Гепатит: алдын алса боло турган илдет эмнеге токтобой жатат?

Дастан Үмөтбай уулу, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкектеги гепатит борбору
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги гепатит борбору

Кыргызстанда гепатиттин кесепетинен каза болгондордун саны күн санап өсүп жатат. Жол жээктеп, адам көп топтолгон жерлерде боор орулууларга деп акча топтогондор да арбыды. Бир топ мезгилден бери Кыргызстанда гепатитке каршы акысыз эмдөө жүргүзүлөт. Бирок анын натыйжасынан күмөн санагандардын да катары калың. Эми Германиядан келген дарыгерлердин тобу кыргызстандык кесиптештери менен бирге гепатит боюнча изилдөө жүргүзө турган болду.

"Боору жарабай калыптыр, боору ооруйт экен, боорун алмаштырууга муктаж" деп жардам сурагандарды сиз да далай көрүп, далай уксаңыз керек. Мындай учурларда донор издеп, аны тапса дарыгер таппай, андан кийин учактын билети, жатаканасы, чет тили деген сыяктуу толгон-токой түйшүгү бар.

Ушунун айынан эле миллиондогон каражаттар чыгып кетип жатканын айтып, кыргыз медицинасы качан өнүгөт деп Түркиядагы жаш окумуштуу пост жазып, ал чоң талкууга түштү.

Жаш окумуштуунун бул постун жүздөгөн кыргызстандык бөлүшүп, медицинанын абалын талкуулашты

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаш окумуштуунун бул постун жүздөгөн кыргызстандык бөлүшүп, медицинанын абалын талкуулашты

Германиянын Роберт Кох институтунун кызматкерлери кыргыз дарыгерлери менен биргеликте гепотиттин оор учурларын изилдөө үчүн келишти. Алар негизги себептерди аныктап, ошого жараша дарылоо ыкмасын түзүүнү көздөп жатышат.

"Кыргызстандагы кесиптештерибиз менен 2020-жылдан бери бирге иштеп келебиз. Биринчи жолу балдар арасындагы эпидемиология маселесинен баштаганбыз. Учурда геппатитке байланышкан долбоор боюнча биргелешип иштеп жатабыз. Кыргызстанда гепатиттин B, C жана D түрлөрү бар. Өзгөчө В түрү боюнча көрсөткүчтөр жогору. Биз дарылоо ишинде өтө маанилүү маалыматтарды бөлүшүп, көмөктөшүп иштеп жатканыбызга кубанычтабыз. Гепатитти аныктоо боюнча атайын тесттер өтө маанилүү",- дейт германиялык дарыгер Сантра Дуте.

Кыргызстанда гепатитти капарына албагандар абдан көп
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда гепатитти капарына албагандар абдан көп

Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, Кыргызстанда боордун кургашынан жана боордун рагынан каза болгондордун саны азайбай келет. Анын себеби — оорунун өтүшүп кеткен учурунда аныкталганы же бейтаптын өтө кеч кайрылганы.

"Биринчи жолу ооругандарды каттаганыбызда алардын арасында 95 пайызы өнөкөт болуп калган оорулар табылып жатат. Мындайча айтканда өтүшүп кеткендери табылып жатат. Калган беш гана пайызы жаңыдан башталганы табылып жатат. Анткени бул оору жуккандан кийин тез аранын ичинде темперетурасы чыгып, бир жери ооруп симптомдору байкалбайт",- деди вирустарды изилдөө борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов.

Дарыгерге, сулуулук салондоруна кайрылган учурда асптарынын тазаланганын, зыянсыздандырылганын тактап сураңыз
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дарыгерге, сулуулук салондоруна кайрылган учурда асптарынын тазаланганын, зыянсыздандырылганын тактап сураңыз

Эл аралык тажрыйбага ылайык, атайын алгоритм менен эсеп жургүзүүгө болот экен. Ошол эсептөөлөрдун болжолдуу жыйынтыгына караганда, Кыргызстанда 350 миңге чейин киши гепатит B, 200 миңден ашык киши гепатит C жугузуп алуу ыктымалы бар деп эсептелинет.

Мындан ары оору жайылбашы үчүн мамлекеттик эмдөө программасы жүрүп жатат.

"Акыркы 15 жылдын ичинде саны төмөндөбөй жаткан сирос оорусунун, ошондой эле боордун рак оорусунун эмне үчүн төмөндөбөй жатканы боюнча биздин гипотезабыз бар. Ошонун негизги себеби болуп гепотиттер таасир этип жатат. Аларды биз эми так аныктайбыз дагы ошого жараша кийинки кадамдарды иштеп чыксак туура болот",- дейт вирусолог Зуридин Нурматов.

Гепатит - бул боор сезгенүүсүн түшүндүргөн жалпыланган термин.

Гепатиттин “A”, “B”, “C”, “D” жана “E” деп аталган түрлөрү өзгөчө вирустук инфекциялардан улам пайда болот. Гепатит Б же С’нын өнөкөт формасы циррозго жана боордун рагына алып келиши мүмкүн.

Гепатиттин ар кандай формасы, ылаңдаган малдан жуккан боор ооруларынын азабын тарткан кыргызстандыктар Индия, Түркиядан бери кыдырып, боорун алмаштырууга же дарылатууга аргасыз. Андай бейтаптардын бир тобу аман кайтпай калган мисалдар да бар.