Румынияда президенттик шайлоо жокко чыкты. Чырдын чынжыры Тиктокко такалды
Сара Рейнсфорд, Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Румыниянын Конституциялык соту президенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыктарын жокко чыгарды. Эки күндөн кийин шайлоонун экинчи туру өтмөк. Конституциялык сот тараткан билдирүүдө шайлоо жараяны кайрадан толугу менен башынан баштала турганы айтылат. Шайлоонун биринчи турунда ашынган оңчул улутчул талапкер Кэлин Жоржеску күтүүсүздөн жеңишке жеткен.
Чалгын кызматы аты аталган талапкер Tik-Tok аркылуу жапырт, мыйзамсыз үгүт ишин жүргүзгөнү үчүн көп добуш алганы аныкталганын айткан соң сот ушундай чечимге келген. Орусиячыл талапкер деген сындарга кабылган Жоржеску аны талапкерликтен алуу аракеттери жүрүп жатат деп румын өкмөтүн айыптады.
Шайлоонун биринчи турунун жыйынтыктары жокко чыгарылганга чейин Би-Би-Си кабарчысы Жоржеску менен маектешкен эле.

Сүрөттүн булагы, EPA-EFE/REX/Shutterstock
Топтолгон бир топ киши Румыниядагы бул жолку шайлоодо "Европа үчүн!" деп кыйкырып, Орусия тууралуу кабатыр болушууда. Кээ бир демонстранттар 35 жыл мурдагы коммунисттик символдору кыркылып салынган желекти көтөрүп жүрүштү. Эми алар Москванын таасири кайтып жатабы деп кооптонууда. Анткени кайдан-жайдан эле белгисиз талапкер президенттик жарышка чыга калгандай болду.
Ал талапкер бир кезде Владимир Путиндики сыяктуу өзүн баатыр көрсөткөн видеолорду чыгара баштаган.
Тиктокто үгүт иштерин баштаганга чейин Кэлин Жоржеску таасири деле жок ашынган оңчул саясатчы болгон, бирок биринчи айлампада ал жеңишке жетти. Румыниянын расмийлери ал Орусияга байланышы бар жана жапырт таасир этүүчү операция болгонун айтышууда.
Мен Жоржескудан сөз болуп жаткандай сиз Москванын адамысызбы деп сурадым.
"Эмне деп айтышканына да көңүл бурбайм",- деп жооп берди Жоржеску.
Тактоо үчүн кайра кайрылып, мындай маалыматты чалгын кызматы айтып жатканына көңүл бурдум.
"Ал чалгын кызматы болобу же жокпу баары бир. Алар менин ийгилигиме ишенишпейт. Мен көз карандысыз талапкермин. Ачык айтып коеюн, менин партиям – мен кызмат кылган румын эли",- деди Кэлин Жоржеску.

Сүрөттүн булагы, AP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок ушул аптада коркунучтар тууралуу чалгын кызматынын документтери ачыкка чыкты.
Анда Жоржескунун рейтингин жогорулатуу максатында бардык эрежелерди бузуу менен, Тиктокто жек көрүү кампаниясы уюштурулганы көрсөтүлөт. Биринчи айлампанын алдында алар интернет аркылуу үгүт иштерин күчөтүшкөн делет.
Эгер бул жүйөөлөр туура болсо анда коомдук сайт аркылуу үгүттөө жаштарга бир топ эле таасир эткен сыяктанат.
"Биз Кэлиин Жоржескуга жапырт добуш бердик. Тиктокто контенттин 50 пайызы ал тууралуу",- деди студенттердин бири Анна.
"Тиктоктон тышкары ал тууралуу эч ким деле уккан эмес, ал алдыга чыкты деген кабар баары үчүн таң калычтуу болду",- дейт дагы бир студент Рухи.
Кээ бир шайлоочуларга Жоржескунун "Румынияны кайрадан улуу өлкөгө айлантам" деген сөздөрү жагышы мүмкүн.
Ал эми "Украинада тынчтык орнотууга аракет кылам" деген убадасы Москвага майдай жагат. Ошондон улам мен Жоржеску менен маектешип жатканымда Украинага аскердик жана саясий жактан колдоо көрсөтүүнү улантасызбы деп сурадым.
"Жок, такыр жардам бербейм, мен өз элиме гана жардам берем, өз элим үчүн гана кам көрөм",- деп берди Жоржеску.
Бул шайлоо өтө эмоционалдуу жоопторду пайда кылганы менен, бул чек аралардын артында анын коопсуздук кесепеттери да бар.
Венгрия менен Словакиянын лидерлери буга чейин Владимир Путинди колдоорун билдиришкен. Эмкиси Румыния болуп калышы мүмкүн.











