Кытай лидеринин тилин тапкан Токаев

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Си Цзиньпин пандемиядан кийин барган биринчи өлкө Казакстан болуп калды. Казак президенти Касым-Жоомарт Токаев Кытай лидерин мамлекеттик эң жогорку сыйлык “Алтын Кыран” ордени менен сыйлап узатты.

Токаев-Си Цзиньпин

Сүрөттүн булагы, Official

Акыркы жолу Си Цзиньпин 2020-жылы Мьянмага барып, ошону менен чет өлкөлөргө болгон сапарын токтотуп койгон.

Маанилүүсү, бул сапарында Кытай лидери Си Цзиньпин эл аралык конъюнктура кандай гана өзгөрүлбөсүн, Бээжин Казакстандын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргой тургандыгын айтты.

Талдоочулар муну менен Кытай Россиянын Борбор Азияны өз энчиси катары караган саясатын жокко чыгаргансыды деп жатышат.

Си Цзиньпиндин Казакстандан көздөгөнү эмне? Дегеле, азыркы дүйнөлүк саясий контекстте Кытайдын Борбор Азияга саясаты кандай болууда?

Досым Сатпаев

Сүрөттүн булагы, Social media

Казакстандык эксперт Досым Сатпаев Борбор Азиядагы геосаясий атаандаштык тууралуу мындай дейт:

“Борбор Азия боюнча Россия менен Кытайдын кызыкчылыгы ачык айтылбаган менен кесилишет. Кытай бул аймакка активдүү инвестиция салып келди, ал эми Россия ЖККУ алкагында аскердик-саясий түндүктүн ролун ойноого аракет кылды. 2014-жылы түзүлгөн ЕАЭБ деле Кремль үчүн экономикалык биримдик эмес, көбүрөөк геосаясий долбоор болгон. Ошол эле убакта Бээжин менен Москва көп жылдар бою АКШнын Борбор Азияда позициясын бекемдегенге каршы туруп келди”.

Эксперт Досым Сатпаев Forbes Казакстан басылмасына берген маегинде Украинадагы согуштун жүрүшү Борбор Азияга карата Кытайдын дымагын арттырып жатканына да токтолгон.

“Украинадагы согуш орус армиясынын кубаты тууралуу мифти жокко чыгарды, ошондой эле орус аскердик тактикасы жана стратегиясынын натыйжалуулугу тууралуу суроолорду көтөрдү. Бул Россиянын ЖККУ алкагындагы, дегеле аскердик шерик катары беделине чоң сокку урду. Ошондой эле ЕАЭБди катаал санкциялар шартында көмүскө импорт үчүн колдонуу аракети Россия экономикасын кармап туруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонорун көрсөтүп жатат. Мындай шартта достук, шериктештик тууралуу расмий билдирүүлөргө карабай, Кытай үчүн Россия тең ата оюнчу болбой калды”.

Россия жана Кытай лидердери

Сүрөттүн булагы, Алексей Дружинин / ТАСС

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россия жана Кытай лидердери

Негизи эле Борбор Азия өлкөлөрү менен алака түзүүдө Кытай Казакстанга өзгөчө басым жасап жаткан шекилдүү.

Себеби, Казакстан Си Цзиньпин эң көп каттаган өлкөлөрдүн үчилтигине кирет. Казак басылмалары Кытай лидери сегиз жолу Россияга, төрт жолу АКШ, андан кийин эле төрт жолу Казакстанга атайын мамлекеттик сапар менен келип кеткенин эсептеп чыгышты.

2013-жылы Си Кытайдын "Улуу жибек жолунун экономикалык куру" долбоору тууралуу биринчи Казакстанда жарыя кылганын да өзүнчө белгилеп кетүү керек.

Негизи эле Кытай Борбордук Азияда биринчи кезекте транспорттук жана энергетикалык долбоорлорго орчундуу көңүл бурууда. Көп миллиардаган инвестиция Борбордук Азия аркылуу Иран, Россия, Кавказ, Түркия жана Европа менен байланыштыра турган темир жол жана автожолдорду курууга жумшалып жатат.

Кытай менен Казакстандын чек арасында кургактагы ири порт “Коргос” курулуп, ишке кирди. Андан жүктү Актау портуна жеткирип, андан ары Каспий деңизи аркылуу Азербайжан менен Грузияга жеткирүү да каралууда.

Казакстан Кытайга Борбор Азия өлкөлөрү ичинен кеңири аймагы менен да өзгөчө кызыктырып жатышы мүмкүн.

“Кытай лидеринин Казакстанга болгон сапары анын этияттуулук саясатын көргөзүп жатат. Себеби, Украинадагы согуш маалында Кытай өтө этияттанып, бейтарап саясатын карманууда. Ушул маалда Кытайдын ролу түшүнүксүз, өтө бүдөмүк болуп жатат. Казакстан чоң державаларга кирбейт. Бирок ошол кезде аймагы чоң жана кошуна. Россия менен азыркы шартта жакындаш коркунучтуу. Тайвань боюнча АКШ менен Кытайдын мамилеси курчуп жаткан да кез. Ошондуктан бейтарап өлкө катары Си карантинден кийинки биринчи сапарга Казакстанды тандап алды”,- дейт кыргызстандык эл аралык мамилелер боюнча серепчи Бурул Усманалиева.

Бурул Усманалиева

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бурул Усманалиева
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Казак массалык маалымат каражаттарында Касым-Жоомарт Токаев Кытай лидери менен кытайча пикир алышкан видеолорун да жарыялады.

Аракеттеги казак президенти кесиби боюнча дипломат жана китаист экени да белгилүү. МГИМОдо студент кезинде ал кытай тилин окуп, кийин Бээжиндеги тил жана маданият университетинде он ай тажрыйба топтоп келгени да айтылат.

1989-жылы ССРдин акыркы лидери Михаил Горбачевдун Кытайга болгон сапарында котормочулук кылган.

“СССР менен Кытайдын конфронтациясы ондогон жылдар бою жүрүп, ал кезде ар бир которулган сөздөн элдешүү болобу же жокпу көз каранды эле. Ал жолугушуудан кийин ымала келишкен, демек Токаев ал тапшырманы жакшы аткарган”, - деп россиялык кесиптеши Евгений Бажанов буга чейин Sputnik басылмасына эскергени бар.

Соңку жолу Токаев быйыл февралда эле Бээжинде болуп, кышкы олимпиада оюндарына катышып келген. Бул Казакстандагы январдагы кандуу окуялардан кийин болду. Балким, Токаев ал сапарында Кытай лидерин Казакстанга чакырган болушу да мүмкүн. Андан кийин тез эле Украинада согуш башталып, Казакстандагы жарандык коом бул согушта Украина тарапты колдоп келгени белгилүү.

Себеби, буга чейин Россиянын бийик бийлик сересиндеги кээ бир жетекчилер Казакстандын айрым аймактары кезинде орус жери болгону тууралуу чагымчыл билдирүүлөрдү жасап, буга казак өкмөтү нааразылык нотасын да жолдоп келгени белгилүү.

Бирок казакстандык айрым талдоочулар Казакстан тышкы саясатта кандай болгон күндө да балансты кармап, орус таасиринен качып, бирок суу, энергетика маселесинде өз кызыкчылыгы бар Кытайдын капканына түшпөшү керек дешет.