Кыргызстандагы адам укугу: бир кадам алдыга же арткабы?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Татьяна Зеленская
Алдамчылык үчүн айыпталып Бишкектеги Свердлов райондук соту тарабынан былтыр декабрда алты жылга эркинен ажыратылган Аида Исакова абакта жетинчи баласын төрөдү.
Ал ири суммада күрөөгө акча алып, төлөй албай калганын айтууда. Анын адвокаты Канат Хасанов көп балалуу жана кош бойлуу аялдын абакта көз жарышы "Энени жана баланы коргоо" мыйзамына жатпайт деп, бул жерде адам укугунун бузулуп жатканын айтып атып, акыры аны үй камагына чыгарды.
Бул иш боюнча соттук териштирүү уланууда, бирок Исакованын кейси дагы бир жолу өлкөдөгү сот, прокуратура тармагындагы акыйкатсыздык, укук бузуулар маселесин күн тартибине чыгарды.
Омбудсмен Атыр Абдрахматова соңку жылдары балдар жана аялдарга карата зордук-зомбулук күч алып, адам укугун коргоо жаатында мамлекеттик органдар жетиштүү деңгээлде иш алып барбай жатат дейт:
“Адам укуктары боюнча эл аралык индекс Кыргызстанга 1311 сунуш берсе, алардын көпчүлүгү аткарылган эмес. Балдардын бакубаттуулугу жана өнүгүү шарттарынын көрсөткүчүндө Кыргызстан 96-орунда турат. Мыйзам үстөмдүгүнүн индексинде Кыргызстан 99-орунда турат. Бул 139 өлкө кирген эл аралык индекс. Гендердик теңсиздик боюнча Кыргызстан 83-орунда. Жарандык эркиндик боюнча 206 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 156-орунда турат. Көрүп тургандай эл аралык рейтинг боюнча Кыргызстандын абалы жакшы эмес”, - дейт акыйкатчы.
Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жакында эле 2022-жыл үчүн отчетун жарыялап, анда жалпысынан адам укугу жаатында өкмөттүн ишмердигине дурус баа берилет. Кеңеш былтыр кабыл алган чечимдеринин 94% ишке ашканын билдирет.
“Адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин мүчөсү катары Кыргызстан мындан ары дагы адам укуктары боюнча координациялык кеңештин” алкагында адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыздоочу механизмдерди жакшыртууну улантат”,- делет отчетто.
Аталган орган адам укуктарынын сакталышын камсыздоого көзөмөл кылуу үчүн 2022-жылы түптөлгөн. Бирок өлкөдөгү укук коргоочулар Кыргызстанда былтыр саясатчы жана активисттерди негизсиз массалык камап-кармоолор жүрүп, жарандарын сөз эркиндиги жана эркин жыйналуу укуктары чектелгенин айтышууда.
Ал эми Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2-мартта БУУнун Адам укуктары кеңешинин 52-сессиясында сүйлөдү. Ал Кыргызстан 30 жылдан бери күчтүү демократиялык башкаруу формасын курууну, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөнү, улуттук мыйзамдарды эл аралык укуктук нормаларга шайкеш келтирүүнү, сот жана укук коргоо системасын реформалоону, шайлоо системасын жакшыртууну улантып келе жатканына токтолду.

Сүрөттүн булагы, Official
"Түрмөлөр ыйлап атат"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Кыргызстанда жарандык коомду мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарт түзүлгөн. Алты миңден ашуун активдүү, көз карандысыз бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар, Акыйкатчы, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор жана көптөгөн эл аралык агенттиктер бар. Ошону менен бирге адам укуктары боюнча жогорку комиссардын Борбор Азиядагы регионалдык кеңсеси Кыргызстанда жайгашкан”, - деди башкы кыргыз дипломаты.
Деген менен айрым укук коргоочулар соңку жылы Кыргызстанда авторитаризмдин белгилери күчөп, сөз эркиндиги жаатында абал начарлап жатканын айтып, бул тууралуу башка эл аралык платформаларда тынчсыздануусун билдирип келишет.
“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова:
“Кыргызстанда адам укугу жаатында трагедия эле болуп атат. Кыргыз бийлиги адам укуктарын сактоо боюнча БУУнун алдында милдеттенмелерин аткара элек. “Кемпир-Абад” суу сактагычынын берилишине каршы чыккандардын камакка алынышы акыйкат жүрбөй эле. Өзгөчө белгилеп өткүм келет Асия Сасыкбаева жана Рита Карасартоваларды, эмдигиче тергөө боло элек. Түрмөлөр ыйлап атат, реформа деген болбой атат. “Азаттыктык” жабуу аракети да болбойт, Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк индексте 165 өлкө ичинен 81 орунда болуп жатат”.

