"КМШ келечеги кууш": Кремлге чогулган президенттер эмнени чечет?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Москвада КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Бул сапар дагы жыйын дүйнөдө согуш аракеттери күчөп, ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын коргоого жан далбастап жаткан учурга туш келди. Кремлге чогулган президенттер эмнени талкуулайт? Деги эле көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) уюмунун региондогу учурдагы мааниси менен таасири канчалык?
Орусия президенти Владимир Путин 7-октябрда туулган күнүн майрамдабай, КМШ лидерлери менен жолуга турганын бул өлкөнүн басылмалары жазып чыкты. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент аймактык маселелерди талкуулоого артыкчылык берерин ырастады.
Кыргыз бийлиги жыйында шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча маанилүү чечимдер кабыл алына турганын жазды.
"Постсоветтик мейкиндиктин эрозиясы..."

Сүрөттүн булагы, facebook
Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов Орусияны жана көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин сынга алып, ал уюм маанисин жана милдеттенмелерин жоготуп койгонун айтты.
"СССР кыйраганда Фергана өрөөнүн бөлүштүрүп алган Борбор Азиянын үч өлкөсүнүн президенттери, КМШнын төртүнчү өлкөсүнүн президентинин туулган күнүнө келди. Ал эми бул өлкө учурда бешинчи өлкөгө каршы аскердик аракеттерди жүргүзүп жатат. Муну КМШ саммити деп аташ - бул структураны дагы бир жолу профанация кылууга жол берүү дегендик. Ал өлкөлөрдүн бири дагы Орусиянын атайын аскердик операциясына союздаш болууга даяр эмес. Мындай шартта КМШнын реалдуулугу жөнүндө сөз кылууга болобу?",- деди ал Би-Би-Сиге.
Ошондой эле Дубнов учурда КМШнын алкагында кол коюлган бир нече гана келишим күчүндө экенин кошумчалады.
"2022-жылдын февралында эң трагедиялуу этабы башталган постсоветтик мейкиндикте көзөмөлдү кайра бөлүштүрүү аракети жүрүп жатканда КМШ регионалдык маселелерди чечүү үчүн эффективдүү структурага айланышы мүмкүн экенин элестетүү кыйын",- деди эксперт.
Анын пикиринде, постсоветтик мейкиндиктин эрозиясы улана берет.
"КМШ алсыз уюмга айланды"

Сүрөттүн булагы, facebook
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандык эксперт Марс Сариев өлкө башчыларынын Кремлде талкуулай турган негизги темаларынын бир Жакынкы Чыгыштагы азыркы кырдаал боло турганын айтты.
Израил менен Ливандын ортосундагы конфликттин жайылып кетүү коркунучу жалпы Борбор Азия өлкөлөрүн түйшөлүп турат деди:
"Учурда КМШнын потенциалы төмөн. Түрк мамлекеттеринин уюму күчкө кирип жатат. Борбор Азия мамлекеттеринин, Азербайжандын катышуусунда Казакстанда аскерий окуу өттү. Ошондуктан Орусия эффективдүү бир механизм ойлоп таппайт. Украина менен жүрүп жаткан конфликтке байланыштуу бул өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү дагы төмөндөй түштү".
Сариев Орусиянын жемиштүү эмес саясатынын жыйынтыгында КМШ алсыз уюмга айланганын кошумчалады. Ал Кытайдын “Бир алкак-бир жол” долбоорун мисалга тартып, уюмдун ушул убакытка чейин так долбоору болбой келгенин баса белгиледи:
"Орусиядан андай долбоор көргөн жокпуз. ЕАЭБ деп баштап коюп, анын алкагында эч кандай системалуу иш жүргөн жок. Борбор Азия мамлекеттеринин деле бул өлкө менен болгон мамилеси сууп бара жатат".
"Уюмдун кыскарып жатканы - өспөй калганы"

