Кытай компартиясынын ХХ съезди чоң маселелердин чордону

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Алмаз Кулматов
- Role, аналитик, Бишкек
Кытай коммунисттик партиясынын ХХ съезди 16-октябрда өтөт. Даярдык катуу. Бардык 2296 делегат шайланды. Ички жана тышкы саясатта, экономикада жана социалдык маселелер боюнча чечимдер, кадрдык өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Кытай коммунисттик партиясынын борбордук комитети кызматкерлерди башкаруу жана алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө системасын жакшыртуу тууралуу токтом кабыл алды. Ушул съезддин алдында Кытайда паракорлук менен коррупцияга күрөш өнөктүгү катуу жүрүп жатат деген тезисти бекемдөө максатында бир топ аткаминерлер камалды, жазага тартылды. Албетте, бийликтин жогорку кызматтагыларды камоо кампаниясын дымактуу атаандаштардан арылуунун эзелки ыкмасы катары баалагандар да бар.
Партиялык курултайда дүйнөдөгү окуяларга, процесстерге баа берилет, келектеги өнүгүү курсу, тышкы саясаттагы багыттар жарыяланат. Ага удаа съездин чечими менен директивалар, тапшырмалар белгиленет.
Эл аралык маселелер
Юбилейлик курултай дүйнөдө кырдаал өтө курчуп турган кезге туш келди. 1949-жылы Кытай компартиясы түзүлүп, биринчи курултайын өткөрчүсүндө азыркы таасирдүү мамлекеттер, маселен Индия, Пакистан, Израил сыяктуу мамлекеттер жаңы эле эгемендүүлүккө жетишип, бир топ мамлекеттер жок болчу. Социалисттик лагерь түзүлүп, аймагы кеңейип бараткан. Эми ал социалисттик шериктештик келбесине кетти. Килейген СССР эбак кыйраган. Дүйнөнүн саясий картасы, геосаясий ландшафт, Кытайды курчаган чөйрөнүн мүнөзү өзгөрдү. Орусия бир тарап, Европа менен АКШ бир тарап, Украин жеринде кыл чайнап, кармашып турат. Орусиянын азыноолак сателлиттери жана анын орбитасынан чыга албай чайналган бир даары кай жагына тартышты билбей башы катып, оңго барса аты, солго барса өзү кыйнала турган айрылыш жолдо турган кези. Африка менен Азия өз арбайын согуп, ички проблемалардан башы чыкпай келүүдө. Глобалдык жана регионалдык уюмдар азыр башкача. Эскилери миссиясын аткарууга чамасы келбей (мисалы БУУ), Кытай кирген бирикмелер же ага жакын мамлекеттердин уюмдары күчкө кире албай, ал тургай түзүлө элек жатып дискредитацияланып (Евразия экономикалык бирлиги, Шанхай кызматташтык уюму, ОДКБ) турган кези.
Кытай өзөктүк куралга ээ. Кытайдын армиясы дүйнөдөгү кубаттуу аскерлердин катарына кирет. Кеп санында эле эмес. Жаңы технологияга негизделген курал-жарактары мол. Кытай менен Американын мамилеси катуу чыңалып турган учур. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Америка менен Кытай өнөктөштүгүн долбоорлоп келген карт дипломат Генри Киссинджерге Бээжин менен Вашингтондун ортосундагы кансыз согуш башталса, жалпы дүйнө катастрофага учурайт, ошондуктан Америка акыл-эсин жыйып, арыдан бери болгону оң деп билдирди. Тайван талашы боюнча эки тарап тең муштум кезеди, Вашингтон Тайванга курал-жарак берем, бул өлкөнүн эркиндиги жана демократия үчүн керек болсо армия жиберем десе, Бээжин биздин ишке кийлигишкен ким болбосун сазайын колуна берем деп опурулду. Кытай АКШга 5000 жылдан бери Кытай бирөө жана ал бөлүнбөс деген принцибин бузгандардын жазасын берем деди. 1992-жылы Сычуан провинциясынын Чэнду шаарында эл аралык конференция Кытайдын кайрадан биригиши талкууланып, 120 мамлекеттин делегациясы "бир эле Кытай бар, Тайван анын ажырагыс бөлүгү" деген макулдашууга келишкен. Ал эми Вашингтон жана анын айрым шеринелештеринин Тайван боюнча кээ бир аракеттери Кытайды камдикидей чочулатат.

