Кытайдын ири шаарларында Си Цзинпинге каршы нааразылык чаралары өттү

- Author, Тесса Воң
- Role, Asia Digital’дын кабарчысы
Кытайда өкмөттүн коронавирус илдетин жоюуга багытталган чараларына каршы нааразылык иш-аракеттери күчөп кетти. Демонстранттар өкмөткө каршы саясий ураандарды да көтөрүштү.
Миңдеген демонстранттар Шанхайдын көчөлөрүнө нааразылык чараларына чыгышты. Би-Би-Синин кабарчылары полициячылар карапайым кишилерди полициянын унааларына мажбурлап салып жатканына өз көзү менен күбө болушту.
Студенттер ошондой эле Бээжиндеги жана Нанкиндеги университеттерде нааразылык жыйындарын өткөрүштү.
Кытайдын эң ири шаары жана өлкөнүн чыгышындагы дүйнөлүк каржы борбору – Шанхай шаарындагы нааразылык чарасы маалында калайык: “Си Цзиньпин, кет!” жана “Коммунисттик партия, кет!” деген ураандарды ачык эле кыйкырып жатышты.
Кытайда мындай ураандар – адаттан тышкаркы сейрек көрүнүш. Бул өлкөдө өкмөткө жана мамлекет башчысына каршы тикелей сындоо учурлары, эреже катары, өтө кейиштүү аяктайт.
Бирок серепчилердин айтымында, Бээжиндеги өкмөт нөлдүк ковид саясатына нааразычылык күчөп бара жатканын таназарына эч албай койгон окшойт. Айтмакчы, Си Цзинпин өзү “бул саясат жакында улантылат” деп жакында эле убада кылган.
Шанхайдагы демонстранттардын бири көчөдө селдей агылган калайыкты көргөндө алгач "дендароо болуп, толкунданып кеткенин", эл ири чогулган бул учур Кытайда биринчи жолу болуп жатканын Би-Би-Сиге айтты.
Демонстранттардын арасынан бир айым Би-Би-Сиге билдиргендей, алар айрым полициячылардан “нааразылык чараларына карата кандайча мамиледесиз?” деп сурашканда, беркилер: “Сиздердин турумуңуздар кандай болсо, биздики да ошол сыяктуу” деп жооп узатышкан. Бирок, ал айымдын айтымында, алар полиция кийимин кийип жүрүшөт, ошондуктан алар өз кызматтык милдеттерин аткарып жатышат.
Башка катышуучулар болсо орун алган зордук-зомбулук окуялары тууралуу баяндашты: демонстранттардын бири “Ассошиэйтед пресс” агенттигине өзүнүн бир досун полициячылар сабап салышкандыгын, дагы экөөнө калемпирлүү аэрозол чачыратышкандыгын айтты.

Шанхайдагы толкундоолор 27-ноябрдын, жекшемби күндүн таңына карата басылса да, нааразылык чаралары өтүп жаткан аймакта полиция улам күчөтүлгөндүгүн, көчөлөрдө бир нече ондогон полициячылар, жеке кароол кызматкерлери жана жарандык кийимчен полициячылар жүргөндүгүн Би-Би-Синин кабарчылары белгилешти.
Интернетте Үрүмчүдөгү өрттүн курмандыктарын эскерүү иш-чараларынын фото жана видеолору пайда болду. Азыркы толкундоолор дал ошол эскерүү жөрөлгөлөрүнүн отунан тутанып, андан ары Бээжин жана Нанкин университеттеринде нааразылык чаралары дүрт жанган болчу.
Борбор шаар Бээжиндеги “Цинхуа” университетиндеги мындай нааразылык жыйынга жүздөгөн кишилер катышты, деп студенттин бири “Франс Пресс” агенттигине билдирди.
Демонстранттар кытайлык коммунисттик цензурага каршы чыгуунун жаңы символу болгон эч нерсе жазылбаган таза кагаздарды көтөрүшүп, эркиндикти жана демократияны колдогон ураандарды чогуу чакырып жатышты.
Нааразылык чараларынын видеотасмаларынан кишинин кимдигин аныктоо өтө кыйын, бирок алардын көбүндө демонстранттар өкмөттү жана жеке Си Цзиньпинди ачык сындап жаткандыгы айгинеленди.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Нааразылык иш-аракеттеринин башаттык учуру
Саал мурдараак (25-ноябрдан тартып) эле Кытайдагы интернеттин коомдук түйүндөрүндө Шинжаң-Уйгур автоном районунун (ШУАР) борбору Үрүмчү шаарында коронавируска каршы катаал чектөөлөргө каршы калайыктын жаңы ири нааразылык чыгуулары тууралуу видео тасмалар пайда болгон. Бул нааразылык жыйындар көп кабаттуу үйдөгү 10 кишинин өмүрүн алган ири өрттөн кийин башталгандыгы кабарланды.
