Көк-бөрү: Кайдасың казак тууганым?

Көк-бөрү боюнча Дүйнө чемпионатынын төртүнчү күнүндө Казакстандан келген командалар Кыргызстандын командасы менен беттешпөөнүн айласын издей баштады.
Жогорку лиганын алкагында Сары-Өзөн менен Жети-Суу командасы, ошондой эле Мурас менен Чымкент ойноого убакыт келип жетти. Ал гана эмес жарым финалга чыккан Астана менен Түркистан командалары да Достук менен Ынтымак менен оюн талаасына чыкпоонун айласын издештирип жаткандай эле сезилип калды. Эмесе көк-бөрү күндөлүгүнөн кененирээк айтып берели.
Өзбекстан АКШлыктарды токтотту

Дүйнө чемпионатынын төртүнчү күнүндө Өзбекстан менен АКШ “D” тайпасында биринчиликти талашуу үчүн талаага чыгышты. Эки команда тең буга чейин Алтай 2 командасын ири эсепте ишеничтүү утуп чыгышканын жазганбыз. Мына эми ковбойлор менен өзбектердин кимиси мындан ары жарым финалга барат, кимиси үйүнө кетет деген суроо турган эле.
Бекеринен өзбектер Нарын облусунун аттарын ижарага албаптыр, талаа үстүндө Өзбекстандын аттары атаандашына караганда тим эле олбурлуу болуп турду. Нарындын бедесин жеп, суусун ичип, арпасын ашаган аттарды өзбектер деле билгенби дейм, оюн жүрүшүндө талаага толугу менен үстөмдүк кылып алышты.
Кече күнү улакты чимирилтип жаткан АКШлыктар өзбектер менен ойноого келгенде таптакыр эле көрүнбөй калды. Ананчы, өзбекстандан келген туугандар ат майданда АКШнын акесин тааныталы деген окшойт. Океандын ары жагынан келиптир деп сыйлоого убакытыбыз да жок дедиби айтор эсепти 8-1 менен ишеничтүү жыйынтыктады да, жарым финалга өтүп кетишти.
Казак көк-бөрүчүлөрү куйругун түйдүбү?

Дүйнө чемпионатынын көркүн ачат деп күтүп жаткан казак көк-бөрүчүлөрү кыргыздарга келгенде талаадан караанын таптырбай кеткендей эле болду. Талааны мындай кой аларды жашап жаткан үйлөрүнөн да уюштуруучулар сыйпалап эле издеп калды. Кызыгын түшкур, бул эмне болуп кетти? Кепти кайрадан башынан козгойун эми.
Эмесе Жогорку лигада төрт казактын командасы өзүнчө чүчү кулак кармабады беле. Алгач төртөө бири-бири менен ойноп, уткан экөө эки кыргыз командасы менен, утулгандары да кыргыз командалар менен беттешмек эмес беле. Мына ошол алгач утулган командалар Жети-Суу менен Чымкент кыргыз тараптан Сары-Өзөн жана Мурас менен ойношу керек болчу эле. Эми бир жагынан Чымкент таптакыр эле Кыргызстанга келбей койгондугун эске алсак, Жети-Суу – Сары-Өзөн турнирди кызытат деп турган элек.
Мына кызык, Астана командасынан утулгандан кийин Жети-Суу аттарын жүктөгөн бойдон Казакстанга кетип калгандыгын билдик. Бул эмнеси кокуй, деп эле уюштуруучулар айран таң калып жүргөн кербези. 2018-жылдан бери казактар менен эми-эми мамилени түздөп келатканда, коштошпой же ойнобой кетип калганын кандай түшүнсөк болот деп таң калган киши андан көп.
Айрымдары казак көк-бөрүчүлөрү кыргыздар менен оюн талаасына чыккысы келбей кетип калды деп жоромолдой баштады. Анысы да туура деңизчи. Кыргызстанда Достук жана Ынтымактан кем калышпаган Сары-Өзөн көк-бөрүдөн Жети-Сууну ой-боюна карабай “бырпыратмак” деп эле жатып калды. Анан казактар негедир көк-бөрүнү спорт катары карабай, качан болбосун намыс катары көрүшүп, кыргыздардан уттурганына арданып калышат эмеспи. Бул жолу да ошондой болбосун деп, андан көрө тынч эле ойнобостон кетип калууну туура көрдү өңдөнөт.
Достук менен Ынтымакка да казактар чыккысы келбей турат

