Кытайдын жаңы ачык саясаты. Си Цзиньпин саясий багытын өзгөрттү

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Алексей Калмыков
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
Кытайда кайрадан чоң өзгөрүүлөр орун алууда. КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин бир нече жылга созулган катаал саясий нуктан кайра баш тартууда. Кытай Коммунисттик партиясы анын жетекчилиги астында кытайларга көбүрөөк эркиндикти жана акчаны убада кылган чоң сынакты, ал эми калган дүйнөгө – сооданы жандандырууга, кризисти жумшартууга багытталган жана жаңы кансыз согушка жол бербей турган нукту баштады.
Си Цзиньпиндин нугунун өзгөрүшү, албетте, бардыгы үчүн капысынан орун алды. Тез өзгөрүүлөр жаңы эле башталды, мерчемдин куну – бийик. Адистердин айтымында, Си Цзиньпиндин бул реформаларды аягына чыгарууга чечкиндүүлүгү – бул нуктун жалпы жыйынтыгы эмне менен бүтөөрүнө багыныңкы.
Кытайдын бийлигинин калкты үч жылдык ковиддик карантинден чыгаруу, кайрадан кишилерге жана инвестицияларга чек араларды ачуу жана ишканаларга коюлган чектөөлөрдү жеңилдетүү жаатындагы чечими Кытайдын АКШдан кийинки экинчи ири экономикасын жандандырууга жана Кытайдын "нөл ковид" саясатынан улам жана Орусиянын Украинага басып киришинин айынан оор кесепеттерге кабылган дүйнөлүк соодага жаңы дем-күч берүүгө үмүт арттырат.
Дүйнөлүк экономиканын 20%ы Кытайга туура келет, ошондуктан саясий нуктагы бул күтүүсүз өзгөрүү, албетте, бардыгы үчүн жакшы жаңылык болду. Эл аралык Валюта Кору (ЭВФ) Кытайдагы өзгөрүүлөрдүн аркасында 2023-жылдын январь айынын аягында жарыялана турган дүйнөлүк байлыктын өсүшү боюнча жаңы божомол мурдагы божомолго салыштырмалуу жакшыраак болооруна эмитеден ишаара кылды.
Өткөн аптада ЭВФтин башчысы Кристалина Георгиева: "Биз Кытайдын айкындуулукка кайтып келүү чечими 2023-жылдын ичинде дүйнөлүк экономикада мурда күтүлгөндөн дагы жогорураак өсүшкө алып келет, деп абдан үмүттөнөбүз", – деп билдирди.
Кытайдын өзүн ачуу жана Батыш менен тирешүүнү жумшартуу чечими – орус президенти Владимир Путин үчүн жаман кабарга тете, анткени Путин жаратылыш байлыктары мол болгон Орусия АКШ менен күрөшүүдө Кытайга жардам берип, дүйнө андан ары эки уюлга жиктеле берет ко, деп самап жаткан.
Оболу – вирус, анан – акча
Кытай дагы эле кеселден башы чыга элек. Бул алааматтын так өлчөмү азырынча белгисиз. Ишемби күнү Кытайдын мамлекеттик эпидемиологу калктын 80%ы буга чейин эле ковид жуктуруп, андан айыгып кеткен, ошондуктан жакынкы эки-үч айда өлкөдө ковиддин жаңы толкуну болушу мүмкүн эмес, деп билдирди. Анткен менен чет элдик адистер Кытайдын өлүмү боюнча маалыматтарга анчейин ишенишпейт жана азыркы ковид толкуну чындап өтүп-өтпөгөнү жана анын кесепеттери кандайча экендиги тууралуу тыянак чыгарууга азырынча ашыгышкан жок.

Сүрөттүн булагы, EPA
Эпидемиянын жалпы деңгээли Кытай кризисинин башка көрүнүштөрүн жымсалдап, аларга көлөкө түшүрөт. Си Цзиньпиндин жаңы саясий багыты дал ошол башка көрүнүштөрдү жоюуга багытталып жатат.
Американын стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) кызматкери Скотт Кеннеди: "Кандайдыр бир учурда Кытай коронавирус кризисинен чыкпай койбойт, дал ошол кезеңде Си Цзиньпин жана Кытай Компартиясы үчүн негизги көйгөй – экономика болот", – деген ою менен бөлүштү.