Сүрөттүн булагы, facebook
Политолог Зайнидин Курманов уюм учурда өтө кыйын кырдаалга кептелгенин айтты. Ал сөздү КМШнын жаралуу тарыхынан баштап, алгач канча өлкө мүчөлүккө макул болгонун, кийин канчасы баш тартканын санап өттү.
“Кыскарып жатканы, уюмдун өспөй калганынан кабар берет. Ал түптөлүп жатканда кайрадан Советтер союзун түзөбүз деген ойлору бар болчу. Бирок андай болгон жок. Мамлекеттер анын курамынан чыга баштады”,- деди ал.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги 1991-жылы декабрда түзүлүп, ага мурдагы советтер союзуна кирген 12 өлкө мүчө болгон. Алар Азербайжан, Армения, Белорус, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Өзбекстан.
Бирок убакыттын өтүшү менен активдүү мүчөлөрдүн саны кыскара баштаган.
Түркмөнстан КМШнын уставына кол койгон эмес жана учурда ассоциацияланган мүчө статусуна ээ. Ал белгилүү бир шарттарда гана уюмдун ишине катышып турат.
Грузия 2009-жылы Түштүк Осетиядагы окуялардан кийин КМШдан толук чыгып кеткен.
Украина болсо КМШны түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюп, шериктештикти негиздөөчү мамлекеттеринин бири болгону анык. Бирок ал дагы уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу негизги документ болуп саналган уставка кол койгон эмес.
2018-жылга чейин уюмдун ишмердигине жарым-жартылай катышып келип, кийин аны токтоткон.
"Саясий салмагы бир топ чектелүү"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Казакстандык эксперт Димаш Алжановдун айтымында Кремль бул жолугушууну өз кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу, тагыраагы Украинадагы согуштан улам келип чыккан экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн пайдаланат деп күтсө болот.
“Эки тараптуу мамилелердин деңгээлинде өз кызыкчылыгын жылдыруу үчүн Орусия дагы эле авторитардык маанайда КМШ өлкөлөрүнө таасирин тийгизе алат”,- деди ал.
КМШ тууралуу айтып жатып казакстандык эксперт биримдиктин саясий салмагы бир топ чектелүү жана институт катары алсыз экенин кошумчалады.
Ал алдыга коюлган максаттар сөз бойдон гана калып калганын айтып, уюм өзү катышуучулардын ортосундагы олуттуу чакырыктарды жана аймактык талаштарды чечүү үчүн эффективдүү аянтча боло албаганын билдирди.
“СССР кулагандан кийин жаралган бул түзүм ошол бойдон эле пайдасыз болуп калды. Анын үстүнө Грузия менен Украинага каршы согуштук аракеттерден кийин Орусия туруксуздуктун негизги булагына айланды. Буга Борбор Азиядан барган мигранттарга болгон мамилеси, Армения менен болгон кыйынчылыктарды жана уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосундагы ажырымды күчөтүп жаткан агрессивдүү тышкы саясат риторикасын кошуу керек”,- деди эксперт.
Алжановдун айтымында, Орусиядагы азыркы режимди, анын батыш өлкөлөрү менен тирешүүсүн, ошондой эле башка катышуучу өлкөлөрдүн өнүгүү деңгээлин эске алганда КМШнын келечеги кууш.
"КМШга Орусия башында турган авторитардык өлкөлөр кирет жана алардын экономикалык өнүгүү деңгээли, өз ара аракеттенүүсү натыйжалуу кызматташуу дегенди билдирбейт. Олуттуу пайда алып келбесе да, түшүнүксүз мындай кызматташуу узакка сакталышы мүмкүн",- деди ал.
Ошол эле учурда КМШ түзүлгөндөн бери нечендеген эки жана көп тараптуу документтерге кол коюлуп, шериктештикке кирген мамлекеттер ортосунда өз ара кызматташуунун укуктук пайдубалы чыңалганын айткандар дагы жок эмес. Уюмга мүчө өлкөлөрүнүн башчылары былтыр Бишкекте чогулган эле.









