Армениянын лидери эмнеге Земфира менен Леди Гаганы угуп кайгырып отурат? Пашиняндын жаңы образы тууралуу эки ооз кеп

Сүрөттүн булагы, t.me/Nikol_Pashinyan_PM
Жашы ортолоп калган, таз адам Земфираны, армян шансонун жана элдик ырларды, Аделди, Жон Леннонду, француз жана орус рэптерин, ДДТ тобун, барокко музыкасын жана Высоцкийдин цыган романсын угуп отурат. Бул видеодон күндүн нуру анын көзүн уялтып, галстугун тыкан байлап, костюмунун төш чөнтөгүнө сары розаны катып же компьютерде бир нерселерди терип жатканын көрүүгө болот. Бирок адатта ал бирде жылмайып, бирде ойлуу, атүгүл кайгылуу да отурат.
Бул адам – Армениянын премьер-министри Никол Пашинян. 2026-жылдын июнь айында Арменияда парламенттик шайлоо өтөт жана шайлоо өнөктүгүн утурлай саясатчы коомдук бейнесин өзгөртүүгө киришти.
Эми оппоненттеринин жүзүн ачкан айыптоолорго Пашинян үн катпастан музыка угуп жаткан видеолор да кошулду.
Армян лидеринин жаңы стилин мурда Пашиняндын башкаруучу блогунан депутат болгон саясат таануучу Микаэл Золян мындайча чечмелейт: "Оор күндөр артта калууда. Санаага батып, коркконду токтотуп, эми ырахат алып, жашоону уланта берсе болот".
Америкалык пиар-стратегиябы же чындап илхам келдиби?
Музыкалык видеолор – бул Пашиняндын катталуучуларына кутман таң каалап, аларга болгон ички сезимдерин билдирүүнүн жолу. Пашинян өзү ушинтип түшүндүрөт – видеолордун алдына "жүрөкчө" коюп, катталуучуларын жакшы көрөрүн айтат.
Саясатчы Пашинян Земфиранын "ПММЛ" аттуу ырына кайгырып отурган видеосу постсоветтик жаштар арасында сенсацияга айланды. Бул видео октябрда чыккан эле, андан бери Инстаграмда 16 миллиондон ашык жолу көрүлдү. Ушундан кийин миңдеген колдонуучулар Тиктокко өздөрүнүн пародияларын чыгарып, ал эми ишкерлер мемди жарнама үчүн колдоно башташты. Пашиняндын видеолору орточо эсеп менен 100 миңге жакын көрүлгөн болсо, музыка коштогон видеолор адатта миллиондон ашык жолу көрүлөт.
Пашиняндын Инстаграмдагы баракчасына Армения менен эч байланышы жок адамдар да жазылууда. Премьер-министрдин Астанага сапары маалында Aua Rai аттуу казакстандык ырчынын ырына тарткан видеосу жергиликтүү маалымат каражаттарында сапардын күн тартибине караганда көбүрөөк чагылдырылды.
Пашиняндын Орусияга сапарлары да ал ар кандай жанрларды аралаштырып уга алган музыкалык табити бар болгонун көрсөттү. Мисалы, Москвадан ал катталуучуларына Лубянкадагы ФСБ имаратын көрсөтүп, "Ласковый май" тобунун "Белые розы" ырын жолдоду. Ал эми бир нече күн мурда Санкт-Петербургга келгенде, Uma2rman тобунун "Дождись" ырын угуп отурганын чыгарды.
Бирок бул роликтерди чыгаруу идеясы кимдин оюна келген жана аларга музыканы ким тандап жатат?
Ноябрда орусиялык маркетолог Егор Болконский профилдик конференцияда америкалык пиар-адисинин баяндамасын айтып берген эле. Анда Пашиняндын кызыктай видеолорунун артында Нью-Йорктогу Edelman компаниясы турганы айтылган. Edelman – дүйнөдөгү ири пиар-агенттиктеринин бири.
Бул окуя армян медиа чөйрөсүндө чагылгандай тездик менен тарап, Арменияда көптөр Edelman премьер-министрге консультация берип жатат деген ишенимде калышты.
Бирок, Edelman бул версияны кескин түрдө четке какты. "Компания Армениянын премьер-министри үчүн иштебейт жана анын социалдык тармактары менен эч байланышы жок", - деп билдирди компаниянын өкүлү Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, t.me/Nikol_Pashinyan_PM
"Бул компания Армениянын өкмөтү менен иштешеби – муну билбейм. Мен баяндамачынын сөздөрүнөн жана экранда көрүнгөн айрым слайддардан улам эле ушундай баа бердим", - деп жооп берди Би-Би-Синин суроосуна Егор Болконский.
Америкалык компаниянын катышуусу тууралуу версияны премьер-министрдин басма сөз катчысы Назели Багдасарян да четке какты. "Музыка коштоп видео тартуу идеясы Пашиняндын өзүнө таандык жана видеолор үчүн музыканы өзү тандайт",-деди ал Би-Би-Сиге.
"Премьер-министрдин социалдык тармактардагы стратегиясын иштеп чыгууга эч кандай пиар-компаниялар же консультанттар тартылган эмес. Тиешелүү иштердин бардыгын премьер-министрдин кеңсесинин медиа командасы жүргүзөт", - деп кошумчалады Багдасарян.
