Советтер Союзунун урашынын беш себеби

Советтер Союзунун байрагы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Советтер Союзу 1991-жылдын 26-декабрында толугу менен тараган
    • Author, Катерина Хинкулова, Ольга Ившина
    • Role, Би-Би-Синин орус кызматы

1991-жылдын 25-декабрында Михаил Горбачев Советтер Союзунун президенттигинен расмий түрдө кеткен. Андан кийинки күнү, 26-декабрда, өлкөнүн парламенти жаңы 15 мамлекеттин көз карандысыздыгын расмий түрдө таанып, Советтер Союзуна чекит коюлган. Бир убактарда дүйнөдөгү эң күчтүү өлкөлөрдүн биринин символу болгон орок менен балка тартылган кызыл байрак Кремлден түшүрүлгөн.

Горбачев бийликке 1985-жылы 54 жашында келген эле. Бир ордунда туруп калган өлкөгө жаңы дем берүү үчүн ал бир нече реформаларды баштаган болчу.

Көпчүлүктүн оюнча, "Перестройка" (кайра куруу) жана "Гласность" (ачыктык) деген аталыштар менен белгилүү реформалар өлкөнүн ыдырашына алып барган. Башкалар болсо Советтер Союзунун катаал түзүлүшүн эске алганда аны баары бир куткарып калууга мүмкүн эмес экенин айтышат.

Бул материалда Совет бийлигинин кулашына алып барган негизги себептерге токтолобуз. Жана ал Орусиянын өзүн кабылдоосуна жана дүйнө менен өз ара мамилесине кандай таасир эткенин баяндайбыз.

1. Экономика

Кыйрап жаткан экономика Советтер Союзундагы көйгөйлөрдүн эң чоңу болгон. Башка көптөгөн мамлекеттердеги базар экономикасынан айырмаланып, Советтер Союзунда борбордон пландаштырылган экономика өкүм сүргөн.

СССРде эмнени, канча өлчөмдө өндүрүүнүн баарын бийлик өзү чечкен. Мисалы, канча машина, канча бут кийим же канча нан…

Ошондой эле, бир адамга аталган өндүрүштүн канчасын берүүнү, анын баасы канча болуш керектигин жана адамдарга канча акы төлөө керек экенинин баарын өкмөт өзү аныктаган.

Советтик дүкөндөгү кезек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Советтер Союзунун соңку жылдарында негизги товарлар жетишсиз болуп, дүкөндөрдө кезек күтүү кеңири жайылган көрүнүш болгон

Теорияда мындай система натыйжалуу жана адилеттүү иштеши керек болчу, бирок иш жүзүндө ал оор болгон.

Сунуш эч эле талапты канааттандыра алган эмес, ал эми акча көбүнесе маанисиз болчу.

Советтер Союзундагы көптөгөн адамдар өтө деле кедей эмес эле. Бирок негизги товарлар жетиштүү деңгээлде камсыздалбагандыктан адамдар аларды ала алышкан эмес.

Машина сатып алуу үчүн көп жылга чейин тизмеге жазылып күтүшүң керек болчу. Куртка же өтүк сатып алуу үчүн узун кезек күтүп, анан акыры сага ылайык келген өлчөм сатылып кеткенин укчусуң.

Советтер Союзунда адамдар бир нерсе сатып алуу жөнүндө эмес, аны эптеп алуу жөнүндө сөз кылышчу.

Мындай кырдаалдын жаралышына 1950-жылдардын аягында башталган космостук изилдөөгө кеткен чыгым жана Советтер Союзу менен АКШнын ортосундагы курал жарышы себеп болгон.

Дүйнөдө биринчилерден болуп орбитага адамды учурган өлкө СССР болгон. Ал өзөктүк курал-жарак арсеналына, алдыңкы баллистикалык ракеталарга ээ болгон. Мунун баары аябай кымбат турган.

Жарышка төлөө үчүн Советтер Союзу мунай, газ сыяктуу өзүнүн табигый ресурстарына таянган. Бирок 1980-жылдардын башында мунайдын баасы түшүп кетип, араң жан турган экономикага катуу сокку урган.

Горбачевдун "Перестройка" саясаты айрым бир базар принциптерин киргизген менен Советтер Союзунун килейген экономикасын тез арада реформалоого алы жеткен эмес.

Керектөөчүлөргө товар жетишсиз болуп, инфляция зуулдап жүрүп олтурган.

1990-жылы өкмөт акча реформасын жүргүзүп, миллиондогон адамдар чогултуп жүргөн, бирок жарыбаган акчасынан кол жууп калган.

Өкмөткө нааразычылык күчөп кеткен.

Бул азыр эмне үчүн маанилүү?

Товарлардын жетишсиздиги пост-советтик чөлкөмдөгү адамдардын ой жүгүртүүсүнө тийгизген таасири көпкө чейин сакталып калган.

