Орусия мигранттарга көзөмөлдү күчөттү
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Орусиянын бийлиги Борбор Азия мамлекеттеринен барган мигранттарга көзөмөлдү ого бетер күчөттү. Анын эпкини айрым бир кыргызстандыктарга дагы тийип, ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандар бар.
Үйлөрү күч органдары тарабынан мыйзамсыз текшерүүгө алынып, өздөрү орой мамилеге туш болуп жатышканын айтышууда. Аты-жөнүн жашырып маалымдоо каражаттарына айтып берген мисалдар аз эмес.
"Крокус сити" борборундагы ондогон адамдын өмүрүн алган кандуу кол салуу мунун негизги себептеринин бири болуп калды дешет.
Таксист болууга тыюу салды

Сүрөттүн булагы, Social media
Ал ортодо Орусиянын бир катар аймактарында мигранттарга патент аркылуу таксист болуп иштөөгө тыюу салынды.
Камчатка аймагынын башчысы Владимир Солодов 16-апрелде патент менен иштеген мигранттарга облус боюнча таксиде иштөөгө болбойт деген чечимин чыгарды.
Муну ал аймакта мыйзамсыз жүрүп, ар кандай кылмышка баргандардын көбү таксиде иштейт,- деп түшүндүрдү.
Ошентип Камчаткада патент менен таксист болуп иштөөгө киргизилген чектөө жаз айларынын соңунда күчүнө кире турган болду.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ушундай эле чектөөлөр Новосибирск, Тула, Калуга жана Челябинск облустарында, Крым менен Якутияда дагы кирди.
Орусияда жүргөн Кыргызстан жарандарынын көбү соода-сатык, курулуш, тейлөө, анын чичинде такси кызматында иштейт.
Би-Би-Си дал ушул Камчаткада узак убакыттан берип жашап келген “Мекендештер” улуттук-маданий автономиясынын төрайымы Нура Курманбекова менен баарылашып, ал жактагы абалды сурады.
Айтымында, бул чакан аймакта төрт миңге жакын Кыргызстан жараны жашачу. Бирок соңку окуяларга байланыштуу алардын бир тобу мекенине кайтканын айтты. Учурда үч миңдин терегинде кыргызстандыктар бар экен.
“Албетте, текшерүүлөр болуп жатат. Буга чейин деле болуп келген. Эгерде мигрант мыйзамсыз жүргөн болсо сөзсүз чара көрүшөт. Мыйзам чегинде иш алып барган мигранттарга кысым көрсөтүлүп, кордолуп же мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылган көрүнүштөр деле жок”,- деди ал.
Курманбекова аймакта патент менен таксиде иштеп жаткан Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандарына чектөө киргизилгенин кошумчалады.
“Бөрк ал десе баш алган учурлар дагы жок эмес”

