Трамп "чириген" Европа менен "алсыз" лидерлерин сынга алды

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Bloomberg via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамп

Рэйчел Хейган, BBC News

АКШнын президенти Доналд Трамп Европанын лидерлерин "алсыз" деп сынга алып, АКШ Украинага жардамын кыскартышы мүмкүн экенин кыйытты. Politico менен болгон кенен баарлашууда Трамп "чириген" Европа өлкөлөрү миграцияны көзөмөлдөй албай калганын же Украинанын Орусия менен болгон согушун токтотуу боюнча чечкиндүү аракет көрбөгөнүн билдирген.

Европа лидерлери согушту токтотуу боюнча АКШ сунуштаган демилгелерге салым кошууга аракет кылып келет. Алардын оюнча, АКШ сунуштаган ыкчам чечим Европадагы узак мөөнөттүү кызыкчылыктарга доо кетирет.

Жооп катары Британиянын тышкы иштер министри Иветт Купер коргоо багытындагы инвестицияларга жана Киевге берилген каражаттарга ишарат кылып, Европадан бир "күчтү" көрө алганын билдирди.

Ал Трамп менен Зеленскийге ишарат кылып кошумчалагандай, эки президент "тынчтык үчүн иштеп" жатышат, "бир президент, Путин, дрондорду жана ракеталарды учуруп, жаңжалды курчутууну көздөп жатат".

Трамп согушту токтотуу келишимин кабыл алууга көндүрүү үчүн Зеленскийге басымын күчөтүп келатат. Анын артында аймактын бир бөлүгүн Москвага өткөрүп берүү турат. Орусия Украинага каршы толук кандуу согушту 2022-жылдын февралында баштаган.

Шейшембиде X платформасында Зеленский билдиргендей, Украина менен Европа "согушту токтотууга багытталган кадамдардын бардык компоненттери" боюнча иштеп жатышат. Ал планда Украина менен Европанын элементтери жакшылап иштелген жана Киев аны "АКШдагы өнөктөштөрүбүзгө" сунуштоого даяр экени белгиленген.

Трамптын Европа боюнча бул сын-пикири Европа лидерлери Украинадагы согушту токтотуу үчүн биргелешкен аракеттерди талкуулоо максатында Лондондо жолугушкандан бир күндөн кийин айтылып отурат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Европа согушту токтотууга көмөктөшө алабы деген суроого АКШнын президенти төмөнкүчө жооп берди: "Алар сүйлөй беришет, бирок эч нерсе кылышкан жок. Согуш болсо уланып жатат".

АКШнын расмийлери согушту токтотууга арачы катары соңку апталарда Украинанын жана Орусиянын жогорку мансаптуу бийлик өкүлдөрү менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Азырынча эч кандай макулдашуу жетишиле элек.

Украинанын президенти АКШны келишимге аралаштырбоого көмөктөшүү үчүн Европанын жана НАТОнун лидерлерине басым көрсөткөн. Анткени, Киев мындай келишим болочоктогу кол салууларга өбөлгө түзүп коет деп кооптонууда.

Жекшембиде Трамп далили жок эле тынчтык үчүн эң негизги тоскоолдук Зеленский экенин билдирди.

Ал АКШ тарабынан эки тарапка тең сунушталган тынчтык планына Орусия "макул" экенин кабарчыларга айткан. Планда Украина олуттуу жоготууларга дуушар болору камтылган жана үзөңгүлөштөрү өлкөнү келечекте басып алууга шарт түзүлөт деп кооптонушкан болчу.

Politico менен болгон маегинде Трамп Украинадан сүйлөшүүгө катышкандар АКШ сунуштаган планды "жактырганын" айтып, аны Зеленский окуй элек деди.

Украинада шайлоо өткөрүү убактысы келдиби деген суроого Трам төмөнкүчө жооп берди: "Убактысы келди деп ойлойм. Балким, Зеленский жеңип чыгышы мүмкүн. Ким жеңерин билбейм".

"Бирок алар көптөн бери шайлоо өткөрүшө элек. Алар демократия деп оозанганы менен бирок азыр демократия ишке ашышы кыйын болуп турат".

Орусия согушту баштагандан бери Украинада шайлоо өтө элек, себеби согуштук кырдаалда шайлоо өткөрүү мыйзамсыз. Тынчтык өкүм сүрүп турган болгондо, Зеленскийдин мөөнөтү бүтмөк. Муну Кремль ар дайым белгилеп келет.

AFP кабарлагандай, Трамптын билдирүүсү жарыялангандан кийин кабарчыларга маек берип жатып Зеленский "шайлоого даяр" экенин, мыйзамды өзгөртүүгө багытталган сунуштарды даярдоону өтүнүшү мүмкүн экенин айткан.

Зеленский эгерде коопсуздук кепилдиги берилсе, шайлоо алдыңкы 60-90 күндө өткөрүлүшү мүмкүн дегени кабарланууда.

Politico менен болгон маегинде Трамп идеологиялык бөлүнүүлөр Вашингтон

менен Европанын биримдигине коркунуч туудуруп жатканын дагы билдирген.

Алсыз деп эсептеген лидерлерди дале шериктештер деп атоого болобу деген суроого Трамп төмөнкүчө жооп берген: "Менин оюмча, алар алсыз, бирок алар саясий жактан да дурус болууну каалашат. Алар эмне кылышты билбей турат деп ойлойм".

Президенттин сын-пикири өз администрациясы 33 беттен турган улуттук коопсуздук боюнча стратегиясын жарыялагандан кийин айтылууда. Документте Европанын "цивилизациялык кыйроого" туш болуу ыктымалдыгы эскертилет жана айрым өлкөлөр ишенимдүү өнөктөш бойдон калышы боюнча суроолор жаралганы белгиленет.

Орусия бул стратегияны кубаттаган. Анткени ал Орусияны АКШга коркунуч катары сүрөттөбөйт жана бул Москванын көз карашы менен "көбүнесе шайкеш".

Шейшембиде Трамп Европадагы көп мамлекеттер эгерде ушул кетиште улана берсе, анда "мындан ары жашап кетүү кудуретин жоготуп коюшу мүмкүн" экенин эскерткен. "Иммиграция боюнча жасаган ишинини кесепети оор", — деп кошумчалаган.

Ал Венгрия менен Польшанын иммиграция боюнча аракетин "аябай жакшы" деп баалап, бирок көптөгөн Европа өлкөлөрү "чирип" жатат деп айткан.

Аталган стратегияга жооп берип жатып Германиянын канцлери Фридрих Мерц айрым бөлүктөрү чындыкка жакын жана айрым бөлүктөрү түшүнүктүү экенин билдирген.

Бирок Европанын көз карашынан алып караганда, башка элементтерин ылайыгы жок деген.

Ал Европадагы "демократияны АКШ коргоосу керек" деген ойду четке кагып, европалыктар мындай маселелерди өздөрү чечерин айткан. Стратегия Трамптын быйыл БУУда сүйлөгөн сөзүнө үндөш. Өз сөзүндө ал Батыш Европаны миграцияга жана жашыл энергияга болгон мамилесинен улам катуу сынга алган эле.