Антташкан достор. Кремлдин Украинадагы майнапсыз согушу жана Кытайдын оюну

Кытайдын парламенти

Сүрөттүн булагы, GUANG NIU/GETTY IMAGES

    • Author, Ольга Ившина
    • Role, Би-Би-Си Орус кызматы

Орусиянын Украинага каршы баскынчыл согушу Кытай бийлигин өзүнүн эл аралык саясатына башкача кароого мажбур кылды. Батыш маалымат каражаттарынын жазышынча, азыркы тапта Кытай бийликтери Путиндин согуштагы майнапсыздыгына аң-таң калып, айрым Батыш өлкөлөрү менен мамилени жакшыртууга өтүүнү караштырууда. Ушундай жол менен Кытай орусиялык баскынчылыктын өзү үчүн болжолдуу кесепеттерин жеңилдетүүгө далаалат кылууда.

2022-жылдын февраль айынын башында, Орусия Украинага кеңири өлчөмдө басып кирээрден 20 күн мурдараак, Владимир Путин Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушкан. Дал ошол жолугушуудан кийин бул өлкөлөрдүн ортосундагы достуктун эч кандай “чек арасынын жоктугу”, “кызматташтыкта тыюу салынган чөйрөлөрдүн эч жоктугу” жаатындагы айтылуу билдирүүлөр шардана кылынган.

Эми британиялык Financial Times гезитинин булактарынын биринин тастыктаганына караганда, алиги жолугушууда алар Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулашканы жана Кремль эгер кимдир-бирөө Орусиянын аймагына кол салса, анда "кандайдыр бир чара көрүүгө бараарын эч четке какпагандыгы" айтылган. Бирок ошол эле маалда Путин Украинада согуш баштоого беленденип жатканын КЭРдин жетекчисине билдирген деле эмес.

Согуштун башаттык учурунда Кытайдын кээ бир тургундары бул аскердик өнөктүктү жигердүү колдошуп, Владимир Путиндин согуш башталганын жарыялаган сөзүнүн котормосу камтылган видео тасмаларды интернеттеги коомдук тармактарда байма-бай жайылтышкан. Ошол эле учурда кытайлык бийликтердин туруму анчалык деле ачык-айкын жана бир багытта туюнтулган эмес.

Кезинде Владимир Путинди "мыкты досум" деп атап жүргөн Си Цзиньпин жаңы кырдаалда, чындыгында, согушка карата сабырдуулук менен мамиле кылды. БУУнун Башкы жыйыны 2022-жылы март айында Орусиянын Украинага согуш ачып, кол салуусун айыптаган резолюцияны колдоп добуш бергенде, Кытай өкүлү калыс болгон.

Эгерде ошол тапта расмий Бээжин алиги резолюцияга каршы добуш берген болсо, анда бул кадамды Батыш өлкөлөрү Кытай бийлиги Орусиянын турумун ачык колдоого алды, деп бааламак. Бирок ошол кезеңде бардык тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү баалоого жана таразалоого аракет кылып жаткан Кытай "макул" деп дагы добуш берген жок. Дал ушинтип стратегиялык бүдөмүк турумду сактоо Кытай үчүн тийешелүү бир учурда кайсы турум дурусураак болоорун таразалап баалоосуна огожо болууда.

Бир жагынан, Бээжин бул согуш үчүн Вашингтонду жоопкер деп ачык эле атады жана бул согуш НАТОнун Европадагы кеңейишине байланыштуу башталган имиш деген жоромолду ээрчиди. Экинчи жагынан, ал Орусияга жардам берүүгө анчейин ашыккан деле жок.

Америкалык “Вашингтон Пост” гезитинин маалымдашынча, Орусия Кытайдан бир нече жолу каржылык да, технологиялык жактан да колдоо сураган. Си Цзиньпин Москва менен эки тарапка тең пайдалуу кызматташуунун жолдорун издөөгө каршы болгон жок, бирок бардык сүйлөшүүлөр “чыңалган мүнөздө” өттү. Бул басылманын булагы белгилегендей, Кытай тарабы "Орусиянын кыйын акыбалын түшүнүп турат, бирок өзүнүн акыбалын көңүлдөн сырткары чыгарып коё албайт".

