"Зыяндуу идеология". Тымызын иштеген диний лагерлер

Подпольный лагерь

Сүрөттүн булагы, ГКНБ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги жашыруун иштеп жаткан диний лагерде 9 жаштан 17 жашка чейинки 110 бала бар экени анык болду.

Кыргызстанда эки ай ичинде эле ууру жол менен иштеген онго жакын диний лагерь, медресе аныкталды. Аларда болжол менен үч жүздөн ашуун балдар окуп келишкен. Кыргызстандын мыйзамы жеткинчек жана өспүрүм балдарды диний уюмдарга тартууга жол бербейт. Мыйзамсыз иштеп жаткан лагерлердин ишин укук коргоо органдары иликтеп баштады.

Учурда иштеп жаткан диний лагерлердин так саны белгисиз. Аларды Дин иштери боюнча мамкомиссиядан каттоодон өткөн диний уюмдар өз алдынча ача бергенге укуктуу.

Коомдо диндарлык өсүп жатат

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкекте жашыруун иштеп жаткан диний лагердин бирөөндө 9 жаштан 17 жашка чейин 110 бала бар экени текшерүүдө аныкталды. Бул мыйзамсыз лагерди ачкан 1992-жылы туулган, теги тажикстандык адам болуп чыккан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, санитардык-эпидемиологиялык нормалар, окуу-тарбия программасынын талаптары бузулган учурлар аныкталды.

Жай мезгилинде ата-энелер балдары бош жүрбөсү үчүн ар кандай ийримдерге жиберишип, айрымдары адеп-ахлак тарбиясын алсын деп диний лагерге беришет. Бирок, мындай лагерде балдар эмне окуп жатканына жетиштүү маани бербегендери көп. Мунун бирден бир себеби коомдо диндарлыктын өсүп жатканында дейт эксперттер.

Канатбек Мурзахалиев, диний изилдөөчү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канатбек Мурзахалиев, дин изилдөөчү

“Эмне үчүн бүгүнкү күндө ошол лагерлер көбөйүп кетти? Бул биринчиден, элдин динге болгон кызыгуусун, диндарлыктын өсүүсүн жана ата-энелердин балдарга диний билим берүү талабын билдирип жатат да. Кыргызстандын ар бир айылында мечит, медереседе азыркы күндө диний жайкы лагерлер бар. Бүгүнкү күндө ушундай лагерлерге талап күч. Мамлекет дагы ата-энелердин талабын аткарып, балдар жайында бекер жүрбөсү үчүн шарт түзүш керек. Диний лагерлерди жабуу менен маселе чечилбейт”,-дейт дин изилдөөчү Канатбек Мурзахалиев.

Борбор Азияда диний уюмдардын саны боюнча Кыргызстан лидер болуп келатат. Өлкө аймагында 4216 диний уюм катталган. Алардын ичинен 3800 мечит, төрт жүзгө чукулу христиан багытындагы уюм. Бул Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий каттоосунан өткөнү эле, ал эми канчасы көмүскө иштеп жатканы белгисиз.

Бир жагынан мамлекет жарандарынын дин таануу эркиндигин камсыздап жатканы менен, экинчи жагынан зыяндуу диний идеологиянын күнү тууп жатпайбы деген тынчсыздануу бар. Анткени исламдын салттуу багыты менен катар экстремисттик жолдогу диний уюмдардын да бети ачылган учурлар көп.

2021-2026-жылдарга кабыл алынган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясына ылайык дин таануу жана диний билим берүүнү өркүндөтүү милдеттери коюлган.

Азыркы тапта 213 диний окуу жай бар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азыркы тапта 213 диний окуу жай бар
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын алдында ачылган 231 диний окуу жай бар. Алардын баары бирдиктүү окуу программасынын негизинде иш алып барат. Бирок, кагазда башка, иш жүзүндө такыр башка багытта окутуп келгендер дагы бар.

