Жер трансформация неге жай жүрүп жатат?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда жер мунапысы алкагында дээрлик 29 миң гектар жер трансформация болгону жатат. Айыл чарба министрлиги бул жараянды алдыдагы эки-үч айда аягына чыгарууга ниеттенүүдө.
Эң алды Бишкектеги Сокулук жана Аламүдүн райондоруна караштуу 2009-жылга чейин сугат жана айдоо жерлерге турак жай тургузуп алган жарандардын маселеси чечилип жатат.

“Жалпы Кыргызстан боюнча трансформацияга муктаж 29 миң гектар жер аянты бар. Аны мыйзамдаштыруу менен 147 миң адамдын турак жайга болгон укуктары каттоодон өтүшү керек эле. Азыркы учурда Сокулук районунун тургундарына жалпы 300дөй мамлекеттик актыларды бере башташты. Андан тышкары ЖЭБ-2 тургундарынын 70% документи берилип бүттү”,- деди Би-Би-Сиге Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев.
Жарандардын бир бөлүгү кезинде өзүм билемдик менен басып алган мамлекеттик жерлерди менчикке которуу “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамына ылайык жүрүүдө. Бирок документ күткөндөрдүн баарын эле жер басып алгандар дегенге болбойт. Басымдуусу "жакында документи колуңарга тиет" деген куру убадага ишенип сатып алгандар.
Көйгөйдү чечет деген мыйзамга апрелде президент Садыр Жапаров кол коюп, ал эми июнда Министрлер кабинетинин “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосу чыккан. Ага ылайык, жер-жерлерде райондук комиссиялар түзүлүп, жер тилкелерин менчикке которуунун мыйзамдуулугун териштирип жатышат. Алар бул тууралуу корутундуну Мамлекеттик каттоо кызматына же "Кадастр" ишканасына жолдошот. Мындан соң гана жарандарга кызыл китеп же тийиштүү документтери берилет.

Сүрөттүн булагы, ВБ
Улук Салманов ЖЭБ-2 жаңы конушунда жашайт. Бул конушка президент Садыр Жапаров былтыр ноябрда барып, жергиликтүү тургундардын арыз-муңун уккандан кийин жер которуу жараяны тездетүүнү убада берген.
“Президент эки жолу келип кетти окшойт, ал бул маселени жеке көзөмөлгө алып, тапшырмаларды берерин айткан. Ошондон кийин жерлер өтө тездик менен мыйзамдашты. ЖЭБ-2де жашагандардын 90% жерлерин мыйзамдаштырып алышты”, - деди Улук.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок ушул эле Бишкектин жака белинде, негизинен Сокулукка караштуу Ак-Ордо-3 жаңы конушунун тургундарынын жерлерин мыйзамдаштыруу иши жай жүрүп жатканына нааразылык бар. Айрымдар ортодо шылуундар пайда болду дешет.
“Мен 2018-жылы бул конуштун 498-контурунан 4 сотых жер сатып алгам. 2020-жылы үй салып, ошол эле жылы киргем. Ошондон бери кызыл китебим жок. Бул жакта жашагандардын алды он жылдан бери документтерин күтүп жүрүшөт. Азыр эми 150дөй киши жерге документин алышыптыр, көбү ала элек. Бул жерде акча үмүт этүү бар. Райондук комиссиядан кишилер $500дөн $1000 чейин сурап жатышат”,- деди квартал башчысы Мирбек Осмонов.
Мыйзамсыз турак жай курулган миндеген гектар жерди документтештирүү жараяны өкмөт үчүн оңойго турган жок. Себеби, бийлик алмашуулар маалында басып алынган жерлер колдон-колго сатылып, айрым учурда бир эле участокко эки-үч кишиге чейин ээлик кылган мисалдар бар. Мындай тилкелер териштирүү бүткүчө сот тарабынан камакка алынууда.
Талаштуу жерден тилке алып коюп, ошо бойдон сыртка иштеп кеткен мигранттардын маселеси да бар.
“Бул жакта үй тургузгандарды көпчүлүгү Россияда же башка чет өлкөдө иштешет же жашайт. Эми, "кызыл китепке" деп, алар жол алыс анан кымбат болгондон келе алышпай жатат. Ошондуктан жолун табышып, нотариус аркылуу ишеним кат аркылуу ата-энеси, туугандарына берип, ал аркылуу документтери бүтүп жатат”, - дейт Ак-Ордо-3 коунушунун бир тарабынын квартал башчысы Мирбек.
Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча Учурда, Чүй эле эмес, Ош шаары менен Кара-Суу районундарында да тактоо иштери жүрүүдө. Жер которуу боюнча жарандардын маалымдуулугун арттыруу максатында Айыл чарба министрлигинде атайын байланыш каналы ачылды. +996507947375 WhatsApp номери аркылуу жарандарга жер тилкелерин которуу боюнча ишти эмнеден баштоо керек укуктук кеп-кеңештерди алып жатышат.

Сүрөттүн булагы, Official
“Сузакта кызыл китепти 50 кишиге бердик, Бишкектен да ошончо алды. Бүгүн Ысык-ата районуна 44 адамга документ тапшырылды. Андан тышкары Токмокто дагы 40тан ашык киши мамлекеттик акты тапшырылды. Ошону менен бүгүнкү күнгө 10-15 гектардай эле жер которулду. Бул эми жаңы жылдан кийин массалык түрдө бериле баштайт деп жатабыз. Себеби, жарандар райондук комиссияга арыз тапшырып, аны кароо мөөнөтү деген бар, тиешелүү документтер толукталып, комиссия чечим чыгаргыча ушул убакытка келди”, - деди Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси Аскат Чолпонбаев.
Анын айтымында, жер которуу жараянынын жыйынтыгында трансформацияга жата турган жердин аянты 29 миң гектардан алдан канча аз чыгышы күтүлүп жатат.
Эгемендик жылдары улам бир ыңкылаптан кийин Бишкектин чет-жакасындагы жерлер басылып алынып келди. Жыйынтыгында, шаардын тейлөө инфраструктурасына эбегейсиз оорчулук түштү. Ыштан баштап, бала бакчага чейинки маселелр бири-бирине чырмалышкан бойдон толук чечилбей келе жатат.