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жети-Суу командасынын өз үйүнө кетип калганы ар кандай жоромолго, талаш ойлорго жем таштап турган чагы. Башка казак командаларынан да чагылган чыга баштабады. Түркистан менен Астана командалары жарым финалда биздин Достук жана Ынтымак деген дөө-шааларыбыз менен ойношу керек болчу. Бирок бул беттештер да өтпөй калабы деп уюштуруучулар шымалана баштады. Анткени казак туугандар жарым финалда кайрадан эле казактардын командалары бири-бири менен ойноп, утканы гана финалда Достук – Ынтымактын жеңгени менен ойнойбуз деп шарт койгон экен.
Бул жерден эми казак командалары оюндун кызыгына эмес, экинчи орун болсо да өлкөбүзгө алып кетели дегендин айла-амалын издеп жатканы түшүнүктүү болуп калды. Кыргыз тарап эми эмне кылабыз деп баштары маң болуп отурат. Ушунча мээнет кылып Дүйнө чемпионатын уюштурсак казак командалары келип бизге өз шартын койобу деп ой түбунө жетпей, санаасы санга бөлүнүп турган кез. Бир жагынан конокторду сыйлабай койолу десе, 2018-жылдан бери эки өлкө эми-эми алаканы жакшыртып келе жаткан жайы бар. Ал эми казактардын оюу менен бололу десе, Дүйнө чемпионатынын финалы тарыхтагы эң кызыксыз оюн менен эсте калып, эл күткөндөй чемпионат болбой калып жатпайбы.
Себеби Достук же Ынтымак менен финалда Казакстандын кайсы клубу ойнобосун эл-журт бул оюнду көрүш үчүн Ысык-Көлгө келбейт. Казак клубдарынын деңгээли биздин топ-клубдардан бир топ эле ылдый экенин көрүүчүлөр деле байкап коймок тургай, аны казактар деле моюнга алып жатпайбы.
Мына ушундай кызыктар менен Дүйнө чемпионаты кыя жолго такалды. Жарым финалда Достук менен Ынтымакка эки казакты бөлүп салсаңар, талаага чыкпай эле үйүбүзгө кетебиз деген казактардын сөзү азырынча Көк-бөрү федерациясын ойго салып отурат. Азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп, кыргыздар менен ат ойнотуп, улак тартышка чыгууга көндүрүүнүн аракети болуп жатат дейли. Эч эле пикир келише албай калса, акыркы сөз “кетсеңер кеткиле!” болуп калышы да ыктымал. А эгер андай болсо ар бир кышын кайра кынап, салкындап кеткен мамилени кайрадан жандантуунун жакшы аракети кумга сиңген суудай болобу?
Казакстан командаларын бир пикирге көндүргөнчө Биринчи лигадагы оюндар менен алдыңкы күндөлүктө айтып турмакчыбыз. Ал жакта да жарым финалдык оюндарга кезек келип жетти. Анда биздин Жаштык менен Алтай финалга жолдомо алуу үчүн оюнга чыкса, экинчи жуп болуп Өзбекстан менен Красноярск командалары оюн курушат. Бул матчтарды кезегинде төкпөй-чачпай күндөлүгүбүздө айтып беребиз. Басыгыбыздан жазбай баягыдай эле уланта берели. Жазмак менден, бөлүшмөк сизден окурман...
Аттокур Камбаров, ат оюндары дегенде аттап-буттап жеткен жылкы сүйүүчүнүн биримин.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт, жазуу стили сакталды.








