Көк-бөрү: Манас Ниязов майын чыгарды. Өзбек, казак туугандын абалы кандай?

Өзбекстан - Ооганстан оюну
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзбекстан - Ооганстан оюну

Чолпон-Ата ат майданында көк-бөрү башталгандан бери эле ары бассам деле, бери бассам деле "ай балам, ай досум, ээ байке, Манастын командасы качан оюнга чыгат экен ия" деп сурагандар көп болду. Ырас алардын беттеши өтүп, эми кийинкисин күтүп калышты окшойт.

Манастын атына күрүчтөн күрөп жем берип, күндө терин алган бейм, арпадан уучтап жем берип айда терин алган бейм кайран жаныбар темингенге жеткирбей учайын деп турат го чиркин... Жата калып эңгенин, улакты керме кылып кергенин шашпай бир баяндап берейин. Эмесе сөз башынан болсун, аттап кетпей аягына чейин окуңуз эми.

Көк-бөрү боюнча Дүйнө чемпионатында дүйнө бүткөн дүйшөмбү күнү да кызык оюндар болду пай-пай. Казакстандан келген Караганда командасы алгачкы беттешин өткөрүп, Екатеринбург командасын жеңип алды. Ал эми Манас Ниязовдун Достук командасы Мурас менен кызыктуу оюн тартуулашты. Ким кимди куйрук улаш кубалап барганын, кимди ким такымдан алганын, кайсы мыкчыгери улак салганын жазайын эми.

Казактар бир топ жүдөштү

Кыргыз, казак, өзбек оюнчуларынын жоон тобу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз, казак, өзбек оюнчуларынын жоон тобу

Коңшу казактардан жалпы беш команда келсе, алардын арасынан Караганда командасы Биринчи лиганын алкагында ойноп жаткан жалгыз команда, ал эми калган төртөө Жогорку лигада оюн көрсөтүшөрүн буга чейинки күндөлүгүбүздө бир нече жолу жазган элек. Эмесе ошол Караганда командасы 14-августта Орусиядан келген Екатеринбург менен ойноду. Албетте казак туугандар көк-бөрүнү кыргыздардан кем эмес ойноп келе жаткандыктан, Екатеринбург менен кыйналбай эле ойносо керек деп турганбыз. Бирок Орусиядан келгендер деле оңой эмес болуп чыга келбедиби жарыктык. Үч тайм боюу казак улакчыларын эс алдырбастан кыр көрсөтүп салганын кантейин.

Оюндун жүрүшүндө Караганда эки улак алдыга озуп кеткени менен Екатеринбург деле утулдук деп кол көтөрүп калган жок. Тескерисинче акыркы секундга чейин жок дегенде бир улак болсо дагы казанга таштап калуунун аракетин көрүп атышты. Бирок, убакыт чыкылдап Караганда 2:0 эсеби менен утуп кеткени менен казак туугандар кийинки атаандаштарына чабал жактарын көрсөтүп койду. Эми казак туугандар тайпадан чыгыш үчүн алдыда Алтай менен ойношот. Мына ошол оюн көпчүлүгүн кызыктырып турат. Себеби Алтайлык кыргыздар буга чейин Екатеринбургду 5:0 менен утуп салганын жазбадык беле. Эми бул экөөнүн кимиси күчтүү деген суроо менен Дүйнө чемпионаты интригага батып калды.

Өзбектер бир топко барчудай

Биринчи лиганын “D” тайпасында Өзбекстан дагы алгачкы оюнун Ооганстанга каршы өткөрдү. Бул мелдеште өзбек туугандар мыкты даярдыгын көрсөткөнгө жетишти. Алар оогандыктарды кабагым кашым деп койгон жок. Алгачкы мүнөттөн баштап, оюндун аягына чейин упай артынан упайды жаадырып жатып, оюнду 8:1 эсеби менен аяктады. Кыязы өз тайпасында Өзбекстан алдына башка командаларды чыгарбайт өңдөнөт. Алдыда аларга АКШдан келген ковбойлордон куралган команда бет келмекчи. Тилекке каршы АКШнын деңгээли деле оогандыктардай болгонун эске алсак, бул тайпада АКШ менен Ооганстандын оюну гана кызыкка батчудай болуп турат.

Орусиядан келген көк-бөрүчүлөрдөн кабар берейин

Москва жана Красноярск командасынын оюну. Улакты Москванын оюнчусу Айдос Джокаев такымында басып жүрөт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москва жана Красноярск командасынын оюну. Улакты Москванын оюнчусу Айдос Джокаев такымында басып жүрөт

“С” тайпасында Москва, Красноярск жана Новосибирсктен келген командалар бир түшүп калган. Андыктан Орусиядан келген бир команда баары бир жарым финалга чыгары турган иш болуп калды. Бирок үчөөнүн тен деңгээли бирдей болгондуктан, командалар мекендеш экендигине карабай кыл чайнашканы турушат. Алсак Москва менен Красноярск алгачкы оюнда туш келип, эки жаат оюнду кызуу баштады.

Оюн башталды дегенче Москва эсепти ачып кирсе, андан соң Красноярск эсепти теңеп таштады. Тууй ата, бул экөө аягына чейин кырчылдашканы калды окшойт, карачы аңгыча эсеп 2:2 болуп калды деп көрүүчүлөр бир кызыкка батты. Ой-и-ий орустардан келген командалар да кызыктуу оюнду кура алат турбайбы, эми кимисине жан тартсам, Москвагабы же Красноярсккабы деп көрүүчүлөр экиге бөлүнүп жатып калдык.

