"Мурдум кыйшайып калды". Манасчылардын жаңжалын министрлик териштирет

Асаналы Калил уулу

Сүрөттүн булагы, Social media

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги "Манас" театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн бүгүн, 10-декабрда комиссия түзгөнүн билдирди. Комиссияны министрдин орун басары Аскаралы Мадеминов жетектөөдө.

9-декабрда Кыргыз улуттук "Манас" театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалымат тараган.

Алгач бул тууралуу манасчы Асаналы Калил уулунун жубайы Наргиза Эмилбек кызы Фейсбуктагы баракчасына пост жазган. Ал күйөөсүн кесиптештери – манасчылар Рыспай Исаков, Нурбек Калыбек уулу жана театрдын директору Нурбек Талантбеков сабап салганын билдирген.

Ал арада социалдык тармактарда Асаналы Калил уулунун окуя тууралуу айткан кыска видеосу тарады. Анда ал: "Мурдум кыйшайып калды. Тишимди канатып, мурдумду ийрейтип койду", - деп айтып жатканын көрүүгө болот.

Би-Би-Си манасчынын жубайы менен байланышып, окуянын чоо-жайын сурады. Ал күйөөсү учурда үйдө дарыланып жатканын билдирди.

"Түндө дене табы көтөрүлүп кыйналып чыкты. Бүгүн таңкы саат 4.18де "тез жардам" чакырдык. Бирок ал келбей, саат 5:10до Бишкектеги №4 шаардык клиникалык ооруканага жеткирдик. Ал жер кабыл албай, республикалык ооруканага алып бардык. Ал жерден теккшерүүдөн өттү. Башы чайкалыптыр. Жаагында жана мурдунда жарака бар экен. Азыр бети-башы шишик, көгала. Шишик тарагандан кийин мурдун кайра текшеребиз дешти. Ооруканада орун жок, жаткырганга мүмкүнчүлүк жок деп, уколдоруңарды бейтапканага барып алып тургула тургула деп жөнөтүштү", – деди Наргиза Эмилбек кызы.

сабалган манасчы

Сүрөттүн булагы, Наргиза Эмилбек кызынын сүрөтү

Ал күйөөсү, манасчы Асаналы Калил уулу 9-декабрда иш маалында сабалганын айтып жатат.

Наргизанын билдиришинче, бул чыр "Жаратман Манасчы" сынагына байланыштуу чыккан. Асанали Калил уулу ич ара сүйлөшүүлөрдө конкурс калыс өткөн жок деген пикирин билдиргенден улам уруш чыккан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Жаратман Манасчы" сынагы октябрь айында өтүп, жеңүүчүлөр 4-декабрь - "Манас" күнүнө карата сыйланган.

Катышуучулардын арасынан Рысбай Исаков, Замирбек Баялиев, Кулмат Сыдыков жана Асанаалы Калил уулу байгелүү орундарга татыганы айтылган.

Театрдын мурдагы директору Азиз Биймырза уулу манасчылар жаңжалдашкан делген окуяны угуп алып таң калып турганын айтты.

"Ырыспай Исаков мындай кадамга барышы мүмкүн эмес эле. Абсурд окуя. Мен ишене албайм мындай нерсеге. Ырыспай Исаков мындан да жаман кырдаалдарга, сыноолорго күбө болуп жүрөт. Бардык учурда жаман-жакшы сөз сүйлөгөнүн көргөн эмесмин. Азыр ушул жаңылыкты угуп алып таң калып турам. Ишенбейм. Асаналыны да жакшы тааныйм. Ал деле чыр-чатакка барышы мүмкүн эмес. Ал өзү Ырыспайдан аябай кичүү, Ырыспай агай аябай улуу. Эмне болуп кеткенин түшүнө албай турам".

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги "Манас" театрындагы кырдаал иликтенип, жыйынтыгы коомчулукка жарыялана турганын маалымдады.

"2025-жылдын 9-декабрында социалдык тармактарда Кыргыз улуттук "Манас" театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланды. Аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү баа берүү максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги атайын комиссия түздү. Иликтөө толук бүткөн соң, министрлик коомчулукту жыйынтыктары боюнча кабардар кылат" деди министрлик.

Би-Би-Си "Манас" театрдын жетекчиси Нурбек Талантбек уулу менен манасчы Рыспай Исаковго бир нече жолу телефон чалып, байланыша алган жок.

Нурбек Талантбеков Кыргыз улуттук "Манас" театрына директор болуп 2024-жылы 24-июлда дайындалган.

"Манас" театры 2021-жылы түзүлгөн.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Манас" театрынын штатында 83 кызмат орду каралган.

Былтыр 18-апрелде "Манас" театрынын жамааты жаңы имаратка ээ болгон. Ал мурдагы "Манас айылы" этнографиялык комплекси жайгашкан жерде. Имаратта 300 орундуу концерттик зал бар.