Эсил кайран Горбачевдун доору

Сүрөттүн булагы, Getty Images
31-августа КПСС Борбордук комитетинин акыркы генералдык секретары, СССР Жогорку Советинин соңку төрагасы, СССРдин жалгыз президенти Михаил Горбачев келбес жайга кетти. 1991-жылы 24-августа путч болгон, союздук республикалардын басымдуу көпчүлүгү көз карандысыздыгын жарыялаган.
Кайран кишинин тиги дүйнөгө кетиши бу дүйнөдө көп кепти козгоду, эскерилди, далай нерсени эске салды. Батыш коомчулугу Горбачевду тоталитардык режимди кыйраткан, жарыша куралданууну ооздуктаган, кансыз согушту токтоткон, сөз эркиндигине жол ачкан демократ, прогрессивдүү реформатор катары билет, кадырлайт.
АКШ менен Европа лидерлери маркумга ушул мааниде жылуу сөздөрүн арнады. Германиянын эски жана жаңы канцлерлери Россиянын азыркы лидерлери эски тоталитаризмге кайтууну көздөп, Европага каршы күрөш баштаган маалда эки Германиянын биригишине шарт түзгөн, темир көшөгөнү сыйрыган улуу инсандын сапары карыды деп каңырыгы түтөдү.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш тарыхтын жүрүшүн өзгөрткөн лидер деп баалады. Кытай Горбачевдун эки өлкөнүн мамилесинин бекемделишине чечкиндүү, жагымдуу роль ойногонун белгиледи. Кыргыз президенти Садыр Жапаров, беларусь президенти Александр Лукашенко жана тажик президенти Эмомали Рахмон көңүл айтты. Мурдагы президент Аскар Акаев эскерди, журналисттерге кенен маек курду.
Бирок баары эле Горбачевду жылуу маанайда эскерип ийбеди. Маркумдар тууралуу же жакшы кеп айт, же эчтеке айтпа (De mortuis aut bene aut nihil) деген байыркы сентенция дайыма эле сакталбайт. Чындыкты айтыш керек деген эреже менен толукталды. Балтика боюндагы өлкөлөр эски таарынычын эстеди. Литванын коргоо министри Арвидас Анушаускас Горбачев кылмыштуу саясат жүргүзгөн, Алматыдагы, Вильнюстагы, Тбилисидеги, Бакудагы демократия, эркиндик үчүн болгон митингдерди кан менен баскан деди.
31-августта Өзбекстан респрессиянын курмандыктарын эскерди, президенти Шавкат Мирзиеёв “эркиндиктин 31 жылдыгын белгилеп жатабыз, бирок ата-бабаларыбыз 100 жыл мурда азаттык үчүн күрөшкө чыккан, СССР миңдеген өзбектердин канына забын болгон” деди. СССРдин жашоосун де-юре токтоткон жарлыкка 1991-жылы 26-декабрда кол койгон Горбачевду негедир кеп арасында оозанбады.
Казакстан, Армения, Грузия, Азербайжан, Түркмөнстан кеп кылбады. Горбачевдун эски үзөңгүлөшү Нурсултан Назарбаев үн катпады. Унчукпай коюу да позицияны билдирет, кээде үзүктөй тексттен катуу таасирге ээ. Балким литва элитасынын өкүлүнүн ушул билдирүүсү кай бир мамлекеттердин Горбачевдун каза болушуна “кайдыгерлигинин” себеби чыгар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Михаил Сергеевич Горбачев СССРди 6 гана жыл башкарган, анын ичинен беш жылы компартиясын жетектеди, бир жылдан ашык убакыт президент болду. Горбачев советтик партиялык элитанын типтүү өкүлү. Бирок дал ушул адамдын бешенесине зор империянын кыйрашы, геосаясий катаклизмдер менен коштолгон, доор алмашкандагы негизги роль жазылыптыр. Оор, талаштуу, күнгөй-тескейи аралаш миссия аткарган экен.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Азыркы журт ичинде Горбачевду жана анын доорун жакшы билгени аз. Муун жаңырды. Советтик соңку лидердин жарыша куралданууга чек коюуга ядролук куралдарды, стратегиялык куралдарды чектөөгө, эки Германиянын биригишине, Советтер Союзунда жана Чыгыш Европада демократиялык процесстердин башталышына, тоталитардык режимдердин, адегенде СССРдин, анан социалисттик лагердин кыйрашына ролун эч ким танбайт.
