Кытай керемети. Компартия менен Синин дүйнөнү багынтуу планы

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Алексей Калмыков, Дэвид Браун
- Role, Би-Би-Си
Жекшембиде Кытайдын башкаруучу саясий партиясы - Кытай Коммунисттик партиясынын кезектеги курултайы ишин баштады. Бул курултай 1970-жылдардагы кубаттуу Мао Цзэдундун доорунан берки замандагы эң кубаттуу делген кийинки кытай лидери Си Цзинпинге үчүнчү жолку беш жылдык мөөнөттүк башкаруу укугун сунуштайт деп күтүлүүдө.
Компартиянын курултайын Си эки саатка созулган сөзү менен ачты (өткөн курултайда анын сөзү бир жарым саатка созулган). Ал мурдакы жолдон эч жакка бурулбай турганын билдирди.
Си он жыл мурун бийликке келгенде, Кытай планетадагы эң динамикалуу өнүгүп жаткан өлкө эле. 2010-жылы ал Жапонияны кууп өтүп, дүйнөнүн экинчи экономикасы болуп калган. Ал эми 2008-жылдагы дүйнөлүк финансылык кризис менен ковид пандемиясынын ортосундагы он эки жылда улуттук байлык эки эсе көбөйгөн. Жан башына алганда Россия менен башка чоң өлкөлөрдү басып өткөн.
Кытайда коммунисттик өнүгүү жолуна тоскоол болгон бир нече кризис болуп жатат. Анын баары он жыл мурда бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колуна алган Си Цзинпиндин убагында башталды.
Бирок Си баары план боюнча баратканына ишенет. Ал көйгөйлөрдү чечип, Кытайды экономикалык жана аскердик жагынан мурдагыдан да кубатуу өлкө кылып өнүктүрүүгө чечкиндүү болуп турат.
Эң ири кызмат ордуна карата эки мөөнөттүк чектөө 2018-жылы алынып салынгандан кийин кабыл алынаары күтүлүп жаткан бул партиялык чечим Си Цзинпиндин Кытайдагы авторитардык бийлигин ого бетер күчөтөөрү ажеп эмес.
69 жаштагы Си Цзинпин мырза өмүрүнүн аягына чейин бийликте калышы деле ыктымалдан алыс эмес.
Си Цзинпин учурда эң жогорку үч кызматта отурат

- Ал ККПнын Башкы катчысы катары Кытай Компартиясынын башчысы.
- Президент катары ал Кытайдын мамлекет башчысы.
- Кытайдын Борбордук Аскердик комиссиясынын төрагасы катары ал өлкөнүн куралдуу күчтөрүн жетектейт.
Ал ошондой эле Көсөм же Жогорку жолбашчы деп бааланат.

Курултайда эмне окуя күтүлөт?
2300дөй делегат Бээжинжин Тяньаньмен аянтындагы Элдик жыйындар залында бир аптадай чогулат.
Алардын 200гө жакыны Компартиянын Борбордук комитетинин мүчөлүгүнө кабыл алынуу үчүн тандалышат, андан тышкары 170ке жакын делегат мүчөлүккө талапкер болуп калышат.
ККП Борбордук комитети партиянын Саясий бюросунун курамына 25 кишини шайлайт.
Ал эми Саясий бюро өз кезегинде Саясий бюронун Туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүн дайындайт.
Булар - каймактардын нагыз каймагы.
Учурда Компартиянын Башкы катчысы Си Цзинпинди кошкондо Саясий бюронун Туруктуу комиссиясынын жети мүчөсү бар.
Алардын бардыгы - эркектер.

Бардык иш-чаралар тең эле курултайдын өзүндө боло бербейт.
ККП Борбордук комитети курултайдын негизги иши аяктагандан кийинки күнү отурумга чогулат деп күтүлүүдө..
Бул эмне үчүн маанилүү?
Си мырза дүйнөдөгү экинчи чоң экономиканы жана анын эң чоң аскердик күчтөрүн андан ары жетектемекчи.
Айрым талдоочулардын айтымында, ал бийликтеги үчүнчү беш жылдык мөөнөттө Кытайды азыркыдан алда канча кубаттуу болгон авторитардык саясий турумга түртө бериши чындыкка жакындай.
Лондон университетинин Чыгыш жана Африка изилдөөлөр мектебинин (SOAS) профессору Стив Цанг: "Си Цзинпиндин тушунда Кытай тоталитардык багытта жылып бара жатат", - деп билдирди.
"Мао Цзэдундун тушундагы Кытай - тоталитардык системанын мамлекети болгон. Биз ал сереге азырынча жете элекпиз, бирок биз дал ошол багытта бара жатабыз".
Профессор Цанг ККПнын курултайында партиянын жобосуна (уставына) өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экенин, «Си Цзинпиндин ой чабыты» мындан ары партиянын жетектөөчү философиясы катары бекемделе турганын айтат.
"Си Цзинпин ой чабыты" - бул Си мырзанын кытай социализминин бренди, жеке ишкердикке өтө ишенбестик көз караштагы өзгөчөлөнгөн улутчул философия.
Кытай бийликтери Си Цзинпиндин жетекчилиги астында экономиканын бир катар тармактарындагы кубаттуу компанияларга каршы күрөш жүргүзүп, аларды тизгиндешти.
"Эгерде ушул нукта кадамдар жасалчу болсо, анда алар аны (Си Цзинпинди) чыныгы диктатор кылып коюшат", - дейт профессор Цанг.
Кытайдын жогорку жетекчилигинин жаңы курамы алдыдагы курултайда шардана кылынмакчы. Дал ушул жаңы жетекчи топ саясаттын кеңири өңүттөгү багытын аныктамакчы.
Кытайдын келечектеги багыты боюнча кандай гана ишаара жасалбасын, бүткүл дүйнө жүзүнүн коомчулугу ал өзгөрүүлөргө, - өзгөчө алганда, экономикалык, саясий, дипломатиялык жана экологиялык көйгөйлөр боюнча, - өтө кылдаттык менен байкоо жүргүзмөкчү.
Кытайдын экономикалык көйгөйү
Кытайдын экономикасы акыркы он жылдыктарда тездеп өнүгүп келди.
Бирок ал азыр ковиддин айынан киргизилген карантин шарттарынан, баанын өсүшүнөн жана кыймылсыз мүлккө байланыштуу ири кризистен улам олуттуу деңгээлдеги экономикалык үзгүлтүккө учурап жатат.
Украинадагы согуштан улам келип чыккан дүйнөлүк экономикалык рецессия жаатындагы санааркоолордон улам ого бетер күчөгөн кооптонуулар да экономикалык ишенимге доо кетирди.
Си Цзинпин мырзанын жетекчилиги маалындагы экономикалык өсүш мурдагы мамлекет башчылары Цзян Цземин менен Ху Цзинтаонун тушундагыдан алда канча төмөн болууда.
Айрым талдоочулар КЭРдеги коммунисттик өкмөттүн мыйзамдуулугу анын кытай жумушчуларына көбүрөөк киреше тартуулоо жана жакшы жумуш орундарын камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүнө өзгөчө багыныңкы дешет.

