Шанхай Кызматташтык Уюму: абалы жана келечеги

Сүрөттүн булагы, president.kg
2022-жылдын 15-16-сентябрь күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммити өттү. Кыргыз коомунда анын эбак эле бекитилген күн тартиби унутта калып, чек арадагы кандуу конфликттен улам сын, талаш күчөдү.
"Кандай жыйын болбосун ок атылды деген кабар жеткенде дароо ошол маселе каралышы керек болчу дегендер менен катар эле, күн тартибин буза алышмак эмес. Ошого карабай саммитин аянтчасында эки президент жолукту го" деп тартышып жатышат.
Маселенин бул өңүтүнө бир саамдан кийин токтололу. Сөздү уюмдун таржымалынан баштайлы. Дагы бир жагдай саммит дүйнөнүн башкы маселесине айланган Украинадагы согуш болуп жатканда өттү. Ага Кытайдын, орусиянын президенттери катышканы дүйнөнүн назарын ого бетер бурду.
Уюмдун учкай таржымалы
Бүгүнкү күндө ШКУга Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикистан, Пакистан жана Өзбекистан мамлекеттери толук кандуу мүчө. Бир жагынан аталган 8 мамлекеттин географиялык абалы жана элинин саны ШКУнун евразия материгиндеги ири регионалдык уюм катары көрсөтсө, ал эми экинчи жагынан ШКУнун күн тартибинде көптөгөн маселелердин каралышы, ШКУнун эл аралык уюм катары кандай максаттарды көздөп, кандай багыттар менен иштейт деген суроону туудурат, анткени ШКУ аскердик-саясий блок да, экономикалык интеграциялык да уюм болуп эсептелинбейт.
ШКУнун көздөгөн максаттары жана багыттары, ШКУнун өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланышкан. Эске салсак, СССР кулагандан кийин Кытай үчүн мурда такталбай келген чек ара маселелерин Борбор Азияда пайда болгон көз карандысыз жаңы акторлор менен чечүү керек болгон. Натыйжада 1996-жылы Шанхайда Кытай, Россия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан тарабынан "Чек ара аймактарда аскер ишенимин тереңдетүү боюнча макулдашууга" кол коюулуп, “Шанхай бешилтиги” платформасы түзүлгөн. Аталган платформанын алкагында Кытай чек ара маселелерин Борбордук Азия мамлекеттери менен чече алды жана заманбап шарттарга жана чакырыктарга ылайык көп тармактуу кызматташуу зарылчылыгы келип чыккан, натыйжада 2001-жылы Өзбекстандын кошулушу менен Шанхай Кызматташтык Уюму деген ат менен эл аралык уюм катары трансформацияланган, ага жараша иштөө принциптери, структурасы жана максаттары 2002-жылы кабыл алынган Хартияга ылайык өзгөртүлгөн. Ага ылайык, уюмдун негизги багыттары катары коопсуздук, экономикалык жана маданий ишмердүүлүктөр эсептелинет жана өнөктөштүк мамилелерине чоң көңүл бурулат.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Акыркы жолу уюм 2017-жылы Пакистан жана Индиянын кошулушу менен чоңойгон. Анда бири-бири менен конфронтациялык мамиледе болгон Пакистан менен Индия бир уюмдун алкагында кандай иш алып барат жана өзөктүк куралы бар төрт державанын бир уюмда болуп, эл аралык саясатка кандай таасир тийгизишет деген суроолорду туудурган. Бирок, ШКУнун принциптерине ылайык ШКУга мүчө-мамлекеттер биргелешип ядердик арсеналдарын колдонушпайт. Ал эми Пакистан жана Индия үчүн чек ара маселелерин чечүүдө, регионалдык кызматташууда жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жакшы платформа болуп саналат. Натыйжада, бүгүнкү күндө Индия Пакистан мамилелеринде жылыштар бар. 2021-жылы ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы белгиленип, 2025-жылга чейинки өнүгүү декларациясы кабыл алынган.
Чыгыштын жылдызы жанабы?