Сүрөттүн булагы, Бакытбек Жусупбеков
Бакытбек Жусупбеков Новосибирскте көп жылдан бери жашайт. Ал шаардагы "Асман" кыргыз диаспорасынын жетекчисинин миграция маселелери боюнча орун басары катары Новосибирскте жашап жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен тыгыз иш алып барып келет.
Айтымында, бош боло калганда таксиде дагы иштей калат. Ал шаар бийлигинин патент менен такси кызматында иштөөгө тыюу салган буйругу боюнча кабардар. Бирок иши кадимкидей эле жүрүп жатканын айтты.
“Буйрукту эки күн мурун кабыл алды деп уккам. Жүргүнчүлөрдү ташып жатам, андай аша чапкан текшерүүнү деле байкаган жокмун. Көбүн эмес бул чечим Борбор Азиянын башка мамлекеттерине тиешелүү болуп жатат”,- деди ал.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Жусупбеков бир эле мыйзам Орусиянын ар кайсы аймагында ар кандай иштейт деди. Айтымында, айрым шаарларда жана облустарда бөрк ал десе баш алган учурлар дагы жок эмес.
“Чынын айтканда Борбор Азия мамлекеттеринен барган мигранттарга мамиле барган сайын татаалдашып бара жатат. Бара-бара эмне болот бир Кудай билет. Кээде коркуп кетебиз. “Крокус сити” борборунда катталган окуя маселени ого бетер татаалдаштырды”,- деди ал.
Ошол эле учурда Бакыт Кыргызстан жарандарын кош көңүл мамиле кылбай, миграция мыйзамдарын так сактоого чакырат.
Ушул эле шаарда иштеген дагы бир кыргызстандык теракттан кийин таксиге буйрук берген кардарлар, Борбор Азия, айрыкча Тажикстан жана Өзбекстан жарандарынын унаасына отуруудан чочулап калганын айтты.
“Такси чакырып алгандан кийин аты-жөнүн, сүрөтүн карап туруп баш тартып койгон учурлар болуп жатканын жоро-жолдоштордон угуп калып жатам. Менде андай учур каттала элек”,- деди Мукан Асыранов.
Март айында автоматчан белгисиз кишилер Москвадагы "Крокус Сити Холлго" кирип келип, туш келди аткылай баштаган. 6200 кишини бата турган ири концерттик жайда ондогон кишилер каза болгон.
Орусиянын Ички иштер министрлиги кол салууга катышкандардын баары чет өлкөлүктөр экенин билдирген.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерине жасалган мамиле

Сүрөттүн булагы, ТИМ
Орусиянын күч кызматкерлери ал жакта иштеп жүргөн Кыргызстандын карапайым жарандарын эле эмес, дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкеринин үйүнө чейин кирип барып текшерүүгө алганы чоң талкуу жаратты.
Маселе парламентте дагы көтөрүлүп депутаттар Орусиянын Мамлекеттик Думасына кат жолдоону сунушашты.
“Элчиликтин кызматкерин жасалган мамиле ушундай болуп жатса, жөнөкөй жарандар эмне болот”,- деди депутат Дастан Бекешев.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тынчсыздануусун билдирип,
Орусия элчилиги менен жолугушуу өткөрдү.
Анда 1961-жылы кабыл алынган “Дипломатиялык мамилелер жөнүндө” Вена конвенциясынын жоболору одоно бузулганы айтылды.
Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерине карата жасалган мындай мамиле кылдат иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү тез арада жоопкерчиликке тартууну талап кылаары белгиленди.
Өз кезегинде Орусия элчилигинин консулу бул факты боюнча өкүнүчүн билдирип, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптан расмий нота алганын, анын негизинде зарыл болгон текшерүү жүрүп жатканын маалымдады. Анын жыйынтыгы боюнча кыргыз тарапка маалымат бериле турганын айтты.
Орусиянын Ички иштер министрлигинин эки кызматкери Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун ал жакта жашап жатканынын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн анын батирине мыйзамсыз кирип барышкан.
ЕАЭБ эрежелери сакталып жатабы?

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине быйыл тогуз жылдын жүзү болду. Көпчүлүк бул уюмду Бажы биримдиги деген ат менен билет.
Өлкөнүн ЕАЭБге кошулуусу жөнүндө мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 21-майда кол койгон.
Постсоветтик мейкиндикте Евробиримдиктин аналогу болуп калат деп болжолдонгон интеграция өз милдетин канчалык аткарып жатат?,- деген суроо маал-маалы менен кабыргасынан коюлуп келет.
Орусияда көп жылдан бери жашап жана иштеп келген юрист Мирлан Бакаев биримдикке мүчө болуп кирип жаткандагы негизги убадалар Орусия тараптан аткарылбай жатат деди.
“Иш жүрүп жатат, бирок Кыргызстан тең тайлашып бирдей укукка ээ боло албай жатат. Биздин өлкө кайсы бир себептерден улам көп мүчүлүштүктөргө көз жумганга мажбур болуп жатат”,- деди ал.
Өлкө алгач биримдикке кошулуп жатканда Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногуна тоскоолдуксуз чыгуусуна, эркин акча жүгүртүүгө жана жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүүсүнө шарт түзүлөт деген убадалар болгон.










