Узарбек Жылкыбаев: Грузин шайлоосун, грузин жаштарын көрдүк, Саакашвили тууралуу уктук

Абдыбек Казиев, Руфат Эргешов. Би-Би-Си, Бишкек

Узарбек Жылкыбаев: Президенти баш, премьери төш болуп эле үгүттөйт экен

Сүрөттүн булагы, Vano Shlamov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Узарбек Жылкыбаев: Президенти баш, премьери төш болуп эле үгүттөйт экен

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча грузин коомчулугунда кайсы бир деңгээлде ажырым пайда болду дешет жергиликтүүлөр. БШК алдын ала эсеп боюнча деп "Грузин кыялы" партиясына жеңишти ыйгарууда, бирок оппозиция жыйынтыктарды таануудан баш тартып, нааразылык акциялары тууралуу кулактандырды.

Ал тургай оппозициялык телеканалдар көрсөткөн сурамжылоолордо "Грузин кыялы" партиясына кеминде 40% шайлоочу добуш бергени чагылдырылууда. Буга чейин БШК добуштардын дээрлик көбү эсептелди деп башкаруучу партия 54%га жакын добуш алганы жарыяланган.

Би-Би-Си Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынан Грузиядагы шайлоого көз салууга баргандардын бири, комиссиянын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев менен маектешти.

БШКнын добуш берүү күнү чыгарган алдын ала маалыматы

Узарбек Жылкыбаев: Грузияда парламенттик шайлоо жыйынтыкталды. Бул жерде бир топ өзгөчөлүктөр бар экен. Бул тууралуу кенен маалымат алып келгенбиз, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы дагы атайын чечмелеп түшүндүрүп берди. Биринчи жолу парламенттеги 150 мандатка толугу менен пропорционалдык система аркылуу шайланып келе жатышат. Мурда болсо Кыргызстандагыдай система иштечү экен. Беш пайыздык босого чеги аныкталган.

Грузия парламенттик республика болгонуна карабастан премьер-министр, шаар мэри азыркы бийликтеги партиядан келген үчүн ошол партиянын атынан шайлоого үгүттөп, активдүү катышты. Шайлоо өнөктүгүндө өлкөнүн президенти оппозициялык партияларды сүрөп жатты. Кыргызстанда административдик ресурс пайдалануу деп мындай иш мыйзамга каршы келет, Грузияда болсо ачык-айкын эле элди үгүттөп жатышты.

Биз бул жакка келген күнү бийликтеги партия аянтка тарапташтарын чогултуп, митинг өткөрдү, ал жакта бут коерго жер жок. Оппозициялык партиялар да жолугушуу өткөргөн экен, ал жакта да абал ошондой.

Грузиянын президенти кезинде азыркы "Грузин кыялынын" колдоосу менен бийликке келип, кийин карама-каршылык күчөгөн

Сүрөттүн булагы, Vano Shlamov/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Грузиянын президенти кезинде азыркы "Грузин кыялынын" колдоосу менен бийликке келип, кийин карама-каршылык күчөгөн

Би-Би-Си: Грузиядагы шайлоо техникалык жактан кандай жабдылыптыр, Кыргызстандыкына салыштырганда кайсы жагынан алдыда, кайсы жагынан аксайт экен?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Узарбек Жылкыбаев: Биздикине окшош технологиялар колдонулат экен, мисалы автоматтык эсептөөчү урналар бар экен. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого жакшы даярданыптыр. Бирок кемчиликтер да болду, бир шайлоо участогунда бир учурда жабдыктар иштебей калганын көрдүк. Шайлоого он сегиз партия катышып жатса да, байкоочулардын саны аз экен, беш-алты байкоочуну көрдүк. Бейөкмөт уюмдардан байкоочу катары катышкандар да аз болду.

Грузияда экзитпол системасы бар экен, шайлоочу участоктон чыккан учурда андан сурамжылоо кылышат. Андан башка бизге кызык көрүнгөнү шайлоочулардын санынын көптүгү. 3,7 миллион калкы бар Грузияда 3,5 миллион шайлоочу бар экен. Эмнеге мындай деген сурообузга так жооп ала албадык. 3,5 миллиондун эки миллондон ашыгы шайлоого катышты, бул 58-59 пайызы келди дегенди билдирет.

Кыргызстанда канча шайлоочу болсо, ошого жараша бюллетень басылып чыгат эле. Азыр шайлоо участогунда эле иш жүзүндө келген шайлоочунун санына жараша бюллетень басып чыгарганы жатабыз десем таң калгандар болду. Өз жетишкендигибизди да айта жүрүү эп.

Так эсимде калганы участоктордун биринде биз байкоого алган шайлоо участогунда 1419 шайлоочу болсо, 1350 эле бюллетень басылып чыгыптыр. Эмнеге аз басылды, толук келсе эмне болот деп сурадым. Алар миграцияда жүргөндөр, абакта жаткандар бар, 100% келбейт, жөн эле чыгымдын кереги жок деп түшүндүрүштү. Башка жактан келген бир топ байкоочу дагы аларда дагы ушундай тажрыйба бар экенин айтты.

Кыргызстанда шайлоо бүтөрү менен маалымат серверге спутник аркылуу автоматтык түрдө жөнөтүлөт. Грузияда болсо шайлоо бүткөндө флешканы сайып, ага маалыматты жүктөштү. Аны планшетке кошуп анан борборго жиберип жатышты.

Дагы бир кызык мисал, бир шайлоочунун колунан эки бюллетень көрүп калдым. Комиссиянын башчысы аны менен сүйлөштү, ошол эки бюллетенди урнага кантип салат эле, аны түшүнбөй калдым. Бирок ошол окуянын өзүн ызы-чуу кылбай, акт түзбөй эле акырындык менен жайгарып коюшту.