Темирдей бекем кол
Мындан бир жыл мурда эле бул жагдай ойго да келбеген нерсе болчу. Си Цзиньпин башкалар анын максатын күмөндүү деп эсептесе дагы, дал ушул мүдөөгө жетүү үчүн бар аргасын жасоого даяр болгон жана эч келишкис жетекчи катары терс беделге ээ болуп жаткан. Ал эми темирдей бекем кол Кытайдын экономикасы үчүн өтө кымбатка түшөөрү шексиз.
Си Цзиньпин өзүнүн колуна ушунчалык кубаттуу бийлик тизгинин топтогондуктан, ал түгүл аны Мао Цзэдун менен салыштыра башташкан.
2022-жылдын күзүндө өткөрүлгөн ККПнын курултайында 69 жаштагы төрага партиялык элитаны болжолдуу атаандаштардан биротоло тазалап, эң ишенимдүү жана көп жылдык өнөктөштөрүн бардык негизги кызматтарга дайындоого жетишти. Ал өзү болсо буга чейин Кытайдын Маодон кийинки доордогу башкы жетекчилери үчүн болуп көрбөгөндөй үчүнчү беш жылдык мөөнөткө шайланууга жетишти. Эми анын колунда болочокто төртүнчү мөөнөткө да КЭРдин төрагасы болуп кала берүү мүмкүнчүлүгү да бар.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Экономиканын өнүгүү ыргагынын кыйла басаңдаганына карабастан, Си Цзиньпин Коммунисттик партиянын өлкөнүн турмушундагы ролун күчөтүү, ошондой эле, жакырчылыкты кыскартуу жана "жалпы гүлдөп-өнүгүү" деген ураандар астында байлардын катмарчасын кысмактоо боюнча өзүнүн саясатын ырааттуу түрдө жүргүзүп келет.
Миллиардерлер, банкирлер жана ишкердик долбоорлорун иштеп чыгуучулар, бүткүл Гонконг, шоу-бизнес, жада калса балдар дагы өтмүштү кайсы бир деңгээлде артка кайтарткан Си Цзиньпиндин сүймөнчүктүү «тарых дөңгөлөгүнүн» тебелендисине дуушар болушту. Балдарды айрыкча айтканыбыз, алар Си Цзиньпиндин теориялык жана башка жоболорун курулай жаттоого аргасыз болушту жана аларга компьютер оюндарын күнүнө (ошондо да, дем алыш күндөрү гана) бир сааттан ашпаган убакытка гана ойноого уруксат берилди.
Си Цзиньпиндин бийликтеги мурда болуп көрбөгөндөй үчүнчү мөөнөтү анын экономикада, идеологияда, дипломатияда жүргүзүлгөн мурдагы саясатын эч кандай либералдаштырууну эмес, тескерисинче, сактап калууну, ал тургай катаалдаштырууну күтүүгө түрткөн болчу.
Албетте, мындан тышкары Си Цзиньпин өзүнүн башкы нугу болгон "нөл-ковид" саясатынан баш тартат ко, деп эч ким күткөн эмес.
Бирок ал кытайлыктарды дагы, бүт дүйнөнү дагы таң калтырды. Ал бардык ковиддик чектөөлөрдү кескин алып салып гана чектелбестен, турмуштун башка тармактарындагы тушап жаткан чидерлерди да бошоңдотуп кирди.
Эмне үчүн Си Цзиньпин өз багытын өзгөрттү?
Мунун себеби – КЭРдин элинин буга чейинки расмий саясаттан чарчагандыгында жана ага каршы көтөрүлүп чыккандыгында. Соңку толкундоолор Си Цзиньпиндин бийликтеги кезиндеги эң ири коомдук чыгуулар болуп калды.
Бирок андан да таң калычтуусу – буга чейин бир сапка түшкөнчөлүк тартиптүү жүргөн калайык эми ковидге байланыштуу киргизилген карантинге гана каршы ураан таштап чектелбестен, өлкөнү жалгыз бийлеп жаткан Компартияга жана анын көсөмүнө да каршы чыга баштагандыгы болду.
Карантинди жоюп салуу менен нааразылык толкунун басууга мүмкүн болду. Бирок бийликтин саал булганган аброю жакында башка да жаңы сыноого туш болушу ажеп эмес. Кытайлык жарандар ковидден айыгып, демейдеги турмушка кайтып келген чакта, алар өздөрүнүн бул турмушу мурдагысындай бакыбат болбой калганын байкашы күтүлөт.
