Президент Садыр Жапаров шайлоочуларды активдүү катышууга чакырды

Жапаров

Сүрөттүн булагы, screenshot

Кыргызстан президенти Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесине барып добуш берди.

Журналисттрге билдирүү кылып жатып, элди добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды.

Ал бул шайлоонун өзгөчөлүгү толук автоматташкан система колдонулуп жатканы менен байланыштуу экенин белгиледи.

"Бул өзгөчө шайлоо, анткени бүт шайлоо системасы автоматташтырылган. Адам фактору катышпайт. Мурда өзүңүздөр билгендей бюллетендерди чыгарып алып, ар бир тилкеге ашыкча 50-100дөн коюп, ашкан бюллтендерге бир талапкерди белгилеп, өткөргөн учурлар болчу. Азыр андай жок. Келген жерден бюллтенди аласыңар, баарын компьютер эсептейт жана кечинде компьютер чыгарат", – деди ал.

Ошондой эле Кыргызстанда буга чейин болгон бардык төңкөрүштөр шайлоонун жыйынтыгына байланышкан нааразылыктардан чыкканын да эске салды.

"Мындан ары баардык шайлоолорго адам фактору аралашпагандай кылып, чыр чыкпагандай шарт түзөбүз",- деди президент.

Ал шайлоодо добуш сатып алуу көйгөйү дагы эле толук жоголбой жатканын белгиледи.

"Албетте шайлоочулардын баары сатып алып атат деп айтпайм. Басымдуу бөлүгү акчага кызыкпайт. Саналуу сатылгандар болуп жатат. Биз аларды көрүп, кармап жатабыз. Он чакты ушундай иш болду окшойт",- деди Жапаров.

Жапаров чет өлкөдө жүргөндөр үчүн да долбуш берүү шарттары кыйла жакшырганын айтты.

"Мурда бир жума мурун шайлоого катышам деп катталып анан шайлачү, азыр андай эмес. Паспортун көтөрүп келип, каалаган тилкеде шайласа болот. Ар бир добуш мамлекеттин келечегин чечет",- деди ал.