Нобелдин Тынчтык сыйлыгын быйыл ким алат? Талаш-тартыш жараткан мурдагы алты лауреат

Сүрөттүн булагы, Washington Post via Getty Images
Быйыл Нобелдин Тынчтык сыйлыгы кимге ыйгарылары 10-октябрда Ослодо белгилүү болот. АКШ президенти Дональд Трамп аталган сыйлыкты алууну көптөн бери көздөп жүргөнүн айтылып келет. Ал буга чейин бир нече согуштарды токтотконун билдирген эле (бирок сыйлыкты алгысы келгени боюнча сөздөр азыр күчүн жоготкондой).
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ушул жылдын башында Трампты Нобелдин Тынчтык сыйлыгына көрсөткөнүн билдирген.
"Биз сүйлөп жаткан учурда ал биринен өтүп экичи өлкөдө, бир аймактан чыгып экинчисинде тынчтык орнотуп жатат", — деген Нетаньяху Нобел комитетине июлда жазган катын Трампка тартуулап жатып.
Мындай баа бергендердин арасында Нетаньяху эле болбошу ыктымал. Май айында Индия менен Пакистандын ортосундагы ок атышууну токтотуу сүйлөшүүсүнө көмөктөшкөнү үчүн Пакистан дагы Трампты аталган сыйлыкка көрсөтүүнү пландап жатканын июнда жар салган.
Кийинки эле күнү Пакистандын кошунасы Ирандагы өзөктүк кампаларды АКШ бомбалаганда коомдук желеде курч сындар айтылган.
Дүйнөдөгү эң абройлуу сыйлыктардын бири делген Нобелдин Тынчтык сыйлыгы швециялык илимпоз, ишкер жана филантроп Алфред Нобелдин ысымы ыйгарылган алты сыйлыктын бири.
Жеңүүчүлөрдү Норвегия парламенти бекиткен беш кишиден турган комитет тандайт.
Эгерде Трамп сыйлыкты алып калса, анда анын жеңиши коомчулукта талаш жаратышы ыктымал. Тынчтык сыйлыгынын табияты саясий болгону үчүн башка беш категорияга караганда көбүрөөк талаш-тартыш жаратып келет.
Бул материалда эң талаш жараткан алты жеңүүчү жана бир көңүл сыртында калган инсан жөнүндө айтып беребиз.
Барак Обама

Сүрөттүн булагы, AFP
АКШнын мурдагы президенти Барак Обама 2009-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алганда көпчүлүк таң калган. Ал тургай сыйлык Обамага да күтүүсүз болгон.
Обама өзүнүн 2020-жылкы мемуарында жазгандай, жыйынтык жарыяланганда анын биринчи сөзү "Кайсы иш үчүн?" болгон.
Сыйлыкка көрсөтүлгөндө ал кызматка келгенине болгону тогуз ай өткөн эле. Сынчылар мындай чечим чыгарууга эрте экенин айтышкан. Иш жүзүндө сыйлыкка талапкерлерди сунуштоо мөөнөтү Обаманын инаугурациясынан 12 күн өткөндөн кийин гана аяктаган.
2015-жылы Нобел институтунун мурдагы директору Гейр Лундестад Би-Би-Сиге курган маегинде комитет чыгарган чечими үчүн кийин өкүнүп калганын билдирген.
Обаманын бийликтеги эки мөөнөтү учурунда тең АКШнын куралдуу күчтөрү Афганистандагы, Ирактагы жана Сириядагы согуштарга катышкан.
Ясир Арафат

Сүрөттүн булагы, Sygma via Getty Images
Мурдагы палестин лидери, маркум Арафатка жана Израилдин ошол кездеги премьер-министри Ицхак Рабин менен тышкы иштер министри Шимон Переске Осло Тынчтык келишими боюнча жасаган иши үчүн 1994-жылы Нобел Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. Аталган келишимдин аркасы менен 1990-жылдары Израил-Палестин жаңжалына чекит коюлат деген үмүттөр болгон.
Мурда аскердик аракеттерде жарым жартылай катыштыгы болгон Арафаттын сыйлык алуусу Израилде жана башка жактарда талаш-тартыштарды жараткан.
Арафаттын сыйлыкка көрсөтүлүүсү Нобел комитетинин ичинде да тынчсызданууларга жол ачкан.
Комитеттин мүчөсү, норвегиялык саясатчы Каре Кристиансен каршылык иретинде кызматтан кеткен.
Генри Киссинжер