Өлкөдө жыргалчылыктын өсүшү, иш жүзүндө, токтоп калды. Туруктуу камалып турган карантин жана обочолонуу өлкөдөгү бардык иш-аракеттерди, биринчи кезекте, ишкердикти муунтуп койду: туризм, соода, өндүрүш жана билим берүү өңүттөрү зыянга учурашты.
Мунун айынан, өткөн жылы Кытайдын экономикасы бар болгону 3%дай гана өсүшкө ээ болду. Акыркы жарым кылымда мындай өтө жай жылыш КЭРде эч каттала элек болчу.
Кытайдын мурдагы өсүү ыргагына канчалык тез кайтып келээринен анын дүйнөдөгү ээлеген орду гана эмес, Си Цзиньпин менен Кытай Коммунисттик партиясынын (ККП) калк арасындагы бедели да багыныңкы болуп турат. "Нөл ковид" саясатынан баш тартуу нугу болсо Кытайга кайра жанданууга жана ИДӨнү быйыл ККП убада кылган 5.5%дык сереге жогорулатууга мүмкүнчүлүк ыйгармакчы.
Бирок орто жолдо башка да тар жол, тайгак кечүүлөр күтүлөт. Си Цщиньпиндин реформасы ошондой болжолдуу бөгөттөрдү жок кылууга багытталган. Алардын кош максаты бар – эски убактан бери топтолгон көйгөйлөрдү чечүү жана акыркы жылдарда кетирилген каталарды оңдоо.
Биринчи максат — экономиканы кайра куруу. Ал бир-эки жылдын иши эмес. Өнөр жайлаштыруу, шаардаштыруу, инвестицияларды жана экспортту көбөйтүү үчүн мүмкүндүк берген байлыктардын кору түгөнгөн. Кытай эми керектөө жана инновацияга негизделген заманбап экономикага өтүүгө далаалат жасоодо.
Буга мезгилдеш эле КЭР бийлигине кыймылсыз мүлк базарындагы кризис жана демографиялык төмөндөө көйгөйлөрү менен күрөшүүгө туура келет. Бул көйгөйлөр – ыкчамдап өсүү доорунан мураска калган өзөктүк көйгөйлөр болуп саналышат.
Кытай бийликтери ишкердик тармагында эмитеден эле жеңилдикке бара башташты: алар бир кыйла кодуланып жаткан Ant Group жана Tencent Holdings сыяктуу интернеттик дөө-шаа компанияларга каршы киргизген чектөөлөрдүн бир катарын кайра алып салышты. Андан тышкары КЭРдин бийликтери саал мурдараак чыныгы мүмкүнчүлүктөн ашып-түшүп имарат куруп, кыймылсыз мүлк базарына дүрбөлөң түшүргөн куруучу ишкерлерге карата катаал тыюуларды да кайрадан жеңилдетүү жагын караштыра башташты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Си Цзиньпиндин реформаларынын экинчи максаты – экономиканын кыйрашына шыкак болгон саясий каталарды оңдоо.
Негизги катачылык – "нөл ковид" саясаты болчу. Эми Си Цзиньпин карантинди жокко чыгарып, бир сокку менен бул калпыстыкты оңдоого далаалат кылды. Бул чукул бурулуш эми кандай натыйжа берет? деген суроонун жообу дагы эле ачык бойдон калууда.
Путин да моюнга илинген жүк болуп калды
Си Цзиньпин оңдоого далаалаттанып жаткан экинчи ката – бул тышкы саясаттагы катаал нук болду.
Си Цзиньпин Кытайды дүйнөнүн алдыңкы ири мамлекетине (дөөлөтүнө) айлантууну максат кылып койгон жана акыркы жылдары дүйнөлүк алкакта Кытай өзүн буга чейин эле анык дөөлөт болуп калгандай сезип, иш алып барган. Мындан улам дагы өлкө кайрадан экономикалык жана саясий көйгөйлөргө туш болду.
Си Цзиньпин Дональд Трамптын тушунда АКШнын кысымына алдырган жок жана дүйнөнүн эң ири экономикасы менен соода согушуна жигердүү бел байлады. Европа Биримдиги да, Австралия да бул тирешүүдөн четте калышпады. Алардын Кытайдагы жарандык эркиндиктерди басмырлоо жаатында жана Кытайдын ковиддин пайда болушунун себептерин иликтөөгө шашылбагандыгы боюнча расмий нааразылык билдирүүлөрү аларга каршы расмий Бээжиндин соода тармагындагы чектөөлөрүн пайда кылды.