Сүрөттүн булагы, AFP/GETTY IMAGES
Америка коомчулукту Кытай менен Орусиянын өзөктүк курал колдонуу ниети бар, жол бербешибиз керек, балким, аларды стратегиялык жана тактикалык ракеталарды колдоно албагыдай абалга алып келүүбүз абзел деп ынандырууда. Ал эми талашка түшкөн Тайван Кытайдын экономикалык абалы начарлоодо, ички проблемаларын чече албай, бизге кол салганы турат, катылса катыгын беребиз, бирок Бээжин биз менен чектелбей, Жапонияга караштуу жерлерге, Чыгыш-Кытай Түштүк-Кытай деңиздериндеги аймактарга дооматын ишке ашырууга белсенүүдө деп калгандарын көкүттү. Кытай лидери Си Цзиньпин улуттук коргонуу жана аскер реформасына арналган конференцияда согушка даярданууга көңүл бөлүү зарыл деп кайрылды аскерлерине.
Айтор, Кытайдын да, АКШ менен анын тарапташтарынын риторикасында согуш темасы жаралды. Орус-украин согушу ого бетер кырдаалды кескин курчутту. Орусияга жарыяланган санкциялар Кытайдын колун бир топ байлады. Кырдаалдан пайдаланып калгысы келгени менен, санкция эмне экенин жакшы билгендиктен тартынып туру. Албетте, Бээжин Орусия үчүн өз кызыкчылыктарын садага чаппайт, таптакыр эле Москваны колдоп да жибербеди, ошол эле учурда орус агрессиясын айыптаганы да жок. Кытай баш дипломаты Ван И Европа кеңешинин башчысы Жозеп Боррелге "Орус-украин жаңжалында биз өз оюнубузду ойнойбуз, отко май чачпайбыз, бирок кол куушуруп тек отурбайбыз. Европанын аракеттери тынчтыкты орнотууга багытталса, андай аракетти колдойбуз" - деген оюн айтты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Айтмакчы, АКШнын тоскоолдугуна карабай Кытай Евробиримдик, айрым Европа мамлекеттери менен стратегиялык кызматташтык тууралуу келишимдерге кол коюуга жетише алды. Москваны да таарынтпайын маанисинде дароо Орусияны Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка жыйын-кеңешмелерде сөзүн угууга чакырып, маселе чечкенде Кремлди добуштан ажыратууга каршы экендигин жарыялады. Сыртка салкын, сыпаа, бейтарап, тигил таарынбасын, булар капа болбосун сымал позицияны билдирүүдө. А ичте не ойлорду багып, кандай камылга көрүп жатканын боолголоого гана болот.
Империялык амбициясы күч болгону менен чамасы азыраак, кен байлыгы эбегейсиз болсо да экономикасы алсызыраак, ички жана тышкы проблемасы арбын, эгер баары чындап киришсе ыдырап кеткидей федеративдик мамлекет болгон Россия менен мамиле Кытайды убайга салууда. АКШнын улам бир мамлекет менен аскерий, саясий, экономикалык союз түзүү аракети (мисалы АКШ, Англия, Австралия бириккен стратегиялык союзу - AUCUS), жердеги жана деңиздеги коңшуларынын мамилеси Кытайды этият болууга, Россиядан кол үзбөөгө мажбурлайт. Орусия тарапка Бээжиндин алдын ала болжогон так планы бар, албетте, окуянын өнүгүшүнө жараша вариант менен кетери бышык. Бул Кытайдын абалкы стратагемасы.