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргызстандын ИИМи саясатчыларды жапырт камоо массалык баш-аламандык уюштурууга даярдануу боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында жүрүп жатканын айтууда.
Буга чейин Human Rights Watch, Amnesty International, Freedom House өңдүү эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары өлкөдөгү кармап-камоолорду жана сөз эркиндигине басым болуп жатат деп кыргыз бийлигин айыптап келишкен.
Кыргызстандын аракети, Блинкендин баасы
Мартта Астанадагы Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушууда Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышынын маселесине АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да токтолду. Ал эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча аракеттерди жогору баалап, ошол эле убакта бейөкмөт уюмдар менен жарандык коомдун ишмердигин коргоо керектигин айткан.
Бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс билдирүү таратты.
" Блинкен Астана шаарында С5+1 министрлер деңгээлиндеги жолугушуунун алкагында министр Жээнбек Кулубаев менен жолугуп, АКШ менен Кыргызстандын эки тараптуу мамилелеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Мамлекеттик катчы Кыргызстандын аймактык байланышты чыңдоо, экономикасын диверсификациялоо жана эки тараптуу соода байланыштарын тереңдетүү боюнча аракеттерин жогору баалады. Эки министр тең экономикалык өнүгүүнү жана жашыл энергетикага инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Мамлекеттик катчы Кыргызстандын Сириянын түндүк-чыгышындагы 59 атуулун АКШнын жардамы менен өлкөгө кайтарып келүүсүн жогору баалады. Ал ошондой эле адам укуктарын, фундаменталдык эркиндиктерди, анын ичинде тынч жыйындарга чогулуу эркиндигин жана басма сөз эркиндигин, бейөкмөт уюмдар менен жарандык коомдун ишмердигин коргоо керектигин баса белгиледи".

Сүрөттүн булагы, Official
Ошол эле убакта кыргыз бийлиги өлкөдө адам укуктарына жана сөз эркиндигине басым болуп жатканын четке кагат. Президент Садыр Жапаров кармалгандарды ““Кемпир-Абад маселеси кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо” деп эсептейт жана алар “бийликтин бир жерине илинип калууну көздөйт”, - деген.
Ошондой эле Кыргызстанда соңку эки жылда сөз эркиндигине басым жасалбай, тескерисинче, ага ашыгы менен шарттар түзүлүп жатат деген пикирлер да бар.
"Соңку эки жылда деле сөз эркиндигин пайдалануу жагынан алдыга кетсек кеттик, бирок артка кеткен жокпуз. Азыр ким болбосун бийликке каалагандай сын айткан заман болуп калды. Бирок ошо менен кошо маалыматтык манипуляция, жоопкерсиздик, бейбаштык, ээн ооздук, адепсиздик дагы сөз экриндиги менен кошо бирдей өнүгүп жатат. Мисалы, Facebook, Instagram аркылуу тиркемелерден айрым өзүн блогер атагандар, мамлекетте бир күн иштеп, беш адамды башкарып көрбөгөндөр да өкмөткө акыл үйрөтүп, бийликке жөнсүз сын айтып, ал тургай президентке чейин жекеме-жеке дебатка чыгууга чакырык таштап, өздөрүн пиарлаган адамдар чыгып жатат",- деди "Кабар" улуттук маалымат агенттигинин жетекчиси Медер Шерметалиев.
Адам укугу жаатында Кыргызстанда экология, билим жана медициналык кызмат алууга болгон укуктардын сакталбай жатышы тууралуу да байма-бай сындар айтылып келет.
Ошентсе да өлкө Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу демократияны карманган, жарандардын жеке укуктарына артыкчылык жасаган, сөз эркиндиги эле эмес, жарандык коомду күчтүү өлкө катары эчен жылдардан бери таанымал болуп келет.