Түз ободон башталган саясий жол
2018-жылы бийликке келгенден бери Пашинян армян элинин жана алардын диаспорадагы мекендештеринин аң-сезимин ээлеп, өлкөнүн жүз жылдан берки эң популярдуу лидери болуп калган. Бирок эки жылдан кийин Армения Экинчи Карабак согушунда жеңилип, 2023-жылдын сентябрында Азербайжан бүтүндөй аймакты өз көзөмөлүнө кайтаргандан кийин Карабактан дээрлик бардык армяндар качып кетишкен.

Сүрөттүн булагы, t.me/Nikol_Pashinyan_PM
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Аны бийликке алып келген 2018-жылдагы нааразылык акциялары Фейсбук аркылуу уюштурулган эле. Жүз миңдеген адамдар Пашиняндын сүйлөгөн сөздөрүн түз ободон көрүшкөн. Алтургай алып баруучулардын, аткаминерлердин формалдуу эмес, кадыресе сүйлөгөндөрү да көрүүчүлөрдүн көңүлүн ээлеп алган.
"Бийлик алмашкандан кийин эле көпчүлүк Армения эми Фейсбук аркылуу башкарылып калды деп тамашалашкан", - деп эскерет Еревандагы "Демократия жана коопсуздук боюнча регионалдык борбордун" директору Тигран Григорян.
"Бул укмуштуудай тренд болду – аткаминерлер, анын ичинде премьер-министр да өз кабинеттеринен түз эфирге чыгышкан. Премьер-министр өзүнүн резиденциясын көрсөткөн эле", - дейт Григорян.
Бирок Экинчи Карабак согушунан кийин бийлик мурдагыдай ачык болбой калды – социалдык тармактарда вирустук контент тартуу орунсуз болмок.
"Согуштан кийин [Пашинян] өзүн токтоо алып жүрүүгө аракет кылды. Ал эми анын аялы социалдык тармактарда өзүн чектеген жок, бул үчүн көптөр аны сынга алышкан. Ал кандай заманда жашап жатканыбызды, согуш болгонун, курмандыктар көп болгонун эске албайт окшойт. Менимче, ошондуктан Пашинян токтоо болууга аракет кылды", - дейт Микаэл Золян.
Бирок Пашинян үчүн аза күтүү мезгили да аяктап, эми шайлоо өнөктүгү башталды. "Бийликтеги партия медиа-ресурстарын жана социалдык тармактарды саясий күрөш үчүн билгичтик менен колдонуп жатат", - дейт Тигран Григорян. Анын айтымында, Пашиняндын тегерегинде "саясий блогерлердин бүтүндөй бир инфраструктурасы" пайда болуп, ага маалымат талаасында күн тартибин аныктоого мүмкүнчүлүк берилди.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Көптөргө өлкө туңгуюкка кептелип, абал мындан да начарлай тургандай көрүндү. Бирок ушул жайда дипломатияда чоң жылыш болду. Бир нече жылдан бери жыйынтык бербей келген күч-аракеттерден кийин жана анын партиясы жергиликтүү шайлоодо утулуп калган соң Пашинян жарыялаган "тынчтык күн тартиби" өз жемишин бере баштады.
Эми анын милдети – шайлоочуларга оптимисттик маанай тартуулоо. Социалдык тармактар бул үчүн негизги аянтча катары кызмат кылат жана бул багытта Пашиняндын уникалдуу тажрыйбасы бар.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
"Бийликтеги партиянын бардык негизги мүчөлөрү жаштар колдонгон социалдык тармактарда абдан жигердүү", - дейт Григорян.
Саясат таануучу белгилегендей, сурамжылоолорго караганда, Пашинянды жана анын өкмөтүн жаштар көп колдобойт, ошондуктан бийлик учурда алар менен жигердүү байланыш түзүүгө аракет кылып жатат.
Бирок музыка коштогон видеолор Армениянын премьер-министринин рейтингин көтөрүүгө жардам бердиби?
Григорян белгилегендей, азырынча Пашиняндын видеолору мурдагы СССРдин курамындагы башка өлкөлөрдүн жаштары арасында көбүрөөк энтузиазмды жаратууда. Арменияда болсо өзүнө карата мамилени өзгөртүү кыйынга турат, - дейт Микаэл Золян, себеби Пашинян бийликте турган жети жыл ичинде көпчүлүк ага болгон көз карашын аныктап алды.
"Адамдар үч чоң топко бөлүнүштү. Аны колдогон бир топ бар. Кээ бири ачык колдойт, башкасы айрым бир себептерден улам колдоорун айтат, айрымдары Пашинян башкаларга караганда түзүгүрөөк деп эсептешет. Экинчи топко аны жек көргөндөр кирет. Пашинян жасагандын баары алардын кыжырын кайнатат. Албетте, бул видеолордун баары аларды ого бетер ачууландырып жатат, - дейт Золян. – Бирок же саясаттан алыстап кеткен, же саясатка эч качан кызыгып көрбөгөн, же баарынан тажаган үчүнчү топ бар. Бул топто балким жаңы жолдоочулары бардыр, ошол себептен жок дегенде алардын көңүлүн бура алмак". (ZMa)












