Мандат тийбей калган Жылдызкан Жолдошева сотко кайрылды

Сүрөттүн булагы, Official
№8 округунан шайлоого катышып, аял талапкерлердин ичинен алдыга чыгып, бирок эки шайлоо тилкесиндеги (№5249 жана №5514) добуштар жокко чыгарылгандан кийин мандат тийбей калган талапкер Жылдызкан Жолдошева БШКнын үстүнөн Бишкек шаарынын Административдик сотуна кайрылды.
Бул тууралуу талапкер өзү Би-Би-Сиге тастыктады.
"Кечээ 9-декабрда БШКнын чечимин жокко чыгаруу үчүн Административтик сотко кайрылдым. Мен биринчи келсем дагы менин добуштарымды алып салышты. Менин шайлоочуларымдын укугу тебеленип калды. Сот аны тебелетпегенге алып келет деп үмүттөнүп турам", - деди талапкер.
Дүйшөмбү күнү Боршайком №8 шайлоо округундагы добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын чыгарып, ага ылайык Жанар Акаев, Улан Примов жана Нуржамал Төрөбековага мандат бекитилди. Жылдызкан Жолдошева Төрөбекова менен Боршайком төрагасынын туугандык жайын айтып чыгып, бирок Төрөбекова өзү, Шайназаров дагы бул жагдай округдагы шайлоонун жыйынтыгына кандайдыр бир таасирин тийгизгенин же роль ойногонун четке кагышкан.
БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровдун кичи мекени Кара-Суу районунун айрым айылдары да кирген аталган округдан аял талапкерге мандат ыйгаруу ошентип талаш менен коштолууда.
БШК бүгүнкү күнгө жалпы 29 шайлоо округу боюнча чечим чыгарып, жеңүүчүлөрдү бекитти. №8-округдан тышкары №9 округда да аялдарга тийиштүү мандатты бөлүштүрүүдө чыр чыкты, Ыргал Кадыралиеванын ордуна Жылдыз Эгембердиева депутат катары катталды. Ыргал Кадыралиева дагы БШКнын соңку чечими боюнча Ош администрациялык сотуна кайрылганын Би-Би-Сиге ырастады.
Буга чейин №26 округдан шайлоого аттанган талапкер, парламенттин VII чакырылышынын депутаты Элдар Абакиров БШКга кайрылып, анын округунан 460 миң сом тараткан талапкерге чара көрүүсүн талап кылган. Дүйшөмбүдө БШКда бул округга тийиштүү арыз-даттануулар боюнча да жыйын өтүп, бирок Абакировдун өтүнүчү канааттандырылган жок.
Кыргызстанда 30-ноябрда өткөн мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо 29 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланды. 13-округундагы шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыкты. Бул округдан парламентке аттанган Бакыт Сыдыков баштаган бардык талапкерлерге жаңы шайлоого катышууга тыюу салынды.














