COVID-19: Бүт Кытай боюнча крематорийде кезек күткөндөр толтура

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Петра Зивич
- Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы
ЖМКлардын кабарларына караганда, Кытай өкмөтү коронавируска каршы карантиндик катаң чараларды алып салгандан кийинки кырдаал бүт өлкө боюнча крематорийлерге оор жүк алып келди.
Associated Press (AP) агенттигине иштеген, Пекинде жашаган журналист Дэйк Канг баш калаадагы Дунцзяо аза кызмат агенттигине жана COVID-19дан өлгөндөрдүн сөөгү коюлуп жаткан крематорийге барып келгенин кабарлады.
"Он же жыйырма чакты адам сыртта турушту, адамдар табытты алып чыгып, өлгөндөрдүн атын атап кыйкырып жатышты",-деди Канг.
Ал аза кызмат агенттигинин жанындагы дүкөндөрдүн кожоюндары менен сүйлөшкөндө алар трафик жогорулап кеткенин айтышкан.
"Алардын бирөө болжол менен күнүгө элүүдөн жүз адамга чейин адам сөөгү крематорийге алынып жатканын айтты, бул мурдагыдан кыйла эле көп экен",-дейт Канг.
Бул 22 миллион адам жашаган Пекинде эле болуп жаткан кырдаал эмес.
AFP кабарлагандай, өлкөнүн түндүк-чыгышынан тартып түштүк-батышка чейин крематорийлердин кызматкерлери улам көбөйүп түшүп жаткан адам сөөктөрүн тейлегенге араң үлгүрүп жатышканын айтууда.
Пекинден 700 км аралыктагы Шэньян шаарында аза кызмат агенттигинин кызматкери кезек көп болуп, кээ бир адам сөөктөрү беш күнгө чейин каралбай калып жаткан учурларды айткан.
Анын сөзүнө караганда, крематорийлер жык-жыйма толуп, батпай калды: "Мен мындай жылды көргөн эмесмин".
Кангдын айтымында, ошол эле учурда коронавирустун өзүнөн өлүм-житим канча көп болуп жатканын айтуу кыйын.
Кытай бийликтери дүйшөмбүдө коронавирустан эки өлүм, шейшембиде беш өлүм болгонун билдирди.
Кытай коомдук катуу каршылык акцияларынан кийин декабрда дүйнөдөгү эң катаң карантиндик чектөөлөрдү алып салды. Эми коронавирус иммунитети начар адамдарга катуу тиеби деген чочулоо күч алууда.
Кытайдагы крематорийлерде эмне болуп жатат?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жекшембиде Канг Донгилжаого барып кеткенден эки күндөн кийин өлгөн адамдардын сөөгү салынган катафалка жана башка автоунаалар жолдо катар тизилип калышканын Рейтер кабарлады.
Bloomberg менен Sky News берген маалыматка караганда, кээ бир крематорийлерди полиция кайтарууга алды
"Соңку күндөрү келген адам сөөктөрү мурдагыдан бир топ эсе көп болууда",-деген Кытайдын түштүк-батышындагы Чунциндеги крематорийдин кызматкери.
Атын айткысы келбеген кызматкердин айтымында, крематорийде муздак камералар түгөнүп калды.
"Биз билбейбиз, (бул ковид менен байланыштуубу, жокпу) жооптуу жетекчилерден сурагыла".
А жетекчилер кыйратып эчтеке айтышпайт.
Ковиддин жайылган учурлары

Сүрөттүн булагы, REUTERS/Xiaoyu Yin
«Коронавируска берген анализдери туура чыккандан кийин каза болгон адамдардын эки тууганы менен сүйлөштүм. Бул кызык, анткени каза болгондордун расмий тизмесинде ал убакта COVID-19дан өлгөндөр жок болчу. Кытай коронавирустан өлгөндөрдүн санын кандай эсептеп жатканын түшүнүү кыйын",-деди Канг.
Кытай 2019-жылы Ухань шаарында пандемия башталгандан тарта коронавирустан өлгөндөрдүн саны 5242 деп кабарлаган, бул дүйнөлүк стандарт боюнча алганда абдан төмөн көрсөткүч.
Бирок дүйшөмбүдө кытай бийликтери пневмониядан жана дем алуу жетишпей каза болгондор дагы коронавирустан өлдү деп эсептелерин билдирди.
"Жүрөк токтоп калганда же жүрөк кан тамыр оорулары бул классификацияга кирбейт",-деди Пекин университетинин инфекциялык оорулар бөлүмүнүн башчысы Ван Гуйцян.
Ошол эле конференцияда бийликтер оорунун азыркы жаңы жайылган убагында ковиддин жаңы мутациялары пайда болушу мүмкүн экенин билдирип, бирок анын жайылып кетүү деңгээлине тынчсыздануунун кереги жок дешкенин мамлекеттик ЖМКлар кабарлашты.
"Вирустун жугуштуулугу жана анын өлүмгө алып баруу коркунучу анчалык чоң эмес",- деди Кытайдын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун кызматкери Сюй Вэньбо.
Милдеттүү текшерүүнүн токтоп калгандан кийин Кытайда коронавирустан кандай жайылып жатканын көзөмөлдө кармоо кыйынчылык жаратууда, бийликтер өткөн аптада эми канча адам ооруп жатканын эсепке алуу "мүмкүн эмес" экенин моюнга алышты.
"Аза кызмат агенттигиндеги бир адам өлгөндүгү тууралуу күбөлүктө ажалдын себеби ковид эмес, пневмония деп жазып жатышканын айтты",-дейт Канг.
2023-жылы бир миллион өлүм болжолдонууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ден-соолук көрсөткүчтөрү институту коронавируска каршы чектөөлөрдүн алынышы 2023-жылы дүйнөдө өлүм-житимдин санынын кескин көбөйүшүнө алып келет деп болжоп жатат.
IHME — АКШдагы Вашингтон университетиндеги саламаттык сактоо тармагындагы глобалдык изилдөөлөрдүн көз каранды эмес борбору.
Изилдөө көрсөткөндөй, 2023-жылы 1-апрелге карата 322 000 өлүм болору күтүлөт, ошол эле датага карай инфекциянын жайылышы өзүнүн туу чокусуна жетет деп болжолдонууда.
"Кытайдын COVID-19 каршы саясаты вирустун варианттарын эң башында токтотуп калууда эффективдүү болуп жаткан, бирок Omicron варианттарынын жогорку түрлөрүнө колу жетпей калды",-деди IHME директору Кристофер Мюррей.
Бул болжолдуу көрсөткүчтөр коронавирустун Omicron түрүнүн Гонконгдо жайылышына негизделип эсептелди.
"Кытай Ухандагы оору башталган учурдан тартып өлүм-житим учурларын дээрлик айтпай келаткан. Ошондуктан биз вирустун коркунучун билиш үчүн Гонконгду карап көрдүк",-деди Мюррей.
Ошол эле убакта Кытайдагы ооруканаларды кымгуут кырдаал байкалбайт. Канг Пекиндеги ооруканалардын бирине барып келгенин айтууда.
"Ооруканалар толтура деп айтканга болбойт. Бирок, албетте, Пекин бүт Кытайдагы абалды көрсөтпөйт. Анын бүт өлкө боюнча алганда медициналык ресурстары мыкты эмеспи",-деди ал. (КС)












