Кайрадан ковид: жөтөл жана тамак оору. Вирус болушу мүмкүн

Кыргызстанда дагы вирус жуктургандардын саны көбөйгөнү айтылууда. 16-июлда вирус жуктуруп алгандардын саны 91ге жетти

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда дагы вирус жуктургандардын саны көбөйгөнү айтылууда. 16-июлда вирус жуктуруп алгандардын саны 91ге жетти

Кыргызстанда дагы ковидге кабылгандардын саны кайрадан көбөйгөнү айтылууда. 16-июлда вирус жуктуруп алгандардын саны 91ге жетти. Буга чейин жуктуруп алгандардын саны азайып, эсеп дээрлик жарыяланбай деле калган.

Өткөн аптада коронавирус диагнозу коюлган 17 500 британиялыкты сурамжылоонун негизинде, оорунун негизги белгилери тамак оору жана жөтөл экендиги белгилүү болду.

Ковиддин башка жалпы белгилеринин арасында баш оору жана мурундун бүтүшү да бар.

Бирок жогорку температура, даамдын же жыт сезүүнүн жоголушу - башкача айтканда, Британиянын Улуттук Саламаттыкты сактоо кызматы ковидди диагноздоо үчүн негизги деп атаган симптомдор жаңы бейтаптарда азыраак кездешет.

Ошондой эле, коронавирус менен ооруган бейтаптар көп учурда үндүн каргылдануусу (үндүн жоголуусу), чүчкүрүү, чарчоо жана булчуңдардын оорусу сыяктуу белгилери да болгонун билдирди.

Белгилерин караңыз:

Короновируска каршы эмдөө уланууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Короновируска каршы эмдөө уланууда

Жалпысынан, Zoe App сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, ковиддин эң кеңири таралган жыйырма симптомдору төмөнкүлөр: (кеңири тараган симптомдордон төмөн карай)

  • Тамак оору - 58%
  • баш оору - 49%
  • мурундун бүтүшү - 40%
  • кургак жөтөл - 40%
  • мурундан суунун агышы - 40%
  • "Кургак" жөтөл (какырык менен) - 37%
  • үндүн жоголушу - 35%
  • чүчкүрүү - 32%
  • чарчоонун жогорулашы - 27%
  • булчуңдардын оорушу - 25%
  • бир аз баш айлануу - 18%
  • моюн лимфа бездеринин шишиги - 15%
  • көз оорусу - 15%
  • даам сезүүнүн бузулушу - 13%
  • көкүрөктүн кысылуусу - 13%
  • дене табынын жогорулашы (температура) - 13%
  • чыйрыгуу - 12%
  • дем кыстыгуу - 11%
  • кулактын оорушу - 11%
  • жыт сезүүнү жоголуусу - 10%

Башка ушул сыяктуу илимий иштер да абдан окшош натыйжаларды көрсөтүүдө.

Лондон Императордук Колледжинде жүргүзүлгөн React-1 изилдөөсүндө ай сайын кокусунан тандалган 150 000 британиялыктын ковид тесттери жөнөтүлүп турган. Анын жыйынтыгы көрсөткөндөй, коронавирус пандемиясы күчөгөн сайын оорунун негизги белгилеринин тизмеси да өзгөргөн.

Окумуштуулардын айтымында, бул Sars-Cov-2 вирусунун мутацияларына, башкача айтканда, анын генетикалык кодунун өзгөрүшүнө байланыштуу болушу ыктымал.

Иммунитет үчүн туура тамактануу өтө маанилүү

Сүрөттүн булагы, Азык-түлүк программасы тарткан сүрөт

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иммунитет үчүн туура тамактануу өтө маанилүү
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ухань шаарында 2020-жылдын башында алгачкы штамм табылгандан бери, вирустун дагы бир нече негизги варианттары пайда болду. Алардын эң акыркысы - Omicron.

Императордук коллеждин окумуштуулар тобунун айтымында, бул вариантты жуктуруп алгандардын арасында жыт же даам сезүүну жоготкондор чанда кездешет. Илдет жугузган көпчүлүк бейтаптардын белгилери сасык тумоо же грипптикине окшош.

2022-жылдын мартында Улуу Британияда вирустун эң кеңири таралган варианттары ‐ BA.1 жана BA.2 коддук аталыштары менен белгилүү болгон Omicron'дун эки түрчөлөрү болгон.

Ошондон бери вирус дагы бир нече жолу мутацияга учураган жана бүгүнкү күнгө чейин жаңы инфекциялардын көбү көбүрөөк жугуштуу BA.4 жана BA.5 субварианттары менен байланыштуу.

Окумуштуулар тобунун эсептөөлөрү боюнча, учурда Британияда 2,7 миллионго жакын адам коронавирусту жуктурган - же ар бир 25 адамдын ичинен бирөө илдет жуктурган.

Изилдөө тобунун жетекчиси, профессор Тим Спектордун айтымында, ковидди жокко чыгаруу али эрте.

"Жаран буга чейин коронавирус менен ооруп, бардык [үч – 2 доза + бустер] керектүү эмдөөлөрдү алган болсо дагы, ал инфекцияны кайра жуктуруп алуусу мүмкүн", - деп эскертет ал.

"Ошентип, аба ырайы жакшы болуп турганына карабай, ар бир адам ири иш-чараларга (көп адамдар менен) барарда, кеңседен иштөө же коомдук транспортту колдонуу да инфекция жуктуруу коркунучу бар экенин эстен чыгарбаш керек", - деп жыйынтыктады ал.

Акыркы убакка чейин Zoe жана React-1 британ бийликтери тарабынан каржыланган.