ТикТок чынында эле Батышка коркунуч алып келеби?

People use the TikTok app on smartphones

Сүрөттүн булагы, AFP

    • Author, Джо Тайди
    • Role, Кибер кабарчы

Кытай АКШнын Конгрессинде каралып жаткан ТикТокко тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун сындап, аны адилетсиз жүрүш деп атады.

Бул кытай компаниясына таандык тиркемени коопсуздугу жөнүндө көп жылдык талаш-талкуулардын соңку уландысы. Батыштын көп мамлекеттеринде мамлекеттик кызматкерлерге, саясатчыларга жана коопсуздук кызматкерлерине телефонго бул тиркемени орнотууга тыюу салышууда. Деги эле ТикТок менен байланышкан эң чоң үч кибер проблема кайсы жана ага компания жооп кылууда?

1. ТикТок эбегейсиз көп маалымат чогултат

ТикТок тиркемедеги маалымат чогултуу "тармактын практикасына туура келет" дейт.

Сынчылар ТикТокту эбегейсиз көп маалымат чогултат деп сындашууда. Далил катарында алар Австралиянын кибер коопсуздук боюнча компаниясынын изилдөөчүлөрүнүн 2022-жылы июлда жарыялаган отчетуна таянышат. Анда изилдөөчүлөр түпкү коддорду изилдеп чыгып, анда "абдан көп маалымат" чогулуп жатканын билдиришкен. Аналитиктер баамында ТикТок кайсы жерде, кандай конкреттүү түзүлүш колдонулуп жатканын жана анда кандай тиркемелер бар экени тууралуу маалыматты чогултат.

Бирок Citizen Lab жүргүзгөн тест "башка популярдуу платформаларга салыштырмалуу ТикТок тармагы колдонуучулардын жүрүш-турушуна байкоо салуу үчүн да маалымат чогултарын көрсөттү" деп билдирди.

Ошол сыяктуу эле Джоржиянын Технологиялык институтунун өткөн жылдагы отчетунда мындай деп айтылган: "Бул жердеги эң негизги факт башка социалдык тармактардын көбү жана мобилдүү тиркемелер дагы ушул ишти жасайт",

2. Кытайдын өкмөтү ТикТокту аңдуу үчүн колдонот

ТикТок компания толугу менен көз карандысыз жана кытай өкмөтүнө маалымат бербей турганын билдирүүдө.

Купуялык боюнча эксперттер канчалык кыжаалат боло дагы биздин арабызда көптөр жеке маалыматтарды берүү - биз социалдык тармак менен түзгөн келишимдин негизинде болуп жатканын билебиз. Алардын кызматы акысыз берилип жаткандыктан анын ордуна алар биз тууралуу маалыматтарды өзүнүн платформасында жарнаманы сатууга же биздин маалыматтарды Интернетте жарнама менен иштеген башка фирмаларга сатууга колдонот.

ТикТоктун сынчылары белгилеген чоң өзгөчөлүк - бул тиркеменин Пекиндеги ByteDance технологиялык гигантына таандык болуп, америкалык эмес болуп жатканында. Мисалы, Facebook, Instagram, Snapchat жана YouTube бирдей эле маалыматтар көлөмүн жыйнайт жана анын баары АКШда негизделген.

ByteDance HQ

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шанхайдагы технологиялык гигант ByteDance TikTok менен анын уялаш тиркемеси Douyin ээлик кылат

Көп жылдар бою АКШнын мыйзамдарында дүйнөнүн башка жагындагыдай эле ишенимдин белгилүү бир деңгээли сакталып келди: платформалар чогулткан маалыматтар улуттук коопсуздукту коркунучка такай турган кара ниет максатта колдонулбайт деген ишеним бар болуп турду.

2020-жылы Дональд Трамптын жарлыгында ТикТок чогулткан маалыматтар Кытайга "федералдык кызматчылар менен мекемелердин турган ордун аныктоого жардам берип, коркутуп-үркүтүү же корпоративдик тыңчылык кылууга жеке маалыматтардын банкын түзгөнгө мүмкүндүк берет" деп айтылды.

Азыркы изилдөөлөр бул теоретикалык коркунуч гана экенин билдирет, бирок Кытайдын 2017-жылы кабыл алган мыйзамындагы так эмес фрагменттери кабатыр ойго салат.

Кытайдын улуттук чалгын жөнүндө мыйзамында жетинчи берене бардык кытай уюмдары жана жарандары мамлекеттин чалгын жүргүзүү аракетин "колдоп, жардам берип, кызматташууга тийиш" деп турат.

Бул мыйзамдык жобону ТикТокко эле эмес, бардык кытай компанияларына ишенбеген адамдар көп мисал кылышат.

