Чет өлкөдө операция деп эле жардам сурамай... Кыргыз медицинасы качан өнүгөт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда медицина өзү “ооруп” калган жокпу?
Интернетти ачтың дегиче эле боору ооруган, бөлөк бөйрөк издеген, ашказаны айыккыс дартка кабылган, аты жаман ооруу менен алышып, алы жетпей жаткан дагы далай-далай шумдук ооруулар менен эзилген кыргызстандыктар... Ымыркайдан баштап, өбөктөгөн карыга чейин бар. Интернет баарын ачыкка алып чыгып, кабар ушунча тараганы үчүн бул көрүнүш көп болуп жатабы же медицинанын чабалдыгынанбы?
Кечээ жакында эле таланттуу актердун боорун алмаштырууга баарыбыз жардам топтоп кирдик. Аңгыча эле президент далай киши түшүндө көрбөй турган сумманы берип салды. Эми кезек боорду алмаштырууда. Донордун органынын төп келээр, келбесинде калды. Президенттин мартыгына баракелде! Бирок “ооруугандын баары атактуу эмес да” деген суроо чыкты. Албетте таланттын сакайып кетишине баарыбыз тилектешпиз. Атаандаштырып же салыштыруудан алыспыз. Болгону ушул окуянын өзү чоң талкуунун башын ачты.

Сүрөттүн булагы, social media
Биз улам четинен топтоп, колубуздан келишинче деп чогулткан каражатка улам бир боордошубузду бөлөк-бөтөн жерде дарылата беребизби же медицинаны, медициналык билимди жакшыртып жалпы сак саламат жүрөбүзбү? Таразага коюп чечим чыгарчу учур келмек турсун кеч болуп бара жатат. Медицинада ушунчалык көйгөй көп. Четинен чечмелебесе баш адашат. Бул жолу медициналык билим берүү, сапаты, шарты, деңгээли тууралуу кеп кылалы.
Кыргызстанда медициналык адистерди даярдаган 23 жогорку окуу жай болсо, анын алтоо мамлекетке караштуу. Ал окуу жайларда кыргызстандык студенттерден сырткары чет өлкөдөн келип окугандар дагы бар. Алардын басымдуу бөлүгүн Пакистан жана Индиядан келген студенттер түзөт.

Сүрөттүн булагы, akipress
Буга чейин мурдагы Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 17 жеке менчик медициналык окуу жайды жаба турганын айткан. Ал учурда медициналык окуу жайларда билим берүү «бизнеске айланып калган», мындан улам окутуунун сапаты «начарлап» жатат деген жүйөнү айткан эле.
Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлиги 12 жеке менчик медициналык окуу жай №6 формасынан ажырарын билдирип, кийин алардын саны 9га кыскарган. Эки университет №6 формасын албагыны белгилүү болгон.
*№6 формасы — бул билим берүүчүлүк ишмердикти лицензиялоодо зарыл болгон документ. Бул форма Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилет. Ал окуу жайдын клиникалык базасы жана медициналык багыттагы жабдуулары бар дегенди түшүндүрөт.
Бул чечим 2020-жылы Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизип, кайра чыгарган окуяны эске салат.