Си Цзиньпиндин Гонконгдо демократиячыл системаны кысмакташы жана Тайвандын жээгине чукул аймакта аскердик күчүн көрсөтүү далаалаты дагы саясий көйгөйлөрдү курчутту. Си Цзиньпин Тайван аралын Кытайдын бир бөлүгү деп эсептейт жана жакынкы арада анын “кайра биригүүсүн” көксөйт. Америка Кошмо Штаттары болсо бул чакан демократиялык Тайван мамлекетинин көз карандысыздыгын коргоп келет.
Бул тирешүү дүйнөдөгү эң кубаттуу эки армиянын катышуусу менен жүзөгө ашырылышы ыктымал болгон тар аймактык согуштук кагылышууга аз жерден туш кылып коё жаздады.
Ал эми өткөн жылы Тайвандын маселеси жаңы күч менен курчуп, Си Цзиньпиндин башын ого бетер ооруткан учурлар болду.
Кытай бир жыл мурда Орусия менен “чексиз достук” мамилеси тууралуу жарыялаары менен Владимир Путин орусиялык аскерлерди Украинаны кеңири өлчөмдө каратып алуу үчүн ири баскынчыл согушка аттандырды. Андан анчейин узак эмес мезгилде Путин өз куралдары менен сес көрсөтүп, Украина деген өлкө тарыхта жок болчу, деп чыккан. Кремлдин башчысынын өзү дагы Орусиядагы экономикалык өсүштүн солгундашы жана элдин нааразычылыгынын өсүшү сыяктуу көйгөйлөргө туш болуп жаткан.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ошондуктан Батыштын орусиялык баскынчылыкка каршы чечкиндүү жана бекем жообу жана Орусияга каршы киргизген мурда болуп көрбөгөндөй ири санкциялары Кытайга инвестиция салып жаткандарды анын Тайванга ыктымал чабуулунун кесепеттери өздөрү үчүн да канчалык түйшүк жаратаарын алдын-ала калчап баалоого аргасыз кылды.
Анын үстүнө Си Цзиньпин, Путиндин согушун акча же курал жагынан колдобогону менен, аны айыптаганга деле барган жок. Расмий Кремль Кытайдын бийлигин Орусиянын негизги өнөктөшү деп жарыялады. Бул болсо ансыз да Бээжин менен Батыштын ортосундагы салкындай түшкөн мамилелердин көйгөйлөрүн ого бетер курчутту. Эми алар Си Цзиньпинден согушчан Путинди эсине келтирүүнү талап кылууда.
Тышкы жаңжал улам күчөп, жаңы кансыз согуштун илеби сезилди. Акыры дүйнөлөшүү жүрүмү аяктап, бүт дүйнө кайрадан эки жаатка бөлүнүп калчудай туюлду. Коммунисттик Кытай башында турган жаңы жаатка Азия менен Африканын жаратылыш байлыктарына бай авторитардык режимдери жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрү акырындык менен өтө башташты. Берки өйүздөгү жаатка АКШ жана Евробиримдик жетектеген жана базар экономикасына негизденген демократиялык өлкөлөр топтоло баштады.
Өткөн аптада Эл аралык валюта корунун башчысы Георгиева дүйнөлүк экономиканы мындай жикке салып чачыратуу – жалпы дүйнө үчүн кымбатка турат, деп билдирди.
Бул бытыроонун артында турган башкы күчтөр – Кытай менен Американын тирешүүсү жана Орусиянын Украинага баскынчыл чабуулу болду. Бул окуялар Батыштын Орусияга каршы санкцияларын козутту жана дүйнөдө отун-кубат кризиси да башталды.
Си Цзиньпиндин саясий багытын оңдоодо ушул турмуш чындыгы эске алынат, анткени Си Цзиньпин алдын ала шардана кылган дүйнөлүк лидер макамына жетүү жолунда Кытайдын буга чейинки негизги ийгилиги согушка (кансыз же кандуу согушка) эмес, экономиканын, жашоо сапатынын жана киши капиталынын өсүшүнө байланыштуу болуп келген.

Сүрөттүн булагы, Reuters
CSIS илимий борборунун өкүлү Жуд Бланшетт мырзанын пикирине караганда, Си Цзиньпин жана Коммунисттик партия үчүн Кытайдын жыргалчылыгы жана технологиялык өнүгүүсү планетадагы эң кубаттуу геосаясий оюндарга караганда алда канча маанилүү.
