Кытайдын “ковид – нөл” саясаты Си Цзинпиндин кайра шайлануу шаанисин кантип кетирип жатат?

Си Цзиньпин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ожидается, что Си Цзиньпин будет переизбран на рекордный третий срок

Кытай Эл Республикасындагы учурдагы мүдөөнүн тал чокусу - өлкөнү Кытай Коммунисттик партиясынын XX курултайына телегейи тегиз кылып жеткирүүдө болуп саналат. Дал ушул курултайда төрага Си Цзинпин рекорд жасап, өз жогорку кызмат ордуна үчүнчү мөөнөткө шайланмакчы да, мартабасынын маанилүүлүгү жана таасири жаатында ал маркум Мао Цзэдунга дээрлик жакындап барышы күтүлөт.

Бул чоң окуянын ирегесинде бийликтер ковид эпидемиясынын жер-жерлердеги очокторун болтурбоо үчүн жан үрөп күрөшүп жатышат, бирок бул шумдуктай вирус Компартиянын токтомуна деги эле баш ийгиси келбеген жандими экен.

"Нөл-ковид"

Башка өлкөлөр эмдөөгө жана вирус менен эриш-аркак жашоону үйрөнүүгө ишеним артышкан чакта, Кытай ар бир эпидемиянын очогун жок кылуу, карантин жарыялоо жана катаал чектөөлөрдү киргизүү чыйырын тандап алды.

Өлкөдө ковидге карата нөлдүк даражадагы сабырдуулук саясаты жүргүзүлүүдө. Мындай саясаттын тушунда бирин-экин эле киши бул илдетке чалдыкса, бүтүндөй шаарлар карантинге кабылышат. Бул катаал турум өлкөдө "ковид - нөл" деп аталат.

Акыркы апталарда Кытайдын 60 шаарында он миллиондогон кишилер кайрадан үйлөрүнө камалып калды. Ал эми дүйшөмбү күнү (10.10.2022) өлкөдө коронавирус жуктуруунун жаңы 949 учуру катталды.

Саякатка чыгууга катуу чектөөлөр, жапатырмак тест жасатуу, бардык жерлерде кишилерди QR кодго (англисче "Quick Response Code" - эки өлчөмдүү штрих-код болуп саналган "ыкчам аракет коду") ылайык өткөрүү эрежеси киргизилди. Мунун бардыгы ооруканалардын түйшүгүн азайтты.

Бирок мындай эрежени жүзөгө ашыруу чыгымын өлкө экономикасы менен тургундар төлөйт. Азыркы тапта жаштар арасындагы жумушсуздуктун расмий көрсөткүчү 18,7% түзөт, бирок быйыл ал 20% чейин көтөрүлгөн кезеңдер болду.

Эмдөө жагы кандай?

Кытай жетекчилиги чектөө чараларынын так сакталышын ушунчалык ынтаа менен көзөмөлдөгөнүнө карабастан, эмдөө жаатына анчейин жигердүү мамиле жасабай келет.

Калайык арасында эмдөө зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери дээрлик жүргүзүлбөйт, эч ким кишилерди эмдөөгө чакырбайт. Андан тышкары, жергиликтүү эмдөө заттары (вакциналар) гана эмдөөгө уруксат алышкан, бирок, изилдөөлөр көрсөткөндөй, алар эл аралык таанылган белгилүү чет өлкөлүк дарылардай натыйжалуу эмес экендиги деле айкын.

Ляң Ванняң, өкмөттүн "Ковид-19" адистик тобунун башчысы жана учурдагы коронавируска карата нөлдүк сабырдуулук саясатынын архитектору: "Биз жакын арада вирусту эч качан жок кыла албайбыз. Биз натыйжалуураак дарыларды жана алда канча таасирдүү вакциналарды күтүп жатабыз", - деп билдирди.

Ал Кытайдагы ата мекендик вакциналар ковид инфекциясы менен күрөшүүдө күтүлгөндөй натыйжа бере албагандыгын мойнуна алат, бирок, жок эле дегенде, алар олуттуу оорулардын жана өлүмдүн алдын алууда, деп ырастайт.

Профессор Лян Ваннянь

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Профессор Ляң Ванняң эмдөөнүн пайдасы тууралуу калайыкка көбүрөөк түшүндүрүү керек деп эсептейт.

Кытайлык адистер эмдөөнүн негизги көйгөйү - вакцинага ишенбөөчүлүк деп эсептешет. Ал тургай кээ бир кытайлык дарыгерлер өз бейтаптарына ковидге каршы эмдөөдөн баш тартууга кеңеш берген учурлар да жок эмес.

"Көптөгөн улгайган кишилерде негизги кеселге кошоктолчу оорулар бар. Алар эмдөө өздөрү үчүн кооптуу деп санашат. Бирок, чындыгында, эмдөө - коопсуз. Биз бул ойду калайыкка жеткирүүбүз керек ", - дейт профессор Ляң.

Бирок КЭРдин өкмөтү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү артыкчылыктуу өнөктүк деп эсептебейт.

Карантиндеги турмуш

Жакынкы күндөрү Шинжаң-Уйгур автоном районунда (ШУАР) темир жол каттамдары кайрадан токтотулуп, бул чөлкөмдүн көптөгөн аймактарына, анын ичинде чөлкөм борбору Үрүмчүгө кирүүгө тыюу салынды. Жергиликтүү расмий бийликтер чөлкөмдө коронавирустун жайылышын токтото албагандыгын мойнуна алышкан.