Самарканд саммити уюмга мүчө-мамлекеттер үчүн маанилүү. Себеби, саммит дүйнөдө болуп жаткан гесоясий тирештердин фонунда өттү. Бул жагынан уюмда локомотив катары сыпатталган Кытай жана Россия үчүн да өтө маанилүү. Бир жагынан, санкциялардын алдында калган Россия үчүн экономикалык абалын жакшыртып, энергетикалык жана башка саясатын толугу менен Чыгыш векторуна буруп, ШКУ мамлекеттери менен кызматташуусун бекемдөөсү керек. Ал эми экинчи жагынан, Кытай үчүн да пандемияда учурунда басаңдап калган “Бир алкак-Бир жол” стратегиялык долбоорун ишке ашырууда, ошондой эле акыркы убакта курчуп жаткан Тайвань маселесинде ШКУга мүчө-мамлекеттерден чоң колдоого муктаж. Мындай абал эл аралык аренда ШКУнун потенциалы чоң экендигин далилдейт. ШКУ Кытай менен Россияны бир уюмдун алкагында камтып, мүчө мамлекеттердин саясий максаттары бирдей болсо, эл аралык аренада көп полярдуу дүйнөнү түзүүчү потенциалы бар.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Анын үстүндө кезектеги Самарканд саммитинде Ирандын уюмга толук кандуу мүчө-болуп кирүүсү тууралуу меморандумуна кол коюлду, ага ылайык Иран уюмга 2023-жылдан тарта толук кандуу мүчө болот. Ошондой эле Белорусь мамлекетинин уюмга кирүү тууралуу процедурасы старт алды. Иран Ислам Республикасы Блокторго кошулбоо кыймылына мүчө, ШКУга кирген мамлекеттер менен көбүнчө эки тараптуу кызматташтык жүргүзүп келген, ошондой эле Иран АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү менен көп жылдар бою ядердик маселелердин айынан конфронтациялык абалда келе жатат. Ирандын ШКУга кирүүсү расмий жана расмий эмес 5 ядердик державаны өзүнө камтып, ШКУнун өнүгүү тарыхында жаңы этапты баштаганы менен, эл аралык аренада кандай өзгөрүүлөр болот деген суроону жаратат. Ирандын толук кандуу кошулушу мүчө-мамлекеттер үчүн жаңы рынокту ачат, ал эми Иран үчүн эл аралык изоляциядан чыгуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой болсо да жакынкы келечекте Ирандын кошулуусу менен уюмда чоң өзгөрүүлөр болбойт. Анткени уюмдун чечимдери көбүнчө декларативдүү мүнөздүү камтыйт. Ал эми, Украина маселесинин алкагында Россия үчүн ШКУнун кеңейиши геосаясий упай жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берсе, уюмдун алкагында кол коюлган “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун келишими Россия үчүн башка саясий реалдуулукту жаратты.
Бүгүнкү күндө, уюмга мүчө мамлекеттердин көйгөйлүү маселелери көп, алардын саясий көз караштары жана мамлекеттик түзүлүштөрү ар кандай, чөлкөмдөгү коопсуздук маселелери да туруктуу эмес, ага афган фактору да таасир этпей койбойт.
Баса белгилеп кетчү жагдай, чек ара маселелеринде Борбордук Азия мамлекеттери “Шанхай бешилтиги” платформасынын максаттарын толук кандуу пайдалана алган жок. Уюм трансформациялангандан кийин чек ара маселелери эки тараптуу гана каралып келүүдө. Бүгүнкү күндө, Борбордук Азиянын айрым мамлекеттери чек ара маселелеринде компромисске келип маселени чечип жатса, айрым мамлекеттердин ортосунда чек ара маселесинин чечилбей келиши чыр-чатактар менен коштолууда. Мисалы, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын толук делимитация жана демаркацияланбашы, байма-бай чыр-чатактарга алып келүүдө. Ушул күндөрү Кыргызстан жана Тажикстанды ортосунда масштабдуу катталышы, ШКУнун 20 жылдан ашык көздөп келген аймакта тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо жана чыңдоо, көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүү өңдүү уюмдун максаттары ишке ашып жатабы деген суроону коет.
Шанхай уюмунун шаштысын кетирген кандуу конфликт...

Сүрөттүн булагы, president.kg
ШКУнун кезектеги саммити Саммаркандда өтүп жаткан учурда дүрт эткен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу, кандуу жаңжал катардагы кишиден тарта эксперттердин да көңүлүн бурду. Кыргыз расмийлери билдиргендей, Тажикстандын алдын ала пландалган кол салуусу мурдагыларга салыштырмалуу кыйла масштабдуу жана куралдуу өткөндүктөн, ал талкуу дагы деле басаңдай элек. Чек ара жаңжалдарын чечүүгө уюмдун салымы болор болбосу, жобосунда ал каралган же каралбаганы боюнча миң түркүн пикир, көз караштар айтылды. Аларды жалпылап таразалай келгенде бири-бирине карама-каршы келген учурлары көп экендиги ырас. Бир жагынан, уюмдун мамлекеттин үстүнөн чыгаруучу ыйгарым укуктарынын жоктугунан улам (наднациональные полномочия) кийлигишпеси керек десе, экинчи жагынан бир уюмда болгондон кийин ШКУ, ЖККУ сыяктуу уюмдардын конфликттерди чечүү механизмдери болушу керек дегендер да бар.