Батыш менен жакындашуу
Си Цзиньпиндин саясий нугунун өзгөрүшү, албетте, дароо жыйынтыктарды алып келди. Батыш болсо тирешүүдөн баарлашууга өткөнүнө сүйүнүп, Кытай менен өз ара мамилелеринде жылымык маанай пайда болду.
"Биз баарыбыз жаңы кансыз согушту күтүп жатабыз, бирок мен ишенем, көпчүлүк өлкөлөр Кытай акылсыздыкты жана баскынчыл маанайды артка таштаса эле, аны менен дурус мамилени кайра калыбына келтирүүнү эңсешет. Эгерде Си Цзиньпин акыркы апталарда өзү тарабынан белгиленген багытты улантса, анда Кытай үчүн АКШ, Евробиримдик жана Жапония менен мамилесин жакшыртуу алда канча оңой болот", – деди Бланшетт мырза.
2022-жылдын ноябрында эле АКШнын президенти Жо Байден Си Цзиньпин менен жолугуп, андан соң "кансыз согуш" болбойт деп жарыялаган. Жолугушуу эч кандай мунасага жана жеңилдикке алып келген жок. Бирок дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикалары азыркы учурда пикир келишпестиктерди талкуулап жатышкандыгы жана кер-мур айтышпагандыгы көпчүлүктү кыйла шыктандырды.
Ал эми мурдагы аптада Кытайдын вице-премьер-министри Лю Хэ Швейцариянын Давос кышкы курортундагы ишкерлер менен саясатчылардын жылдык негизги жыйынына тынчтык демилгеси менен келди. Анын айтымында, Кытай ковидге байланыштуу тыныгуудан кийин дүйнөлүк экономикага толугу менен кайтып келмекчи жана "ич ара ыдыраган дүйнөдө кызматташтыкты чыңдоо жана тынчтыкты сактоо" маанилүү деп эсептейт.
Лю мырза Кытайдын баарлашууга даяр экендигин ачык-айкын билдирген. Ал өз сөзүндө 12 жолу “кызматташтык”, үч жолу “тынчтык” сөздөрүн кайталады. Анан Лю мырза сөздөн ишке өттү – ал Цюрихте АКШнын Каржы министрлигинин башчысы Жэнет Йеллен айым менен жолугуп, аны Кытайга чакырды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Йеллен айымдан тышкары АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да Бээжинге барууга беленденишүүдө. Алардын көздөн учкан иш сапары 5–6-февралга белгиленди.
Бирок, CSIS борборунун кытай таануучу адиси Лили Макэлви айымдын ишениминде, АКШ Батыш менен Кытайдын ортосундагы баарлашууда Батыштын жалгыз оюнчусу болбой тургандай. АКШ бул ролду Европа Биримдигине калтырмакчы.
Европа адам укуктары, экономика, каржы жана климат боюнча сүйлөшүүчү катары Америкага караганда жакшыраак. Батыш Си Цзиньпинден Европадагы согушту токтотуу үчүн Путинге кысым көрсөтүүнү суранганда анын үнү ынандырарлык.
"Европа Биримдиги үчүн Кытай менен бул темалар боюнча сүйлөшүү оңоюраак. Биринчиден, Евробиримдик – Кытай менен азыркы тапта олуттуу пикир келишпестиктери жана ачык кастыгы бар АКШ эмес. Экинчиден, коомдук маанайды өлчөө айгинелегендей, кытайлыктардын европалыктарга карата мамилеси америкалыктарга карата мамилесине салыштырмалуу алда канча жакшы", – дейт Макэлви.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Италиянын премьер-министри Жорж Мелони Кытайга барууга камынышууда. Ал эми быйыл жазында Евробиримдик-Кытай саммити белгиленген.
Ал эми Кытай өзү АКШга караганда Европа менен баарлашууга көбүрөөк кызыкдар, дейт Лили Макэлви.
Евробиримдик кытай товарларынын эң ири жана эң бай кардары. Ошол эле учурда, АКШдан айырмаланып, Евробиримдиктин Кытайга карата жалпы туруму калыптана элек. Евробиримдикте 27 өлкө бар жана айрымдары Кытайга карата прагматикалык мамилени сунушташат. Алар КЭР менен соодага жана кызматташууга кызыкдар, калган мүчө өлкөлөр болсо Бээжин менен дүйнөдөгү лидерлик үчүн стратегиялык атаандаштыкка негизделген саясатты курууну, аны жоошутуп-чектөөнү талап кылышат.
