"Кылдан кыйкым": Россияда кыйналган кыргыз мигранттары
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Жогорку Кеңештин делегациясынын Москвага эки күндүк расмий иш сапары башталды. Кыргыз парламентарийлеринин сапары Россияда сырттан келгендерге мыйзамдык талаптар күчөп, мигранттар кыйналып жаткан учурда болуп жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жаңы жылдан тарта орус жериндеги мигранттар үчүн дагы кошумча мыйзамдык талаптар, эрежелер иштеп баштады.
1-февралдан тарта милдеттүү түрдө медициналык текшерүү киргизилди. Эми башкалар сыяктуу эле кыргыз жарандары дагы бул жакка келгенден кийин бир аптанын ичинде милдеттүү медициналык кароодон өтүшү керек, ага беш миң сом төлөнөт. Ошону менен эле бирге бир айдын ичинде дактилоскопия жана көзүнүн сүрөтүн тапшырышы керек. Бул процедуралар ЕАЭБдин мүчөсү болгон Кыргызстандын жетекчилигинде нааразылыкты жаратууда.
"Миңден ашык киши медициналык текшерүүдөн өтүш үчүн катар-катар турушат. Медициналык кароо алты миң турат. Квартал сайын текшерүүдөн өтүп туруш керек. Же алар россиялык жарандыкты алышы керекпи? Анда кош жарандыкты карап, макулдашууларды түзөлү",-деди парламент жыйынында депутат Дастан Бекешов.
"Кара тизме"

Сүрөттүн булагы, screenshot
Ошол эле убакта майда-чүйдө тартип бузгандар да бат эле "кара тизмеге" кабылууда. Бул үчүн административдик үч штраф алуу эле жетиштүү. Мигранттар муну кылдан кыйкым издеген саясат деп аташууда.
Би-Би-Синин кабарчылары жакында эле Москвага барып, кыргыз мигранттарына жолугуп, алардын жашоо-шарты, акыбалы менен таанышып келишкен. Анын ичинде такси айдап иштеп жүрүп, жол эрежесин эки же үч жолу бузгандыгы үчүн кара тизмеге кабылган кыргыз жарандары да көп экен.
"Жолдо чарчап же билбегенден жол эрежесин бузуп алабыз. Штрафтарда алгандан кийин сөзсүз түрдө төлөйбүз. Жолдон туура эмес өтүп, же коомдук жайда тамеки чегип койгон жеңил-желпи административдик мыйзам бузуулар болот. Эки же андан көп болсо, кара тизмеге кирип калышың мүмкүн",-дейт такси айдап иштеген Али Абдысаматов.
Парламенттик делегация
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жогорку Кеңештин Москвадагы жолугушууларында парламенттик кызматташтык, ЕАЭБтин алкагындагы бирдиктүү иш аракеттер, соода- экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери. Анын ичинде кыргыз мигранттарынын кыйчалыш абалы эң орчундуу маселе болуп каралашы күтүлүүдө.
"Айрыкча миграция маселеси боюнча өз ара кызматташтыкка өзгөчө басым жасалат. Мында Кыргызстандын эмгек мигранттарын түйшөлткөн миграциялык каттоо, административдик чара көрүү маселелери жана жумуш берүүчүлөр тарабынан түзүлүүчү эмгек келишимдери туурасында сөз болот. Мындан тышкары кыргыз парламентинин төрагасы өзүнүн кесиптеши менен Кыргызстандын жүк ташуучуларынын оорчундуу маселелери боюнча да пикир алышат",-деп айтылат Жогорку Кеңештин расмий маалыматында.
Төрага Талант Мамытов баштаган расмий делегациянын курамында«Ишеним» парламенттик фракциясынын лидери Ормонов Улугбек, «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Мадумаров Адахан, «Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков, Ак-Талаадан шайланган депутат Мирлан Самыйкожо жана башка депутаттар бар.
Сүйлөшүүлөр максатына жетеби?
Кыргыз делегациясынын Москвада пландаган жолугушууларында боло турган сүйлөшүүлөр жеңил болбойт деп жергиликтүү булактар жазып жатат.
"Кыргыз тарап мурдагыдай эле Россия алардын абалына кирип, айткандарын аткарып берет деп ойлоп жатат. Россия тарап ишке ашырган чечимдерди эске алганда, кыргыз делегациясы максатына жетпей кайтып кетиши мүмкүн",-дейт москвалык журналист Асылбек Эгембердиев.
Анын айтымында, Россияда миграция кырдаалы бир топ кыйын болуп турат. Москванын жумшак жана өтө эле лоялдуу миграция саясаты проблемага айланууда. Духу жана менталитети жакын өлкөлөрдүн жарандарына Россия өз аймагына жеңилдетилген жол ачып берди, бул мурдакы союздук республикаларга аябай эле жардам болду. "Бирок мындай саясат дагы акырына чыгууда",-деп айтылат kginfo.ru сайтына жарыяланган макалада.










