Кыргызстанда балдар кандай корголот?

ИИМ: 2013-жылы 403 ата-энеге балдарын кара жумушка таркандыгы үчүн айып пулу төлөтүлгөн. Быйыл беш айдын ичинде жашы жете элек, бирок оор эмгекке тартылган 311 баланы суракка алдык, анын ичинен жетөөсү үй-бүлөдөгү социалдык көйгөйлөрдөн улам оор жумуш менен алектенген
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ИИМ: 2013-жылы 403 ата-энеге балдарын кара жумушка таркандыгы үчүн айып пулу төлөтүлгөн. Быйыл беш айдын ичинде жашы жете элек, бирок оор эмгекке тартылган 311 баланы суракка алдык, анын ичинен жетөөсү үй-бүлөдөгү социалдык көйгөйлөрдөн улам оор жумуш менен алектенген
    • Author, Руфат Эргешов
    • Role, Бишкектик журналист

Бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда балдар укуктары көп бузулуп жатканына кабатыр болуп, Өкмөт менен парламентке жетиштүү чараларды көрүү жөнүндө маселе коюшууда. Бишкекте бийлик өкүлдөрү жана бейөкмөт уюмдардын катышуусунда талкуу уюштурулуп, балдарга карата зордук-зомбулук үй-бүлөдө гана эмес, мамлекеттик окуу мекемелеринде да жылдан жылга артып жатканы айтылды. 2012-жылы- 2600, 2013-жылдын он бир айында 2400гө жакын балага үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү айтылууда.

Кыргызстандын расмийлери дагы, бейөкмөт уюмдар дагы бул өлкөдө балдардын укугу жетиштүү деңгээлде корголбой келатканын айтышат. Кыргызстандык балдардын арасында ата-энесинин камкордугусуз калгандардын көпчүлүгү кайыр сурап жан багат.

Бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда балдар укуктары көп бузулуп жатканына кабатыр болуп, бул жаата жетиштүү чаралар көрүлбөй жатканын айтып, кыргыз өкмөтүн сынга алууда. “Жаштардын укук коргоо группасы” коомдук бирикмесинин өкүлү Ольга Коржова Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук азайбай жатканын, өзгөчө билим берүү жайларында, ошондой эле үй-бүлөдө өспүрүмдөр кордук көрүп келатканын айтты:

“Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, 2012-жылы жашы жетелектерге карата 24 кыйноо фактысы катталган. Анын он экиси бала асырап алуу мекемелеринде жасалганы тастыкталды. Балдарды зомбулуктан коргоо чараларынын мыйзамдык базасы дагы чабал жана иш жүзүндө дагы абал кыйын. Ур-токмокко тыюу жок. Ошондой эле балдарды аныктоо, эскертүү мониторинг кылуу механизмдери чабал. Мындан тышкары, балдардын жаш курагын эске алуу менен арыз беруу процедурасы жок”, - дейт Ольга Коржова.

2013-жылы 403 ата-энеге балдарын кара жумушка таркандыгы үчүн айып пулу төлөтүлгөн

Ал эми "Адилет" Укуктук Клиникасы" коомдук фондунун юристи Эркин Ирискулбеков 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндөгү июнь окуяларында каза болгон балдардын арасынан бирөөсүнүн гана иши сотко өткөрүлгөнүн айтат. Юристтин айтымында, өлкөдө адилеттүүлүккө жетүү үчүн ишенимдүү кадамдар жасалбайт:

“2010-жылдагы июнь окуясындагы улут аралык кагылышууда мамлекет жарандардын, анын ичинде балдардын коопсуздугун камсыз кыла алган эмес. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, коогалаңда 15 бала каза болгон. Ал эми “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча 24 бала көз жумган. 2008-жылдагы Оштун Ноокат аймагында чыккан эл менен милициянын ортосундагы тирештен улам жашы жете электерге катара электр тогун колдонуп, тамак бербей, ур-токмокко алгандар ушул кунгө чейин соттолбой жүрөт”, - дейт Ирискулбеков.

Укук коргоо уюмдары расмий бийлик тараптын мындай иш-аракеттери Кыргызстандагы жарандардын, анын ичинде өспүрүмдөрдүн укуктары корголбой келатканына жол ачат дешет. Андан тышкары өлкөдө балдарды оор жумушка тартуу жыл сайын өсүп жатканын Кыргызстандын расмийлери да тастыктайт.

“Биздин министрликтин маалыматы боюнча, 2012-жылы 9208, 2013-жылы 2552 жеткинчек кара жумушка тартылган. Бул 72% азайды дегенди билдирет. Ошентсе да оор жумушка тартылган балдардын саны кайрадан эле көбөйүп жатат. Мисалы, 2013-жылы 849 бала кара жумушка тартылганы аныкталган. Мурдагы жылдары кыйла аз болчу”- дейт Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова.

Кыргызстанда оор жумуштарга чегерилген балдардын көйгөйү, ошол учурда балдарга карата зордук-зомбулук дагы курч маселенин бири катары айтылып келүүдө. Өткөн жылдары “Баланын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фонду базарларда оор жумушка тартылып, мектепке барбай калган балдардын саны кырк миңге жеткенин айткан эле. Бирок билим берүү мекемелери мындай санды четке кагып келишет.

Байкоочулар жумушсуздук, миграциянын күчтүү агымы, жашоо шарттын оорчулугу ириде бели ката элек балдарга оор сокку болду дешет. Өспүрүм балдар чоңдор менен теңата оорчулуктарга кабылышып, мектепке баруу ордуна кыш куйуп, араба түртүп, соода кылып үй-бүлө багуу түйшүгүнө аралашууда.

Алардын ден-соолугу, эртеңки тагдыры тууралуу камкордук көрүүгө ата-энелердин да, өкмөттүн да чамасы келбей жаткандай.