Үчүнчү таймга келгенде Москванын аттарынын да, балдарынын каруусу качып, басмайылы бошоп калды өңдөнөт, команда ордунан жылбай калды. Мындай мүмкүнчүлүктү коё берген болобу деп, Красноярск арты-артынан улактарын жүктөп кирсе болобу. Аа-ай, биягы болбой калды, ошону үчүн көк-бөрү да. Атыңды жакшы даярдаганың үчүнчү таймда билинет эмеспи, мына эми Красноярск бир беткей сабалоого өттү. Жалпы эсеп 6:2 жана Красноярск алдыда. Красноярск улакты жамгырдай жаадырып, мөндурдөй себелетип жатканда кайран көрүүүлөр санжыра менен ими-имиш кепке кирип кетип, "Красноярск дегениң кыргыздын эле сөзүнөн алынган, Кызыл жар деген эле жер тура" деп аларды сүрөп жатып калды. Кайра эле Манас Ниязов эмне болду деп шаштыңыз кетип жатабы? Мына ошого жетип калдык, сабыр кылыңыз...

Алтын-Альянс ызасын Ийгиликтен чыгарды

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Биринчи оюнда Жаштык командасына акыркы 20 секунд калганда жеңишти тарттырып ийген Алтын-Альянс, экинчи оюнга ызаланып чыккан экен. Ийгилик да күчтүү команда экендигине карабай, Алтын-Альянс дароо чабуулду күчөттү. Ары-бери жакты караганча Ийгиликтин тайказанына төрт улак кирип кетсе болобу.

Апе-ей ботом, Ийгилик ушинтип эле жемин жедирип жибереби деп шыпшынып турган чакта, акырындык менен бирден упай топтоп эсепти кыскартуунун аракетин көрүп баштады. Эң өкүнүчтүүсү Ийгиликтин ортодогу “Байтур” аттуу аргымагы жанбаш жагынан жаракат алганбы, айтор экинчи таймдан баштап ортодон жакшы тирешпей, андан соң арткы бир бутун сылтый баштады. Кап ай-йа, “Байтур” бүтүндөй Ийгиликти сүйрөйт деп турса, жаракат алып калганын карачы атаганат, деп кейигендер көбөйдү. Кайран жаныбар...

Ошентсе да Ийгилик белди бекем бууп, бирден салымдап отуруп, эсеп артынан эсеп жаратууну баштады. Алтын-Альянс оңой бекен? Жеңилүүнүн ызасын көрүп калгандыктан, керектүү учурда чабуулун упайга айлантып жатып, жалпы эсеп 5-4 менен аяктады.

Алдыда Ийгиликтин Жаштык менен оюну бар. Бирок, өткөндө Жаштык Эшмураттын күчү менен Алтын-Альянсты утуп алгандан кийин, эми Ийгиликти деле тынчытуунун айласын ойлонуштуруп жаткандыр. Кыскасы бул оюнду да кезеги келгенде күндөлүбүздө кенен айтып беребиз.

Манастын аты алкынып табында экен

Манас Ниязов "Кулунду" менен сабалап келе жаткан чагы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Манас Ниязов "Кулунду" менен сабалап келе жаткан чагы

Күндүн негизги оюну Жогорку лигадагы Достук жана Мурас командаларынын ортосунда болду. Достук бул турнирди утуш үчүн келген бирден бир команда болгондуктан, алгачкы мүнөттөн баштап эле демилгени колго алды. Быссымылда дегенде эле баягы эле Манас Ниязов топтошкон дододон улакты эңген бойдон казанга жетип келип, эсепти ачты. Макеңдин мындай ыкчам журүшүн атаандаштарын мындай кой, өзүнүн командалаштары да түшүнбөй калды. Көрсө Манастын “Кулунду” деген аты бул жолу да табында экен, улак колуна илешээри менен ордунан атып чыкканда, артындагылар кубалаганга да үлгүрбөй калды. Алар арты-артынан камчы басып, ордунан от алганча кайран Манасың кайкыган бойдон кетпедиби. Кайсы бирин айтайын. Сүрөнчүлөрүң уу-дуу болуп эле жатып калды.

Достукту токтотуу оңой көрүнбөйт, айтор арты-артынан эле улакты жаадырып кирсе болобу. Бир карасаң “Көк мончок” менен Аскат Аскаров буйталаңдап жүгүрөт, бирде такымы таш Кубантай капталдан соккулап атканга карабай казанга улакты таштайт, ошондой эле “Брабус” менен Султанчик дагы табында экенинин далилдеп жатышты.

Достук командасы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Достук командасы

Эсепти оюндагыдай оодарып алгандан кийин Достук атаандаштарына да ойноого мүмкүнчүлүк берди. Мындайда Мурас дагы салымсыз калган жок. Айтор Мурас колдон келишинче улак салса, Достук каалашынча упай алып отуруп жалпы эсеп 7:4 менен аяктады.

Достуктун оюнун анын негизги атаандашы Ынтымактын балдары да ипподромдо көз ирмебей байкап олтурду. Бул эки команда кайрадан эле финалда беттешчүдөй болуп турат. Андыктан бири-биринин аттарын өтө кылдаттык менен изилдеп жатышат. Эми Достук менен Ынтымакты финалга чыгышына дагы көп бар деңизчи, ага чейин Дүйнө чемпионаты күнүнө бирден сенсация менен кызыкка батып жатат. Биздин күндөлүктү калтырбай окуп турсаңыз анын баарын кезеги менен төкпөй-чачпай баяндап берейин. Эрдик кылсаңыз сүрө кылып, окуп эле тим болбой бөлүшө кетиңиз бурадар.

Аттокур Камбаров, ат оюндары дегенде аттап-буттап жеткен жылкы сүйүүчүнүн биримин.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт, жазуу стили сакталды.