Видео тасмалардан айгинеленгендей, күүгүм киргенден кийин жергиликтүү тургундар (алардын көбү жүзү таанылбагандай бет кап тагынып алышкан) шаардын көчөлөрүндө жапырт чогулушкан. Андан кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тирешүү башталган. Котологон калайык: "Ковиддик карантинди токтоткула!" деп ураан чакырган. Башка бир видео тасмада шаардагы тартип сактоо кызматтарынын өкүлдөрү кармап турган тосмону нааразылык жыйынынын катышуучулары күү менен келип бузуп, алдыга жиреп чыгышкандыгы чагылдырылган.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
“Рөйтерс” кабар агенттиги тасмалардагы нааразылык демонстрация өткөн жайдын ордун тастыктады. Жума күнү кечинде интернетте ободо түз көрсөтүлгөн окуяларды Би-Би-Синин сереп бөлүмү да кылдат иликтеди. Бул тасмаларда калайык Үрүмчү шаарынын акимиятынын башкеңсесинин жанына нааразылык жыйынына котолоп жыйылгандыгы айгинеленди.
Си Цзинпинди сынга алуу – адаттан тыш көрүнүш
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Үрүмчүдөгү өрт акыркы айларда кеңири чектөөлөргө туш болгон көптөгөн кытайлыктар үчүн коркунучтуу алааматка айланды. Кабарларга караганда, алардын көпчүлүгү өрт маалында сыртка чыгуучу каалгалар бөгөттөлүп, өз батирлеринде камалып калышкан. Бийликтер мындай кырдаал жаралгандыгын четке кагышууда, бирок алардын мындайча туруму шаардагы коомчулуктун кыжырдануусун жана кооптонуусун токтото алган жок.
Улам тездеп тереңдеген бийликтен көңүл калуу сезими бат эле туу чокусуна жетти.
Өлкөдө бир нече миллиондогон кишилер үч жылдан бери созулуп жаткан эркин жер которууга карата бөгөттөрдөн жана ковидге байланыштуу ар күнкү текшерүүлөрдөн жедеп тажап бүтүшкөн. Кыжырдануу сезими жалпы Кытайдын булуң-бурчун каптады. Нааразылык кыймылдары ири шаарлардан ШУАР жана Тибет сыяктуу элеттик аймактарга чейин камтыды. Нааразылык маанайы университеттердеги жаш студенттер, ишкана жумушчулары жана карапайым жарандар сыяктуу коомдун бардык катмарларын кучагына алды.
Бул кыжырдануу канчалык өсүп чыккан сайын коронавирустук чектөөлөргө каршы нааразылык чаралары ошончолук күчөй берди.
Арийне, өткөн дем алыш күндөрдөгү демонстрацияларды, – аларга катышкан калайыктын саны жагынан да, чогулгандардын бийликти жана Си Цзинпиндин жеке өзүн ачык сындаган деңгээли жагынан да, – адаттан тыш көрүнүш деп саноого мүмкүн.
Айрым демонстранттар нааразылык жыйындарга Кытайдын желектерин көтөрүп, улуттук гимнди ырдап чыгышты. Бул гимндин сөздөрү калайыкты ыңкылапчыл идеалдарга үгүттөп, элди “көтөрүлүүгө” чакырат. Бул – патриотизмдин көрүнүшү гана эмес. Бул окуяны Си Цзинпиндин "нөл ковид" саясатынан жапа чеккен жалпы кытайлык мекендештер менен тилектештиктин кескин билдирүүсү жана тийешелүү аракетке чакырык катары караса да болот.
Жакынкы учурларда эле жүздөгөн калайыктын көчөгө топурап чыгып, Си Цзинпиндин кызматтан кетишин талап кылышы – акылга сыйбаган нерсе деп саналып келген. Бирок бул жерде көпчүлүктү таң калтырган 22-октябрдагы Бээжиндеги көпүрөдөгү нааразылык чарасынан кийин азыркы режимдин саясатына ачык жана кескин каршылык көрсөтүү аракетинин босогосу кыйла төмөндөдү көрүнөт.
2022-жылы 22-октябрда Бээжиндеги көпүрөдө бир кытайлык киши желим дөңгөлөктөрдү өрттөп, жанына: "Мектепте жана жумушта иш таштагыла, диктатор жана улуттук чыккынчы Си Цзинпинди кетиргиле! Биз тамак жегибиз келет, биз эркиндикти каалайбыз, биз добуш берүүнү каалайбыз" деген ураандарды илип койгон.
“Нөлгө түшкөн ковид"
Расмий Бээжин "нөл ковид" саясатын улантууда. Анткен менен бул оорунун жуктурулушунун саны өсүүдө жана жергиликтүү тургундар карантиндик тоскоолдуктарга нааразычылыктарын улам көбүрөөк билдире башташты.
Башка өлкөлөр ковидге каршы эмдөө чараларына жана вирус шартында тиричилик кылууга үйрөнүүгө басым коё башташкан чакта, Кытай эпидемиянын улам жаңы дүрт алган ар бир толкунун толугу менен күчкө салып басуу жана катуу чектөөлөрдү киргизүү нугун тандап алды. Ал түгүл обочолонгон анча-мынча ковиддик учурлар катталса деле, бийликтер бүтүндөй шаарларды камалоого чейин барышууда.