Болочок дарыгерлер кандай шартта, кантип, кимдерден билим алып жатат?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Калп айткан менен болобу азыр деле дарыгер болом деген бүтүрүүчүлөр четтен чыгат. Алардын кыялында жаркыраган имарат, укмуш жабдуулар, ак халат, көз айнекчен профессорлор жана башка... Реалдуулук кандай? Абитуриент окууга тапшырганда бир дагы медициналык окуу жай ачык абалын айтпайт, “көшөгөнүн артын” көрсөтпөйт. Эгер “мына мындай жерлерде, минтип окутабыз” деп ачык айта турган болсо ишенип коюңуз далай абитуриент окуу жайын турсун, кесибин кошо ошол эле жерден алмаштырып кетмек. Имаратка карап тандамак беле дешиңиз мүмкүн. Жер төлөдө, караңгы, ным бөлмөлөрдө, жарыбаган качанкы жабдуулар турганда болочок дарыгер кантип, эмнени үйрөнөт? Мисалы кыргыз-орус славян университетинде биринчи сабагы Лев Толстой көчөсүнүн боюнда (болжолдуу Исанов - Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши деп элестетиңиз) болсо, экинчи сабагы Аламүдүн-1 деген кичи райондо. Мындай мисалдар четтен чыгат. Экөөнүн аралыгын, Бишкектин тыгынын, мээ кайнаткан ысыгын же суугун ойлоп көрүңүз. Студенттин канча убактысы, канча кубаты жолго кетти? Шалдырап, шайы кеткен студенттин мээсинде эмне калат? Качан шайма-шай жабдылган, жаркырабаса да жок дегенде күн нуру тийип турган, бир отургучун үч студент талашпаган шартта окушат? Ошондой шарт тажаткан студент дарыгер болом деп андан ары максатына умтула береби же жыйыштырып салып басып кетеби? Толук аяктаган күндо да кандай дарыгер чыгат?

Сүрөттүн булагы, kgma.kg
Күчкө толуп турган жаштын окуусун таштап салганы ата-энесине эле эмес, акыры келип мамлекетке чейин кесепетин тийгизет. Тигил же бул окуу жай “доомат суу кечпейт, ушул эле жерде баланча деген мыкты врач окуп, азыр түшкө чейин Америкада, кечинде Японияда чоң операция жасап жүрөт, андайларыбыз толтура” деп сүрөтүнөн бери чыгарып жибериши мүмкүн. Эми келгиле калыс талдап көрөлү. Андайлар жалпы бүтүрүүчүнүн канча пайызы, анын ийгилигинин канчасы сиздердин эмгек? Имараты, шарты, окутуучулар курамы шайма-шай, кабыл алуу учурунда рекламадагыдай болсо ошол бүтүрүүчүлөр андан дагы мыкты болуп чыкпайт беле деген жагын ойлондуңуздарбы?
Эң болбоду дегенде малдоктурлукка жарайм...
Болочок дарыгер дегендердин тамашасын кулагым чалды эле. Алар эптеп-септеген шартта окушканын, ал аз келгенсип кээ бир дарыгерлер аларды атаандаш көрүп, кадимкидей ишин кызганып, жарытылуу эч нерсе үйрөтпөгөнүн айтып, корогон убактысына катуу кейиген. Экинчиси аны соороткон киши болуп, “эч болбосо малдоктур болуп кетебиз” дегени жөн жерден чыкпаганын эми түшүндүм. Үйрөтөтөт десе инструмент ташытып, кагазга ооруулуунун өмүр баянын жаздыруу эмес да...
Жылдан-жылга келечектеги жаш дарыгерлердин билими төмөндөп, ооруканадалардын абалы өтө кейиштүү абалга келгени коомчулукту кабатыр кылууда. Кыргызстан эгемендүүлүк алган 30 жылдан ашык мезгилинде медицина тармагын эмне үчүн сапатуу кыла албады?
Бул макаланы даярдап жатып, бир катар медициналык окуу жайларын кыдырып, өз көзүбүз менен көрүп, далай студент менен сүйлөштүк. Көпчүлүгү “окуудан айдалып кетебиз” деген жүйөнү келтирип, ачык маек берүүгө макул болушкан жок. Акыры Иса Ахунбаев атындагы окуу жайдын студенттеринин бири агынан жарылды.
21 жаштагы Ариет Токтобеков борбор калаадагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиясынын “медициналык алдын алуу” бөлүмүнүн 4-курсунда окуйт. Ал азыркы ооруканалардын эскилигинен улам, элде жаңы муундагы дарыгерлерге ишенбөөчүлүк пайда болгонун айтат.
