Беганас Султанбаев: Мунарбек келгенде эле өзүнөн чоңдор менен күч сынашкан

Мунарбек сейитбек уулу олимпиаданын финалына чыкты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мунарбек сейитбек уулу олимпиаданын финалына чыкты

Кыргыз боксунда жаңы тарых

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты.

Ал жарым финалда атаандашы болгариялык Хавьер Ибаньес Диазды 4:1 эсебинде жеңип алды. Мушкерлер 57 килограмм салмакта күч сынашты.

Мунарбек Сейитбек уулу олимп оюндарында бокс боюнча алтын медаль үчүн ат салышкан алгачкы кыргыз мушкери болуп калды.

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Getty Images

Жеке машыктыруучунун баяны

Беганас Султанбаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беганас Султанбаев

Эсимде 2004-жылдын сентябрь айы эле, Мунарбектин короосунда жашаган өзүнөн 5-6 жаш улуу агасы бар экен. Биздин залга жетелеп алып келген. Кичиненкей чагы, 22 кг кезинде келген. Агасы "Агай ушул баланы машыктырып өстүрүңүз, короодогу жакшы балдардан" деп алып келгени эсимде.

Анан акырындап машыгууларыбыз башталды. Балдар машыгуу учурунда эле билинет. Кимден мыкты спортчу чыгат, ким улантат, ким таштап салат деген байкалып калат.

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Getty Images

Көп өтпөй эле Мунарбектин шыгы билинип, бир ай машыктырганымда эле залыбызда жарым жылдап машыккан балдар менен бир деңгээлде беттеше баштаган. Ошондо ичимден "ушул баладан бир нерсе чыгат" деп айткам.

Андан да кызыгы, Мунарбек келгенден кийин 2-3 айдансоң эле өзүнөн 2-3 жаш улуу балдар менен бирдей, теңме-тең деңгээлде боксташа баштады. Ачыгын айтканда ошондо көрүп балага таң калгам.

2004-жылы Мунарбек шаардык мелдештерге катышып, биринчи орунадарды ээлей башатаган. Андан кийин кошуна Өзбекстанга жаштар арасындагы эл аралык турнирлерге барды.

Беганас Султанбаевдин жеке архивинен

Сүрөттүн булагы, Беганас Султанбаевдин жеке архивинен

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беганас Султанбаевдин жеке архивинен
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошондо эле алдыңкы орундарды ээлеп, жемишин бере баштаган. Ушул бала буюрса Олимпиада чемпиону болот, олимпиадада жакшы-жакшы ийгиликтерге жетишет деген жакшы ниеттер болгон.

Ушул деңгээлге жетиш үчүн аябай чоң, оор жолдорду басып өтүүгө туура келди. Биринчиден, Мунарбектин ата-энесине рахмат, ушул деңгээлге жетиш үчүн аябай көп бешене тер, эмгек, убакыт, өмүр кетти. 2004-жыл болсо, азыр 2024. Билинбей бир заматта 20 жыл убакыт машыгууга кеткен экен.

Мунарбектин олимпиадада ар бир беттешин үйдө телевизордон карап олтурдум. Ар бир беттешинде толкундануу болуп жатты. Экрандын бул жагында турсам дагы, жанында тургандай санааркап көрдүм.

Азыр тарых болот дегенде, айрыкча чейрек финалга чыкканда, америкалык боксер менен мушташып жатканда аябай толкунданып, сүйүнүчүмдү ичимде кармай албай, сыртка чыгып кетти.

Кудай буюрса Мунарбек Сейитбек уулу олипмке жол ачты, келечек муундагы жаштар ошол Мунарбек агасындай болуп өсүп 5 жылдан кийин кыргыз боксу бир эле Ошто эмес, баардык облустарда, шаарларда өнүгүп өсүп аябай чоң бир деңгээлге чыгат деген ишеничтемин.

Мунарбектин өзгөчөлүгү, мисалы, спортсмен саат ондо укташ керек болсо, ал так ондо уктайт. Убагында турат. Башкача айтканда, дисциплинаны так кармаган өзгөчөлүгү бар.

Жаш мушкерлер машыгуу учурунда

Сүрөттүн булагы, Беганас Султанбаевдин жеке архивинен

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаш мушкерлер машыгуу учурунда

Мунарбек мындай бир ыкма, бир сокку менен эле чектелбейт, токтобойт. Ал беттешке чыгаар замат ар бир атаандашын сезип, тез эле тамырын тартып, анын өзунө жараша тактика менен ар кандай чабуулга чеберчилиги жетет. Универсалдуу мушкер.

Бою кичинекей менен дистанцияда иштейт, узун менен жакыныраак барып, ар бир атаандашка ар кандай ыкмаларды үйрөткөнбүз, ошол ыкмаларды дароо колдонуп жатат.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен кездешүү

Сүрөттүн булагы, Беганас Султанбаевдин жеке архивинен

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен кездешүү

Биздин спорт залдын шарты аябай начар эле, рингибиз жер менен эле жер болчу. Мисалы 40-50 балага залда 2-3 мүшөк бар эле, ичи эптеп эле дегендей. Ошону менен машыгышчу. Азыркыдай мүшөктөр эмес, ошол маалда таарынды толтурулган мүшөктөр болчу. Анан бул машыгуу залыбыз 2012-жылдан бери оңдолуп-түзөтүлө элек. Кудай тагдырга жазган экен, олимп оюндарынын чемпиондору буюрса дал ушул залдан чыгып жатат.