Ак үй: Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ менен Украинанын өкүлдөрү Флоридада жолугушат

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Эми Уокер
- Author, Лаура Гоцци
Ак үй АКШнын атайын чабарманы Стиф Уиткофф бейшембиде Майамиде Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров менен жолугушарын ырастады.
Буга чейин Уиткофф шейшембиде Москвада Владимир Путин менен дээрлик беш саат сүйлөшүүлөр өткөргөн, Кремль Украинада согушту токтотуу маселеси боюнча өткөн ал сүйлөшүү "эч бир компромисске" алып келбегенин айткан эле.
АКШ президенти Трамп анын күйөө баласы да катышкан сүйлөшүүлөр "жакшы эле" өткөнүн, бирок мындан ары эмне болот айтуу кыйын болуп турганын, себеби, "танго үчүн эки адам керек" экенин айткан.
Украинанын Тышкы иштер министри Андрей Сыбхия Россия "кан төгүүлөрдү токтотушу" керек деп, Путинди "бүт дүйнө убактысын алып атканын" айткан.
Журналисттин Уиткофф менен Кушнер "Путин чындап эле согушту токтоткусу келерине ишенеби" деген суроосуна Трамп: "[Путин] согушту токтоткусу келгендей, аларда ушундай кабылдоо калган" деп жооп берген.
Шаршембиде Зеленский америкалык жана украиналык чабармандардын жолугушуусу "жакын арада" орун аларын айткан.
X платформасында Зеленский "так азыр согушту токтотуу боюнча чындап мүкүнчүлүк болуп атканын дүйнө сезип жатат" деп жазган.
Бирок ал сүйлөшүүлөрдө "Орусияга басым" болушу керектигин кошумчалаган.
Кремлдеги АКШ менен Орусиянын сүйлөшүүлөрү алдында ошол эле АКШ, Украина жана Европа лидерлери бул маселеде жолугушуу өткөрүп, анда тынчтык келишим долбоору Орусиянын талаптарына аябай эле ылайык экенине чочулоолор айтылган эле.
"АКШнын айрым сунуштары кабыл ала тургандай, бирок аларды дагы талкуулаш керек" - деген эле Ушаков, ал башка сунуштарды орус лидери ачык эле сындаганын кошумчалай кеткен эле.
Ушаков чоо-жайына терең түшпөсө дагы Москва менен Украинанын ортосунда кеминде эки талаштуу маселе болууда, бул - орус тарап басып алган украин аймактарынын тагдыры жана Украина үчүн коопсуздук кепилдиги.

Сүрөттүн булагы, Reuters/Pool/Sputnik
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Киев жана анын европалык өнөктөштөрү тынчтык келишими ишке ашкан күндө дагы Орусиянын келечекте дагы кол салуусуна жол бербөөнүн эффективдүү жолу Украинаны НАТОго мүчөлүккө алуу деп эсептешет.
Орусия бул сунушка караманча каршы, Трамп дагы Киевди бул альянска алууга ниети жок экенин бир нече жолу кыйыткан.
Кремль Украинанын НАТОго кирүүсү тууралуу маселе Москвада шейшембиде талкууланган "башкы тема" болгонун билдирген.
Путиндин тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси Ушаков Орусиянын согуш талаасындагы соңку ийгиликтери сүйлөшүүлөрдө Кремлдин позициясын бекемдегенин кыйытып айтты.
Орус аскерлери "биздин чет элдик өнөктөштөрдүн тынчтыкты жөнгө салуу боюнча баалоосун адекваттуурак кылууга жардам берди", деди ал.
АКШнын чабармандарынын Кремлге сапары алдында Путиндин аскер формачан видеосу жарыяланып, анда Украинанын чыгышындагы стратегиялык мааниге ээ Покровск шаары жана ага жакын аймактардын басылып алынгандыгы тууралуу командилердин ага отчет берип атканы көрсөтүлдү.
Аталган шаарда салгылашуу уланып, орус аскерлери Покровскту толугу менен колго ала элек, бирок орус расмийлери алардын бул ийгилиги тууралуу АКШ кабардар болду деп эсептеп жатышат.
Орус аскерлери соңку жумаларда активдешкенинен улам чыгышта айрым ийгиликтерге жете алды. ISW аттуу Согушту изилдөө боюнча америкалык институттун анализине ылайык, ноябрда алар 701 чарчы километр украин жерин басып алышты, ошону менен азыр алар Украинанын 19,3% аймагын көзөмөлдөп жатышат.
