Париж-2024: Айсулуу Тыныбекова коло медаль жеңип алды

Айсулуу Тыныбекова. Архив сүрөттөрдөн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айсулуу Тыныбекова. Архив сүрөттөрдөн

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасында кыз келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта коло медаль утту.

Ал 3-орун үчүн бетеште монголиялык Орхон Пуревдоржду 6:6 эсебинде жеңип алды. Тыныбекова 9-августта эки атаандашын утуп, жарым финалдык беттешке украиналык Ирина Коляденкого жеңилип калган.

Тыныбекова Олимп оюндарына төртүнчү ирет катышууда. Токио Олимпиадасында күмүш медаль тагынган.

Айсулуу Тыныбекова Париж олимпиадасынын жарым финалында украиналык атаандашы Ирина Коляденко менен бет келди. Эки балбан кыз Токио олимпиадасында да бет келип, Айсулуу жеңип алган.

Таймаштын биринчи бөлүмүндө атаандаш тарап челленж берип, жыйынтыгында Ирина Коляденко 2 упай алды.

Таймаштын экинчи бөлүмүндө Айсулуу эки упай алып, атаандашы дагы 7 упай топтогонго үлгүрдү.

Жыйынтыгында 9-2 эсеби менен украиналык балбан жеңишке жетти.

Айсулууну зор ийгиликтеринен улам Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) "Тарых жаратуучу" деп тааныган.

4/1 финал, Париж

Айсулуу Тыныбекова Америкалык атаандашы Кайла Миракл менен беттешти. Беттештин биринчи бөлүмүндө 3/0 эсеби менен атаандашы алдыга чыкты.

Таймаштын экинчи бөлүмүндө Айсулуу атаандашын чийинден сүрүп чыгып, 1 упайлуу алды. Көп өтпөй дагы упай топтоп, 5 упайга ээ болду.

Беттеште челленж берилип, ал Айсулуунун пайдасына чечилип дагы бир упай алды.

беттеш аяктаарына 28 секунд калганда атаандашы Айсулууну чийинден сүрүп, 1 упай алды.

Чейрек финал жалпысынан 6:6 эсеби менен аяктады. Айсулуунун сапаттуу ыкмасына артыкчылык берилип, жеңиш кыргызстандык балбан кызга ыйгарылды.

8/1 финал, Париж

Айсулуу Тыныбекова Париж олимпиадасында алгачкы беттешине чыкты. Анын атаандашы Нигериялык балбан кыз Эстер Колаволе болду. Ал Африканын эки жолку чемпиону.

Беттеш 5-1 эсебинде аяктады. Беттештин соңуда челленж берилип, ал Айсулуунун пайдасына чечилди. Ошентип Айсулуу Тыныбекова чейрек финалга бет алды.

Эми түркиялык балбан кыз Несрин Баш менен америкалык Кайла Мираклдын беттешинде кимиси жеңсе, Айсулуу менен күрөшөт.

Айсулуу дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону.

Токио олимпиадасына күмүш медалды жеңип алган.

Айсулуу Тыныбекова

Сүрөттүн булагы, Айсулуу Тыныбекова

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айсулуу Тыныбекова