Горбачев дегенде “перестройка”, “гласность” дароо эске келет. Ал тургай чет тилдерде которулбастан жазылган, айтылган ушул сөздөр (perestoika, glasnost) ары татаал, драмага жык толгон, бир эсе элди шыктандырган, ойлонткон, жаңы заманга, жаңы көрүнүштөргө жол ачкан процесстерди туюнтат. Ошентип 20-кылымдын соңундагы ири саясий окуялар, менталдык өзгөрүштөр Михаил Горбачевдун ысымы менен ажырагыс байланышта. Тарых илиминде инсандын ролу, объективдүү жана субъективдүү факторлордун катышы талаш, азыркыга чейин чечилбеген методологиялык проблема, идеологиялык, саясий антагонизмдин көрүнүшү, кээде манипулятивдүү түшүндүрмөлөрдүн себеби.
Михаил Горбачев болбосо кубаттуу империя СССР кыйрабайт эле деп бир даары жер тепкилеп, бардык нерсеге айыптайт. Горбачев СССРди таркатпаганда анын курамындагы республикалар эгемендүүлүккө жетпейт эле дешет калгандары. СССР баары бир кыйрамак дешет да айрымдар. Полярдуу, бир беткей көз караштар.
Горбачевду айыптагандар да, жактагандар да анын ролун ашыра баалап жибергенин эске алышыбыз керек. СССР кыйрабаса эркиндикке жетмек эмеспиз, эгемендик бизге тартууланган деген көз караштар зыяндуу, түпкүлүгүндө улуттук аң-сезимге терс таасир этерин, эртең саясий, укуктук проблема жаратарын жадыбыздан чыгаруу жарабайт. Эгерде, эгемендик, суверенитет, көз карандысыздыкка жетүү, улуттук мамлекеттердин кайра калыбына келиши же пайда болушу тышкы факторлордун, Горбачевдун саясатынын натыйжасы болсо, демек ушул эркиндиике жеткен улуттар өз бетинче мамлекеттик суверенитетке жараксыз турбайбы.
Суверенитетке жетишүү идеясы, аны ишке ашыруу процессин жүргүзүү ушул улуттарга мүнөздүү, аларга таандык (имманенттүү) ички энергия эмес болгондуктан алар суверенитетке татыксыз. Көз карандысыздыкка өз алдынча жетишүүгө жараксыз болсо, аны сактоого да жараксыз, демек акысы жок дегенди туюнтат. Бул айланып келип, эртең эле эски жана азыркы орус лидерлеринин биз айрым элдерге жер бергенбиз, өлкө белек кылганбыз, мамлекет тартуулаганбыз, тарыхый чындыкты кайра калыбына келтирүү абзел деген тезисин бышыктаганга кошумча болгону турбайбы. Туура. Горбачевдун саясаты улуттук республикалардагы аң-сезимдин өсүшүн тездетти, демократиялык процесстерге катализатор болду. Бирок СССРдин ыдырап, улуттук республикалардын көз каранды эмес мамлекеттерге айланышына жана калыбына келишине Горбачевдун саясаты жалгыз себеп, эң негизги фактор эмес. Советтер Союзунун ыдырашы объективдүү процесс.
Экстенсивдүү чарба, тоталитардык режим, коомдук турмуштагы стагнация, жарыша куралдануудан улам алсыраган экономика, дүйнөдөгү геосаясий процесстер күч менен бириктирилип, күч менен кармалып турган бул империяны акыры ыдыратмак. Атаандаштары да тим жатмак эмес. Көп этностордон куралган империялардын кыйрашы тарыхта эң кеңири кездешкен көрүнүш. Андыктан улуттук мамлекетке ээ болуу процессин ошол улуттун ички умтулуусу, эңсөөсү, аракети эмес, СССР жараткан, Горбачев тартуулаган белек катары эсептөө кесепеттүү көз караш, натуура тарыхый аныктама.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Миахил Горбачевдун ролу эбегейсиз, жогорудагы окуяларда эмгеги баа жеткис. Бирок баалайт десе эле көз карандысыздыктын кунуна шек келтиргенибиз жарабайт. Советтер Союзунун курамына кирген бардык улуттардын өз алдынча мамлекетке тарыхый укугу бар. Айрымдары байыртадан бери мамлекеттери болгон, тарыхый, укуктук, саясий тажрыйбалары бар улуттар. Кай бирлери кыска убакытта ири улутка айланган жаш, амбициялуу этностор. Дээрлик бардыгы үчүн улуттук мамлекеттүүлүк негизги максат эле. Эгемен мамлекет ар бир улуттун түбөлүк максаты, тынымсыз күрөшү, кыял-тилектеринин туу чокусу.
