Молдовадагы шайлоо: Майя Санду жеңгенин айтып чыкты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Молдованын учурдагы президенти, Европага жакындоону жактаган талапкер Майя Санду президенттик шайлоонун экинчи турунда жеңип чыкканын жар салды. Добуштарды саноо али аяктай элек, бирок Сандунун атаандашы болгон мурдагы башпрокурор Александр Стояногло ага караандабай калганы айтылууда. Майя Санду чет өлкөлөрдө жашаган молдовандардын добушунун аркасы менен жеңишке жетти.
Түндөн жаңы эле оогондо алдын ала санак боюнча, Сандунун алган добуштары атаандашыныкынан эселеп көп чыгып, санала элек болжолдуу эки пайызга жакын гана участоктор калды деп жаткан учурда Санду жеңишин жарыялоону эп көрдү.
Маалымат каражаттары билдиргендей, Санду бул шайлоодо Молдова жеңгенин айтып, өлкөсүндөгү жана чет мамлекеттердеги шайлоочуларына ыраазычылыгын билдирип, жалпы молдовандардын президенти болууга убадасын берди.
"Молдова, сен жеңдиң! Биздин келечек үчүн добуш берүүбүздө эч ким утулган жок. Мен силердин үнүңөрдү уктум, мени колдогондордун дагы, Стояногло мырзаны колдогондордун дагы үнүн уктум. Мен жалпыңыздардын президентиңиздер болууга убадамды берем",- дегенин агенттиктер жазды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиде 98,8% участоктордун добушу саналып бүткөндө Санду 55% добуш алса, атаандашы Стояногло 45 пайыздан ашуун добуш алганы белгилүү болду.
Соңку алты-жети пайыз участокторду санаган учурда Санду Стояноглону кыйла эле озуп чыкты. Ошол мезгилде Европада жашаган молдовандардын добушу эсептелип жаткан эле, алардын басымдуусу Сандуну колдошту.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алдын ала алгачкы жыйынтыктар жарыяланганда Майя Санду сүйүнүп жатканын жашырбаганын, анын тарапташтары майрамдай башташканын биздин кабарчылар билдиришти.
Биринчи турда Санду 42,4% добуш топтосо, атаандашы Стояногло 25,9% пайыз добуш алган. Бирок эксперттер Санду электоратынын потенциалын толук колдонуп бүттү, Стояноглонуку болсо дагы алдыда деп болжошкон.
Мындан сырткары 14% добуш менен үчүнчү орунду алган Ренато Усатый эки талапкердин бирине добуш бергиле деп үндөгөн эмес.
Илья Барабанов, Би-Би-Синин атайын кабарчысы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Молдовадагы президенттик шайлоодо 80% шайлоо пункттарында добуштар саналгандан кийин мурунку башпрокурор Александр Стояногло өтө аз айырма менен алдыга чыккан эле. Бирок анын штабы талапкердин жеңишин майрамдай турганы чоң күмөн болуп калды.
Андан соң ар бир добуш саналган сайын талапкерлердин ортосундагы айырма азая берди. Алдыда болсо Европадагы диаспоралардан алынган добуштарды саноо турган.
Диаспоралардан топтолгон добуш соңку чечимди чыгарып койчу саналуу мамлекеттердин бири Молдова.
Мындан эки апта мурун президенттик шайлоонун биринчи турунда Молдованын европалык тандоосу боюнча дагы референдуму турган. Анда добуштарды санай баштаганда евроинтеграцияга каршылардын добушу 10 пайыздан араң эле ашкан.
Бирок чет өлкөлөрдөн чогулган добуштарды санап бүткөндө аз эле айырма менен болсо дагы Евросоюзга умтулгандардын жеңиши менен аяктаган.
2020-жылы дагы Майя Сандунун жеңишин диаспоралар камсыздап берген. Анда ал ошол учурдагы президент Игорь Додонго атаандаш болуп чыккан эле. Игорь Додон дагы азыр Александр Стояногло аттанып чыккан Социалисттердин партиясынан чыккан.
Добуштарды саноо уланууда. Кыязы Майя Санду экинчи мөөнөткө президент болуп шайланганы калды көрүнөт.
Орусиянын бийлиги Би-Би-Си кабарчысы Илья Барабановду "чет өлкөлүк агент" реестрине киргизген. Би-Би-Си бул чечимге толугу менен каршы чыгып, аны сотто талашууну улантат.