Бир муун өсүп жетилсе дагы азырга чейин адамдарда негизги керек болгон товарларсыз калуу коркунучу бар.

Адамдардын мындай эмоциясын шайлоо өнөктүгү учурунда оңой эле башкарып коюуга болот.

2. Идеология

Горбачевдун "Гласность" саясаты көбүрөөк сөз эркиндигин берүүнү көздөгөн. Бул оюндагысын айтуудан, суроо берүүдөн же арыздануудан корккон адамдарды ондогон жылдар бою басмырлаган режимде болууда.

Ал Иосиф Сталиндин тушундагы репрессиянын чыныгы масштабын көрсөткөн тарыхый архивдерди ача баштаган. Сталиндин тушунда, 1924-жылдан 1953-жылга чейин, миллиондогон адамдар курман болушкан.

Горбачев Советтер Союзунун келечеги, күч түзүмдөрү, алдыга жылуу үчүн аларды кандай реформалоо керек экенин жөнүндө талкуулоого шыктандырган.

Ал тургай Коммунисттик партиянын үстөмдүгүнө шек келтирип, көп партиялуу система идеясы менен ойноп жиберген.

Советтер Союзундагы Горбачевго каршы акция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Михаил Горбачев чет жерде аябай популярдуу болуп, бирок өлкө ичинде жактырышкан эмес

Горбачевдун өкмөтү шайлоо процессине айрым эркиндик жана адилеттүүлүк элементтерин шашылыш түрдө киргизе салганы менен бирок кеч болуп калган эле.

Бул азыр эмне үчүн маанилүү?

Орусиянын президенти Владимир Путин бекем улуттук идеянын маанисин эрте эле түшүнүп жеткен. Айрыкча толугу менен ачык-айкын жана демократиялык эмес өкмөт үчүн бул маанилүү болгон.

Ал өзүнүн идеалдуу президенттик кызматын негиздөө үчүн орустардын ар кайсы доордогу жана советтик өтмүштүн мотивдерин колдонгон. Айталы, империялык Орусиянын байлыгын жана өзүнө арбаган күчүн, Сталиндин тушундагы Экинчи дүйнөлүк согуштагы баатырдыкты жана жеңиш үчүн курмандыкты жана 1970-жылдардагы Совет доорунун тынчтыгын жана туруктуулугун ар намыс менен мекенчилдик сезимин ойготуу үчүн пайдаланган (жана анын баары азыркы Орусиядагы көптөгөн көйгөлөрдү көрмөксөн болууга да кызмат кылууда).

3. Улутчулдук

Орус империясынын мураскери делген Советтер Союзу көп улуттуу өлкө болгон.

Анын курамына 15 республика кирген. Ар бири кагазда бирдей укуктарга ээ болгон бир тууган өлкөлөр эле.

Иш жүзүндө Орусия эң чоңу жана эң күчтүүсү болгон. Ал эми орус тили менен маданияты көпчүлүк аймакта басымдуулук кылган.

"Гласность" саясаты башка мүчө республикалардагы көптөгөн адамдарды өз өтмүшүн жана басымга кабылгагын эске салды. Ачарчылык, репрессиялар, депортациялар…

Украинадагы көз карандысыздык үчүн 1991-жылкы акция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Советтер Союзу боюнча өз өтмүшүнө көз чаптырган республикаларда улутчулдук сезими күчөп кеткен

Ушул жана башка орчундуу окуялар улутчулдук сезиминин жана өз алдынча өзүн-өзү аныктоо талаптарынын күчөшүнө алып келди.

Ар кайсы улуттардын бактылуу үй-бүлөсү катары Советтер Союзу деген идея түп тамырынан бери жабыркап, республикаларга көбүрөөк эркиндик берүү аркылуу реформа жүргүзүү аракетине кеч болуп калган.

Бул азыр эмне үчүн маанилүү?

Орусия менен көптөгөн пост-советтик өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле азырга чейин чыңалган абалда. Орусия өзүнүн борбордук ролун жана таасир аймагын кармап турууга аракет кылып келет.

Москва менен Балтика өлкөлөрүнүн, Грузиянын жана (кесепети оор болгон) Украинанын ортосундагы чыңалган мамиле Европадагы геосаясий кырдаалды калыптандырып жатат.

4. Адамдардын көзү ачыла баштаган

Көп жылдар бою Советтер Союзундагы адамдарга Батыш "чирип" жатат жана ал жакта жашагандар капиталисттик башкаруунун астында жакырчылыктан жабыркап, деградация болууда деп айтып келишкен.

Мындай көз караш 1980-жылдардын соңунан тарта, жөнөкөй адамдардын ортосундагы түз карым-катнаш көбөйө баштагандан кийин, талаш-тартыштарга жол ачкан.

Советтик жарандар башка көптөгөн өлкөлөрдө жашоо стандарты, жеке эркиндик жана мамлекеттик камсыздоо өз мамлекетиндегиге караганда бир топ жогору турганын көрө алышкан.

Михаил Горбачев менен Роналд Рейган 1985-жылдын ноябрында

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Михаил Горбачев менен АКШнын президенти Роналд Рейган. 1985-жылдын ноябры

Ошондой эле, алар өз өкмөтүнүн көп жылдарга чейин эмнелерди жашырып жүргөнүн түшүнүшкөн. Мисалы, эл аралык саякатка тыюу салган, чет элдик радио станцияларды бөгөттөгөн жана Советтер Союзуна алынып келген чет элдик адабияттарды, фильмдерди цензуралаган.

Батыш менен мамилени жакшыртуу менен Горбачев Кансыз согушту аягына чыгарганы жана өзөктүк тирешти токтоткону айтылат. Бирок жакшырган мамиленин мындай күтүүсүз натыйжасында Совет доорундагы адамдар башка өлкөлөргө салыштырмалуу өтө начар жашаганын аңдап жетишкен.

Горбачев өз мекенинде бара-бара көп сынга кабылып, ал эми чет жерде популярдуулу арткан.

Бул азыр эмне үчүн маанилүү?

Орусиянын өкмөтү маалымат каражаттарын өз кызыкчылыгы үчүн манипуляциялоого кыйын.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен терс салыштырууларга жол бербөө үчүн Орусия көбүнесе маданий жана тарыхый жактан бөтөнчө, кас санаган мамлекеттер курчап турган жоокер өлкө катары сүрөттөлөт.

Орусиянын көңүлүн күндөлүк көйгөйлөрдөн алаксытып, улуттук бөтөнчөлүк сезимин адамдарга жеткирүү үчүн маалымат каражаттарында илимий жетишкендиктер, Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш жана маданий мурас үзгүлтүксүз колдонулуп келет.

5. Жетекчилик

Советтик экономиканын жана коомдук духтун андан ары начарлап кетүүсүн токтотуу үчүн Горбачев радикалдуу өзгөрүү керек экенин билген. Бирок аны кантип ишке ашыруу боюнча анын келечекке болгон көз карашы так болбой калган.

Кансыз согушту аягына чыгаруу менен Горбачев сырткы дүйнөдө каарманга айланып, бирок өлкө ичинде сынга кабылган. Реформачылар аны демилгени колго ала албай жатат десе, консерваторлор ал аша чаап кетти деп эсептешкен.

Натыйжада ал эки лагерден тең алыстап кеткен.

Горбачевду бийликтен кулатуу үчүн 1991-жылдын августунда консерваторлордун төңкөрүшү оңунан чыкпай калган.

Михаил Горбачев, 1991-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Михаил Горбачев жандуу бирок чечкинсиз лидер болгон. 1991-жылдын 26-декабры

СССРди куткаруунун ордуна ишке ашпай калган төңкөрүш чоң мамлекеттин урашын тездеткен. Үч күнгө жетпей төңкөрүштүн жетекчилери өлкөдөн качып кетүүгө аракет кылып, Горбачев бийликке кайра кайткан, бирок көпкө отурган эмес.

Орусияда Борис Ельцин жана СССРдин башка аймактарындагы жергиликтүү жетекчилер алдыңкы сапка чыгышкан.

Кийинки айларда Союзга кирген көптөгөн республикалар көз карандысыздыгын жарыялоо үчүн референдум өткөрүшүп, декабрга чейин супер-мамлекеттин тагдыры чечилип калган.

Бул азыр эмне үчүн маанилүү?

Владимир Путин Орусияны узак убакытка чейин башкарып отурган жетекчилердин бири.

Мунун сыры — Орусияны биринчи орунга койгону же болбосо ошондой түр көрсөткөнү.

Михаил Горбачев араң колго алган күчтүү позициялардын көпчүлүгүнөн бир тараптуу эле баш тартканы үчүн сынга алынган. Мисал катары Чыгыш Германиядан советтик аскерлерди чыгарып кетүүнү айтууга болот. Владимир Путин Орусиянын кызыкчылыгы деп эсептеген нерселерге жетүү үчүн жан аябай күрөшүп келет.

Берлин дубалы ураганда Путин Чыгыш Германияда КГБнын кызматкери болгон. Ал советтик күчтөрдүн баш аламан чыгып кетип жатканына өз көзү менен күбө болгон.

30 жылдан кийин ал НАТОнун өз чек арасына жакын келишине катуу каршылык көрсөтүп келет. Ал күч менен болсо да каршы турууга даяр. Муну жакында эле Украинанын чек арасына жакын жерде Орусиянын күчтөрүн жайгаштырганынан көрүүгө болот. (EA)