"Демографиялык басаңдоо". Кытайдын калкы 60 жылдан бери биринчи жолу азайды

Кытайдын калкы азая баштады

Сүрөттүн булагы, Anthony Kwan

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын калкы азая баштады

Кытайдын калкы өткөн жылы алтымыш жылдан бери биринчи жолу азайууга кетти. Бул процесс узакка созулары күтүлүүдө. Ал эми калкы эң жыш жайгашкан Индия Кытайды ушул жылдын этегинде басып өтмөкчү.

Кытайдагы Би-Би-Си кабарчысы Кети Сильвердин айтымында, Кытай "демографиялык басаңдоону" баштан өткөрүүдө. 2022-жылдын аягында анын калкы бир жыл мурдагыга салыштырганда 850 миң адамга аз болду.

35 жыл бою Кытайдын жарандарына бир баладан ашык күтүүгө тыюу салынып келди. Жети жыл мурда бул саясат токтогон менен өлкөдө балдардын төрөлүшү жагынан абал жакшырып кеткен жок.

2022-жылы балдардын төрөлүшү эң төмөнкү деңгээлде болду. Ар бир миң адамга төрөлгөн 6,8 бала туура келди, бул көрсөткүч мурда 7,5 эле.

Кытайдын бир бөбөк саясаты 2016-жылы эле токтогон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын бир бөбөк саясаты 2016-жылы эле токтогон

Кытайлык аялдар балалуу болууга ашыкпайт...

Бийликтин элди көп балалуу болууга үндөгөн чараларына, анын ичинде салыктан жеңилдик, декреттик өргүү жана турак-жайга субсидия берип жатканына карабай, көптөн бери келаткан тенденция дагы көпкө сакталчудай. Бул өз кезегинде Кытайда саны барган сайын көбөйүп бараткан кары-картаңдарды багуу кыйын болбойбу деген маселени козгоп жатат.

Кытайда жашаган калк дүйнөдөгү адамдардын санынын алтыдан бирин түзөт. Бирок соңку 40 жылда өлкө калкынын саны 660 миллиондон 1,4 миллиардга өскөнү менен 1959-1961-жылдардагы ачарчылыктан бери адамдардын саны биринчи жолу азая баштады.

Коронавируска каршы катуу чаралардын шартында балалуу болуу адам санынын көбөйүүсүнө кандайдыр бир деңгээлде таасир эткени менен бул көрүнүш көп жылдардан бери уланып келатат.

1980-жылдары Кытайда ар бир аялга туура келген төрөттүн саны 2,6 түзгөн. Бул 2,1 түзгөн өлүм санына карата бир топ эле жогору болчу. Ошентип 1994-жылдан бери төрөттүн саны 1,6 менен 1,7нин ортосунда кармалса, 2020-жылы 1,3 түшкөн. Ал эми 2021-жылы 1,15 деп көрсөткөн.

Кытай демография
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ар жылдагы эсептөөлөр

Мындай көрүнүш Кытай 2016-жылы бир бөбөк саясатына чекит койгонуна карабастан уланууда. Өлкө үч бөбөк саясатын ишке киргизип, салык жана башка жеңилдиктерди да сунуштап жатат.

Мамлекет жеңилдиктерди берип жатса да эмне себептен кытайлык аялдар балалуу болууга ашыкпай жатканы боюнча ар кандай көз караштар бар. Бир көз караш боюнча, өлкө калкы чакан үй-бүлөлөргө көнүп калышкан. Дагы бир көз караш болсо жашоонун баасы кымбаттап жатканы менен байланыштуу. Ошондой эле, баш кошуу курагынын өсүп жатканын айткандар бар. Мындан улам балалуу болуу да кечеңдеп же балалуу болгусу келбегендер көбөйүүдө.

Шанхай Социалдык илимдер академиясынын изилдөөчүлөрү 2021-жылдан кийин калктын саны жыл сайын 1,1% кыскарарын болжолдоп жаткан. Мындан улам Кытайдын калкы 2100-жылы 587 миллионго чейин азайып кетиши мүмкүн. Бул бүгүнкү күндөгү калктын жарымынан азыраагы дегенди билдирет.

Мындай тыянактын артында Кытайдагы жалпы төрөт көрсөткүчү 2030-жылга чейин 1,15тен 1,1ге түшүп, 2100-жылга чейин ошол бойдон өзгөрбөйт деген божомол турат.

Калктын саны кескин түрдө кыскарып кетсе, Кытайдын экономикасына катуу сокку урат.

Андан тышкары, Кытайда төрөткө жарамдуу аялдардын саны ойдогудан азыраак. 1980-жылдан бери бир эле бөбөк менен чектелгендиктен көптөгөн түгөйлөр эркек балалуу болууга басым жасашкан. Натыйжада жаңы төрөлгөн 100 кыз балага 120, айрым провинцияларда 130га чейин уул бала туура келген (дүйнөнүн башка көптөгөн аймактарындагы көрсөткүч 100 кызга 106 эркек бала туура келет).

Кытайдын улгайган калкынын саны барган сайын көбөйүп, эмгекке жарамдуу калктан ашып кетиши мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын улгайган калкынын саны барган сайын көбөйүп, эмгекке жарамдуу калктан ашып кетиши мүмкүн

Картайып калган калкын багалбай калбайбы?

Кытайдын эмгекке жарамдуу калкы 2014-жылы рекорддук көрсөткүчкө чыккан жана 2100-жылга чейин анын үчтөн бири кыскарышы болжолдонууда. Кытайдын улгайган калкы (жашы 65тен жогору) убакыттын өтүшү менен көбөйүп, 2080-жылдары эмгекке жарамдуу калктан ашып кетет.

Демек, учурда эмгекке жарамдуу 100 киши 20 улгайган адамды кароого көмөктөшүп жатса, 2100-жылы эмгекке жарамдуу 100 кытай жараны 120 улгайган кытай жаранына көмөктөшүүсү керек болот.

Өндүрүш кескин түрдө илгерилебесе, Кытайдын эмгекке жарамдуу калкынын саны жылына 1,73% кыскарып отуруп, экономикалык өсүүнү басаңдатууга негиз болот.

Эмгек күчүнүн азаюусунан улам эмгек акысы да жогорулап, Кытайдагы аз төлөнгөн жана көп эмгекти талап кылган өндүрүш Ветнам, Бангладеш жана Индия сыяктуу эмгек күчү көп болгон өлкөлөргө көчүшү мүмкүн.

Ансыз деле Кытайдагы эмгекчи өндүрүшүнүн баасы Ветнамдагыга караганда эки эсе кымбат.

Ошол эле учурда Кытай ресурстарынын көбүн улгайып калган калкынын талаптарын канааттандыруу үчүн жумшоосу керек болот. Саламаттык сактоо, медициналык жана улгайгандарга кам көрүү кызматтарына көп каражат талап кылынат.

Австралиядагы Виктория университетинин Мамлекеттик саясат борборунун моделдөөсү көрсөткөндөй, Кытайдын пенсия системасы өзгөрбөсө, анда 2020-жылы ИДПнын 4% түзгөн пенсия төлөмдөрү 2100-жылга чейин ИДПнын 20% барабар болору күтүлүүдө. (КС)