Аскар Акаев: Горбачёвдун жеке тапшырмасы менен Америкага баргам

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си Бишкек

Аскар Акаев жана Михаил Горбачёв

Сүрөттүн булагы, Юрий Абрамочкин/Sputnik

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскар Акаев жана Михаил Горбачёв

СССРдин соңку президенти Михаил Горбачёв 92 жашында дүйнө салды. Балтика өлкөлөрүнүн өз алдынчалыгына, экинчи Дүйнөлүк согушта экиге бөлүнүп калган Германиянын биригүүсүнө, андан да маанилүүсү жарыша куралданууга себеп болгон “Кансыз согуштун” токтошуна жана өтө кооптуу делген өзөктүк куралдарды чектөөгө салымы бар делген М. Горбачев кезинде Кыргызстанга дагы келип кеткен. Горбачевду Батышта каарман, баатыр катары сыйлашса, союзга мүчө мамлекеттерде аны кубаттуу державаны ыдыратты, СССРди кыйратып кетти деп сын көз менен карагандар аз эмес.

Би-Би-Си Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев менен Горбачёвдун ишмердиги тууралуу учкай маек курду.

Аскар Акаев: Жалпы кыргыз калкыбызды мен да ушул учурдан пайдаланып, чын жүрөктөн [Эгемендүүлүк] майрамы менен куттуктайм! Элибизге тынччылык, бакубат турмуш каалайм!

Би-Би-Си: Айтканыңыз келсин! Анда суроого өтсөк, Михаил Горбачёв күтүүсүз дүйнө салды деген кабар тарады. Биз ал инсандын ишмердигиндеги урунттуу учурларды сиз менен учкай маектешсек деп турабыз. Ал кишинин жалпы СССРге, анын ичинде Кыргызстанга таасир эткен чечимдери жөнүндө учкай айтып берсеңиз

Михаил Горбачёв

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Горбачёв 31-августка караган түнү узак мөөнөттүү оорудан Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада дүйнө салды

Аскар Акаев: Эми, биринчиден, менимче Михаил Сергеевич Горбачёв 20-кылымдагы эң атактуу, эң белгилүү саясий кызматкер, саясий окумуштуу адамдардын бири катары эсимде калды. Геосаясий чоң революция жасап кетти десем жаңылбайм го. Себеби ал киши мына 20-кылымдын акырында бүткүл дүйнөнүн геополитикасын өзгөртүп кетти. Менимче, эгерде батыштын лидерлери ошол кишинин чакыруусуна толук жооп бергенде, дүйнө бүгүн тынчтыкта, стабилдүүлүктө, жалпы дүйнөлүк маселелерди чечүүнүн гана үстүндө болмок деп эсептейм. Геополитикалык конфликттер, согуштар болмок эмес деп ойлойм. Ал кишинин ролу абдан чоң болду. Өзгөчө, мына советтер союзунда демократия орнолду. Бир топ көз карандысыз мамлекеттер пайда болду. Ал эми Кыргызстанга болсо, таасири өтө зор. СССР урардын алдында, 1991-жылдын күзүндө ал киши Кыргызстанга бир жолу расмий сапары менен келип кеткен. Ал сапар менимче, Кыргызстанга чоң таасир калтырды. Андан тышкары Кыргызстан менен дагы бир ирет ал кишинин ысымы байланышкан иш бар. Ал "Ысык-Көл форуму". Михаил Сергеевич Горбачёв жана ал кишинин эң жакын шакирттеринин бири, биздин атактуу, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов экөө "Ысык-Көл форумун" уюштуруп, бүт дүйнөлүк атактуу адамдарды чогултуп, дүйнөнүн, адамзаттын келечеги, 21-кылымда кандай жолдор менен өсүп-өнүгүшү керек деген суроолорду талкуулап, кыскача айтканда, жол көрсөтүп кетишти десем жаңылбайм. Ошондуктан, Михаил Сергеевичтин дүйнөлүк тарыхка өзүнүн таасири абдан зор болду. Мына бүгүн кайтыш болду. Арты кайрылуу болсун деп эсептеймин.

Жеке өзүмдү алсам - Горбачёв менин президентим. Мен саясаттан тышкары адам элем. Ошол инсандын келиши менен 1985-жылдан баштап мен дагы саясатка аралашып калдым. Ошол себептүү ал киши менен бир топ жакшы жолугушуулар болду, бир топ тапшырмаларын аткардым Совет доорунда. Мисалы, Вашингтонго ал кишинин жеке тапшырмасы менен президент Жорж Бушка чейин барып келгенмин. Бул 1991-жыл эле. Американын Ак үйүндө болгом. Ошондуктан мен үчүн дагы Михаил Сергеевичтин көзү өтүшү чоң жоготуу. Жалпы дүйнөлүк коомчулукка дагы чоң жоготуу. Мурунку СССРдин жарандары, түшүнгөндөр үчүн чоң жоготуу деп эсептеймин. Бирок ал кишинин тарыхта аты, эмгеги калып жашай берет деп эсептеймин.

Чыңгыз Айтматов жана Михаил Горбачёв

Сүрөттүн булагы, archive

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Зүлфү Ливанели жана Михаил Горбачёв

Би-Би-Си: Сиз жогоруда: "Эгерде Горбачёвдун чакырыктарына Батыш лидерлери толук жооп бергенде азыр бир топ маселелер, чоң-чоң конфликттер алдын алынып калмак" дедиңиз. Тагыраагы эмне жөнүндө айттыңыз?

Аскар Акаев: Абдан туура айттың, мына, мисалы, Михаил Сергеевич Горбачёвдун демилгеси менен өзгөчө өзөктүк куралдын дүйнөлүк [деңгээлде] кыскаруусу башталды. Ошол киши Американын президенти [Рональд] Рейган менен кол коюшуп, стратегиялык күчтөрдү чектөө боюнча биринчи келишим кабыл алынган. Жана, мисалы, социалисттик лагерь Варшава келишимин жоюп, ошондой эле Батыштан НАТОну жоюш керек деп айтылган. Бирок НАТО жоюлган жок. Варшава келишими жоюлду. НАТО жоюлган жок - мына НАТО жасаган терс иштеринин көпчүлүгүн дүйнөлүк геополитикалык конфликттерден көрүп жатабыз. Мына мен ушундай нерселерден улам ал кишинин демилгелери толук ишке ашкан жок дейм. Баары ишке ашканда, менимче, жер жүзүндө тынчылык болмок.

Өзүңөр көрүп жатасыңар быйыл дүйнөнүн жарымын өрт чалып жатат, кургакчылык каптады, азык-түлүк жагынан кризис болуп жатат. Адамзат мынна ушул сыяктуу маселелер менен бир беткей, жемиштүү күрөшөт эле.

Михаил Горбачёв жана Рональд Рейган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Горбачёв жана АКШ президенти Рональд Рейган өзөктүк куралдарды кыскартуу жөнүндө макулдашууга кол коюуда. 1987-жыл, 8-декабрь

Би-Би-Си: Горбачев менен тыгыз кызматташып, ал тургай 1991-жылы ал кишинин жеке тапшырмасы менен Америка Кошмо Штаттарына барып, Жорж Бушка да жолуккан экенсиз. Ошондо кандай миссия, кайсы тапшырма менен баргансыз?

Аскар Акаев: 1991-жылдагы менин миссиям, Ак үйгө барган негизги максатым ошол -мезгилде Советтер союзунун экономикасы абдан солгундап, начарлап, экономикалык жактан абдан каржалып турган кез болчу. Ошондо Советтер эли сезип, дүкөндөрдө товар жок, тамак-аш жок дегендей кыйын учур болчу. Ошол себептен Михаил Сергеевич Горбачев чоң кат жазып, мени жөнөткөн эле. Анда атайын жүйөлөрдү келтирип жазган. Президент Жорж Буш, Батыштын башын чогултуп, СССРге бир чоң өсүп-өнүгүү, экономиканы колдоо кредитин берсе деп кат жазып жөнөткөн. Бирок Батыш ага көңүл бурган жок. Ошондуктан мына СССР көп демилге жасап, батышты карай кадам шилтеди, бирок жакшы жооп берген жок. Менин ошол жолку сапарым анын бир мисалы десем болот.

Берлин дубалы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Берлин дубалы 1989-жылы 9-ноябрда кулап, "Кансыз согуштун" аякташын билдирген

Би-Би-Си: Михаил Горбачевдун эң урунттуу иштеринин бири оң жээк, сол жээк болуп бөлүнүп калган Германияны бириктирүү болду. Айтоор, соңунда Берлин дубалы кулатылды. Ушул аракет тууралуу эмнелерди айтат элеңиз?

Аскар Акаев: Абдан туура айтасың иним. Горбачевдун дал ошол тарыхий чечимдеринин бири Германияны бириктирүү болгон. Бүгүн белгилүү болгондой АКШ, Улуу Британия дагы анчейин колдогон эмес. Себеби, Германиянын биригип, кайрадан кучтүү мамлекет болушун каалаган эмес. Бирок, Михаил Сергеевич чон иш жасап, Германияны бириктирип кетти. Ошол кездеги канцлер Гельмут Коль экөө жакшы мамиле түзүшкөн эле.

Маекти толугу менен бул жерден угуп, көрсөңүз болот: