Тынчтык келишиминин өзөгү: Армения Карабактан, Азербайжан репарациядан баш тартабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Августтун башында Азербайжан менен Армения тынчтык келишиминин соңку текстин жактырды, ага кол коюу гана калды. Документтин кайсы пункту Бакуга, кайсынысы Ереванга пайдалуу жана кандай маселелер али чечиле элек? Би-Би-Си бул суроону армян, азербайжан жана эл аралык эксперттер менен талдады.
Карабак - негизги компромисс
Тынчтык келишиминин тексти эки лидердин Вашингтондо жолугушуусунан кийин жарыяланып, анда тышкы иштер министрлери ар бир бетке инициалдарын коюп чыгышкан. Дипломатиялык тилде бул "парафирлөө" деп аталат. Бирок эки лидер келишимге качан кол коюшары белгисиз жана АКШ президенти Дональд Трамптын колдоосу менен өткөн жолугушуу да азырынча тынчтык келишимин жакындата элек.
Текст аймактык бүтүндүктү, чек аралардын кол тийбестигин жана эгемендикти өз ара таануу менен башталат. Бул Баку эгемендик алгандан берки тышкы саясатынын негизги максатына жеткенин — Армениянын Тоолуу Карабак аймагындагы бардык дооматтардан баш тартканын билдирет.
"Бул негизги компромисс — бүт конфликт Карабакка ээлик кылуу маселесине негизделген", - деди Биринчи Карабак жаңжалы учурунда Азербайжандын президентинин администрациясында иштеген тарыхчы Ариф Юнус.
Бирок бул компромисс жаңы нерсе эмес. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бир нече жыл мурун Карабакты Азербайжандыкы деп таанууга даяр болчу.
2020-жылдагы согушта Азербайжандын жеңишинен кийинки жер-жерлерде түзүлгөн кырдаалдан улам жана 2023-жылдын сентябрында Азербайжан армиясынын аскердик операциясынын натыйжасында армяндар Карабактан кетүүгө аргасыз болгондон кийин анын позициясы өзгөргөн.
Жаңы реалдуулуктарды мыйзамдуу түрдө бекитүү каалоосу менен тынчтык келишиминин текстинин биринчи долбоорун Баку сунуштаган.
"Тексттин түп нускасы азербайжандыкы, Армения аны соңку бир нече жылда гана оңдоого аракет кылган", - дейт саясат таалдоочу Тигран Григорян.
Бирок аймактык бүтүндүктү өз ара таануунун дагы бир жагы бар: 2021-жылдын май айынан бери Азербайжандын куралдуу күчтөрү Армениянын аймагындагы бир нече маанилүү бийиктиктерди көзөмөлдөп турат.
"Чатэм Хаус" эл аралык мамилелер боюнча Королдук институтунун илимий кызматкери Лоуренс Броерс муну "Армян аймагынын айрым бөлүктөрүн микро оккупациялоо" деп мүнөздөйт.
Мындан тышкары Бакуда аталышы азыркы Армениянын аймагы менен байланышкан "Батыш Азербайжан коомчулугу" иштейт.
Азербайжан бул жамаатты жоюп, Армениянын аймагынан аскерлерин чыгарып кетүүгө макул болобу, азырынча белгисиз.

Сүрөттүн булагы, AZERTAG
"Советтик административдик чек араларды эл аралык деп таанууну Бакуга чоң жеңилдик катары кароого болот. Анткени соңку жылдары Азербайжан мезгил-мезгили менен Армениянын аймактык бүтүндүгүн күмөн санаган билдирүүлөрдү жана коркутууларды жасап келүүдө", - дейт Григорян.
Аймактык бүтүндүктү таануу менен дипломатиялык байланыштарды орнотуу келишимдин эң маанилүү пунктунун бири болуп саналат.
Карабак чатагы СССР кулаганга чейин башталган. 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгон Азербайжан менен Армениянын ортосунда эч качан расмий байланыштар, элчиликтер да, консулдуктар да болгон эмес.
Эми эки өлкө мындай байланыш түзүүгө милдеттүү болот жана бул эң маанилүү пункт болуп эсептелет,- дейт Берлиндеги Карнеги борборунун илимий кызматкери Заур Шириев.
Ал расмий дипломатиялык мамилелерге өтүү алардын ортосундагы ишенимди бекемдейт деп эсептейт.
Өз ара коркутуулардан баш тартуу
Азербайжандын президенти Илхам Алиев 2020-жылдагы согушта жеңишке жеткенден кийин да Армения анын шарттарын аткарбаса аскерий аракеттерге барарын айтып коркутуп келген.
"Зангезур коридорун Армения кааласа да, каалабаса да ишке ашырабыз, макул болсо жөнөкөй жол менен, макул болбосо күч менен чечебиз", - деген Азербайжан лидери.
Тынчтык келишиминин тексти мындай коркунучтарды жокко чыгарат: тараптар күч колдонобуз деп коркутуудан баш тартууга убада беришет.
"Күч колдонуудан баш тартуу Армения үчүн пайдалуу, анткени ал алсыз жана чек аралары коркунучта", - дейт Юнус.
"Бул коркунуч канча бир убакыттан бери Армениянын тынчын алып, калктын жана потенциалдуу инвесторлордун кооптонуусун жаратып келген", - деп эсептейт Липаритян.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Расизмге каршы күрөш кимге көбүрөөк пайда алып келет?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Байкоочулар үчүн тынчтык келишиминин күтүүсүз пункттарынын бири эки тараптын тең "расалык жек көрүүчүлүккө, дискриминацияга, сепаратизмге, зомбулук экстремизмге жана терроризмге каршы бардык көрүнүштөр менен күрөшүүгө" милдеттенме алышы.
Соңку 35 жыл ичинде кошуна мамлекеттер менен болгон кастык мамиле эки өлкөнүн тең улуттук идеясына айланган.
Эки өлкөнүн тең президенттик администрациялары чыр-чатактын эң кандуу барактары тууралуу кутум теорияларын таратып келген.
"Эки өлкөдө тең жек көрүүчүлүк жана сабырсыздык бар. Бул жерде оппозицияны түрктөр деп атаган армян парламентиндеги талкууларды жана армяндарды душмандын образына айландырган Азербайжан мектептеринин окуу китептерин эске салсак болот",- дейт Ариф Юнус.
Айтымында, жек көрүүгө жана чыдамсыздыкка каршы күрөшүү — узак жана татаал процесс. Ал үчүн комиссияларды түзүү жана жеке учурларды кылдат иликтөө керек.
Ал бул ишке эч ким олуттуу көңүл бурбайт деп шек санайт: "Эки жак тең бул пунктту бош риторика катары кабыл алышат".
Бирок Арменияда келишимдин бул пункту Азербайжандын алардын ички иштерине кийлигишүүсү үчүн шылтоо болуп калышы мүмкүн деп кооптонушат.
Бакуда "ар кандай процесстер бул пункттун бузулушу катары интерпретацияланышы мүмкүн", — деп эсептейт саясат талдоочу Григорян.
Мисалы, Карабактагы армяндардын укуктары боюнча ар кандай талкууларды алар тынчтык келишимин бузуу катары карашы ыктымал. Анткени Армения келишимде сепаратизмге каршы күрөшүүгө милдеттенген.
Өз ара дооматтардан баш тартуу
Келишимде "ар кандай юридикалык инстанцияларда бири-бирине болгон мамлекеттер аралык дооматтардан" өз ара баш тартуу жана келечекте мындай дооматтарга тыюу салуу каралган. Бирок бул пункт башкача, карама-каршы өңүттөн түшүндүрүлүүдө.
Арменияда көптөр Азербайжан аскерий кылмыштар жана эстеликтерди талкалоо боюнча айыпталып жаткан чакта, эл аралык доолордон баш тартуу аларга өтө олуттуу жеңилдик берет эсептейт. Тигран Григоряндын айтымында, бул доо арыздардын кайра алынышы Бакунун жеңиши болуп калат.
Азербайджанда болсо бул пункт Армениядан компенсация талап кылуудан баш тартуу катары талкууланууда. Тоолуу Карабактын тегерегиндеги Азербайжандын жети району 1994-жылдан 2020-жылга чейин армян күчтөрү тарабынан оккупацияланган. Баку шаарлардын жана инфраструктуралардын талкаланганы үчүн компенсация төлөп берүүнү талап кылып, миллиарддаган долларлык доо арыз менен сотко кайрылган.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Заур Шириевдин айтымында, Азербайжанда көпчүлүк эл аралык сот Ереванды ири компенсация төлөп берүүгө мажбурлайт деп ишенген.
"XV беренеде мындай болбой турганы даана жазылган жана бул күтүүлөр көбүнесе реалдуу эмес, аша чапкан талаптарга негизделген. Азыр бул идеяны көтөргөндөр унчукпай калышты, аларга ишенгендердин көбүнүн көңүлү калып, ачууланууда", - деп белгилейт Шириев.
Абактагы армяндар жана эл аралык кепилдиктер: документте эмнелер камтылган эмес
Тынчтык келишимине кол коюудагы негизги тоскоолдук Алиевдин шарты: Армения адегенде конституциясын өзгөртүшү керек. Анын конституциясындагы эгемендик декларациясына шилтеме, документтин эң башындагы "Армян ССРи менен Тоолуу Карабакты кайра бириктирүү жөнүндө" деген жазуу ага жакпайт.
Мындай шарттын өзү быйыл тынчтык келишимине кол коюлбайт дегенди билдирет. Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум керек жана анын 2026-жылдын ортосуна чейин өтүшү күмөн. Ошондой эле референдум жыйынтыгын алдын ала айтуу мүмкүн эмес.
Макулдашылган тексттен көз каранды эмес маселелер да бар.
"Бул документ эл аралык кепилдикке ээби? Эгерде тараптардын бири келишимди бузса, анда эмне болот? Иш БУУда каралабы? Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы барбы?" – Карнеги борборунун улук кызматкери Том де Ваал мына ушундай суроону койду.
Армения талаш-тартыштарды чечүү үчүн эл аралык механизмди киргизүүнү каалаган, бирок бул пункт соңку текстке киргизилген эмес,- деп кошумчалайт де Ваал.
8-августта Ак үйдө Трамп, Алиев жана Пашинян катышкан жолугушуу мындан аркы тынчтык жараянында АКШ кепилдик берчү тарап болуп калчудай таасир калтырган. Бирок кол коюлган документтерде бул нерсе көрсөтүлгөн эмес, -деп белгилейт Жирайр Липаритиан.
"Чатэм-хаус" өкүлү Лоуренс Броерстин айтымында, ошондой эле документте армян коому үчүн өтө талуу маселе камтылган эмес. Бул Бакуда камалган ондогон армяндардын – аскерий жана жайкын тургундардын бошотулушу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Башкалардын оюнунун куралы болуп калбоо"
Тынчтык келишиминин тексти башында англис тилинде жазылып, андан кийин армян жана азербайджан тилдерине которулган. Орус тилине которуу каралган эмес.
Бул орус тилинде иштелип чыгып, Алиев, Пашинян жана орус лидери Владимир Путин тарабынан кол коюлган 2020-жылдагы ок атышууну токтотуу келишиминен кескин айырмаланат.
Армян жана азербайжандык саясат талдоочулар бул Орусиянын аймактагы таасиринин төмөндөп баратканынын дагы бир далили деген пикирде.
Армян тарыхчысы Липаритян жетишилген келишим Түштүк Кавказдын өз алдынча болуусуна жардам берет деп белгилейт.
"Түштүк Кавказ географиялык концепция эмес, саясий концепцияга айланышы үчүн" жетишилген ийгиликтер бекемделиши керек.
Айтымында, Армения жана Азербайжан Грузия менен ынак болуп, алардын тынчтык жолуна сырткы күчтөр тоскоол болбошу үчүн аракет кылуусу зарыл.