Кытайдын талаштуу маселелери арбын. Тайвандан тышкары Индия экөөнүн ортосундагы чек ара талашы соңку мезгилде чек арачылар ортосунда куралдуу жаңжалга айланууда. Азия-Тынч мухит аймагында кубаттуу мамлекет, алдыңкы экономика болгон Жапония менен мамилесине көлөкө түшүргөн негативдүү тарыхый жагдайлар бар. Кытайдын азыркы мууну Жапон агрессиясын мектептен окуп чоңоюуда, эски бийликтин эмки мураскорлорунун эсинен чыга элек. Жапония жана дагы бир күчтүү коңшусу Түштүк Корея АКШ менен союздаш. Дүйнөдөгү маселелер боюнча пикири бир. Жапония жана Түштүк Корея Вашингтондун Түштүк-Чыгыш Азиядагы тиреги. А өзөктүк курал чыгаргысы келип, улам бир ракетаны бирде Жапониядан, бирде Түштүк Кореядан ашыра учуруп сынап жаткан Түндүк Корея болсо Кытайдын идеологиялык санаалашы. Кытай менен Түндүк Кореянын ортосундагы кытай-корей достук көпүрөсү аркылуу темир жол каттамы кайрадан жанданды. Темир жол демекчи, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан темир жолу менен товарлар ташыла баштады. Кытай товарлары жүктөлгөн вагондор Амур дарыясындагы Хайратан портуна келип, андан Ооганстандык Балх провинциясына 15 күндө жеткириле баштады.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
2008-жылдагы дүйнөлүк кризистен утуш менен чыккан Кытай мамлекеттин экономикалык кубаттуулугун эл аралык аренадагы статусун жогорулатуу, бийик статусту Кытай экономикасынын өнүгүшүнө пайдалануу страттагемсын ишке ашырууга багытталды. Кытай регионалдык держава эмес, глобалдык оюнчу экенин тастыктоо аракетине өттү. Бардык иштерге батыл аралаша баштады. Ага идеологиялык негиздеме да табылды. "Бир алкак-бир жол". Ушул глобалдык долбоор улам бир мамлекетти, аймакты, ал тургай бүтүндөй континенттерди Кытай экономикасынын орбитасына киргизүүгө багытталды. Борбор Азияда Орусиянын экономикалык таасирине караганда Кытайдын ролу барган сайын өсүүдө. Мисалы, Кытайдын бир эле Казакстандагы инвестициясынын жалпы көлөмү 50 млрд долларга жакындады. Ал эми кредиттин көлөмү 50 млрд доллардан ашты. Кытай ар жылы Казакстанга 3-4 млрд доллар өлчөмүндө капиталдык салым кошууда. Ошол эле учурда Орусиянын 20 жыл ичиндеги жалпы инвестициясы 12-13 млрд доллар.
Африка үчүн күрөштө Кытай Америка менен бир кезекте Африканы колонизатору болгон Европадан озуп баратат. Муну фактылар тастыктап турат: 2015-жылы декабрда Африка-Кытай форумунун экинчи саммитинде (FOCAC) Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин Африка континентине 60 млрд доллар өлчөмүндө инвестиция жумшаарын жарыялаган. Бул АКШ салган капиталдык салымдан 4 эсе көп. Кытайдын Африка өлкөлөрү менен соода-сатыгынын көлөмү 500 млрд доллардан ашык, Россияныкы - 100 млрд долларга жакын. Кытай Африкадан жылыга 1,5 млн баррель нефть, металл, айыл чарба азыктарын импорттойт, бул континентке 300 млрд долларлык товар сатат, баалуу кен байлыктарын иштетет, асылташтарына ээлик кылууга умтулат. Кыскасы Кытай бул континентте экономикалык чөйрөдө басымдуулук кылууга аракети күчтүү, бирок айрым өлкөлөрдөгү кол жоолуктай алмашкан режимдердин бири менен да коюн-колтук алышкан ымалага барбайт. Эч кандай жеке мамиле жок, болгону бизнес деген меркантилдик эрежени карманат.
Жакынкы Чыгышка чындап тиш сала элек, араб дүйнөсүнөн чочулап турат. Кытай Жакынкы Чыгыштан, Ирандан арбын нефть жана башка чийки заттарды импорттойт. 2019-жылы Кытайдын мамлекеттик TEDA өнөр жай-финансы ишканасы Сауд Арабиясынын MODON өнөр жай жана технологиялык корпорациясы менен металлургия боюнча келишим түздү. Натыйжада 3,4 млн тонна болот чыгаруучу комбинаттын кубаттуулугу 7 млн тоннага чейин көтөрүлмөкчү болду. Бул Кытайдын болотко болгон муктаждыгын канааттандырууга, болгондо да өзү биргелешип ээлик кылган эң ири ишканадан алууга мүмкүнчүлүк түздү.
