"Коркутуп, орой мамиле жасашат". Абактагы аялдар акыйкатчыга даттанышты

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Бишкек шаарындагы №21 мекемеге (№1 тергөө абагы) барып, анда кармалган 129 аялдын абалы жана кармоо шарттары менен таанышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти. Мониторингдин жүрүшүндө бир канча аял арыз-даттануусун айткан. Өз кезегинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы эреже бузууларды четке кагып, абак кызматкерлери мыйзам чегинде иштеп жатканын билдирди.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкек шаарындагы №21 мекемеге (№1 тергөө абагы) барып, анда кармалган жарандардын укуктарынын сакталышы жана кармоо шарттары менен таанышты.
Мониторингдин алкагында акыйкатчы аялдар корпусундагы 19 камеранын баарын кыдырып, камактагылар менен баарлашты. Акыйкатчы менен өзүнчө сүйлөшүүнү сурап жолуккан 12 аял абак кызматкерлеринин орой мамилесине жана кемчиликтерге даттанышкан.
Камактагылар тергөө абагынын эки аял кызматкери аларды дайыма коркутуп, орой мамиле жасап турганын билдирген. Камактагылардын айтымында, "медициналык жардам кечигип көрсөтүлөт, кээде баш тартып, карабай коюшат".
Айрым аялдар жакындары менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө же жолугушууга уруксат берилбей жатканын белгилешкен. Кылмыш иштерин тергөө жана соттук териштирүүлөр өтө узакка созулуп жатканы, ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу укуктарынын бузулушу тууралуу да арызданышкан.
Акыйкатчы абактын ичинде 1,5 жаштагы баласы менен отурган энени да көрүп, абак жетекчилигин баланын укуктарын коргоого жана тиешелүү шарттарды түзүүгө чакырды. Бул аял кошумча тергөө иштерине байланыштуу №2 мекемеден убактылуу которулган экен.
Ошондой эле, камактагы аялдар балдары менен жолугушуу убактысын узартууну өтүнүшкөн.
Тергөө абагында кармалып турган Өзбекстандын жараны мекенине экстрадициялоо боюнча соттун чечими 14-ноябрда чыкканына карабай, которуу процесси кечигип жатканын билдирген.
Орусиянын жараны болсо, балдары менен телефон аркылуу байланышууга жана тергөөчү менен жолугушууга көмөк сураган.
Акыйкатчы институту мониторингдин жыйынтыгы менен тиешелүү органдарга сунуштарын жөнөтөрүн билдирди.
Коркутуу, орой мамиле тастыкталган жок
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Бишкектеги №21 тергөө абагында (№1 тергөө абагы) камакта жаткан аялдарга карата орой мамиле жасалып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке какты.
Би-Би-Сиге берген маалыматында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы өз ишин мыйзамга ылайык, прокурордук көзөмөл астында жүргүзөрүн жана кызматкерлердин аракеттерине даттануу тартиби ачык экенин белгилеген.
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №21 мекемесинде (СИЗО-1) кызматкерлер тарабынан тергөөдө камакта жаткан аялдарга карата коркутуп-үркүтүүлөр, орой мамиле жасоо, медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу, ошондой эле туугандары менен жолугушууга уруксат бербөө фактылары орун алууда деген жаңылыктарда тараган маалыматтар боюнча ЖАМКтын тиешелүү кызматтары тарабынан текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында жогоруда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталган жок" деп айтылат ЖАМКнын маалыматында.
Ведомство камактагылардын укуктарын, анын ичинде медициналык жардам алууну камсыз кылуу анын артыкчылыктуу милдети экенине кепилдик берери, ошондуктан бардык арыз-даттануулар так мыйзамдык негизде берилиши жана каралышы шарт экенин кошумчалаган.
Бүгүнкү күндө №1 тергөө абагында жалпы 1643 адам кармалууда, алардын 1514ү эркек, 129у аял.