ШУАРдын борбору Үрүмчү шаары быйылкы августтун башынан бери жаңы карантин шартына кабылды. Буга чейин тургундардын бири Би-Би-Сиге маалымдаганга караганда, бул шаардагы өрт чыккан ири турак үйдүн тургундарына үйдөн чыгууга таптакыр тыюу салынган экен.
Үрүмчү шаарынын бийликтери болсо ковиддик чектөөлөр тургундардын өрттөн качып чыгып кетишине эч кандай тоскоол болгон жок деп ырастап, ал тургай адаттан тыш кадамга да барышты: алар коомчулуктан кечирим сурашып, өз милдетин аткарбагандардын бардыгын жазалайбыз деп убада беришти.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кытайда интернет катаал цензурага кабылып келет. 26-ноябрда, ишемби күнү эртең менен Үрүмчүдөгү жума күнкү нааразылык чаралары тууралуу баяндалгандардын дээрлик бардыгы интернеттеги коомдук тармактардан өчүрүлүп салынды.
Көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары 24-ноябрда, бейшемби күнү бир канча кишинин өмүрүн алган Үрүмчүдөгү өрт электр зымдарынын бузулушунан улам келип чыккандыгын, ал эми ковид чектөөлөрү өрттү өчүрүүгө олуттуу тоскоол болгондугун кабарлашты.
Эртеси, жума күнү кечинде шаар бийликтери муну четке кагышып, үйдүн сыртында токтоп турган унаалар өрт өчүрүү маалында тоскоол болгондугун айтышты. Алардын жүйөөсүнө караганда, бул унаалар өрт өчүрүүчү унаалардын өрт алоолонгон имаратка жакын келүүсүнө тоскоолдук кылышкан имиш.
Кытайда нааразычылык чаралары сейрек кездешет, бирок Бээжиндин коронавируска каршы саясатына коомчулуктун нааразычылыгы улам күчөп баратат.
"Нөл ковид" саясаты ковидге каршы эмдөөлөрдүн жана бийликтердин карыяларды коргоо аракеттеринин төмөн деңгээли менен шартталган.
Бирок бул саясат анчейин майнап бербей келет: 23-ноябрда, шаршемби күнү Кытайда коронавирус жугузуунун 31 444 жаңы учуру катталган. Бул – абсолюттук рекорддук көрсөткүч: ал быйылкы жылдын апрелиндеги туу чокулук көрсөткүчтөн да жогору. Ошол чакта Кытай бийликтери Шанхайды толугу менен карантинге салып, 25 миллион калкы бар бул шаар эки ай толугу менен обочодо кармалган болчу.
Чукул жарыяланган карантиндер
Азыркы тапта өз аймагында бир нече ири шаарлар жайгашкан 31 вилайеттин (провинциянын) бийликтери коронавирус оорусунун тездеп жайылып жатканын кабарлашууда. Алардын арасында (22 миллиондон ашык калкы бар) борбор шаар Бээжин жана өлкөнүн түштүгүндөгү (18,5 миллион калктуу) ири соода шаары Гуанчжоу жана башка бир нече ири шаарлар бар.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өлкөнүн ар кыл аймактарында күтүлбөгөн жерден карантиндик жабылып калуулар алардагы тургундардын кыжырдануусун жаратып, авторитардык режимдин тушунда адаттан тыш болгон нааразылык иш-аракеттердин анда-санда болчу көрүнүштөрүн пайда кылды. Ошондой нааразылык чыгуулардын бири, маселен, дүйнөдөгү айфон (iPhone) өндүрүүчү эң ири жай болгон Гуанчжоу шаарындагы ишкананын жанында өткөрүлдү.
ШУАР аймагы, башка жагдайлардан тышкары, мында уйгур, казак, кыргыз сыяктуу жергиликтүү мусулман калктары байырлап жаткандыгы үчүн Кытай бийлигинин өзгөчө назарында турат.
Үстүбүздөгү жылдын сентябрында БУУнун адистери Кытай бийликтерин ШУАРдагы уйгур ж.б. мусулмандарга орой мамиле жасап жатышат деп айыпташкан. Бириккен Улуттардын Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарлыгынын Башкармалыгынын баяндамасынын авторлору КЭР бийликтери өз иш-аракеттери аркылуу адамзатка каршы кылмыштарды жасаган болушу ыктымал экендигин жокко чыгарышпайт. БУУнун маалыматы боюнча, аймактын ислам динин тутунбаган тургундары дагы кытайлык өкмөттүн зулумдугунун курмандыктарынан болушу ажеп эмес.
Расмий Бээжин болсо БУУнун аталган баяндамасын Батыш тарабынан уюштурулган жана "антикытайлык күчтөр чүргөй салган бурмаланган маалыматтарга жана калптарга" негизделген "эки жүздүүлүк мөмөсү" деп терс баалады. (TT)