Эркиндик - бул акыл таймаш, кан төгүлгөн кармаш, карандай эмгек, эрк таймаш, журт талаш, эл талаш. Анын ичинде байыркы улут болгон кыргыздардын ар бир мууну үчүн эркин, азат мамлекет – түпкүлүктүү улуттук идея, тарыхый узак, азаптуу жолундагы пассионардык мотивация. Кыргыздардын ар бир мууну ушул миссияны түркүн кырдаалда, түркүн форматта ишке ашыруу аракетинен танган эмес.
Мындан 31 жыл мурда да ошол кездеги муун өз миссиясын ыңгайлуу учурдан туура пайдаланып, ишке ашырып, көз карандысыздык мамлекеттүүлүк кайра калыбына келген. Бирок 31-август бир жолу дароо ишке ашкан укуктук акт, алакандай кагаз эмес. Ага чейинки процесстердин логикалуу жыйынтыгы. Кайра куруу, ачык-айкындуулук кыргыз коомундагы эркиндикке болгон табигый умтулууну күчөттү, элди ого бетер шыктандырды, алга сүрөдү, суверенитетке карай кадамдарды тездетти. Бул процесстерге студент катары күбө болдук, негизги актор, демилгечи болбосок да тике аралаштык. Кыргыз жаштары, айрыкча окумал студенттер, инттеллигенциясы дал ушул татаал процесске бекем дем менен катышты, көрүнүктүү инсандарыбыз башында турду. Ушул максатта коомдук, саясий уюмдар түзүлүп, элди алга үндөдү.
Республиканын жетекчилигинин басымдуу бөлүгү демократиялык процесстерге курал кармап тоскоолдук кылбады, суверенитет үчүн аракеттердин демин суутканы жок. Кайра куруу, ачык-айкындык саясатынын эпкини менен “эркин мамлекет болобуз, тарыхый акыбыз бар, суверенитетке жетебиз, ООНго мүчө болобуз, желегибизди желбиретебиз, кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун бериш керек, мектептерде сабактар кыргыз тилинде окутулсун, ордо калаабыздын атын өзгөртөбүз, керек болсо Ала-Тоо же Манас коюп алабыз, университетке Жусуп Баласагындын ысымын ыйгарабыз, ата-бабабыздын жеринде квартирант боло албайбыз, жаштарга жер берилсин” сыяктуу ал кезде кооптуу ураандар көтөрүлгөндө айрым жетекчилер, айталы Медеткан Шеримкулов, Жумагул Сааданбеков, биздин ректорубуз Үсөн Асанов дүүлүккөн жаштардан чочулаганы жок, кадимкидей жолугуп, бизге келип, баарлашып турду. Ушул сыяктуу улуу инсандарыбыз кезегинде саясий көрөгөчтүк кылды десем жаңылышпайм. Борбордук комитеттин катчысы менен бет маңдай сүйлөшүп, ректордун кабинетинде тартынбай дискуссия кылып, кыскасы жаштар бизден кыйла улуу студенттердин түшүнө кирбеген иштерге бардык. Бирок максаттуу аракеттер, акыл-эстүү умтулуу эле. Улуулардан угуп, өзүбүз ар кай жерден окуп алган аргументтерибиз да жетиштүү болчу. Көз карандысызыкты калыбына келтиргенден көп убакыт өтпөстөн ошол оргуштаган энергияны басаңдатып, текке кетирип, жаратман күчтү алсыратып, улуттук демди суутуп алдык көрүнөт. Суверенитетти бекемдөө, эркиндикти мазмунун байытуу эч кайда качпай турган кымбат миссия. Күнүгө сынала турган дөөлөт. Мойнубузда турган милдет. Аткарбасак туурдан качкан туйгун куш.
Кайран киши. Ары карап кетип жатып да бер жакта турган биздин эсибизге көп нерсе салып, бизди түркүн ойго жетелеп туру. А балким бейиши болгур Михаил Горбачевдун улуулугу ушундадыр.
Алмаз Кулматов, коомдук ишмер
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.















