Жапаров демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө маани берерин айтты

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, President.kg

Президент Садыр Жапаров 10-декабрь Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынган күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Жапаров Кыргызтан1992-жылы БУУга кошулгандан кийин, адам укуктарынын жалпы ченемдерин таанып, колдоого милдеттенме алганын белиледи.

"Ата-бабаларыбыздан бери келаткан бул баалуулуктар биздин Баш мыйзамыбызда жана улуттук мыйзамдарыбызда да таасын белгиленген. Ошондуктан адам укуктары менен эркиндиги укуктук системанын өзөгүн жана жалпы мамлекеттик саясаттын пайдубалын түзүп, ал эми өлкөбүздөгү бардык мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аларда кызмат кылган адамдар дал ошол баалуулуктарды негиз кылып, аларга таянуу менен иш жүргүзүп келе жатышат",- делет бул тууралуу президенттин бүгүнкү куттуктоосунда.

Анын айтымында, мамлекет бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, аялдарды, балдарды жана аялуу топторду коргоо, басмырлоого каршы күрөшүү боюнча чараларды ырааттуу түрдө ишке ашырып келет.

«Биз жарандардын укуктарын коргоого, сот институттарын чыңдоого, демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө жана сапаттуу билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана социалдык кызматтарга жетүүнү камсыз кылууга өзгөчө маани беребиз. Адам укуктары менен эркиндиктерин коргоону өз ара урматтоо маданияты, ар бирибиздин кылган иш-аракеттерибиз үчүн жоопкерчилигибиз, жаратмандыкка жана өз ара колдоого умтулуубуз катары кабылдайбыз. Мамлекет бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, аялдарды, балдарды жана аялуу топторду коргоо, басмырлоого каршы күрөшүү боюнча чараларды ырааттуу түрдө ишке ашырып келет. Биз мамлекеттин, коомчулуктун жана үй-бүлөнүн биргелешкен аракеттери менен гана күчтүү, адилеттүү жана өнүккөн жаңы Кыргызстанды кура алабыз» деп айтылат президенттин сөзүндө.

Эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын көрсөткүчтөрү начарлаган

Кыргызстанда соңку беш жыл ичинде бир катар укук коргоочу, журналисттерге иш козголуп, оппозициялык маанайдагы саясатчылар камакка алынды же тергөө абагына отуруп чыкты. Алалы, "Кемпир-Абад иши" эгемен кыргыз тарыхында саясатчылар жана активисттер тобу менен кармалган биринчи учур болуп калды. Ошондой эле айрым медиа каражаттары да ишин токтотууга аргасыз болду.

Мындан улам Кыргызстандын демократия, адам укугу, сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингдердеги көрсөткүчтөрү ылдыйлады. Freedom House (FH) эл аралык уюму быйылкы баяндамасында Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен "эркин эмес" мамлекеттердин катарында калтырды.

Уюм 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарган баяндамасында Кыргызстанда "чет элдик өкүл" сыяктуу талаштуу мыйзамдар кабыл алынганын, социалдык тармактардагы посттор үчүн жоопко тартылган адамдар болгонун эске салган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Интернеттеги сынчыл көз караштарга каршы кеңирирээк күрөштүн бир бөлүгү катары бир жыл ичинде социалдык тармактардын көптөгөн колдонуучулары өздөрүнүн посттору үчүн суракка чакырылып, коркутууга кабылып, физикалык жактан орой мамилеге дуушар болуп, айыпталган же түрмөгө кесилген", - деп айтылат баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан уюмдун баяндамасында.

Мындан тышкары "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун "Дүйнөдөгү пресса эркиндиги" индексинде Кыргызстан соңку беш жыл аралыгында 82-орундан 144-орунга түшүп, жалпы 62 баскычка артка кетти.

Transparency International уюмунун "Коррупцияны кабылдоо индексинде" Кыргызстан 2020-жылы 124-орунда болсо, 2024-жылы 146-орунга түшкөн.

Президент Садыр Жапаров буга чейин адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча эл аралык уюмдардын дооматтары боюнча "Кабар" маалымат агенттиги аркылуу мындай деп жооп берген эле:

"Дүйнөлүк рейтингди ким түзөт? Дал ушул сөз эркиндигине жамынган бузукулар түзөт. Эгер биз алардын айткан шарттарын, биздин элибиздин табиятына туура келбеген бузуку саясатын кабыл алып, элибиздин арасына таратып, сиңирип турсак, анда биз адам укугу, сөз эркиндиги жаатында алдыңкы орунга чыкмакпыз. Бизге мамлекетти, элди моралдык жактан бара-бара талкалап жок кыла турган андай биринчиликтин кереги жок".

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү куттуктоосунда байыртадан бери эле кыргыз эли үчүн адилеттүүлүк, эркиндик, адамдын ар-намысы менен кадыр-баркы эң жогорку баалуулук болуп саналганын, андыктан Адам укуктарынын жалпы декларациясынын принциптери жергиликтүү элдин нарк-насили менен салт-санаасына шайкеш экенин айтты.

Өлүм жазасын киргизүү сунушу талкууда

Кыргызстанда аялдар менен балдарга жасалган кылмыштардын да жогору болууда.

2025-жылдын тогуз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 16 284 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 31,2% же 3 874 учурга көп.

Жалпысынан 435 факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын 280и сотко жөнөтүлгөн.

Зомбулук фактылары негизинен Бишкек жана Чүй облусунда көп катталган.

WPS (Аялдар, тынчтык жана коопсуздук индекси) деп аталган көрсөткүчкө ылайык, Кыргызстан 2021 жана 2023-жылдары эки ирет катары менен Борбор Азияда аялдар үчүн кооптуу өлкө катары таанылган. Кийинки индекс быйыл, 2025-жылы жарыяланат.

Сентябрдын соңунда зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айсулуу Мукашеванын окуясынан кийин Президенттик администрация балдарга жана кыз-келиндерге каршы жасалган кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берилгенин билдирген.

Учурда президент Садыр Жапаровдун өлүм жазасын киргизүүгө байланышкан маселе боюнча кайрылуусу Конституциялык сотто каралууда. Мекеме жакында корутунду чыгарары айтылган.

Бир катар укук коргоочулар өлүм жазасын киргизүү маселени чечпей турганын айтышууда.