Жардыруунун эпкини

Владимир Путин менен Си Цзиньпин акыркы жолу 2022-жылы сентябрда жолугушкан.

Бул сүйлөшүүлөр Орусиянын Кытайга экспорту тездик менен өсүп, ал эми Москванын кытайлык инвестицияларга, технологияларга жана эки тараптуу соодага зор ынтызарлыгына карабастан, Кытайдан Орусияга импорт, тескерисинче, басаңдап турган маалда орун алды. Ошол эле учурда Украинадагы кан майданда украин жоокерлери баскынчыларга каршы кеңири өлчөмдөгү чабуулга өтүп жаткан.

Путин менен Си Цзиньпиндин жолугушуулары ырааттуу өткөрүлүп турат, бирок бул жагдай дайыма эле ишенимдүү мамиленин түрткүсү боло бербейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин менен Си Цзиньпиндин жолугушуулары ырааттуу өткөрүлүп турат, бирок бул жагдай дайыма эле ишенимдүү мамиленин түрткүсү боло бербейт.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жолугушуунун жыйынтыгында Путин мырза Украинадагы согуш боюнча “кытайлык достордун тең салмактуу турумун” жогору баалай турганын билдирди. Си Цзиньпин башын ийкеп, Кытай "Орусия менен бирдикте улуу мамлекеттердин ролун алууга жана дүйнөгө туруктуулук менен жагымдуулук кубатын алып келүү үчүн жетектөөчү ролду ойноого" даяр экенин айтты.

Бирок Financial Times басылмасынын булактары Путинге баш ийкеп жатып, Кытай лидери ошол эле учурда өз өлкөсүнүн эл аралык обочодо калышынын мүмкүнчүлүгүн азайтууга жана айрым Батыш өлкөлөрү менен мамилени жакшыртууга далаалаттанып жатканын баса айтышат. Кытай айрыкча өзүнүн маанилүү соода өнөктөшү болгон Евробиримдик менен өз ара мамилелерин жакшыртууга дилгир.

2022-жылы сентябрда Путин менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү болуп өткөн маалда, Кытайдын өзүнүн акыбалын деле жеңил-желпи деп баалоого болбос эле. Кытай акыркы жылдары экономикалык кереметти башынан кечирип, жакыр мамлекеттен дүйнөнүн экинчи чоң экономикасына секирип өткөнүнө карабастан, Си Цзиньпиндин тушунда өлкөдөгү өсүш кыйла басаңдап кетти. Мунун бир нече себептери бар; анын ичинде коронавирус пандемиясынан улам жарыяланган туруктуу карантиндин залакасы, кыймылсыз мүлк базарындагы кризистин залдары жана чарбанын улам өсүп чыга берүү мүмкүнчүлүгүнүн түгөнүшү сыяктуулар бар.

Украинадагы согуш аракеттери Кытай үчүн башка дагы бир нече көйгөйлөрдү жаратты. Биринчиден, Путиндин Евробиримдикке каршы ачкан газ согушу Батыштагы кардарлардын кытай товарларын сатып алууга коротулушу ыктымал болгон акча каражатын бөксөртүүгө алып келди. Экинчиден, Си Цзиньпин Украинага каршы баскынчыл согушту айыптоодон баш тарткандан кийин Кытайдын Батыш менен ымаласына ого бетер көлөкө түштү.

Кытай таануучу (синолог) Леонид Ковачич мырза мындайча ою менен бөлүшөт:

"Кытай өз саясатын түп тамырынан бери өзгөртпөйт, бирок Кытай үчүн бүтүндөй жамааттык Батыш менен өз мамилелерин начардатууга баруу – эч майнапсыз кадам. Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктө эч чек жок деген ар кандай билдирүүлөр айтыла бериши мүмкүн, ага карабастан АКШ менен Евробиримдик Кытайдын башкы соода өнөктөштөрү бойдон кала беришүүдө. Кытайдын АКШ менен болгон өз ара карым-катнашы узак мөөнөттүү келечекте начарлай берээри эске алынган учурда деле, расмий Бээжин үчүн жок дегенде Евробиримдик менен мамилелерди курчутпоо маанилүү болуп жатат, муну Кытай бийлиги түшүнүп турат".

Бул адистин божомолуна караганда, сыягы, Евробиримдиктин Украинадагы согушка канчалык деңгээлде камтылып калаарын жана бул согуш Европа үчүн канчалык деңгээлдеги көңүл өйүткөн көйгөй экендигин Кытай бийлиги алгачкы учурда жетишсиз баалап койгон өңдүү.

"Эми болсо алар бардык көйгөйлүү өңүттөрдү жок дегенде куру чечендик деңгээлинде жайгарып коюу далаалатын жасап жатышат", – дейт Ковачич мырза.

Украинадагы согуш Кытайдын Тайванга байланыштуу аракеттерине да таасирин тийгизди. Бээжин бул аралдагы өлкөнү өзүнүн жикчил дубаны деп эсептейт.

Подкаст:

Бул чөлкөмдөгү чыңалуу акыркы айларда тынымсыз өсүүдө. 2022-жылдын декабрынын ичинде эле Кытай Тайвандын айланасындагы суу жана аба мейкиндиктеринде өзүнүн эң ири делген аскердик машыгууларын өткөрдү. Былтыр мындай машыгуулар башка айрым учурларда да өткөрүлгөн.

Орусиянын Украинадагы согушунун башталыш мезгилинде көптөгөн адистер Кытай Тайванга каршы жигердүү кадамдарга барууну чечет ко, деп чочулашкан. Бирок азыркы тапта айрым талдоочулар Батыштын (айрыкча Евробиримдиктин) Орусиянын Украинага басып киришине каршы бирдиктүү турумуна күбө болгон соң, Кытай бийлиги мындай чабуулга батына албайт ко, деп санашат.

Мария Захарованын Кытайдагы түгөйү

Талдоочулар орусиялык дипломатиянын расмий өкүлү Мария Захарова айым менен бир нече ирет окшоштурулган Кытай Тышкы иштер министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы Чжао Лицзяндын жакында өз кызматынан айрылгандыгын өзгөчө маанилүү факт деп эсептешет.

Чжао Лицзян

Сүрөттүн булагы, GREG BAKER/AFP VIA GETTY IMAGES

Захарова айым сыяктуу эле Чжао мырза да өтө ашынган куру чечендикке салып, Батышка каршы чыгып сүйлөөлөрү менен кыйла белгилүү болгон. Оболу Орусия колдонуп жүргөн ушул сыяктуу куру чечендик ыкмаларды акыркы бир нече жылдар бою Кытай бийлиги да маалымат чөйрөсүндө арбын колдонууга барды.

Ал эми Карнеги борборунун адистери болсо абалды мындайча сыпатташат:

"Бул көрүнүш Москва менен Бээжин эл аралык маалымат мейкиндигинде түздөн-түз кызматташып жатышат дегенди эч билдирбейт. Тескерисинче, кытайлык үгүт кызматы орусиялык үгүт аспаптарын өздөштүрүп, чыгармачылык менен кайра иштеп чыккандай. Бул үгүт куралдарынын окшоштугу эки авторитардык режимге мүнөздүү болгон көз караштардын жалпылыгы менен толукталат. Бул аргалардын максаты – Батыш демократиясын жана адамзаттын жалпы укуктарынын жобосун сындоо, ошондой эле, өздөрүнүн режимдик мыйзамдуулугун чыңдоо болуп саналат".