Андан да көп суроо туудурганы эмне үчүн дал ушул саммит өтүп жатканда, эки президент бир жыйында жүргөндө башталды деген суроого түрдүү божомолдор бар. Ал кокусунан эле убактысы жагынан дал келүү дегендер менен, катар коңшу өлкөнүн бийлигине баш ийбеген күмөндүү топтордун таасири, ал тургай дүйнөлүк ири геосаясий оюнчуларга чейин тамрылаш деген жүйөлөр да чыкты. Анализдеп карап көрсөк уюмда чек ара чатагы чечилбеген Кыргызстан менен эле Тажикстан эмес, андан да курч мүнөздө чек ара конфликттерин баштан кечирген Индия менен Пакистан да бар. Кандай болгон күндө дагы, чек ара маселелерин улуттук кызыкчылыктардын негизинде, саясий-дипломатиялык жолдор менен тез арада чечүү керек, антпесе масштабдуу чыр-чатактар келечекте дагы чыгып турушу мүмкүн. Эң негизгиси эки өлкөнүн чек араны чечүү боюнча саясий эрки болуусу керек.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы акыркы инцидент Борбордук Азиядагы жалпы коопсуздук маселесин козгоп, дүйнөдөгү мамлекеттердин, БУУнун баш катчысынын да көзөмөлүндө болду. Мындай учурда, бийлик өкүлдөрүнүң эл аралык аренага такталган жана туура маалыматты өз убагында берип туруусу зарыл.
Ал эми акыркы окуяда тышкы экстремисттик күчтөрдүн тийешеси бар болсо, ШКУнун платформасында, мындай абалдарды алдын алуучу механизмдерди өздөштүрүү керек. Жыйынтыгында, ШКУ коопсуздук маселелеринде эффективдүү жыйынтык көрсөтө албаганы менен, уюмдун потенциалы көп тармактуу башка багыттарда кызматташууда жакшы платформа болуп кала бермекчи. Кыргызстан уюмда өз ишмердүүлүгүн уланта берүүсү абзел. Айрыкча, экономика тармактарында биргелешип кызматташуу жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу артыкчылыктуу багыттар болуп калмакчы. ШКУнун транзиттик, транспорттук потенциалы да абдан чоң. Кытайдын “Бир алкак-Бир жол” долбоорунда каралган транспорттук жана логистикалык долбоорлор Борбор Азия мамлекеттеринин экономикасынын өнүгүүсү үчүн жакшы шарттарды камтыйт.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мисалга айтсак, кыргыз тарап “Кытый-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун” курулушунан келечекте өлкөнүн темир жол паркын өнүктүрүүдө жакшы пайда көрмөк. Ошондой эле үч мамлекеттин европа рыногуна экспорт маселесинде Казаксан, Россиядан тышкаркы маанилүү транспорттук жолу болуп калмакчы. Ал бүгүнкү Россиянын тегерегиндеги гесаясий абалдарды эске алсак, эң туура чечим болуп эсептелинет. Кыргызстан ШКУнун алкагында ошондой эле “CASA-1000” эл аралык энергетикалык долбоорунун бүтүшүнө жана энергетикасын экспорттого кызыктар. ШКУ мамлекеттери Кыргызстандын деңизге чыгуусуна да жакшы платформа болуп берет. Андан сырткары, расмий Бишкек акыркы жылдары ШКУнун финансы механизмдеринин түзүлүшүнө, анын ичинде Өнүктүрүү банкын түзүп, ишке киргизүүнү сунуштап келет.

Сүрөттүн булагы, Сыймык Эдилбек уулу
Жалпылап айтканда, уюмдун аскердик жана саясий биригүү потенциалы азырынча жетишсиз, бирок соода-экономикалык перспективасы бар экендигин баса белгилөө керек. Бирок, уюмда мүчө болгон дүйнөлүк, регионалдык державалар жана кичи мамлекеттердин дүйнөлүк аренада болуп жаткан окуяларга байланыштуу ар дайым эле көз карашы бирдей боло бербестигин баса белгилеп кетүү керек.
Сыймык Эдилбек уулу. Эл аралык мамилелер боюнча адис
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт











