паркындагы курулуштарга Архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгынын уруксат кагаздарынан тарта кызыл китептерине чейин бар деген жүйөө келтирип келет.

Кезинде бул маселеге мурдагы президент Бакиев, Атамбаев дагы көңүл буруп, мыйзамсыз курулуштардын баары токтотулат деп билдиргени бар. Бул боюнча сот өкүмү дагы паркты коргоочулардын пайдасына чыккан. Бирок ал кезде жаңыдан салынып баштаган үйлөр азыр толугу менен курулуп бүтүп, керек болсо жаңылары салынып жатат.

Былтыр "Шаар парктары" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева "Ата-Түрк" паркында котлован казыла баштаганын айтып чыккан. Бул өкмөттүн сейил бактарды көбөйтүү боюнча программасына каршы келет.

Сүрдүрүлгөн үй ээсинин сүйүнүчү менен күйүтү...

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы бул окуяга реакция кылып, коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Урмат Амангелдиев үйү түртүлгөн келинге жаңы үй тургузуп берерин убадалады.

“Бул баарына сабак болду, жер саткандарга дагы. Соттун жүз жолу чечими чыккан күндө деле, квартиранттын деле кышкы сезондо үйүнөн чыгарган болбойт. Ким күнөөлү болсо, ал мыйзамдын чегинде жооп берет”.

Кыргызстанда жер мунапысы алкагында дээрлик 29 миң гектар жер трансформация болгону жатат. Эң алды Бишкектеги Сокулук жана Аламүдүн райондоруна караштуу 2009-жылга чейин сугат жана айдоо жерлерге турак жай тургузуп алган жарандардын маселеси чечилип жатат.

“Бүгүнкү күнгө анын 163,57 гектары райондук мамлекеттик администрациялардын чечими менен которулду, анын ичинен 1 миң 494 жер участогуна мамлекеттик акт берилди. Ошондой эле турак жайларга 12 миң 472 техникалык паспорт берилди. Жалпы мунапыс боюнча бүгүнкү кунгө 89 миң 378 арыз кабыл алынды”,- деди Би-Би-Сиге Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы адиси Аскат Азарбеков.

Жер мунапысы

Сүрөттүн булагы, eurasiatoday

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жер мунапысы мыйзамына Садыр Жапаров былтыр апрелде кол койгон

Мыйзамсыз турак жай курулган миңдеген гектар жерди документтештирүү жараяны өкмөт үчүн оңойго турган жок. Себеби, колдон-колго сатылып, айрым учурда бир эле участокко эки-үч киши ээлик кылган мисалдар бар. Мындай тилкелер териштирүү бүткүчө сот тарабынан камакка алынууда.

“Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамы менен иш жүргүп жатат. Бирок документ күткөндөрдүн баарын эле жер басып алгандар дегенге болбойт. Басымдуусу "жакында документи колуңарга тиет" деген куру убадага ишенип сатып алгандар.

Көйгөйдү чечет деген мыйзамга былтыр апрелде президент Садыр Жапаров кол коюп, ал эми июнда Министрлер кабинетинин “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосу чыккан. Ага ылайык, жер-жерлерде райондук комиссиялар түзүлүп, жер тилкелерин менчикке которуунун мыйзамдуулугун териштирип жатышат. Алар бул тууралуу корутундуну Мамлекеттик каттоо кызматына же "Кадастр" ишканасына жолдошот. Мындан соң гана жарандарга кызыл китеп же тийиштүү документтерин алып жатышат.

Президент Садыр Жапаров Ак-Ордодогу окуядан кийин Чүй облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев жер амнистиясы боюнча жалпы жыйында катуу зекиди. Өлкө башчысы жерлерди трансформациялоо чечимине бир жыл болгонуна карабай мындай окуялардын орун алып жатышына аткаминерлерди күнөөлөп, жумуштан кетүүгө арыз жазуусун талап кылды.