Сүрөттүн булагы, Gamma-Rapho via Getty Images
1973-жылы АКШнын мамлекеттик катчысы Киссинжер Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган.
Американын тышкы саясатындагы эң талаштуу окуяларга катышкан адамга сыйлыкты ыйгаруу бир тобун таң калтырган. Мисалы, анын тушунда Камбоджада жашыруун бомбалоо аракеттери жана Түштүк Америкада канкор аскердик башкарууну колдоо иштери жүргөн.
Киссинжер Түндүк Вьетнамдын башчысы Ле Дук То менен биргеликте Вьетнам согушунда ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү үчүн аталган сыйлыкка ээ болушкан.
Нобел сыйлыгын аныктаган комитеттин эки мүчөсү каршылык иретинде кызматтарын тапшырышып, New York Times гезити окуяны Нобелдин Согуш сыйлыгы деп атаган.
Абий Ахмед

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2019-жылы Эфиопиянын премьер-министри Ахмед коңшу өлкө Эритрея менен көпкө созулган чек ара жаңжалын чечүүгө кошкон салымы үчүн Нобел Тынчтык сыйлыгына татыган.
Бирок бир жыл өтпөй мындай чечимдин тууралыгы боюнча суроолор пайда боло баштаган.
Ахмеддин өлкө түндүгүндөгү Тиграй аймагына аскердик күчтөрдү тартканына эл аралык коомчулук нааразы болгон.
Кесепетинен жарандык согуш тутанып, азык-түлүк, дары-дармектер жана күнүмдүк жашоого керектелчү кызматтардын тартыштыгынан миллиондогон адамдар жабыркап, жүз миңдеген адамдар набыт болгону айтылган.
Аун Сан Су Чжи

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирмалык саясатчы Аун Сан Су Чжи Мьянмадагы аскердик башкарууга каршы зомбулуксуз күрөшү үчүн 1991-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгына ээ болгон.
Бирок 20 жылдан кийин өз өлкөсүндөгү мусулман рохинжа калкын массалык түрдө кыруу жана адам укуктарынын бузулушу боюнча анын үн катпаганы кызуу талкууларга жем таштаган. Аталган окуяны БУУ "геноцид" деп атаган эле.
Ал тургай айрымдар андан сыйлыкты кайтарып алууга чакырышкан. Бирок Нобелдин жалпы алты сыйлыгын жөнгө салган эрежеге ылайык, мындай кадамга жол берилбейт.
Вангари Маатаи

Сүрөттүн булагы, Corbis via Getty
Кениялык маркум активист Маатаи Нобел Тынчтык сыйлыгын 2004-жылы алган. Ал аталган сыйлыкка ээ болгон алгачкы африкалык аял.
Биолог Маатаи Жашыл кур кыймылынын алкагында миллиондогон бак-дарактарды отургузганы үчүн абройлуу наамга ээ болгон.
Бирок анын ВИЧ жана СПИД боюнча айткандары коомчулукка тарап, алган наамы суроо жараткан.
Маатаи ВИЧ вирусу кара терилүү адамдарды жок кылуу үчүн атайын жасалган деп билдирген. Анын сөзүн бекемдөөчү илимий далилдер жок.
Көз жаздымда калган Ганди

Сүрөттүн булагы, Keystone/Getty Images
Нобел сыйлыгы кээде көз жаздымда калтырган учурлар менен да белгилүү.
Тынчтык категориясы боюнча, балким, көңүл сыртында калган эң чоң боштук — бул Махатма Ганди.
Аталган сыйлыкка беш жолу көрсөтүлгөнүнө карабастан индиялык саясатчы, 20-кылымдагы пацифист кыймылдын символу Ганди эч качан наам алган эмес.
2006-жылы норвегиялык тарыхчы, Нобел комитетинин директору Гейр Лундестад билдиргендей, Гандинин эмгегин баалабагандык Нобел сыйлыгынын тарыхындагы эң чоң мүчүлүштүк болгон.