Евробиримдик менен баарлашуу Кытайга бул талкуунун жыйынтыгына таасир этүүгө, тирешүү күчөгөндөн көрө өзүн жакшыраак көрсөтүүгө жана Европанын технологияларды өткөрүп берүү жана соодага болгон мүмкүн болгон чектөөлөрүн жумшартууга мүмкүндүк берет, дейт Макэлви.
Багыттын кайрадан өзгөрүүсү күтүлөбү?
Жекшембиде башталган бир аптага созулган жаңы жылдык майрамдардан кийин Си Цзиньпиндин реформасынын алгачкы жыйынтыктары байкалышы ыктымал.
Адаттагыдай эле бул кезең – экономиканын жандануу мезгили. Эгерде Си Цзиньпин карантинди алып салбаганда, анда кытайлыктарда белектерге, тойлорго жана саякаттарга сарптоо алда канча аз болмок.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бирок чыгыш жылнаамалары боюнча Коён жылын майрамдоо экономика үчүн стимулдан тышкары ар кыл коркунучтарга да бай.
Ушул дем алыш күндөрү миллиондогон кытайлар учурашуу үчүн туугандарын кезишти. Бийлик буга чейин эле аларга сапар маалында этият болууну эскерткен. Шаарда саламаттыкты сактоо мекемелери ковид толкунуна туруштук бере албай келет, ал эми элетте болсо ковидге каршы күрөш эптеп-септеп жүрүүдө же таптакыр жок. Элетте негизинен карыялар жашашат жана алардын көбү эмделген да эмес.
Эгерде баары тең ойдогудай болуп, ковид алааматы жазга чейин жоюлса, анда Кытайда чоң секирик болот. Карантин учурунда кытайлар 800 миллиард доллардан ашык акча топтошту жана анын бир кыйла бөлүгү Батыштагыдай эле кийинкиге деп калтырылган чыгымдарга жумшалмакчы.
Бирок, адреналиндин бул убактылуу үлүшүнөн кийин Си Цзиньпин жана ККП экономиканын эски өзөктүк көйгөйлөрүн чече албаса, анда экономика дагы бир жолу солуй башташы ажеп эмес. Ал эми бул эски көйгөйдү чечүү үчүн акча, сабырдуулук жана туруктуу саясат талап кылынат.
Бул кайра куруу тез арада эле натыйжа бербейт, ал эми чыгымдар болсо дароо көбөйөт. Бээжин университетинин профессору жана Карнеги фондунун Кытай боюнча адиси Майкл Петтис билдиргендей, бул чыгымдар, – айрыкча бакыбаттык жана гүлдөп-өсүү бийликти эл менен бөлүшүү талабына алып келчү болсо, – Си Цзиньпиндин Коммунисттик партиясы үчүн өтө эле артыкбаш сезилиши мүмкүн,
"Инвестиция жана экспорт аркылуу өсүп жаткан экономика түрүнөн керектөөнүн аркасында өсө турган экономика түрүнө өтүү үчүн жалаң гана бийликтердин чечимине жетүү аздык кылат. Бул үчүн жыргалчылыкты бөлүштүрүү системасын түп-тамырынан бери өзгөртүү керек болот, бул, сөзсүз түрдө, саясий бийликти да бөлүштүрүүнү камтыйт", – деп Петтис мырза жазды.
Башталган кайра куруу багытындагы реформалардын ийгилиги деги Си Цзиньпиндин өзү жаңы багытка ылайык өзгөрүүгө даярбы же жокпу, ошого да жараша болот, – дейт CSIS борборунун өкүлү, кытай таануучу Жуд Бланшетт.
"Негизги белгисиз жагдай – бул Си Цзиньпиндин өзү. Ал өзүн өзү башкара алаарына мен анчейин ишенбейм. Си Цзиньпин сонун мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберүү жагынан өзүнүн теңдешсиз жөндөмүн эчак эле далилдеп салган эмеспи", — деди Бланшетт мырза.
"Ошол эле учурда Си Цзиньпин азыр өз багытын өзгөртө албайт деп эми айта да албайсыз. Ал бизди таң калтырууну улантат, деп үмүттөнөм". (TT)