“Негизи мен окуган факультетте алты жыл билим алабыз. Андан сырткары өзүбүз каалаган ооруканаларга практикага чыгабыз. Негизи окуу менен практиканы айкалыштыра албайбыз. Анткени ооруканадагы техникалардын көбү эскилиги жеткен. Мен окуган бөлүм көбүнчө текшерүүгө багытталган. Чынында студенттер үчүн делген атайын техникалар эски, жетишсиз, жакшы иштебейт. Аларды эптеп эле колдонуп жүрөбүз. Ал эми билим сапатына келе турган болсок, биздин медициналык окуу жай өлкө боюнча биринчи орунда турат. Жакшы мугалимдер, профессорлар окутат. Бирок анын ичинде деле коррупция бар, жок деп айтыш кыйын. Биз көргөндөн көпчүлүк ооруканалардын эскилиги жеткенин, ошол эле бейтаптарга диагноз койгон, текшерген техникалар эски. Бул эмнеден кабар берет? Ошол эскилиги жеткен техникалардын айынан бейтаптардын өмүрүнө коркунуч келиши ыктымал”, - деди ал.
Абитуриенттен амал качып кутулбайт...
Ошондой эле, ал которуу системасы тууралуу дагы айтып берди. Анын айтымында, бул системанын айынан келечектеги жаш дарыгерлердин беделине шек келтирип жаткан студенттер да аз эмес.
“Негизи кыргызстандагы окуу жайларда “перевод” деген бар. Бул деген бир окуу жайдан экинчи окуу жайга которулуу дегенди билдирет. Мисалы, ЖРТдан аз упай алып калып, бир коллежге тапшырып, бир жылдан кийин, Мед академияга которулуп алса болот. Мындай нерсе албетте көптөгөн күмөндүү жагдайларды жаратат. Эч нерсени билбей туруп күмөндүү жол менен медициналык академияга өтүп, анын дипломун алып чыгып жатышса, анан ошолор кийин кантип бейтаптарды дарылайт?” — деди Токтобеков.
Адатта ЖРТдан жогорку упай топтогон, биология, химия деген кошумча тесттерди мыкты тапшыргандар өтүшү абзел.
Азыркыдай медициналык окуу жайлардан чыккан жаш дарыгерлер өз кесибин улантаарын так билбейбиз. Буга шарт эле эмес, начар билим алып калганы да себеп болушу толук ыктымал.
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башчысы Чыңгыз Нарынбаев ооруканалардын эскилиги жетип, дарыгерлердин айлык акысы аз болгондуктан аймактарда дайыма кадр тартыштыгы бар экенин айтат. Ал мындай ооруканаларга жаш адистерди тартуу кыйындыгын белгиледи.
“Көпчүлүк ооруканалардын эскилиги жетип, авариялык абалдагы имараттар. Негизи ар бир районго жаңы имараттар курулса жакшы болот эле. Ошол эле учурда кадр маселеси дагы өтө оор турат. Алыскы аймактарда такыр эле врачтар жок. Мисалы, биздин облуста эле 149 дарыгер жетишпейт. Биринчи кезекте дарыгерлердин айлык маянасы турат. Анткени дарыгерлердин айлыгы өтө эле аз. Жаш дарыгерлер ушунун айынан дагы өздөрүнүн кесиби боюнча иштегиси келбейт. Азыркы учурда медицинаны эл деле баалабай калды. Медицина өтө кейиштүү абалда турат десек болот. Бизге көп эле студенттер келишет. Баары жаман деп айта албайм. Арасында жакшы окуган, медицинага кызыккан студенттер дагы бар. Алар ишти бат эле айкалыштырып кетишет. Жаш кадрлар келсе аларга жумуш бар. Биз аларга үйрөтөбүз. Негизи өлкө боюнча медициналык окуу жайлардан Нарын медициналык колледжи алдыңкы орунда турат. Анткени алардын базасы, башка жактарга салыштырмалуу жакшы”, - деди Нарынбаев.
Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бир эле күндө бир канча лабораторияга кан тапшырып, ар башка жыйынтык алып, кайсынысына ишенээрин билбей, аябай таң калган жайы бар. Дагы бир таң калганы медициналык окуу жайлардын абалы, деңгээли жана шарты.

Батыралиев буга чейин өзү студент кезинде окуган имараттар дагы деле ошол бойдон экенин, тескерисинче болушунча эскилиги жеткенин айткан эле. Чындап эле азыр кээ бир болочок дарыгерлер айрым сабактарын шарты жок, ным жер төлөлөрдө окуп жатышат. Мындайда жаркыраган лаборатория менен нанотехнологияны сөз деле кылбай койсо болот.
“30 жылдын ичинде эмне кылдык? Өздөштүрүлгөн жерин кыйратып, талкалап, бирок медициналык тармакты жакшырта албай келебиз. Анда биз колубуздагы мүмкүнчүлүктөрдү карабай эле чоң нерселерге башыбызды оорутуп аттык. Азыр биздин жарандарыбыз Кыргызстандагы медицинага жакшы ишене бербейт. Биз ошол акыбалга алып келдик. Мен деле мурда министр болуп иштедим, элдин алдына чыгып сүйлөсөң “койчу” деп ага кол шилтеп коюшат. Ошон үчүн элдер ооруп калса чет мамлекеттеги мүмкүнчүлүктөрдү карап калышты. Мунун айынан медицинага кызыккан жаштар дагы чет мамлекетке окугусу келип, ошол жакка умтулушат. Ал эми Кыргызстанда окугандар болсо кийин окууну бүткөндө өздөрүнүн кесиби менен иштегиси келбейт. Иштейм дегендер чыкса деле чет өлкөдөгү мүмкүнчүлүктөрдү карашат”, – деди Батыралиев.
Мурдагы министр Билим берүү министрлиги аркылуу өлкөдөгү медициналык бардык окуу жайларга дүйнөлүк стандартты киргизгенде гана окуу системасы жакшырарын айтат. Анын айтымында, Кыргызстанда дүйнөлүк рейтингге кирген бир эле университет бар. Ал эми медициналык окуу жайдын клиникалык базасы талапка жооп бербейт.
“Кыргызстанда биринчи жолу дүйнөлүк рейтингге кирген Кыргыз Түрк Манас университети болду. Бул университетте коррупция жок. Ал жерде мыкты мугалимдер, профессорлор сабак берет. Ошон үчүн ооруканалар, университеттердин абалы жакшы болбосо дагы жакшы окутуучалар сабак берсе анда мыкты адистер даярдалып чыгат. Ал үчүн дүйнөлүк стандарт менен сабак берген мугалимдер, профессорлор, доценттер, академиктер керек. Ушул универстеттин стандарты менен Билим берүү министрлиги аркылуу өлкөдөгү баардык окуу жайларга киргизсек кантип болбосун? Же өнүгүүнү каалабайбызбы? Шайлоого аттанып жатканда “жаштарыбызды өнүктүрөбүз, жаштарыбызга жакшы шарттарды түзүп, жакшы билим беребиз”, - деп кыйкырып жатышпайбы. Мына ошондой эле оңой системаны киргизсе болот”, – деди экс-министр.
Жыйынтыктап айтканда, “кайталоодон келме бузулбайт” деп студентке жүз жолу жүрөк жөнүндө курулай эле сөз менен жаттата бербей, беш жолу окутуп, үч жолу иш жүзүндө көрсөтсө мыкты болгудай. Микроскоп баштаган жабдуулар чачылып жатпаса дагы тартыш болбошу керек. Ансыз теорияны гана окуп, жаттап жаткан болочок дарыгерлер эртең экспериментти кимден баштаарын эч ким айта албайт...
Дилде Шатанова, эркин журналист.