Шаршембиде Кремль Путин америкалыктар менен "канча болсо ошончо жолугуша берерин" жарыя кылган.
Ал арада орус-америка мамилеси жылып, бирок Москва менен Европанын алакасы сууп баратат.
Путин Европаны Орусия-АКШ мамилесин саботаж кылып, Москва кабыл алгыс талаптарды коюп, тынчтык сүйлөшүүсүн блоктоп жатат деп күнөөлөп жатат.
Уиткофф жана Кушнер менен жолугушууга чейин Путин Москвадагы форумда Европа менен конфликтке баргысы келбей турганын, бирок "согушка даяр" экенин айткан.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Британ өкмөтүнүн өкүлдөрү Путиндин билдирүүсүн "тынчтыкка олуттуу мамиле кылбаган президенттен Кремлдин дагы бир келжирек сөзү" деп четке кагышты.
Шаршембиде Брюсселде НАТО Тышкы иштер министрлери жолугуп, баш катчы Марк Рютте тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү жакшы нерсе экенин, бирок Украина "күрөшүн улантуу үчүн болушунча пайдалуу жагдайга" коюлушу керектигин айтты.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Европа парламентинин өкүлдөрү менен 2027-жылга чейин Европа орус газынан толук баш тартышы керектиги тууралуу макулдашууга жетишти.
Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен бул макулдашунун алкагындагы "жаңы эранын башталышын" кубаттады, ага ылайык 2027-жылдын сентябрынан тарта Орусиядан газ ташып келүүгө узак мөөнөттүү контракттарга тыюу салынат. Ал эми 2027-жылдын январынан тарта суютулган табигий газды ташып келүүгө Орусия менен узак мөөнөттүү келишимдерге бөгөт коюлат.
"Биз энергетикалык коопсуздук жана Европанын көз карандысыздыгын тандадык. Эми эч кандай шантаж болбойт. Путин тарабынан рынок менен байланыштуу эч кандай манипуляция болбойт. Биз Украинаны бекем колдойбуз", - деди ЕБдин энергетика боюнча комиссары Дэн Йоргенсен. шаршембиде.
Комиссия ошондой эле Орусия менен согуш уланып жаткан чакта Украинага анын аскердик жана базалык муктаждыктарын каржылоо үчүн 90 миллиард евро чогултууну сунуштап жатат.
Бул план Белгиянын тоңдурулган орус активдерин "репациялык насыяга" берүүгө макулдугун талап кылат, каражаттар Белгиянын каржылык мекемелеринде сакталууда. Же болбосо бул каражатты эл аралык мекемелерден жыйноо керек.
Украинанын премьер-министри Юлия Свириденко Украинанын алдыңкы эки жылга карата каржылык муктаждыктарынын үчтөн экисин жаба турган бул сунушту кубаттады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бельгия Москва тараптан укуктук дооматтар болот деген чочулоодон улам, өз аймагында сакталган тоңдурулган активдерди колдонуу планына каршы болуп жатат. Европанын борбордук банкы дагы бул идеяга каршы чыкты, ал репарациялык төлөмгө кепилдик болуп бере албасын айтты.
Сунушталып жатан насыя, алдын ала пландалган 140 миллиард евро кредитинен аз болуп жатат, Германиянын Тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль дагы "биз муну колдойбуз, албетте, Белгиянын чочулоосуна олуттуу мамиле кылабыз" деди.
Ал арада шаршембиде Нью-Йоркто АКШ БУУнун 90дон ашык өлкөсүнө кошулуп, Орусиядан "чыгарылып кеткен же депортацияланган украин балдарын тезинен коопсуз жана эч шартсыз кайтарууну" талап кылып, Москваны мындай тажрыйбасын токтотууга чакырды.
Украин өкмөтүнүн маалыматы боюнча 19 миңден ашуун украин балдары согуш башталганы Орусияга депортацияланып кеткен. Британ өкмөтүнүн баалосунда кеминде 6 миң бала Орусиядагы "кайра-окутуучу лагерлерге" жайгаштырылган.
2023-жылы Эл аралык кылмыш соту Путинди балдарды мыйзамсыз депортация кылганы үчүн да камоого ордер чыгырган. Путин жана анын өкмөтү бул айыптоолорду четке кагат.












