Грузиядагы шайлоо: президент Зурабишвили жыйынтыкты тааныбай турганын билдирди
Нина Ахметели, Би-Би-Си, Тбилиси

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили ишемби күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты. Ал добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болуп, "бул Грузиянын Орусияга баш ийгендигин таануу менен барабар" деди.
Шайлоодо башкаруучу партия "Грузин кыялы" 54% добушка ээ болгон эле. Оппозициялык партиянын өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин Зурабишвили 28-октябрда Тблисиде баштала турган нааразылык митинги тууралуу кулактандырды.
Оппозиция мандаттарды албайт

Зурабишвили жекшемби күнү кечинде пресс-конференцияда шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди:
"Бул шайлоолорду таанууга болбойт. Бул Орусиянын ушул жерге келгенин, Грузиянын Орусияга баш ийгендигин тааныгандай эле кеп".
Ал шайлоонун жыйынтыктары "Грузин кыялы" партиясынын пайдасына болуп көрбөгөндөй бурмаланган деп эсептейт. Ошондуктан ал жарандарды апта башында баштала турган нааразылык акцияларына чакырды.
"Орусиялык атайын операциянын биздин өлкөбүзгө, биздин жарандарыбызга каршы жасалган гибриддик согушунун бир формасынын күбөлөрү жана курмандыктары болуп калдык",- деди Зурабишвили.
"Грузин кыялы" айыптоолорду четке кагып, орусиячыл позициясын тынчтыктын партиясы, өздөрүн Москва менен сүйлөшүүгө умтулгандар катары көргөзүүдө.
Кезинде президент өзү "Грузин кыялынын" колдоосу менен тандалып келген, бирок көп өтпөй партия өлкөнү туңгуюкка алып бара жатканын айтып, өзүн өлкөдөгү "жападан жалгыз калган көз карандысыз институт" деп атаган.
Буга чейин президент шайлоо босогосунан өткөн оппозициялык төрт партиянын өкүлдөрү менен жолуккан.
"Биримдик — Улуттук кыймылы" оппозициялык бирикмесинин лидери Тинатин Бокучава анын тобу шайлоолордун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын жана парламентке кирүүгө камынбай жатканын билдирген.
Болочоктогу парламенттеги мандаттардан "Өзгөрүүлөр үчүн коалиция" деп аталган оппозициялык альянс дагы баш тартты. Боршайкомдун маалыматтары боюнча, бул альянс башкаруучу партиядан кийинки эле эң көп добушту алган.
Кобахидзе: манипуляцияга мүмкүнчүлүктөр жокко эсе
Анткен менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Би-Би-Си редактору Стив Розенбергге берген маегинде оппозициянын айыптоолору чындыкка дал келбейт деп билдирди:
"Бузуулар баардык жерде болот. Шайлоо күнү же учурда болуп жаткан бузууларга биз чара көрүшүбүз абзел. Бирок шайлоо жалпысынан мыйзамдуу процедураларга жана шайлоонун демократиялык принциптерине шайкеш келди".
Кобахидзе оппозициянын билдирүүлөрү боюнча да айтты.
"Албетте анын мындан башка жолу жок же алар өз тарапташтарын алдап коюшканы тууралуу айтышы керек же өкмөт шайлоолорду бурмалады деп чыгышы керек",- деди өкмөт башчы.
Кобахидзенин сөзү боюнча, добуш берүү учурунда колдонулган электрондук эсептөө системасы "манипуляцияга дээрлик жол бербейт".
Расмий жыйынтык
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына караганда, "Грузин кыялы" башкаруучу партиясы төртүнчү мөөнөткө бийликте калып, парламанттеги орундардын көпчүлүгүн алат. 99% участоктогу санактан кийин алар 53.9% добуш алды, бул өкмөттү түзө алат дегенди билдирет.
Бул 2016-жылы жана 2020-жылдагы шайлоонукунан көп. Анда "Грузин кыялы" пропорционалдык система боюнча шайлоочулардын жарымынан азынын добушун алып, бирок бир мандаттуу округдардын дээрлик баарында жеңип чыккан.
"Грузин кыялынан" сырткары дагы төрт оппозициялык партия парламентке кире алат. Алар "Өзгөрүүлөр үчүн коалиция", "Биримдик — Улуттук кыймылы", "Күчтүү Грузия" жана мурдагы премьер-министр Георгий Гахариянын "Грузия үчүн" партиялары.
Калган 13 партия парламенттен орун алуу үчүн зарыл болгон беш пайыздык босогодон өтө алган жок.
Шайлоо комиссиясынын төрагасы Георгий Каландаришвили ишембиде өткөн шайлоолордун тарыхий мааниси бар деп ататды.
"Шайлоочулардын жигердүүлүгү жана процесс эч кандай чуусу жок өткөнү тууралуу факт шайлоо администрациясы шайлоолорду эл аралык стандарттарга ылайык өткөргөнүн далилдейт",- деди Каландаришвили.