Джоржиянын Технология университетинин жетекчилери 2020-жылдан бери кытай кызматкерлери кытай эмес колдонуучулардын маалыматын албайт деп айтып келишти. Бирок 2022-жылы ByteDance анын эки кызматкери АКШ менен Улуу Британиядагы эки журналисттин турган орду жана ТикТоктун кызматкерлери менен жолугушканын билиш үчүн алардын маалыматтарына кире алышканын билдирген. ТикТок ошондо эле бул ишти жасаган кызматкерлер бошотулганын кабарлаган.

Фирма өз кезегинде колдонуучулардын маалыматтары Кытайда сакталбайт жана маалыматтарды иштеп чыгуучу борборлор АКШнын жарандары үчүн Техаста, ошондой эле Европада курулуп жатат деген.

Евробиримдиктин аймагында компания башка социалдык тармактан да кыйла алдыга кетип, европалык сайттардагы маалыматтардын колдонулганына көзөмөл кылыш үчүн кибер коопсуздук боюнча көз каранды эмес компанияны жалдаган. ТикТок "европалык колдонуучулардын маалыматтары атайын коргоого алынган чөйрөдө корголуп турат, аларга катуу көзөмөл менен текшерүүдөн өткөн, бекиген тизмедеги кызматкерлер гана кире алат" деп билдирген.

3. ТикТок адамдын аң-сезимин бузат

ТикТок өз кезегинде коомго зыян алып келе турган контентке тыюу салынганын айтууда.

2022-жылы ноябрда Федералдык иликтөө борборунун директору Кристофер Рэй америкалык мыйзам чыгаруучуларга: Кытай өкмөтү таасир көрсөтүү операцияларына колдонууга мүмкүн болчу сунуштардын алгоритмин көзөмөлгө алышы мүмкүн" деп билдирген. Мындай доомат көп жолу кайталанып айтылды.

Бул тынчсызданууну ого бетер күчөткөн факт - ТикТоктун Кытайдагы тиркемеси Douyin өлкөдө катуу цензурага кабылып жатканында. Аны жаштар арасында билим берүү жана пайдалуу материалдарды жайылтууну стимулдаштыруу максатында түзүлгөн дешет.

Кытайда социалдык тармактар катуу цензурага алынган, ал эми интернет полиция өкмөттү сындаган же саясий толкундоого себеп боло турган контенттерди тазалап турат.

Douyin exhibition stand at a conference

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ТикТоктун кытайча версиясы Douyin деп аталат жана ошол эле форматты жана базалык инженердик кодду колдонот

ТикТок жаңы башталганда тиркемеде цензура бар деп нааразылык чыккан учурлар болду: АКШда мусулмандарга кылган жаман мамилеси үчүн Пекинди сындаган талкуу баштаган колдонуучунун аккаунту алынып салып, коомчулуктун катуу реакциясынан кийин гана ТикТок аны калыбына келтирген.

Андан бери цензура болгон учурлар аз, модерациялык талаштуу чечимдерди эске албаганда, бирок бул бардык эле платформаларда кездешкен кыйынчылык.

Citizen Lab изилдөөчүлөрү TikTok менен Douyin тиркемесин салыштырып көрүшкөн. Алар ТикТокто саясий цензура жок деп бүтүм кылышкан.

"Платформада постцензуранын ачык белгилери жок",-деген изилдөөчүлөр 2021-жылы.

Джоржиянын Технологиялык университетиндеги аналитиктер Тайвандын көз каранды эместиги же Кытайдын президенти Си Цзинпин жөнүндө анекдоттор сыяктуу темаларды изилдеп: «Бул категориядагы видеолорд ТикТокто оңой эле тапса болот. Алардын көбү абдан популярдуу жана кеңири тараган" деген жыйынтыкка келишкен.

Теориядагы тобокелдик

Ошентип азыркы учурдагы кырдаал теориядагы коркунуч менен тобокелдик болуп саналат.

Сынчылардын айтымында ТикТок - "Троя атына" окшош: сыртынан зыңкыйган менен керек учурда, мисалы конфликт учурунда кубаттуу курал болуп калышы мүмкүн.

Бул тиркемеге Индияда тыюу салынган, 2020-жылдан бери бир топ кытай платформаларына жана тиркемелерине каршы чара көрүлүп келет.

Бирок АКШда ТикТокко тыюу салуу бул платформага абдан чоң таасир этиши мүмкүн, анткени адатта союздаштар мындай чечимдерди колдоого албай койбойт.

Ошол сыяктуу кайра эле теориядагы коркунучтан улам, Кытайдын телекоммуникациялык гиганты болгон Huawei'ди 5G тармагына киргизбөө жөнундө сунуштарды АКШ көтөрүп чыкканда бул ого бетер айкын болду.

Бул коркунучтар - бир тараптуу кыймылдагы көчө экенин айта кетели. Кытай америкалык тиркемелерге эч кабатыр болгон жок, анткени Кытайдын жарандарына алар көп жылдан бери жабык. (МА)