Тосулган аймактардын тургундары азык-түлүк жана эң керектүү товарлардын таңкыстыгына өтө нааразы.

массовое тестирование

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, КЭРдеги шаарларда ковидге каршы сынактар жапатырмак жүргүзүлүүдө.

"Мына, 15 күндүн жүзү болду, бизде ун, күрүч, жумуртка түгөнүп калды. Бир нече күн мурда бала-чакабыздын сүтү түгөнүп калган болчу", - дейт ШУАРдын батышындагы аймактын бир тургуну.

КЭРдин түштүк-батышыраак тарабындагы тоолуу Гуйчжоу аймагынын борбору Гуйян шаарында бийликтер тургундарга даярданууга эч убакыт бербестен, эч кандай эскертүүсүз карантин жарыялады.

Кытайдагы "Weibo" интернеттик коомдук тармагынын колдонуучуларынын бири: "Сиз интернетте онлайн товар сатып ала албайсыз, анткени товарды жеткирип тейлөө кызматы жок. Ал эми ири азык-түлүк дүкөндөр (супермаркеттер) жабык. Өкмөт бизге жапайы айбандардай эле мамиле кылат. Же жогору жактагылар биздин жөн эле кырылып калышыбызды каалап жатышабы?" - деп ачык суроо салды.

Катаал карантинге алынган эң чоң шаар - Сычуань аймагынын борбору Чэнду шаары болуп саналат. Мында 21 миллион тургунга шаардан чыгууга тыюу салынган. Бул шаарда дүкөндөн эң керектүү буюмдарды сатып алуу үчүн сизге covid үчүн терс тесттин күбөлүгүн алдын ала камдооңузга туура келет.

2022-жылы 5-сентябрда бул аймакта 6,8 даражага жеткендей ири жер титирөө болуп, 70 киши набыт кетти. Дал ошол кырдаалда Чэнду шаарынын тургундары азаптуу тандоого дуушар болушкан: алар карантинди сакташы керек же болбосо өзү турган имараттан качуусу керек болду. Бирок бийликтин күч органдары алардын көбү үчүн тандоо жасашты да, көп кабаттуу үйлөрдөн сыртка чыгуучу жолдорду жаап салышты.

Рабочий дезинфицирует улицу Сианя

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын негизги туристтик шаарларынын бири - Сиань шаарында жумушчу көчөнү дезинфекциялоодо. Бул шаар да быйыл карантинге алынган кезең болду.

КЭРдеги бийликтин саясаты ар кандай жапатырмак чектөөлөргө алып келип, мунун айынан калктын жашоосу кыйла оордоду, өлкөдө жумушсуздук күчөдү.

Майрамдан кийин

Кээ бир батыш компаниялары өз өндүрүшүн Кытайдан Вьетнам сыяктуу өлкөлөргө чыгара башташты, анткени Кытайда ковидге байланыштуу күтүүсүз жарыяланып жаткан карантинден улам өндүрүш каалаган убакта капысынан токтотулушу мүмкүн.

Ушул тапта Apple, Samsung, LG Electronics жана Microsoft сыяктуу алдыңкы технологиялык гиганттардын Вьетнамда жайгашкан ири ишканаларында миңдеген жумушчулар эмгектенет.

"Код здоровья" в Китае

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдагы «Ден соолук коду»: эгер көрсөткүч түсү кызыл болуп кетсе, анда киши өз ордунан эч жылбай турууга милдеттүү.

Кытайда "Ковид - нөл" саясаты менен бирге туризм тармагы да нөлгө түштү. Чет өлкөлүк туристтер Кытайга келе албай жатышат, ал эми ички туризм карантиндик тоскоолдуктардан улам кескин кыскарды.

Сиз саякаттап келген шаарда ковид оорусунун учурлары табылса, анда бул шаар дароо эле капысынан жабылып калышы мүмкүн. Эгерде мындай шаардан чыгып кетүү мүмкүндүгү жабылбаса дагы, өзүңүздүн шаарыңыздын бийликтери сизди вирус жуккан аймакта болду деп санаса, анда бийликтер өз шаарыңызга кайра кирүүгө Сизге уруксат бербейт.

тест на ковид

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эгерде эртең бардык чектөөлөр алынып салынса, анда ковид илдети жалбырттаган өрт сыяктуу тез эле жайылып кетет деп жергиликтүү илимпоздор кооптонушат.

Азыркы тапка чейин Кытай бийликтери өлкөдөгү Компартиянын XX курултайынын майрамдык шаанисин бузбаш үчүн коронавирустун жайылышын өтө төмөнкү чекте кармоого жетишип келди.

Бирок Кытай эмитеден эле бул натыйжанын чыгымын олуттуу экономикалык жоготуулар жана калктын нааразылыгынын өсүшү сыяктуу жагдайлар менен төлөп жатат.

Пандемияга чейин Кытайдын экономикасынын өсүшү болжол менен 6% болчу. Өлкөнүн ИДӨсүнүн өсүшүнүн соңку учурдагы көрсөткүчү 0,4% гана түздү.

Деги кырдаал мындан кийин кандайча өнүгөт? Сыягы, бул суроого жеңил жооп дээрлик жокко эседей. (TT).