“Лагерлер жыл сайын жайында көтөрүлүүчү актуалдуу маселелердин бири. Динге кызыккан жарандарыбыз балдарын динге үйрөтөм деп, жакшы максат менен бергенге аракет кылышат. Бирок, туура эмес максат менен, мыйзамсыз уюштургандар көбөйүүдө. Алар ойлошу мүмкүн балдарда диний таалим-тарбия берип жатабыз деп. Бирок, алардын негизги кемчиликтери муну мыйзам талаасында ишке ашырбаганы болуп жатат. Кээ бир уюмдардын өзүнүн туура эмес идеологиясын берип калалы деген максаты дагы болушу мүмкүн”, - деп билдирди Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын эксперти Айбек Иминов.

Атайын кызмат тараткан маалыматта айрым диний лагерь же медреселерди негиздеген башка өлкөнүн жарандары болуп чыгууда. Мыйзамсыз диний окуу жайлар аныкталган учур акыркы эки жылда көп ачыкталып жатат. Мындан улам, УКМК ата-энелерге кайрылып, балдарын диний лагерге берерден мурун, алардын ишин текшерип чыгууну эскертүүдө.

Сырдуу демөөрчүлөр

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, медресе же ушул сыяктуу диний окууга колунда бар үй бүлөнүн балдары барбайт. Көбүнчө жашоо-шарты орто же колунда жок үй-бүлөнүн балдары барат. Ошол себептен медреселерди ким каржылайт деген суроо келип чыгат.

Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссия каражат контракттык негизден сырткары, кайрымдуулук катары өлкө ичиндеги белгисиз жарандардан түшүп турарын билдирүүдө. Айрым медреселерди муфтият толугу менен каржылап турат. Ал эми белгисиз демөөрчүлөр каржылаган дагы диний уюмдар, диний лагерлер бар.

Максат Атабаев, муфтияттын басма сөз катчысы;

“Бул жерде бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Жардам берип жаткан адам кандай ниетте берип жатат аны биз айта албайбыз да. Мисалы, мен өзүм жардам бере турган болсом, менин ниетиме жараша болгон маселе да. Ал жака биздин кийлигишкенге акыбыз жок. Кандай адам болбосун, жардам берем дегенде, мисалы компьютерге муктаждык болуп жатабы, ала беребиз”.

Медресенин дипломун мамлекет тааныбайт

Сүрөттө Ала-Тоо медресесин аяктаган студенттер. 28-июнь, 2024-жыл.

Сүрөттүн булагы, MUFTIYAT.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ала-Тоо медресесин аяктаган студенттер. 28-июнь, 2024-жыл.

Жакында эле Билим берүү министрлиги дагы диний мектептерди көзөмөлгө ала баштаганы кабарланды. Кандай гана диний билим берүү мекемеси болбосун, светтик сабактарды да киргизүүгө милдеттүү. Бирок бул талаптын канчалык аткарылып жатканын так билген эч ким жок.

Айрым медресе же диний окуу жайларда светтик сабактан берген мугалимдерге айлык акы төлөп бере албагандыктан, окутулбай калууда. Ошол эле учурда медресе ээлери светтик сабактарды киргизе албайбыз деп баш тарткан учурлар да көп.

“Медресенин дипломун мамлекет тааныбайт. Анткени ал мамлекеттик окуу жай эмес. Бирок, ал жерге тапшыргандар бир кесиптин ээси болоюн деп тапшырышпайт, алардын негизги максаты – диний, руханий маалымат алалы деп тапшырышат. Ошол эле учурда бүткөндөн кийин бул жашоодо бир кесиптин ээси болуш керек деген ой жүгүртүүнүн үстүндө аларды дагы сертификатка ээ кылуу боюнча билим берүү министрлиги менен сүйлөшүп, иш алып барып жатабыз. Бирок, муну дагы мыйзам чегинде жөнгө салыш керек экен”, - деп билдирди Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын эксперти Айбек Иминов.

Медреседе шарыяттан сырткары, ашпозчулук, ширетүүчү, бал челекчи, тикмечилик, компьютер жаатындагы билим жана кол өнөрчүлүк кесиптери окутулат.

Укук коргоо органдары текшерүү убагында диний тарбия берген бала бакчаларды да аныктаган. Эми Өкмөт бала бакчаларды ачууга лицензиялык талапты жойгондон бери, аларга көзөмөл кантип атты болду экен деген суроо кабыргасынан турат.