Путин менен Си Цзиньпин Самарканддагы саммитте эмнени сүйлөшөт?

Russian President Vladimir Putin and his Chinese counterpart Xi Jinping enter a hall for the talks at the Kremlin in Moscow on June 5, 2019.

Сүрөттүн булагы, AFP

    • Author, Би-Би-Си мониторинг
    • Role, Анализ

Өзбекстандын Самарканд шаарындагы ШКУнун саммитинде Россия менен Кытайдын президенттери Украинада согуш башталгандан бери биринчи ирет жолугушууда. Индия, Пакистан, Түркия жана Ирандын дагы лидерлери саммитке келди. Бирок Кремль Кытайдын лидери менен жолугушууну "өзгөчө маанилүү" деп баса белгиледи.

Акыркы жолу эки лидер Пекинде Олимпиада оюндарынын убагында февралда жолугушуп, биргелешкен билдирүү жасап, эки өлкөнүн ортосундагы достуктун "чеги жок" деп айтышкан. Андан бир нече күндөн кийин эле Россия Украинага басып кирди. Би-Би-Си байкоо салып, Москва бул жолугушуудан эмне күтүп жатканын, Пекиндин оюнда эмне бар экенин иликтөөдө.

Президент Путин үчүн Пекин менен тыгыз байланыш анын жаңы "көп полярдуу дүйнө" деген көз карашынын маанилүү бөлүгү болуп саналат, бул Кытай менен Россия бириксе Батыштын бүт дүйнөдөгү таасирин өчүрүп коет деген саясат.

Бул саясат анын башкаруусунун өзөгү болуп көп жылдан бери келатат, бирок Кремль үчүн азыр өзгөчө болуп турат.

Путин Украинага басып киргенден кийин Батыш аны жек көрүп, чоң жыйындарга чакырбай, бөлө баштады, ошондуктан ал Си Цзинпинь сыяктуу дүйнөлүк таасирлүү лидерлер менен жолугушуудан көрүнгүсү келет.

Бирок кытай лидери менен жолугушуунун орус лидери үчүн сырткы көрүнүштөн да башка маанилүү жагы көп.

A police officer guards the Registan square in downtown Samarkand on September 13, 2022.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кремль батыш дүйнөсүнө атаандаш катары көрүп жаткан ШКУ өзбектердин байыркы тарыхы бай Самарканд шаарында өтүүдө

Ырас, Путинге кытайдын инвестициясы, технологиясы жана эки тараптуу сооданы өнүктүрүү маанилүү, Украинада согуш башталгандан бери Россия мурда болуп көрбөгөндөй эл аралык санкциялардын кысымында калды. Батыш компаниялар жапырт Россияны таштап кеткенден кийин Путин алардын ордуна кытай фирмалары келишин каалайт.

Батыш Россиянын мунайы менен газына жалдырабай, аны керектөөнү азайтып жаткандыктан, Москва бул байлыгын чыгышка, Кытайга сатууга умтулууда.

Ошондой эле Москвага Украинадагы аскердик өнөктүгүн өчүрүп албаш үчүн курал-жарактан жардам керек. Бирок Кытай Россияны колдоп сүйлөп жаткан менен бул майданда Россияга жардам берүүдөн этият болуп турат. Ошол эле учурда Кытай менен тыгыз байланыш кармоонун орус лидери үчүн ойлонтчу жагы да бар. Бул эки өлкөлөр өздөрү геосаясий атаандаш бойдон калууда, ансыз деле өлкөнүн ичинде чыгыштагы көп аймакты кытай таасирине алдырып койду деп Путинди айыпташууда.

Presentational grey line
Belarussian President Alexander Lukashenko, Russian President Vladimir Putin, Chinese President Xi Jinping, Iranian President Hassan Rouhani enter the hall during the SCO Summit on June 14, 2019 in Bishkek, Kyrgyzstan

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ШКУнун 2019-жылы Бишкекте болгон саммитине Путин менен Цзиньпинден сырткары Беларус менен Ирандын лидерлери да келишкен.

Си Цзинпин Өзбекстанга келерден мурун Казакстанда расмий сапар менен болду. Бул анын 2022-жылы болгон пандемиядан бери сыртка жасаган биринчи сапары.

Бул Кытай компартиясынын 20-съездинин алдында болуп жатат, 16-октябрда өтө турган маанилүү партиялык жыйында Синин үчүнчү мөөнөткө кайрадан шайланышы күтүлүүдө.

Ошол эле убакта Кытайдын мамлекеттик ЖМКлары Си Цзинпиндин Путин менен болгон жолугушуусу жөнүндө жарытылуу деле жазышкан жок, ал эми Тайвань менен Гонконгдун медиасы Синин самммитке катышуусун анын партия менен дүйнөнү көзөмөлдөп жатканын көрсөтүү үчүн маанилүү деп жатат.

Тайвандын маалымат агенттиги айрым бир "татаалдык" бар экенин белгилейт, анткени расмий сапар Украинанын армиясы контр чабуулга өтүп, орус аскери мурда басып алган көп аймактан чегинүүгө аргасыз болгон соңку окуяларга туш келди.

Кытайдын жогорку кызматтагы дипломаты Ян Цзечи жакында кызматтан кетип жаткан Россиянын элчис Андрей Денисов менен жолугушууда Пекин Москва менен бирге деп билдирди, ал эми Кытайдын коммунисттик партиясынын үчүнчү рангдагы өкүлү Ли Чжаньшу сентябрдын башында Россияга иш сапар менен барып кетти. Ян дагы, Ли дагы Кытай менен Россиянын алака-катышы өнүгүп, "жаңы деңгээлге" чыгат деп жатышат.

Бирок Пекин Украинадагы согушка келгенде "бейтарап позицияда" болуп турат. Батыштын кысымына каршы туруш үчүн, албетте, ага Москванын колдоосу керек, бирок Путинге өтө жакын да көрүнгүсү келбейт.

Украинадагы согуш курчуган мүнөзгө өтүп, ондогон орус шаарларында Путиндин отставкасын талап кылган билдирүүлөр болуп жатканда, анын Си менен жолугушуусуна тыкыр көз салышууда.

Си Цзиньпин орус лидеринен алысыраак болууга умтулабы же Путин куласа, өзү андан жаман изоляцияда калбаш үчүн азыркы кыйын кырдаалда орус лидерине колун сунабы?