Чек ара көйгөйү. Ташиевдин Тажикстанга сапары
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Дүйшөмбүгө барып, тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүү жүргүзүп келгени айтылууда. Талдоочулар мындай маалыматар эки өлкө ортосундагы чек араны тактоо иштери чечүүчү баскычка жакындап калганынан кабар берет дешет.
УКМКнын басма сөз кызматы Ташиевдин сапары тууралуу маалыматты тастыктаган да, четке каккан да жок. Ишенимдүү булактарына таянган маалымат каражаттары Ташиев менен Рахмон чек ара маселесин талкуулаганын жазып жатышат.
Атайын кызматтын расмий маалымат таратпаганы социалдык медиаларда талкуу жартты. Айрымдар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү ачык-айкын болушу керектигин айтып жатышат. Адистер болсо чек ара боюнча мунаса табуу купуялуулукту талап кылат деген пикирде.
Кыргыз расмийлери сыяктуу эле тажик тарап дагы бул жолугушуу тууралуу эч кандай билдирүү жарыялаган жок.
Жумушчу топтордун кезектеги жыйыны
Ташиевдин бей расмий сапары сөз болуп жаткан чакта кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтор Баткенде жолукту. Буга чейинки сүйлөшүүлөр 5-11-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында өткөн.

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев баштаган делегация катышууда.
Бөрүбаев 4-июлда башталган сүйлөшүүлөр планга ылайык жүрүп жатканын Би-Би-Сиге ырастап, толук маалымат берген жок:
“Чек ара деген татаал маселе да, жылыш болуп жатканы, канча тилке калганын айта албайм. Ишке кесепети тийип калышы мүмкүн. Сүйлөшүүлөр 9-июлга чейин созулат, ошондон кийин маалымат беребиз. Биздин так багытыбыз бар, ошол менен баратабыз”.
Картага такалган тактоо иштери
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Чек арада болгон эки жолку куралдуу жаңжалдан кийин эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топтору түзүлүп, чек ара тилкелерин тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Жалпы жонунан жумушчу топтор бирде Кыргызстанда, бирде Тажикстандын аймагында ондогон жолугушууларды өткөргөн.
Саясат жана коопсуздук маселелер боюнча эксперт Орозбек Молдалиев сүлөшүүлөр жай жүрүп жатканын айтып, буга чек ара тилкелерин кайсы картанын негизинде тактоо боюнча орток пикир табылбай жатканы менен байланыштырды.
“Жылыш жай болуп жатат. Адегенде эки тарап кайсы жылкы карта менен иштейбиз деп бир чечимге келиш керек. Бул жерде тараптар ушул боюнча орток пикир таба албай жаткандай. Эгер жылыш болуп жатса Өзбекстандыкындай болуп, келишимдерге кол коюлмак. Анын үстүнө Мадумаров кол койгон протоколдун саясатташып кетиши да, таасирин тийгизип жатат. Ал документтин юридикалык күчү жок экенин тажиктер деле билет. Бирок алар “силер мойнуңарга алып жатасыңар” деп маселени өздөрүнүн пайдасына чечкенге аракет кылып жатышат”, – деди Молдалиев.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүйлөшүүлөрдүн жай жүрүп жатканын президент президент Садыр Жапаров 17-апрелде “Кабар” агентигине берген маегинде ырастап, эки тарап кайсы документтерге таянуу боюнча мунасага таба албай жатканын ачыктаган.
Июнь айында Чолпон-Атада өткөн “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитинин алдында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек ара маселесин талкуулаган. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов анда Жапаров тажик президентине чек ара маселесин чечүү боюнча сунушун бергенин билдирди.
“Президентибиз Садыр Жапаров Тажикстандын президенти менен жолугуп айтты. Анткени бизде саясий эрк бар. Тажикстанга жана башка кошуна мамлекеттерге аймактык дооматыбыз жок. Ошондуктан бизге жеңил болгондуктан “кел чечишели” деп айтып атабыз. Советтер Союзу урагандан кийн Алматы декларациясы кабыл алынган. Ошондо Советтер Союзундагы административдик чек аранын баары тең мамлекеттик чек арага айланган. Ошону менен иштешибиз керек. Ал эми ага чейинкилер тарых боюнча калыш керек”, - деди Иманкулов “Биринчи радиого”.
Сүйлөшүүлөр чечүүчү баскычтабы?
Ташиевдин "жашыруун" сапарына чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов 10 күндүн ичинде Кыргызстанга эки жолу келгенин жазышкан. Бирок бул тууралуу эки өлкөнүн тең расмий органдары маалымат тараткан эмес.
Талдоочулар мындай бей расмий сапарлар эки өлкө ортосундагы чек араны тактоо иштери чечүүчү баскычка жакындап калганынан кабар берет дейт.

Сүрөттүн булагы, Social Media
“Мындай маалыматтар чек ара маселесинде жылыш болуп жатканынан кабар берет. Учурда Жакынкы Чыгыштан баштап Кытайга чейин баштыштын саясатына каршы туруу үчүн стабилдүүлүккө басым жасап жатышат. Мына Иран ШКУга мүчө болуп кирди. Мунун кыргыз-тажик чек арасынын жакын арада чечилишине таасири тиет. Дагы бир жагдай, Кыргызстан армиянын күжүрмөн даярдыгын бекемдеп, оор техникаларды, “Байрактарды” сатып алышы Тажикстанды кайсы бир жыйынтыкка келүүгө түрттү”, – деди талдоочу Марс Сариев.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 664 чакырымы такталганы расмий кабарланган. Калган чек ара тилкелер боюнча тажик тарап 1924-1927-жылдагы картаны бетке кармайт. Кыргызстан 1958-1959 жана 1989-жылдардагы картаны колдонуу керектигин айтып келет.
Чечилбеген чек ара көйгөйүнөн улам эки элдин ортосунда көп жылдан бери жер, жайыт, суу талаш болуп келген. 2021-2022-жылдарда болгон куралдуу кагылышуудан ондогон адам өлүп, жүздөгөн адам ар кандай жараат алган. Жүздөгөн тургундардын үйлөрү өрттөлүп, 150 миңге жакын эл коопсуз жайга көчүүгө аргасыз болгон.