Ошентип, кезектеги беш жылдагы начар экономикалык көрсөткүч Си Цзинпин мырза үчүн олуттуу саясий көйгөйлөрдү жаратышы ыктымалдан алыс эмес.
ККП курултайы негизги экономикалык милдетти аткаруу ролдорунун ээлерин, анын ичинде Борбордук банктын башчысын жана өлкө премьер-министрин ордунан козгоого пайдубал жаратат.
"Ковид - нөл" саясаты
Кытайдын коронавирус пандемиясына карата "ковид - нөл" саясаты - Си Цзинпиндин учурдагы маанилүү саясий нуктарынын бири.
Дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү нормалдуу абалга акырындап кайтып келе баштаган чакта, Кытайдын бийликтери эпидемияны болтурбоо аргасын кылып, катаал обочолонуу тартибин, жапатырмак ковид сынагын уюштуруу, узак карантин ж.б. аракеттерин күчөтүштү.
Кабарларга караганда, өлкөдө 70тен ашык шаарлар, анын ичинде Шэнчжэн жана Чэнду шаарлары, акыркы апталарда толук же жарым-жартылай жабылып, мындан улам он миллиондогон тургундар жабыркап, көп сандаган ишканалар үзгүлтүккө учурап, калайыктын нааразычылыгы катталган.
Си Цзинпин мырза анын ковидге каршы күрөш саясатын "бурмалаган, шектенген же жокко чыгарган ар кандай сөздөргө жана далаалаттарга каршы чечкиндүү күрөшөм" деп убада берди.
ККПнын курултайынын ирегесинде же курултай күндөрү орун алчу коронавирустун жайылуусунун ар кандай учурлары Си Цзинпиндин беделине доо кетириши ажеп эмес.
Айрым серепчилердин айтымында, Компартиянын курултайы коронавирус пандемиясын КЭР жетекчилиги жеңе алды деп шардана кылуу үчүн жана "ковид - нөл" саясаты өтөсүнө чыкты деп, бул саясатты биротоло токтотуу үчүн колдонушу деле ыктымал.
Же болбосо, тескерисинче, Компартия жетекчилиги: "Кытай, - башка өлкөлөрдөн айырмаланып, - экономикага караганда элдин жашоосун алда канча жогору баалайт", - деп өз жүйөөсүн айтышы жана анын негизинде "ковид - нөл" саясатын уланта бериши да күтүлөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тайван жана Батыш
Си Цзинпин мырза, ошондой эле, Батыш менен, - айрыкча Тайванга байланыштуу мамиледе, - катаал турумду жактырып келди.
2022-жылы август айында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикеринин Тайванга жасаган сапары Кытайды аралдын айланасында аскердик машыгууларды, анын ичинде түз ракеталык атууларды баштоого шыкактап-түрттү.
Кытай Тайванды жикчил аймак катары көрөт, ал акыры Бээжиндин көзөмөлүндө болот, деп санайт. Тайван бийлиги болсо өзүн материктеги Кытай мамлекетинен обочо кармап келет.
Си Цзинпин мырза Тайван менен "кайра биригүү" милдети Кытай Элдик Республикасынын 100 жылдыгына карата, б.а. 2049-жылга чейин "аткарылышы керек" деп баса айтты жана ушул мүдөөгө жетүү үчүн КЭРдин күч колдонуу мүмкүндүгүн жокко чыгарган жок.
Коопсуздук боюнча адистердин айтымында, Кытайдын Тайванды басып алуусу АКШнын Тынч океандын батышындагы жана андан сырткаркы чөлкөмдөрдөгү таасирин ойрондошу ажеп эмес.
Тайван, демек, Батыш үчүн абдан чоң стратегиялык мааниге ээ. Бул өз алдынча мамлекеттин аймагы "биринчи саптагы арал чынжыры"делген виртуалдык чынжырдын бир бөлүгү. Бул чынжыр бир нече ондогон жылдар бою АКШ менен шериктеш болуп келген аралдуу аймактарды өзүнө камтыйт.

Additional reporting by Wanyuan Song