Узарбек Жылкыбаев: Грузияда сонку отуз жылда такыр башка муун калыптынганын көрдүк

Сүрөттүн булагы, Uzarbek Jylkybaev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Узарбек Жылкыбаев: Грузияда сонку отуз жылда такыр башка муун калыптынганын көрдүк

Би-Би-Си: Добуштардын көбү эсептелип бүткөн соң Грузиянын президенти оппозициялык партиялар менен сүйлөшүп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтты, наарызылык акцияларга чыгууга чыкырды. Коомдук маанай кандай?

Узарбек Жылкыбаев: Шаар, Тбилиси тынч. Айрым кишилер менен сүйлөштүм. Алар митинг уюштурушат окшойт деп айтышты. Менин байкашымча, орто муундагы кишилер бийликтеги партияны колдосо, жаштар оппозицияга жан тартат экен. Президент кайрылуу жасап, бүгүн саат жетиге элди митингге чакырды. Мунун өзү дагы кызыктуу көрүнүш. Президент өзү баш болуп элди митингге үгүттөгөнү кандай деп башка байкоочулар да бул көрүнүштү кызуу талкуулашты.

Жаңы мыйзам боюнча, келерки президентти эл эмес, парламент шайлай турган болуптур. Азыркы президентти эл шайлаган экен .

Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясын Орусияга жакын деп айтып жатышпайбы, бирок мен барган жерлерде, керек болсо мамлекеттик мекемелерде Грузия желеги менен Евробиримдиктин желегин жанаша илип коюшканын көп көрдүм. Кызыгып сурасам, бул партия дагы өзүн Европага ыктаган партия катары көрсөткүсү келет дешти. Бирок эки тарап тең бирин-бири орусиячыл, европачыл, бирөөнүн буйругун аткарган партия деп айыптай беришет экен. Ушундан улам анда булардын кимимси орусиясыл деп таң калдым. Булар ушул сыяктуу ыкмалар менен саясий оюндарды укмуш кызытышат окшойт деп ойлоп калдым.

Би-Би-Си: Шайлоого сырттан кийлигишүү болду деп айыптагандар бар. Көчөлөрдө согуш темасын чагылдырган баннерлер дагы илингени айтылды. Сиз ушуну байкадыңызбы?

Узарбек Жылкыбаев: Мен андайды көргөн жокмун. Бирок интернеттен түрдүү маалыматтарды окудум. Саакашвили баш болгон бир топ кишинин моюнуна каргы тагылган сүрөттү илип, буларды бирөө айдактайт, ошолордун жетеги менен жүрөт дегендей мазмунду чагылдырып баннер илип коюшуптур.

“Грузин кыялы” партиясынын негиздөөчүсү “сен согушту тандайсыңбы же тынчтыкты жактайсыңбы?!” деген сөздөрдү айтып жатты. Анткени оппозиция бийликке келсе, экинчи фронтту ачып, согушка аралашат, биз Украина эмеспиз, чакан элбиз деп ачык эле үгүттөп жатышты. Биз КМШ өлкөлөрүндөгү шайлоолорго байкоочу катары катышып жүрөбүз, бул ирет Грузияда Орусиядан, Беларустан келген байкоочуларды көргөн жокпуз.

Би-Би-Си: Кезинде Кыргызстан дагы, Грузия дагы советтер союзунун курамында турду. Эгемендикке жеткенден кийинки грузин коомунан дагы кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыз?

Узарбек Жылкыбаев: Шайлоо күнү президент ИИМге кайрылып, айрымдар таяк менен комиссияны уруп, бийликчил партиядан кысым болуп жатканын айтты. Бирок ИИМ ага көңүл буруп да койгон жок. Себеби парламенттик өлкө болгон үчүн өкмөт аны укпайт экен. Керек болсо добуш берүү күнү президенттин имаратындагы телефондук байланышты дагы өчүрүп салыптыр.

Грузияда соңку отуз жыл ичинде жаңы муун пайда болуптур, жаштар же англисче же грузин тилинде сүйлөйт экен. Орусча оозанган жаштарды көрүү мүмкүн эмес. Орто муун арасында орусча сүйлөгөндөр бар. Бизден айырмасы ушул. Азыр Кыргызстанда эки кыргыздын башы бириксе, орусча сүйлөп калбадыбы.

Би-Би-Си: Грузия дегенде кыргызстандыктардын көбү Михаил Саакашвилини түшүнөт эмеспи. Сиз баарлашкан кишилерден ал тууралуу сурадыңызбы?

Узарбек Жылкыбаев: Саакашвилинини бизде идеалдаштырып алгандар бар. Мен көбүнөн ушул тууралуу сурадым. Ал кишинин түрмөдө жатканын туура эмес деп эсептешет экен. Бирок Саакашвили президент болуп турганда, адам өлтүрүү көп катталыптыр. Жаш балдар, кыздар министр болуп келип, ишти жакшы алып кете алган эмес деп сындады. Ал аны дүйнөгө өзүнчө образ кылып даңазалаган, бирок алар иштин көзүн таба алышкан жок дешти.

Полициянын реформасы, бизнес жүргүзүү, экономикалык реформалары жакшы болгонун баары эле айтып жатты. Ошого карабай анын тушунда киши өлтүрүүлөр көп болгон дегендер чыкты. Айрымдары Саакашвили кыймыл аракети, мамилеси, саясий жүрүштөрү менен Грузиянын бүтүндүгүн бузду деп айыптагандар да кезикти. Ал тургай ага ачуулангандарды кезиктирдим.