Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ирандык аялга ыйгарылды

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
2023-жылдагы Нобель Тынчтык сыйлыгы ирандык активист Наргис Мохаммадиге Иран режиминин аялдардын укуктарын басмырлоосуна каршы күрөшү үчүн ыйгарылды.
Лауреаттын атын жарыялап жатып, норвегиялык комитеттин башчысы Берит Рейс-Андерсен сөзүн Наргиз негиздеген кыймылдын “Аялдар. Жашоо. Эркиндик" деген урааны менен баштады.
"Наргис Мохаммади отуз жылга эркинен ажыратылып, 154 балак урууга кесилген. Мен бул сөздөрдү айтып жаткан учурда ал азыр түрмөдө жатат" деди Рейс-Андерсен.
Иран аялдары
Сыйлык тапшыруунун алдында көпчүлүк иран аялдарынын укугун талап кылган нааразылык толкуну өткөн жылдын адам укуктары жаатындагы эң көрүнүктүү окуясы болуп калды деп ишенген.
“Дүйнө калкынын чоң бөлүгү тынчтыктын жана эркиндиктин негизги укуктарынан ажыратылган. Ирандык аялдар баасы кымбат болсо да, өз укуктары үчүн күрөшүүгө даяр экендиктерин көрсөтүштү”, - дейт норвегиялык VG таблоид гезитинин редактору Олаф Одегард.
Көптөгөн эксперттер ирандык аялдардын күрөшүн көп жылдардан бери укук коргоо ишмердүүлүгү менен алектенген Наргиз Мохаммадиге сыйлык тапшыруу менен даңазалоо керектигин айтышты.
Букмекерлердин арасында ирандык аялдарды милдеттүү хиджаб кийүүгө каршы турууга чакырган, “Менин жашыруун эркиндигим” кыймылын негиздеген ирандык-америкалык журналист Масих Алинежад менен Афганистанда аялдардын укуктарын коргогон афган активисти Махбуда Сераждын ысымдары да бар болчу.
Быйыл Нобель алууга арыз бергендердин саны өзгөчө көп болду – 351 талапкер, анын ичинде жеке адамдар жана уюмдар да бар эле.
Алардын арасында Владимир Зеленский, климаттын өзгөрүшү боюнча активисттер жана согуш кылмыштарын иликтеген эл аралык соттор да бар.
Тынчтык сыйлыгынын лауреаттары кантип тандалат?

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тынчтык сыйлыгы Швеция эмес, Норвегиянын Нобель комитети тарабынан берилген жалгыз сыйлык. Чечимди беш адам кабыл алат.
Норвегиялык комитеттин эрежелерине ылайык, тынчтык сыйлыгына каалаган адам көрсөтүлүшү мүмкүн, бирок талапкерлерди чектелген гана чөйрө сунуштай алат.
Талапкерлерди көрсөтүүдө Альфред Нобелдин керээзинде айтылган үч критерий эске алынат: куралдуу күчтөрдүн санын кыскартууга кошкон салымы, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө көмөктөшүүсү жана элдердин ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоого кошкон салымы.
Комитет түшүндүргөндөй, акыркы 120 жыл ичинде Нобель белгилеген концепцияларга эл аралык кызматташтык, жеке адамдардын гана эмес, уюмдардын тынчтыкка кошкон салымы, адам укуктарын коргоо сыяктуу бир нече тактоолор киргизилген.
Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты үчүн минималдуу жаш курагы жок, бирок комитет конкреттүү адамдын тынчтыкка кошкон салымы абдан чоң болушу керектигин жана бул убакытты талап кылаарын, ошондуктан сыйлыктын лауреаттары адатта жетилген адамдар экенин баса белгилейт.
Тарыхтагы эң жаш лауреат пакистандык активист Малала Юсуфзай болду, ал сыйлыкты алганда 17 жашта болчу. Ал мусулман өлкөлөрүндө кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшү менен атактуу болгон. Бул аракети үчүн ал талибдер тарабынан куугунтукка алынган.
Талаштуу сыйлык
Сыйлыктардын эң талаштуусу - Тынчтык сыйлыгы. Бардык башка номинациялар боюнча комитеттин чечими бир жактуу болсо да, көбүнчө Тынчтык сыйлыгы эң көп сынды жаратат.
Маселен, өткөн жылы ал сыйлыкты белорусиялык, украиналык жана орусиялык укук коргоочулар – беларусиялык “Веснанын” негиздөөчүсү Алес Беляцкий, Украинанын жарандык эркиндиктер борбору жана (орус бийликтери чет элдик деп тааныган) орусиянын “Мемориал” уюму кабыл алышкан.
Бул Украинада катуу нааразылыктарга себеп болду, алар согуш күчөп турган чакта Орусиялыктар менен бирге талапкерлигин коюу туура эмес деп эсептешкен.
Мындан бир жыл мурун сыйлыкты “Новая газетанын” башкы редактору Дмитрий Муратов жана Филиппиндик Rappler маалымат сайтынын негиздөөчүсү Мария Ресса алышкан.
Муратовдун талапкерлиги Орусиянын оппозициялык чөйрөлөрүндө нааразылык жараткан.
2022-жылдын сентябрында Роскомнадзордун арызынын негизинде Москва соту “Новая газетанын” медиа лицензиясын жокко чыгарып, бир жылдан кийин, 2023-жылдын 1-сентябрында Муратов Орусиянын Юстиция министрлиги тарабынан чет элдик агенттердин тизмесине киргизилген.
Акыркы мезгилдеги эң талаштуу сыйлык АКШ президенти Барак Обамага ыйгарылды. Ал Сыйлыкты кызматка киришкенден көп өтпөй алган, сынчылар ал тынчтык үчүн эч нерсе кыла электигин, сыйлык ага АКШнын биринчи ынды кара президенти болгону үчүн гана алдын ала берилгендигин айтышкан.