Бирок Бээжин Жакынкы Чыгышка терең жана батыл кирише эле. Жакынкы Чыгыштагы маселелерге жооптуулар милдетин аткарууга тийиш, региондогу коопсуздукка ошолор жоопту деген позицияны ар кайсы форумдарда айтып келет. Жаңжалдуу, чырлуу аймактарда Кытай экономикалык гана долбоорлор менен алек. Саясий иштерине жолобойт, бирок кылдат көз салып турат. Режимдерди алмаштырууга деле умтулбайт, эч кимисине милдеткер болгусу келбейт. Кытайдын мусулман аймактарындагы тикирейе тиктегени - динди жамынган экстремисттер. Исламды бурмалап, динди ар кимиси өз ыңгайына жараша куралга айлантып алган саясий күчтөрдүн, динди жамынып, аны аёосуз эксплуатациялаган экстремисттердин таасири арбын, ич ара ынтымагы жок, ичинде түркүн, а тургай бири бирин каапыр эсептеген агымдар көп, бурмаланган, ислам деп аталган, бирок баштапкы исламдан кескин айырмаланган, дин деп өздөрү эсептеген, динге тиешеси жок топтор басымдуулук кылган бу чөлкөмгө Кытай өзүнчө жол салат. Бир тараптуу жол салат. Жакынкы Чыгышка, Персия булуңуна, араб дүйнөсүнө, исламчыл эсептелген чөлкөмгө алардан материалдык байлык кирип, бирок кесепети тие турган идеялар, көз караштар кирбегидей, чөлкөмгө кытай товары агылгыдай жол тандайт. Товар чыгат, идея кирбейт.
Кытайда экономикалык долбоорлор тышкы саясий интервенциялар же чөлкөмдөгү согуштук аракеттердин кесепетинен ишке ашпай калган учурлар арбын. Ошондуктан Дэн Сяопинден Кытайда ички өнүгүү үчүн бери тышкы саясий кырдаалды пайдалануу, айлана-тегеректе жагымдуу шарт түзүү саясаты тышкы саясаттагы негизги постулат. Кытай кызыкчылыктарына шек келтирген көрүнүштөргө кескин жана дароо жооп кайтаруу, ар бир кырдаалды өз пайдасы үчүн колдонуу Бээжиндин XXI кылымдагы дипломатиялык эрежеси. Юбилейлик курултайда Кытай жетекчилиги ушул эреженин алкагында стратегиялык саясаттын маселелерин актуалдаштырат. Жолду белгилейт, чийинди сызат.
Ички маселелер. Коммунизм идеалы

Сүрөттүн булагы, COSTFOTO/BARCROFT MEDIA/GETTY IMAGES
Кытай адам ресурстары боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлеген, экономикалык өнүгүүсү боюнча алдыңкы 20 мамлекеттин, өсүү темпи боюнча алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирген кубаттуу гигант. Адамдын өнүгүү индекси боюнча Кытай негедир алдыңкы 50 мамлекеттин катарына киргизилбеди - соңку жылдары 80 орундан жогорулай элек (Норвегия 1-орунда, эзелки атаандашы АКШ 15-орунда, Орусия 49-орунда). Адам укуктары, эркиндиктер, демократиянын абалы боюнча глобалдык рейтингдердеги орду төмөн экени түшүнүктүү. Бирок саясаты аз, идеологиялык кошулмасы жок таза социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча Кытай чоң секирик жасады. Учурда Кытайдын орточо жараны Европанын жаранына караганда байыраак экени Швейцариянын Credit Suisse банкынын глобалдык жашоо деңгээли тууралуу быйылкы жылдагы отчетунда Кытайда жан башына киреше 26 752 доллар, Европанын алдыңкы деп эсептелген өлкөлөрүндө жан башына киреше 26 690 долларды түзөөрү белгиленген. Ошол эле учурда кытай жаранынын орточо кирешеси АКШнын жараныныкан кыйла төмөн (93 271 доллар), Орусияда бул көрсөткүч 6379 доллар, же 4 эсе аз. Ошентип Кытайда соңку 20 жыл ичинде турмуш деңгээли 8 эсеге өстү, башкача айтканда 3111 доллардан 26 752 долларга көтөрүлдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай кийинки учурда адам укуктарына баа берүүгө Американын монополиясына доо келтирди. Ар жылы ар кайсы мамлекетте адам укугу жана сөз эркиндигин талдаган, сындаган отчетторду жарыяламай болду. Эң талуу маселе - Синцзяндагы уйгур тектүүлөр проблемасы. СУАР адам укугуна тиешелүү гана маселе эмес. Кытайдын территориалдык бүтүндүгүнүн, идеологиялык саламаттыгынын маселеси. Кытай эч качан окуп бүтпөй турган университет. Бирок Кытай башкаларды тирмийе окуйт, кылдат иликтейт, жакшысын алгысы келет, жаманын жууткусу жок. Баарын байкаган Кытай диний экстремизм менен сепаратизм экөө кошулса айласы кетээрин көрдү. Диний экстремисттер гүлдөгөн мамлекеттерди кыйратып, бүтүндү бүлүндүргөнүнө, исламчыл атаган экстремисттер менен тоеррористтик топтор азапка салган проблема, арылбаган түйшүк экенине көзү жетти. Ошондуктан эч нерсеге карабастан, адам укугу деген баалуулукту четке кагып, улутуна карабай бүтүндөй элди кыйноого салып, тарбиялоо лагерлерине топ-тобу менен камап, стерилизация кылып, а тургай тукум курут кылуудан кайра тарткысы жок. СУАРды кеп кылгандардын кубаттууларына атырыла жооп кайтарып, оозангандардын чабалыраактарын опузалап келет. Коңшу түрк тектүү (уйгурларга тектеш, кытайлык кыргыз, казактардын түп мекени) Казакстан, Кыргызстан үн ката элек. Кенедей шыбыш чыкса жалын бүркчүдөй ышкырып туру. Мындан Түркия гана даады. Эски империя дымагынан жана элек, ааламдагы маселелерге аралашууга амбициясы бар Түркия түрк тектүү калкка ыдык көрсөткөн Кытайга каяша айткан жалгыз түрк тектүү өлкө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай компартиясынын баш катчысы Си Цзиньпин съездге утурлай өлкөнүн келечеги тууралуу ойлору менен бөлүштү. "Кытай өзүнө дүйнөлүк ири держава статусун кайтарууга тийиш, экономикалык жактан эң кубаттуу мамлекетке айланат, чыныгы коммунизм өнүгүүнүн идеалы деген тезистерди жарыялады. Кытай социалдык жыргалчылыкка биротоло багыт алды, СССРдин жана башка кыйраган, жаңжалдан башы чыкпаган өлкөлөрдүн терс тажрыйбасын эске алууга, саясий туруктуулукту бекем сактаса гана алдыдагы максаттар ишке ашат. Кытай жетекчилиги ага кудурети жетет. Дүйнөлүк цивилизациянын башаты болгон Кытай улутунун кайра жаралуу доору келди, анын өнүгүшүнө каршы баскынчылардын аракетинен улам бир топ жыл басыгыбыз жайлай түшкөн, эми аларга, ар кандай коркунучтарга каршы турууга жана чакырыктарга татыктуу жооп кайтарууга күч-кубат жетиштүү". Мына ушул тезисттер Кытайдын тышкы жана ички саясаттагы негизги идеологемалары, башкы багыты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Октябрдагы юбилейлик съездде Си Цзиньпин баштаган компартиянын жетектөөчү ролу да бир ирет бекемделет, ички бекем тартип ого бетер чыңдалат, тышта барган сайын арымы катуулап, үнү өктөм чыгат. Съездде бардык маселелер ушул нерселердин тегерегинде болору анык, съездден соң азыр башталган иштер ырааттуу улантылат, айрым маселелер кайра каралат. Бирок генералдык линиясынан кайтпайт. Чексиз кубатка ээ, көп оозанган менен биз жакшы билбеген Кытайдын жетектөөчү партиясынын юбилейлик мааракесине кылдат көз салып, андагы жарыяланган курстарды, айтылган идеяларды, кабыл алынган чечимдерди терең талдоого тийишпиз. Тилин таап, дилин билсек - Кытай биздин стратегиялык өнөктөш, ынак кошуна, өнүгүүгө өбөлгө, эбегейсиз байлык.