Bloomberg агенттиги белгилегендей, Чжао Лицзяндын башка кызматка которулушу Бээжиндин эл аралык карым-катнаштарда ызырынган турумдан баш тарткандыгын жана кыйла жумшак нукка өтүп жаткандыгын айгинелеп турат.

Андан тышкары, Кытай жакында эле өзүнүн талаш-тартыштуу “нөлдүк ковид” саясатынан (б.а. коронавирустун жайылышын толугу менен болтурбоо далаалатынан) баш тартты жана ишкер чөйрөлөрдүн ишенимин калыбына келтирүү аракетинде “жалпы гүлдөп-өсүү” (социалдык теңчилик) жөнүндөгү куру чечендигин басаңдатты.

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары Украинадагы баскынчыл согушту орусиячыл турумдан чагылдырууну улантып жатканына карабастан, расмий Бээжин Кремлди мурдагыдай бекем колдобой калды. Бул пикирди дээрлик бардык адистер колдоого алып жатышкандыгын Би-Би-Синин Кытай кызматынын редактору Ховард Чжан баса белгиледи.

Путинден көңүлү калгандар

Кытайдын расмий маалымат каражаттары кабарлагандай, Кытайдын жаңы дайындалган тышкы иштер министри Цинь Ган 2023-жылы 9-январда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен болгон сүйлөшүүсүндө орус-кытай мамилелеринин салттуу принциптерин – “блокторго кошулбоо, тирешүүдөн жана үчүнчү жакка каршы багыт алуучулуктан баш тартуу" принциптерин – эске салды.

Кытайлык жаран эки өлкөнүн байрактары менен

Сүрөттүн булагы, MARK RALSTON/AFP VIA GETTY IMAGES

"Кытайдын өкмөтчүл саясат талдоочулары Путинден көңүлдөрү калгандыктарын жана ал Украинада ушунчалык кашкайып айгинеленип калган майнапсыздыкка кантип чыдап мамиле кылып тургандыгына ишене албай күбө болуп жатышкандыктарын жекече мүнөздөгү баарлашуу маалында айтып келишет", – деп Би-Би-Синин серепчиси Ховард Чжан кошумчалай кетти.

Ошону менен катар эле Кытай эски саясатынан ачык эле баш тартып, күтүүсүз түрдө Батышка толугу менен кошулуп, Путинди айыптап чыгат ко, деп саноого эч болбостугун Ховард Чжан баса белгиледи.

Өткөн жылдын декабрь айында Путин менен Си Цзиньпиндин кезектеги сүйлөшүүсүнөн кийин АКШ Москва-Бээжин алакаларына өз тынчсыздануусун билдирип, эгерде Кытай Орусияга курал-жарак берүү чечимине келчү болсо, анда кесепеттерге туш болот, деп билдирген.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин (тышкы иштер министрлигинин) басма сөз өкүлү ошол учурда мындайча билдирген:

"Бээжин өзүнүн бейтараптыгы жөнүндө айтып жүрөт, бирок анын жүрүм-туруму ал дагы эле Орусия менен тыгыз мамилеге салым кошуп жатканын айдан ачык көрсөтүп жатат". Бул өкүл АКШ кырдаалга кылдат байкоо жүргүзүүнү улантат, деп да убада кылган.

Кытай – Орусиянын атаандашсыз өнөктөшү

Адис Леонид Ковачичтин ишениминде, Кытай эмне деп гана билдирүү жасабасын, азыркы кырдаалда Орусия үчүн Кытайды өнөктөш катары алмаштыра алчу эч кандай башка теңдеш өлкө жок.

"Азыркы кырдаалда Кытай Орусиянын жападан-жалгыз ишенимдүү соода өнөктөшү жана кандайдыр бир жол менен тышкы сооданы колдоонун жана бул соодадан киреше алуунун бирден-бир мүмкүнчүлүгү бойдон кала берүүдө. Ошондуктан, Кытай эмне деп гана сүйлөбөсүн, – албетте, белгилүү бир чектерге чейин сүйлөбөсүн, – Орусиянын башкача жол табууга чарасы жок, анткени Орусиянын Кытайга болгон көз карандылыгы улам күчөп бара жатат", – дейт Ковачич мырза.

Орусия менен соода алакаларын жүргүзүүнү улантып келе жаткан Түркия болсо Кремль үчүн Кытайды алмаштыра албайт, анткени, саясий жактан гана алган учурда деле, Кытайдын Батышка карата болгон карама-каршылыгы, НАТОго мүчө өлкө болгон Түркиянын Батышка карата сынчыл турумуна караганда, Орусиянын антибатышчыл турумуна алда канча жакын.

Демек, Түркия – Орусия үчүн Кытайды алмаштыра алчу атаандаш вариант боло албайт, деп Леонид Ковачич андан ары адистик тактоо киргизди.

Владимир Путин

Сүрөттүн булагы, CARLOS BARRIA/POOL/AFP VIA GETTY IMAGES

Арийне, орус-кытай мамилелеринин теңсиз мүнөзү соңку жылы эле айгинеленип калган жери жок. Коомдук чөйрөдө бул айырмачылык өзгөчө кырдаалдар учурундагы өнөктөштөрдүн бири-бирине колдоо көрсөтүү деңгээлинен эле айкын көрүнүп турат.

Мисалы, 2019-жылы Бээжин менен Вашингтондун мамилеси курчуп турган чакта, Путин Кытайды ачык колдоп чыкты да, АКШнын Huawei технологиялык компаниясына каршы санкцияларын экономикалык согуш жана күчтүү атаандашты оюндан чыгаруу далаалаты, деп сынга алган. 2020–2021-жылдары Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Батыштын Ухандагы эпидемиологиялык кризистин башталыш учурун көз карандысыз иликтөөгө чакырганын 50 жолу сынга алып чыккан.

Кытай болсо өз кезегинде Кремлди өтө сейрек учурларда гана ачык колдойт, көбүнчө бейтарап сүйлөп туруп алат. Бул бейтарап турум, маселен, Крым жарым аралынын макамын талкуулоодо, Донбасстагы согуш тууралуу билдирүүлөрдө жана орусиялык чалгын кызматынын мурдагы офицери Сергей Скрипалдын Улуу Британияда ууландырылышы жаатындагы кайым айтышууларда орун алды.

Ал эми 2022-жылдын ноябрында Си Цзиньпин Владимир Путиндин Украина тууралуу коркуткан билдирүүлөрүн кыйыр түрдө сындады. Кытай жетекчиси Германиянын канцлери Олаф Шольц менен биргелешип жарыялаган билдирүүсүндө “өзөктүк куралды колдонуу же аны колдоном деп зекитүү” эч кабыл алынгыс, деп баса белгилеген.

Соңку күндөрү, Financial Times гезитинин жазганына караганда, кытайлык төбөлдөрдүн өз атын атагысы келбеген бир өкүлү: "Путин – акылдан азган неме. Баскынчылык согуш тууралуу чечимди кишилердин өтө тар чөйрөсү гана кабыл алып койгон. Кытай Орусияны жөнү жок эле ээрчип калбашы керек", – деп өз пикирин ортого салган.

Financial Times басылмасынын журналисттери белгилегендей, Орусия Украинадагы согушта жеңилүүгө туш болуп, дүйнөлүк алкакта экономикалык жана дипломатиялык жактан кыйла алсырап, “төмөнкү тепкичке ылдыйлаган дөөлөт” катары бул жаңжалдан чыгуу ызасын тартышы ыктымалдыгын Кытай бийлиги толук түшүнөт.

Анын үстүнө, калайык алдында эки тараптуу достук жаатында арбын айтылып жаткан кооз сөздөргө карабастан, кытайлык айрым расмий өкүлдөр, – жекече баарлаша келген чакта, – Путиндин өзүнө карата да белгилүү бир деңгээлдеги ишенбестик сезимин билдирип келишет.

Бул сереп Павел Феденконун катышуусу менен даярдалды. (TT)